Африка эл жомогу: Коркоктор

  • 12.10.2020
  • 3042

Бир жолу коён бак түбүндө отуруп өзүнчө сүйлөнөт:

- Биздин дүйнө кандай коркунучтуу! Ар бир кадамың сайын душман. Анан калса кырсыктарчы: жер титирөө, бороон, сел, жер көчкү! Алар болгондо тим эле асман кулап кеткенсийт. Бул биринчиден. Экинчиден, ачкадан өлүп каламбы деп коркосуң. Анткени жердин тамак-ашы менен суусу түгөнүп калышы ыктымал. Үчүнчүдөн, капысынан уурулар же каракчылар кол салышы мүмкүн...

Ушул учурда анын башына бир аткарылбаган иши кылт этип, жүгүргөн бойдон кетет. Бирок коён бул айткандары өзүн тыңшап тургандардарга катуу таасир эткенин билген жок. Алар: ызгыт куш, сөөлжан жана маймыл болчу.

Ызгыт жер титирөө, сел, бороонго маани бербей асмандын кулап кетүүсүнөн коркуп ызылдайт:

- Үстүмө асман кулап кетсе эмне болом?! Эгер күндүзү куласа да жакшы, уча качам. Уктап жатканымда түшсө, өлбөдүмбү! Жерге түшкөн жампадай былчыям да! Ошон үчүн түнкүсүн асманды карап сак жатышым керек!

Сөөлжан асман менен уурулардан коркпосо да ачкачылыкты укканда жүрөгү түшөт:

- Жер кыртышы түгөнсө өлдүм анда, өлдүм! Ошон үчүн топуракты болушунча көп жешим керек! – деп кыртышты ого бетер ашап, жерге сүңгүйт.

Ал эми маймыл ууруларды укканда чогулткан банандарын катып, каракчылардан кантип кутулушту ойлоп калчылдайт:

- Уурулар менен каракчылар капысынан кол салат дейби?! Күндүзү кол салса да жакшы! Түндө басып калышса эмне болом?! Кой, түндөсү да бактан түшпөйүн...

Ошондон кийин ызгыт куш асмандын түшүп кетүүсүнөн коркуп, аны тиреп калышты ойлоп, түнкүсүн эки бутун асманга көтөрүп уктачу болуптур. Сөөлжан болсо жер кыртышы түгөнүп калуусунан коркуп, артынан чыгып кеткени менен иши болбостон, тынымсыз түрдө топурак жеп келатат дейт. Ал эми маймыл ошондон кийин каракчылардан коркуп бак бутагында уктап, ошондо да уурулар жерди уурдап кетишинен коркконунан түнү бою эки-үч жолу түшүп жерди карап кетет имиш.

Балдарым, ар кандай коркунучтарды ойлой берсеңер, жашоонун жакшы даамын сезбейсиңер, ошон үчүн акыл менен иш кылып, жакшылыктарга умтулгула.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз