Жапон эл жомогу: Эки бака

  • 22.09.2020
  • 4010

Илгери Киото Жапониянын борбору болуп турганда, анын четиндеги жарым-жартылай кургаган кудукта бир бака жашаптыр. Текебер мүнөз күтүп, көптү теңине албай, кудугунун кудайы сезчү экен өзүн.

Кудук кудуктай болгону менен анын бакалык жашоосу үчүн баардык шарт бар экен: жумшак, былжырак, балчыктуу, балырлуу, суулуу, нымдуу... Бирок бир жылы Киотону катуу кургакчылык каптайт. Бүт айланада шылдырарга, жылтырарга суу жок, ал тургай кудуктун түбүнө чейин кургайт. Акактаган баканын айласы кетип акыры жер котормой болот. Которгондо да өзү көптөн бери атагын угуп, барсам деп дегдеп жүргөн Осака шаарын тандайт. “Ал шаар деңизге жакын суудан кор болбойсуң”, - деп ойлойт бака.

Ошентип кудуктан акырын чыккан бака балчаң-балчаң секирип жолго чыгат.

Ушул эле учурда кургакчылыкка кабылган Осака шаарынан бул жакты карай дагы бир текебер мүнөз бакасы жол тартып келаткан. “Киото тоо арасындагы шаар болгондуктан жайы салкын, суусу шар, абасы таза, барсам кор болбойм”, - деп кургаган кудугунун түбүндө отуруп ойлогон эле.

Бакалык балчаң секиригине салып, чарчаганда токтоп эс алып, бакалык балчаң секиригине салып, чарчаганда токтоп эс алып жүрүп отурган алардын ортосундагы жол улам кыскара берет. Ушинтип бирдей басыкта жол жүргөн алар акыры экөө бирдей Осака менен Киотонун ортосундагы Тэнодзан тоосунун бооруна тарбалаңдай жөргөлөп чыга келип, сүзүшчүдөй бетме-бет кез келип калышат.

- Сен кайда? – дейт осакалык бака саламга келбей.

-Сен кайда?- дейт киотолук бака салам айтса деле алик албачудай.

- Мен осакалык бака Киотого баратам.

- Мен киотолук бака Осакого баратам.

- Эмнеге?

- Эмнеге?

- Бизде укмуштай кургакчылык!

- Бизде укмуштай кургакчылык! – сүйлөшө башташат текбер мүнөз эки бака ийибей, бири-бирин теңине албай.

Бараткан тарабында качкан жагындагыдай эле кургакчылык экенин укканда экөө тең шалдайып туруп калышат.

- Демек барып кажети жок турбайбы, - деп сүйлөнгөн алар бакалык баамдоосуна салып жолу болбой калганын түшүнүп, бирок бир аздан кийин жолдон жолуккандын баарына эле ишенбеш керек экени башка келгенде сүйүнүп кетип:

- Тоолуу шаар Киотодо кургакчылыкпы?

- Деңиз жээгиндеги Осакодо кургакчылыкпы? – деп бири-бирине суроо беришкени менен оңчулуктуу жооп бергилери келбейт. Өз ара ишеним жаралбайт. Анан бирөөнү сөзүнө эмес өз көздөрүнө ишенмекчи болуп, арткы аяктарына тик тура калып, бараткан тараптарына көз жүгүртүшөт. Осаколук бака деңизди көргүсү келет. Киотолук бака борбор шаарды көрүүнү каалайт. Бирок төбөлөрүнө жайгашкан тосток көздөрү өйдө турганда артты карай кетип, арттагы өзүлөрүнүн шаарын көрүшөт. Албетте, анан андан эч кандай өзгөчөлүк таппай шалак-шалак бойлорун таштап, шалдайып туруп калып шалпына сүйлөшөт:

- Бак-багыңды! Киото укмуш деп мактап жүрүшпөдү беле!

- Бак-багыңды! Осака укмуш деп мактап жүрүшпөдү беле!

- Андан көрө өз кудугумда өлгөнүм жакшы! – деп экөө жарыша айтып, келген жактарын карай балчаң-балчаң секирип жөнөп кетишет.

Эх балдарым, бул бакалар өзүлөрү араң баратып текеберленишпей жакшы сүйлөшкөндөрүндө, өз кудуктарына камалбай борбор шаар менен көк деңизди көрүп көксөөлөрүн суутушмак, балким өз кудугунан чыкпаган супсак жашоосун кооздошот беле.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз