Үмүт Култаева: Аялзат асирети Афинанын аруу дүйнөсүндө

  • 22.10.2020
  • 4988

(Биринчи макала)

I. Чыгармачылык хаос...

“Ар бир чыгарма мен үчүн өлүп кайра тирилүү”
Чыңгыз Айтматов

Афина Бакирова – азыркы кыргыз поэзиясында келечегинен үмүттөндүргөн жаш акындардын катарында унутулбай саналган калемгерлерди бири. Анын алгачкы “Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын” аттуу ырлар жыйнагында көз мончоктой жаш кыздын жаштык, сүйүү, табият, ата-эне, дос жөнүндөгү али ууз  сезим-туюму көркөм чагылып, ага аттуу-баштуу акындардын (А.Өмүрканов, А.Жакшылыков, А.Темирова ж.б.) көзү түшкөн. Таза кыздай наздуу ырлары менен “Алыкулдун ак боз ат” фестивалында лауреат болууга татып, андан соң Жазуучулар союзуна мүчөлүккө катталган.

Ырлардын хронологиясына караганда жыйнакка Афинанын 1998-2004-жж. алты жыл ичиндеги ырлары топтолгон. Андагы кырк өрүм чачы төгүлүп, күлкүсүнөн күн уялган, куунак көңүл 18 жаштагы ажарлуу КЫЗ менен азыркы Афина АЯЛ акындын ортосунда асман жердей айырма бар. Бул Мезгилде Афина жар күтүп, эне болуп, үй-бүлө түйшүгүнүн, тагдыр-ташпишинин тегирменинде жанчылып да, сыналып да, адамдар ааламын чарк айлана түрдүү мамилелерде сынып, кайра бүтөлдү; чачылып, кайра жыйналды; бөксөрүп, кайра толду; жоголуп, кайра табылды; өлүп, кайра тирилди:

Шуулдап-күүлдөп жаадың бүгүн таң азан,
Жамгыр, менин окудуңбу жаназам?
Өз өлүмү менен көптөр сакайды,
Өлүмгө да үмүт артып… карасаң!..

Келдиң көктөм… мага өзүмдү жоктотуп,
Абалкыма койчу мени окшотуп?!
Өзүмдү бер! Андан бийик сурабайм,
Өлүм — өзүм менен калыш коштошуп…

Постмодернисттик философияда өлбөстүктүн өзгөчө түрү катары өлүмдүн жаңы ритуалдары негизделип жаткан азыркы шартта, өлүм менен жашоо бүтпөстүгү, анын бир абалдан экинчи абалга өтүү теориясы дагы бекемделди. Ф.Ницшенин жашоо философиясы боюнча өлүм феномени адамды пенделик тиричиликтин оор уйкусунан ойготуп, ага “...сенин табиятың ким болсо, ошол болууга тийишсиң”[1] деген чакырык таштайт. Ал эми Россия билим берүү академиясынын профессору А.А.Корольковдун аныктамасы боюнча: “Өлүм адамды максаттуу жашоого түрткөн түбөлүк стимул. ... Өлүм – өз жашоосуна баа берүүнүн жогорку чен-өлчөмү”. Ушул көз караштан алып караганда, Афинанын “өлүмү” – дененин өлүмүнөн эмес, жан-дүйнө ыйыгынын (таланттын) “өлүмүнөн” коркуу, максатсыз, мазмунсуз жашоодон,  табият тартуулаган талант шыбагасын жоготуудан зааркануу.

Кечир мени, о, жан дүйнөм көөнөргөн!
Кечир! Мага ырайымың өчүрбө.
Бүгүн, бүгүн өз боло көр ыйыкка,
Катарына кошо электе эсилдер [2]

Ыр 2014-жылы жазылган. Ортодо 10 жылга жакын убакыт Афина дээрлик жазган эмес,  өтө сейрек жазган. Натыйжада ал чыгармачылык хаоско дуушар болгон. Тике маанисинде хаос – боштук, мифологиялык мааниде – дүйнө пайда болгонго чейинки туман жана караңгылык менен толтурулган түпсүз чексиздик, жалпы  мааниде – баш-аламандык.

Ал эми чыгармачылык хаос – адамдын жан-дүйнөсүндөгү гармониянын талкаланышы же идеалдын баш-аламан абалда калышы. Бирок анын экинчи жакшы жагы бар: “...аң-сезим хаосту иретке келтирүү менен өсөт. ...Хаос дайыма жаңы нерсени жаратат жана мурунку абалды чанып, аны өлтүрөт. Жөнөкөй тил менен айтканда хаос бүтүндөй жандууну жараткан ЭНЕЛИК ролун аткарат”[3]. Анда жаратмандыктын атасы ким? Атасы – чыгармачыл инсан[4]. Ушул мыйзам ченем менен караганда, жогорудагы ыр Афинанын биринчи жыйнагындагы бир да ырына окшобойт.

Ал ыр жазбай калган күндөрүн  жан-дүйнөнүн “өлүмү” эсептеп, аны менен поэзияга болгон мурунку мамиле, көз караш менен коштошуп, “ыйыгынын” кайрылышын жаңы дем менен тосуп алган, б.а., хаосто өлүп, кайра тирилүү аркылуу чыгармачылык секирик жасаган. Натыйжада жаңы сапаттык деңгээлдеги өсүү жаралган. Демек, ортодогу бул мезгил аралыгында Афина Бакированын чыгармачылык эволюциясы жайгашкан. Ошондуктан акын кыздын чыгармаларын эки этапка бөлүп, кеп оролун акын кыздын алгачкы чыгармачылыгынан баштоого туура келет.

  1. Тубаса акындык көрөңгө

“Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын” аталган алгачкы жыйнактын телегейи тегиз дегенден алыспыз. Жыйнактагы ырлар келечегине үмүт арттырган катардагы жаш калемгердин деңгээлинде жазылган. Бирок бир айныксыз кубулуш – Афинадагы тубаса акындык талант көрөңгөсү анын биринчи эле ырын окуганда көзгө даана урунат:

Ак талаа анда... мезгилди өктөм аралап,
Мамыры гүлдөр, мамыры гүлдөр өсчү эле.
Үйдөгү чырак уйкума болуп сапарлаш,
Үлпүлдөп барып акырын гана өччү эле.

Талаалар сенде атамдын үнү сакталуу,
Көйнөгүм бурап шамалдар акчу токтобой.
Мээримсиз күндүн колдору сылап маңдайым,
Жоготком сизди, жоктобойм аны жоктобойм.

Мен тигер гүлдү, мен төгөр жашты күтпөгүн,
Сүйүүм бар анда бейитиң турган кучактап.
Мамыры баскан тоолордон кайткан бакытым,
Барайын, ата, көз салып турат узакта[5].

Ырды Афинанын жаш курагы (ал 1980-жыл, 3-декабрда жарык дүйнөгө келген) менен баалоого туура келсе, 18 жашка толо элегинде (1998-жыл, 17-октябрда) жазган экен. Афина жаштыгына карабай поэтикалык мейкиндикти (ак талаа), мезгилди (мамыры гүлдөр аркылуу) туюу сезими кадыресе. Калемгер өзүн курчап турган чөйрө – дүйнөнү жана ал дүйнөнүн кичи формасы – өзү чоңойгон үйдү жылуу уядай сезип, “үлпүлдөгөн чырак жарыгындай” назик жана аялуу кабылдай алган. Болгондо да көчмөн цивилизацияны баштан кечирген дүйнө элдери тоо гүлдөрүнүн “ханышасы” эсептеген  мамыры гүлү ырга өзгөчө лирикалуу пафос берип, мейкиндик объектиси талаага “ак” түстүн эпитет катары кошулушу, кандайдыр сезимтал кыздын аздектеген нерсесин алдын ала кабарлайт. Ырдагы ой логикалуу уланып, экинчи куплетте акын кыздын аздек “дүйнөсү” атасы экени ачыкталат. Окуя адат өткөн чактын – чу мүчөсү аркылуу көзү өткөн атага болгон кыз баланын мээрими, жылуулугу кадимкидей окурманды “жылытат”. “Мээримсиз күндүн колдору” аркылуу мезгилди жандандыруу, идеяны күчөтүүчү кайталоолор  сөз өнөрүнө болгон шык-таланттан кабар берет.

Ошол эле учурда ырдын үчүнчү сабы (“көйнөгүм бурап шамалдар акчу токтобой) чыгарманын структурасынан жакшы орун таба албай, уйкаштык үчүн гана колдонулганы  калемгердин жаштыгынан кабар берет. Ал эми ырдын аягындагы эки сабы эки анжы ойго түртүп (“көз салып турган” атасынын бейитиби же “тоолордон кайткан бакытыбы?” автордук идеяга көлөкө (тоолордо калган же жаткан десе туура болот беле) түшүрүп койгон. Анткени менен ойду берүүдөгү образдуулук  мыкты.

Экинчиден, Афинада тубаса акынга таандык  өзүн-өзү таануу, өз дүйнөсүнө кирүү далалаты алгачкы ырыларынан эле байкалат. Даяр стандартты тууроо, башка бирөөнүн таасирине сокур берилүү дээрлик жокко эсе. Анын алгачкы ырларындагы жылт эткен жакшы жышааналар да, мүчүлүштүктөр да өзүнүкү, өзүнүн “мени” окурманды тартынбай, кашкая тиктейт. Бул акындык өнөр үчүн өтө маанилүү.

Жыл карыткан алп сүйүүнү көтөргөм,
Жыландардай кектүү өткөн көчөңдөн.
Жан эмесмин багынгамын, багынтам,
Сүйүп дагы, сүйдүрүп да өтөм мен!

Алгач сүйүүм билбеймин ким  экенин,
Акыркыга билбейм качан жетерим.
Арзуу үчүн аянбастан дүйнөдө –
Ыйлап дагы, ыйлатып да кетемин![6]

Калыстык үчүн экинчи куплеттин алгачкы эки сабы ойдогудай чыкпаганын белгилөөгө тийишпиз, (алгачкы сүйүүнү билбей калбоо керек эле), уйкаштык да ырдын структурасынан жакшы орун тапкан эмес. Бирок ырдагы эстетикалык баалуулук  – лирикалык каармандын (мендин) ички руханий кайраты жана жашоо кумары.

Үчүнчүдөн, Афина ыр дүйнөнүн ыйыктыгын, сөздүн наркын, акындык жоопкерчиликти эрте сезгенине  “Акын Жолон Мамытовго” аттуу ыры далил:

Жанчылып ал! Аксын кандар сарыгып,
Жанчылып ал! Жакшы сөзгө зарыгып.
Аларчага баргым келди кайрадан,
Арбагына улуулардын жалынып.

Жашыл тартып майда чөпкө басылган,
Жатат дөңсөө кабар берип асылдан.
Арзыбаган нерсе үчүн төкпөйүн,
Төгөр болсоң, төкчү бүгүн жашыңдан.

...Жүрөгүңдү үзүп коюп азадан,
Улуу акын жаткан жерден тазалан[7].

Көркөм сөз өнөрүндөгү аруулануу, тазалануу (катарсис) түшүнүгүн теориялык жактан билбесе да, анын акын үчүн зарылдыгын ички жан-дүйнөсүндө сезүүнүн өзү тубаса талантка таандык көрүнүштөрдүн бири.

  1. Аял жана үй-бүлө

Вечная женственность
Тянет нас к ней.
(Гёте “Фауст” (Б.Пастернактын котормосу)

Адамдын чыгармачылык хаоско дуушар болушу анын өмүрүндө болгон маанилүү окуя менен шартталат. Афина мындай абалга 2005-жылы турмушка чыккандан кийин дуушар болгон. Анын үйлөнүү окуясынан өтө күтүп алганы  “Сезим ырынан” көрүнөт. А.Бакированын адамдык тагдырынын да, акындык тагдырынын кулпусун ачууга бул ыр жардам берет, ошондуктан аны толук берүүнү туура көрдүк:

Мени менен сен бактылуу боло гой,
Шуулдап турсун тирүүлүктүн аралы.
Капам өчүп, күчөйт кайра оболой,
Айнектейим, адаммын мен жаралуу.

Кантип сүйлөп, качан айтып берейин?
Канааттануу бактысы экен тирүүнүн.
Мен мээримге канбай калгам себеби.
...Чырактайым, ошол менин түйүнүм.

Жанда жүрүп жарым болдуң күтүүсүз,
Барбы бакыт, барбы сүйүү чын эле?
Деңиз өңдүү жаркын болду ушул кыш,
Акактайым, өрттөй кырчын ким эле?

Мен бактысыз болбой жаштык барынан,
Алаксыдым кербез мүнөз көркүмө.
Ажыратпай мени ыйык тагыман,
Асыл жандай өмүр сүрүп өткүн ээ.   (2005)

Агынан жарылып, буга чейин мынчалык ачык айтпаган жашырын да, аялуу да, ызалуу да автордун жан-сыры төгүлө-чачыла айтылган бул ырды кайдыгер окууга болбойт. Афинанын биринчи ырлар жыйнагындагы бир да чыгармага окшобогон бул ырда жаш аялзатынын жан-дүйнө өксүгү, үмүткө толгон тилеги ширелише келип, окурмандын сезимин тепчип өтөт. Мындай ырды эр адам жазышы мүмкүн эмес.

Ырды окуган соң, окурман сезимин “тыз” эттирген: эмне үчүн “жаралуу”, “кайсы мээримге канбай калды экен?” – деген суроолор тизиле калып, авторго болгон кызыгууну жаратат. Ырдын мындай таасири көркөм эстетикадагы изги ийгиликтердин бири. 

Натыйжада, акындын өмүр баянына экскурс жасоо зарылчылыгы өзүнөн өзү авансценага чыга келет. Өмүр баян – ар кандай чыгармачыл адамды изилдөөнүн негизги булагы, ал тургай адабият таануу илиминдеги изилдөөнүн негизги методдорунун бири эсептелет. Инсандын өмүр баянындагы окуялар, сөзсүз, анын чыгармачылыгына өз “мөөрүн” басат.

Акындын алгачкы жыйнагында өзүнүн өмүр башаты жөнүндө төмөндөгүдөй саптар бар:

Көз алдыма апам гана элестейт,
Өз үнүмдү өзүм гана уга алам.
Мен апамдын тарткам бардык мүнөзүн,
Апа, мени өкүндүрбө суранам!

Акындарды катар тапкан ыйыгым!
Таза кандуум, ак жаркыным, улугум!
Үч айынан сүтүн эмген эчкинин,
Мен – тунгучу  сенин акын уулуңун.[8]

Тексттен көрүнүп тургандай, студенттин үй-бүлөсүндө төрөлүп, Афина 3 айынан чоң ата-чоң эненин колуна өткөн. Өкүнүчтүүсү, андан көп өтпөй өз ата-энеси эки башка жолго түшкөн. Ал чоң ата-чоң энесин  ырларында жылуу сезим, сый-урмат, өзгөчө мээрим менен эскерет. Алгачкы жыйнагындагы биринчи ыры  чоң атасын эскерүү менен башталат.

Ал эми өз энесин дайыма эңсеп, анын камкордугуна болгон муктаждыгы жан-дүйнөсүн “жаралаган”. Ал акындын Эне менен сырдашуу”аттуу ырынан ачык көрүнөт:

Сени дайым күнөөлөгөндөн,
Таарынгандан сага чарчадым.
... Ачуум келет сырдашып алып,
Ай төгүлгөн түнү алчалуу[9].

Улгайган чоң ата, чоң эненин колунда чоңоюунун Афинанын чыгармачылыгына тийгизген оң таасири да зор; анын элдик тилдин байлыгы менен сугарылганы эркелетүү сөздөрүн чебер колдоно билгенинен да даана көрүнөт. Бул Афинанын жеке стилинин бир көрүнүшү эсептелет. Өмүрлүк жарга арнаган жогорудагы ырда айнектейим”, “чырактайым”, “акактайым деген сөздөр дүйнөнүн бүтүндүгүн камсыз кылуучу аял-эркек мамилесиндеги  гармонияны берүүнүн экспрессивдүү көркөм каражатына айланган. Ал эми ырдын логикалык корутундусу – “Ажыратпай мени ыйык тагыман (сөздү бөлүп көрсөткөн – биз.),  Асыл жандай өмүр сүрүп өткүн ээ” – улуулардан улуу сөз уккан адам тарабынан айтылуучу чоң сөз! Ырдын идеясы да ааламдык проблема.

Бирок ушундай изги тилегин, күткөн үмүтүн үй-бүлөлүк турмуш актадыбы? Бул бир гана Афинага таандык эмес,  азыркы бүтүндөй жаш үй-бүлөнүн маселеси. Ал балалыгы канбай калган мээримди чоң турмуштан кандыргысы келди эле, тилекке каршы, чоң турмуш чоң проблемаларды жаратып, ал жаратты ырбатып жиберди. Натыйжада, түмөн суроолор жаралат:

1. Эмне үчүн биздин улуттук менталитетке жат феминизм агымы коомду аралай баштады?

2. Эмне үчүн нарк жоголуп, улуттук баалуулуктардын куну кетти?

3. Эмнеге коомдо аялдык табиятын жоготкон аялдар көбөйүп барат да, ошол эле кезде эркектин кадыры төмөндөп кетти? ж.б. 

Аял коомдук турмуштун сезимтал барометри (Ю.М.Лотман), ошондуктан анын жан-дүйнөсүндөгү гармониянын бузулушу – коомдогу гармониянын бузулушу. Буга бир жагынан кылым тогошкон мезгилдеги социалдык хаос, үй-бүлөлүк турмушка камкордуктун жоктугу, жаш үй-бүлөнү камкордукка алуу салтынын бузулушу, демократиянын чүмбөтүнө жамынуу аркылуу аялдын жыныстык алсыздыгына жасалган дискриминация, аял-эркек психологиясын үй-бүлөлүк турмушка даярдоонун салттуу чен-өлчөмдөрү менен реалдуулуктун бирин-бири тануусу; экинчи жагынан Афинанын жеке тагдырындагы өз энеге болгон таарыныч да себеп болгон.

Афинадагы ушул таарыныч, өксүк анын бүтүндөй дүйнө таанымынын “жүрөк толтосуна” айланып, жеке кайгысы, кубанычы, бактысы, АРМАН-АСИРЕТИ (демек, чыгармачылыгы) аялзат ааламын аңдоодон тамыр алып, кыздар поэзиясын жаңы боёктор менен байыта баштады.

Афинанын түпкү аң-сезиминде баланы эч качан таштабаганга, үй-бүлөнү бузбаганга түпкү санаасында (подсознание) анты  болгон. Болбосо, 19 жашар кыз түшүндө (“махабат мекениндей ошол тоодо, бир түштө мен балалуу болгон элем”) балалуу болмок беле да, төрөлө элек балдарынын түйшүгүн тартат беле?! (Буга чейин ачык айтылбаган аялдык улуу сезим Н.Гургубаеванын “Төрөлө элек балдарымдын атасы” ырында да берилет).

Түшүн мени... сыздап турган мендеги,
Жөн кыз эмес, ыйык Эне жүрөгү.
... Түшүн мени... ыйлап турган мендеги,
Сен сыйлаган бүт аялзат көздөрү.

Эне болсом эсиңе түй, эй жазым!
Мен кызымдын туям жашы акпасын.
Жарала элек балдарымдын түйшүгүн,
Мойнума алып, токтолууда жаш башым...[10]

Али турмушка чыкпай жатып, өз тагдырын программалаштырып алган Афина үй-бүлөлүк турмуштун бакытын да, азабын да баштан кечирип, көр тиричилик менен руханий чыгармачылыктын бирин-бири жээриген карама-каршылыгында отто курчуган болоттой чыңалды.

Бөлмөлөр бар, кайда экенин билбеймин.
Колго тааныш темир тутка каалга бар.
Ал каалганы ачып кирип келсең сен,
Үй — күнөөсүз, биз — санаасыз, шаар — шамал.

Кемселиңди чечпей, башта шапкеңди,
Издеп мени ашканага өтөсүң.
Туюп турам, муздай түшкөн топчуңан,
Суук башталган шаардын кечки көчөсүн.

Арасында казан, чайнек, буулардын,
Аралашып отко, жемиш, гүлдөргө.
Күлүп турам, кучагыңа аласың,
Көк Теңирдин сүймөнчүгү бул бөлмө.

Үй-бүлө – бүт дүйнөнүн кичиртилген модели. Сырткы дүйнөдөгү “суукту” да, “шамалды” да капарына албаган психологиялык климатты үйдүн жылуулугу эмес, үй-бүлөдөгү мамиленин жылуулугу камсыздайт. Ашканада “күлүп” турган аялды эшиктен кирген эркегинин “кучагына алышы” чынында эле жашоонун көркүн чыгарган көрүнүш. Үй-бүлөдөгү мындай кут даарыган мезгилди “Көк Теңирдин” сүйүүсүнө теңеши эң сонун эстетикалык табылга. Ошол эле учурда үй-бүлө адамдардын психологиялык, социалдык, маданий, руханий татаал мамилелер системасына негизделген курулма. Анын адамдын жан-дүйнөсүн чалкыткан бакты-кубанычы, ырахаты менен бирге азабы, түйшүгү, кайгысы, арманы, гана эмес өз трагедиясы бар. Айрыкча, руханий башаты мыкты аялзаты үй-бүлөлүк басымды өтө сезимтал кабыл алат. Афина жан-дүйнөсү самаган чыгармачылык эркиндиктин куну үй-бүлөлүү аял үчүн канчалык кымбатка турарын жон териси менен сезип, бүтүндөй аял түйшүгүн “Күйөө түрмө” аттуу ырында сөөккө жеткире көркөм жалпылоого алды:

Күйөө түрмө,
Жашоодо изденүүгө тойбогон аялзаты,
атташат босогоңду!
Сен менен сүргөн өмүр,
Сүйүшкөн сүйүү дагы -
Жолдордой көрүстөндүү,
Ыйык да коркунучтуу!
Даап анда басалбайсың!
Учурат үрөйүңдү ...

Асманыңда жаркыган жылдыз эмес!
Асманың - ийнелүү асман.
Аялдар аялсынып,
Көтөрүп башын бийик,
Бойлорун керип койсо,
Төбөгө сайып турган.
Ушундай асмандарда -
Аял баш көтөрүүгө мүмкүн эмес!
Аялдар бийиктөөгө мүмкүн эмес.

Үй-бүлөдөгү мындай кырдаал бир гана Афинанын эмес, куттуу коломтосун сактап калган аялдардын дээрлик бардыгынын башынан өткөн. Ушундай кырдаалда үй-бүлөнүн азап отуна какталган аял акылмандуулукту, көтөрүмдүүлүктү, сабырдуулукту, кечиримдүүлүктү өздөштүргөн. Ал эми чыгармачыл аял үчүн мындай жазмыш кадимки тозок отуна айлануу менен анын руханий бийиктигин жаратарын, ошол отто болоттой курчуп, кайра жаралган аялдын образы ырдын экинчи бөлүгүндө  таамай айтылат:

Жолу кырс аялзаты туш болот сендей жанга.
Же болбосо Кудайдын каарына кабылганда,
Мөөнөтүн өтөйт анан сага барып...
Күйөөсү түрмө болгон аялзаты,
Жыланбоор шамал менен балакталат,
Энеден туума бойдон,
Энеден туума бойдон бөлөнөт тикенекке.
Эркеги тилегине бут тоскон чыгаан аял,
Жылаңач чыккан жандай,
Турмуштун көчөсүндө.

Жылаңач бойдон кайкып үйдөн чыгып,
Жылдызга кол созууга аргасыз жан...
Өз башынын,
Тилегин, максаттарын аткарарда,
Ичинен кылмышкердей сезет өзүн.
А бирок,
Корккусу келбейт анын,
Коркунуч сезимдери өчкөн болот,
Мүнөзү өрттөй болот,
Бакыт да - өлүм ага,
Өлүм да - бакыт ага.
Аттарын уккан менен экөөнү тең,
Өз башынан өткөрүп көргөн эмес.

Эркек менен аялдын психологиялык өзгөчөлүгүнө ылайык, үй-бүлөлүк келишпестикти эркек сырткы кыймыл-аракети менен чыгарса, аял ички сезим-санаркоолору менен баштан кечирет. Мындай маанайдын азабы “жыланбоор шамал менен балакталат”, “энеден туума бойдон бөлөнөт тикенекке” деген сөз түрмөктөрү аркылуу жүлүн сыздатар пафосто берилген. Ырдын мазмуну гана эмес, анын формасынын эркин тандалышы, анын ички курулмасы Афинанын чыгармачылыгынын жаңы этабына күбө.

Албетте, үй-бүлө маселесинде биздин улуттук менталитеттин да, социалдык чөйрөнүн да ак тактары көп. Улуттук маданият үй-бүлөлүү аялга карыздар же Афинанын сөзү менен айтканда:

Эми эч бир уул бала,
Өспөсүн түрмө болуп,
Белгисиз айылдагы,
Бейпил үйдө чоңоюп жаткан кызга...

Бул багытта улуттук маданиятта иштелип чыккан концепция, стратегиялык идеология жок. Ошол эле учурда Афина үй-бүлөлүк азап-тозокко утулган жок, утуп чыкты; жеңилген жок, жеңип чыкты. Анын жеңиши аялдык улуу милдет – чырактай уул-кызга эне болуу, бир эр  адамдын аруу-таза жары болуу менен эле өлчөнбөйт. Жеңиштин наркы акындын акындык өнөргө сыр жашырбас ачыктыкка, руханий кайратка ээ болгону, турмуш-тагдырга   философиялык көз караш менен карап, аялдардар поэзиясындагы айтыла элек асиретти көркөм аңдоого алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Бул жеңиш Афинанын ырларына өлбөстүк кубатын берип, чыгармачылыгынын көркөм-эстетикалык жаңы деңгээлин камсыздаганы жөнүндө экинчи макалада сөз кылабыз. 

[1] Интернет ресурс: https://scicenter.online

[2] Шилтеме жасалуучу ырлардын көпчүлүгү мезгилдик басылмаларга чыккан жана жарыялана элек кол жазмадан алынгандыгын эске алыңыз.

[3] Книга памяти и звездного племени. Глава 14. Хаос как инструмент творения и эволюции // Интернет ресурс: https://digitall-angell.livejournal.com/335273.html. Библиотека электронных книг.

[4] Ошондо.

.[5] Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын. – Б.:Бийиктик, 2004, - 8-б.

[6]  Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын. – Б.:Бийиктик, 2004, - 55-56-бб.

[7] Ошондо, - 28-б.

[8] Жыйнактын 58-б.

[9] Кол жазмадан

[10] Жыйнактын 37-б.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз