Эзоптун тамсилдеринен экмет

1. Төө

Адам биринчи жолу төөнү көргөндө анын чоңдугун көрүп, коркуп качып кетет. Бир нече убакыт өткөндөн кийин анын жоош экендигине көзү жетип, ага жакын барат. Андан кийин анын аңкоо чалыштыгын билгенде таптакыр эле коркууну унутуп, аны ооздуктап баласын мингизип койду.

Адат коркунучту жеңгенге жардам берет.    

2. Жылдыз эсептегич

Жылдыз эсептегич түнүчүндө эшикке чыгып асмандагы жылдыздарга байкоо салчу. Бир жолу шаар четинде асманды карап келатып, кудукка түшүп кетти. Ар кайсы жери көкала болуп, кудукта жардам сурап кыйкырып жатты. Кошунасы өтүп баратып, аны кудуктан чыгарып алды да мындай деди: “Карыя, асманды карап аңырайып жүргүчө, алдыңды карап баспайт белең?!”

3. Кумурска менен бактек

Кумурска дарыяга суу ичкени барып, сууга түшүп кетти. Ал чөгүп өлөр болгондо дарыя жээгиндеги даракта конуп олтурган бактек жалбырактан үзүп, кумурсканын жанына ыргытты. Кумурска жалбыракка жабышып жээкке чыгып аман калды. Аңгыча тор көтөрүп бактекти кармаганы келаткан адамды көрө калып, ага жетип бутун чагып алды. Анын чакканынан чочуган адам колунан торун түшүрүп, ооруга чыдабай кыйкырып жиберди. Бактек анын үнүн угуп учуп кетти.

Бирөөдөн көргөн жакшылыгыңды унутпа, өзүңдүн жакшы иштериң менен ага жооп кылганга шашыл.

4. Төлгөчү

Төлгөчү базарда олтуруп, ары-бери өткөндөргө төлгө салды. Аңгыча чабарман келип, анын эшиги талкаланып, үй ичиндеги оокатын уурулар алып кеткенин кабарлады. Төлгөчү капа болуп, үйүн карай жүгүрдү. Жанында карап турган кошунасы анын артынан кыйкырып кала берди: “Эх, төлгөчүлөр! Бирөөлөрдүн тагдырын айтсаңар кыйынсыңар, а өзүңөрдүн эмне болоруңарды билбейсиңер!”

5. Эки бака жана кудук

Көлчүктө эки бака жашачу. Күндүн ысыгында көлчүк кургап, алар жашаганга ылайыктуу жер издеп чыгышты.

Жолдон терең казылган кудукту көрүштү. Бир бака минтип калды: “Кел ушул кудукка түшүп алып жашай берели, кантсе да үстүбүздө чатыр, алдыбызда терең суу болот.” Экинчиси ага мындай жооп узатты: “А эгерде кудук соолуп калса, түбүнөн кантип чыгабыз?”

Эмне иш кылсаң да – эмне жыйынтык чыгарын ойлоп иш кыл.    

6. Кошуна бакалар

Биринчиси, эл көзүнөн далдоо жердеги терең көлмөдө, а экинчиси жол жээгиндеги анча терең эмес арыкта, эки бака кошуна жашаган экен. Биринчи бака экинчи баканы дайыма көлмөгө келип жаша, бул жерде тамак таап жеш оңой жана коопсуз деп чакырчу. Экинчи бака көнүп алган жеримди кантип таштайм деп келбей жүрчү. Бир күнү араба өтүп баратып, экинчи баканы былчыйтып тебелеп кетти.

Көрдүңөрбү, айткан акылды укпаган эмнеге апкелет!

7. Адам өлтүргүч

Адам өлтүргөн киши, анын туугандарынан качып баратты. Нил дарыясына жакындаганда алдынан арстан чыга калды. Ал аябай коркуп кетип даракка чыга качты, бирок ал жерден моюнуна түшчүдөй бутактан салаңдаган чоң жыланды көрдү. Жүрөгү түшүп, дарыяга секирди, ал жерден аны крокодил жеп салды.

Кайда барып жашынбасын адам өлтүргөн мыкаачы жанын сактап кала албайт!

8. Сараң

Сараңдыгы ашынган бир адам өзүнүн бардык мүлкүн уютулган алтынга алмашып жиберди. Ал аны өзүнүн алма багындагы адам көзүнөн далдоо жерге көөпм койду, бирок күн сайын барып аны ачып, бир карап алмайынча жаны жай алчу эмес. Бир күнү коңшусубу же башка адамбы, айтор анын каткан жерин көрүп калган бирөө түн ичинде казып алып кетти. Эртеси алтынын алдырганын көргөн байкуш, чачын жулуп өкүрүп-бакырып ыйлады. Анын үнүн уккан кошунасы келип, кайгысынын себебин билгенден кийин, мындай деп сооротуптур: “Мынча эмне кайгырасың? Алтындын ордуна бир чоң ташты көөмп, аны алтын деп элестетип ал да, кайтарып жүрө бер. Анткени, колдонуп пайдасын көрбөгөн алтындын, жаткан таштан эч айырмасы жок!”

9. Казанга түшкөн чычкан

Тамакты тоё жеген чычкан казанда эмне бышып жатканын көргүсү келди. Казандын кырына секирип чыккан чычкан буттары күйүп, казанга кулап түштү. Ал кайнап жаткан казанга кулап баратып “Тоё жедим, суусунум да канды, эми өлө турган мезгил келди...” деп ойлогонго үлгүрдү.

Тыянак: Ашык оокатка жулунба, ач көз Чычкандай жок болосуң”

10. Арстан, аюу жана түлкү

Арстан менен Аюу эликтин чаарчыгын кармап алышты. Алар аны талашып мушташа башташты. Алар бири-бирин жеңе албай кармашып, эстери ооп чарчап калган кезде аларды байкап турган түлкү чаарчыкты тиштей качты. Чарчап ордуларынан козголо албаган Арстан менен Аюу мындай дешти: “ Биз кандай келесообуз. Ушунча күчүбүздү кетирип, Түлкүнүн тамагын камдап бердик!”

Дайыма ушундай – бирөөлөр иштейт, шылуундар пайдасын көрөт.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз