Бурят эл жомогу: Будамшаа Даа менен поп

  • 21.10.2020
  • 2936

Бир жолу өлүк жашыруу боюнча кандайдыр токтом чыккандан улам эл чуулдап калды, бул боюнча кабары жок Будамша Даа айыл башчысына атайы барып тактап сурады:

— Эмне деген токтом экен?

— Бурят өлгөндө биз бурят ламасы менен көмчү эмес белек, эми орус букаралыгын алганыбыздан кийин орус побу менен көмөт экенбиз, аткарбаска арга жок, - деген айыл билерманы ага “Бурят өлсө поп менен көмүлсүн” деген токтомдун кагаз жүзүндөгүсүн да көргөздү.

- Кел анда, азыр эле кимдир-бирөөнү токтомдо көрсөткөндөй кылып поп менен көмөбүз, - деди Будамша Даа бир ойдон улам.

- Урматтуу Будамша Даа, токтомдо көрсөткөндөй кылып көмүш үчүн эми бирөөнү атайылап өлтүрмөк белек. Бир аз күтө туралы, дагы бирөө өлүп кетер, ошону токтом боюнча көмөбүз, - деди анын наркы максатына маани бербей, берки сөзүн макоолук катары көргөн билерман каткырып.

Чынында эле өмүр бар жерде өлүм бар да. Көп өтпөй кыштактан бир бай өлүп, аны жаңы токтом менен көммөй болушту. Бул ишти Будамша Даа өзү башкармай болуп чиркөөдөн поп чакыртты. Маркумдун көрүн мурдагыларга караганда кенен казууну буюрду.

Сөөк жашырар күн да келди. Маркумду бурят салты менен эмес орус салты менен көмгөнү калышты. “Бай адам экен, көрсөткөн кызматыма жакшы эле төлөшөр” деген ойдогу поп жан дили менен кызмат кылып, орус салтын билбеген буряттарга үйрөтүп жатты. Сөөк көргө түшүрүлдү. Ушул учурда көрдүн кырында колуна жез крест алып, орусча сыйынуу сөзүн чиркөө обонуна салып окуп жаткан попту Будамша Даа келип төмөн түртүп жиберди да, күрөктү белен кармап топурак салганы шымаланып турган жигиттерге буйрук берди:

- Биз орусча сөөк жашырып жатабыз! Тезирек көмгүлө!

Жигиттер көрдү бат эле топуракка толтуруп жиберишти. Тирүүлөй көмүлгөн поптун дымы чыкпай калды. Жаңы мүрзөгө жыгач крест сайылган соң Будамша Даа элге мындай деди:

- Эми маркумдун үй-бүлөсү орус салты боюнча попко анын тең байлыгын бөлүп бериши керек.

Ошол эле күнү жанына көп кишилерди жана өлгөн байдын тең мүлкүн алып поптун үйүнө барып, мунун баары поптун иштеп тапканы экенин айтып тапшырды.

- А биздин атакебиз кана? – дешти поптун үй-бүлөсү.

- Биз аны жерге бердик, - деди Будамша Даа кебелбей.

- Эмнеге аны жерге бердиңер? – дагы эле болсо түшүнбөй суроо узатышты тигилер.

- Жаңы чыккан токтом боюнча ар бир өлгөн бурят орус побу менен жерге берилиши керек экен, биз ошону аткардык.

Поптун туугандары териштире келгенде чындап эле алардын атакеси өлгөн бай менен бирге көмүлгөнү чын болуп чыгып, байдын тең мүлкүн кун катары кийирип алышканы менен баары бир эле бийликтегилерге арыз менен кайрылышат.

- Бул үчүн баарыбыз бир сөздү кармабасак жаман болуп калабыз. Ошон үчүн силер сотто мен айтканды гана кайталап тургула, - дейт Будамша Даа өзүнүн попту чогуу көмгөн жолдошторуна.

Бийликтегилердин териштирүүсү жүрүп, Будамша Дааны сот залына жолдошторуна кошуп айдап келип сурак жүрөт.

- Попту эмне үчүн өлтүрдүңөр?

- Биз бурят өлсө орус побу менен көмүлсүн деген гана токтомду аткардык, - деп Будамша Даа маңыроолонуп ушул эле сөзүн кечке кайталай берет.

Жаны чыкчудай жаалдана кыйкырган сот берки жолдошторуна да ушу суроону берет.

- Биз бурят өлсө орус побу менен көмүлсүн деген гана токтомду аткардык, - деп Будамша Даанын үйрөткөнүнөн беркилер да чыгышпайт.

- Эмне, бир бурят өлсө бирден поп кошо көмүлүшү керекпи! - деп соттун жаны чыгып кете жаздаганы менен ишти аягына чыгара албайт.

Ошентип сотто бул иш чечилбей, борбордогу бийлик төбөлдөрүнө чейин угулат. Алар териштирип алиги келесоо токтомду чыгаргандардын катасы далилденип, аларга мындай деген доомат коюлат:

- “Бурят өлсө поп менен көмүлсүн” деген токтомуңарды жокко чыгаргыла! Буряттардын өлүк менен кошо попту көмгөнү – алардын маңыроолугу эмес биздин келесоолугубузга жасаган каршылыгы болуп саналат. Экинчи алардын салттарына кийлигишпегиле!

Ушундан кийин орустар бурят салттарына этиет мамиле жасай башташат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз