Ийгиликке кадам: Адамды жакшы иштерге шыктандырган насааттар

  • 31.12.2023
  • 4986

Кээ бир учурларда бир чоң ишти баштоо үчүн кичинекей эле түрткү жетишпеген учурлар болот. Алдыга жылуу үчүн ал-күчүң жетишпестей сезилип, колду шилтеп баарын таштап салчу убактар келет. Мына ушундай абалда төмөндөгү шыктандыруучу санаттар өз таасирин берет деген ойдобуз. “Өз алсыздыгын жеңе алган адам күчтүү” дептир бир акылман. Эмесе күчтүү адам болууга аракет жасайлы!

  • Өзүңдү жеңе албасаң, анда өзүңдөн жеңилгениң ошо.
    (Наполеон Хилл)
  • Өзүң сүйгөн кесипти танда – сен ошондо жашооңдо бир да күн иштебейсиң.
    (Конфуций)
  • Агым менен сүзбө, агымга каршы да сүзбө – өзүңө керектүү багытка сүз.
    (Грейс Хоппер)
  • Башка бирөөнүн ою менен болбосоң, канча иштерди жасамак элең, ошону ойлоп көр.
    (Стивен Кови)
  • Көпчүлүк адамдар айлана-чөйрөгө көз жүгүртүп: “Эмнеге?” деген суроо беришет. А мен айлана-чөйрөгө көз салганда: “Эмне үчүн мындай болбош керек?” деген суроо берем.
    (Бернард Шоу)
  • Жашоодо баары кыйрай баштаганын сезе баштасам, бошогон жерге эмне куруш керек деп кыялдана баштайм.
    (Грейс Хоппер)
  • Эң чоң тоскоолдук – бул коркуу. Эң чоң жаңылыштык – өзүңө болгон ишенимди жоготуу.
    (Жон Вуден)
  • Ийгиликке бардыгы кеткенден кийин, кетпей калып калган адам жетишет.
    (Уильям Фидер)
  • Ийгиликсиз бүткөн иштин акыркы тепкичи – ийгиликтин биринчи тепкичи.
    (Карло Досси)
  • Балык жесем деп эңсеп олтура бербей, аны кармаш үчүн тор токуганың оң.
    (Кытай макалы)
  • Эгерде кыла албасаң, кылууга тийишсиң. Кылууга тийиш болсоң, демек жасай аласың.
    (Тони Роббинс)
  • Дүйнөдө абсолюттук жаңылуу болбойт. Токтоп турган саат да суткасына эки жолу так убакытты көргөзөт.
    (Пауло Коэльо)
  • Ийгиликке алып барчу төрт кадам: туура пландоо, дыкаттык менен даярдануу, жакшы маанай, берилип иштөө.
    (Уильям Вард)
  • Өмүр бою туруктуу ишти жоготпоого аракет кылуу, жаңы бизнес ачуу үчүн кылган тобокелчиликке караганда кооптуу. Бир тобокелчилик убактылуу мүнөзгө ээ болсо, экинчиси өмүр бою уланат.
    (Роберт Кийосаки)
  • Эгерде бир ишти баштоону чечип, бирок 72 саат ичинде баштай элек болсоңор – 85% учурда ал иш эч качан башталбастан кала берет.
    (Бодо Шефер)
  • Ким жасай ала турган ишти жасабай таштап койсо, ал колунан келбесе да аракет кылган кишиден жаман.
    (Уильям Блейк)
  • Аракет кылбасаң, кыялдарың ишке ашпайт.
    (Грейс Хоппер)
  • Эгерде бир нерсени жасаш колуман келет же бул нерсе колумдан келбейт деп ойлосоң, сен бул эки учурда тең жаңылган жоксуң.
    (Генри Форд)
  • Сиз туура жолдо баратсаңыз да, жолго олтуруп алсаңыз Сизди тебелеп кетишет.
    (Уилл Роджерс)
  • Эң коркунучтуу уу – максатыма жеттим деген сезим. Ал уунун дарысы – ар бир кечте эртең мындан да жакшы иштерди жасайм деп ойлоо.
    (Ингвар Кампрад)
  • Ийгиликке жеткен адамды көргөндө ар дайым анын атак-даңкын гана көрөсүңөр, ийгиликти жаратуу үчүн ал кандай курмандыктарга барганы оюңарга да келбейт.
    (Вайбхав Шах)
  • Ким өйдө көтөрүлүүнү аябай кааласа, ал шатыны ойлоп табат.
    (Жапон макалы)
  • Жашоодо ийгиликке жетиш үчүн бир гана жеңиш керек – ал өзүңдү жеңүү.
    (Лес Браун)
  • Бутага тийбей калган ок, атылбай калган ок сыяктуу эле эч пайдасыз нерсе.
    (Фенимор Купер)
  • Чалынып жыгылсаң жөлөп тургузуп коюшат, көңүлүңдү чөгөрсөң тебелеп кетишет.
    (Лес Браун)
  • Жаңы бир нерсе ойлоп тапсаң, сени жинди деп эсептешерине даяр бол.
    (Ларри Эллисон)
  • Эсиңерде болсун, бир жылда эч нерсе жасай албай турган эки күн бар. Анын бири – кечээки күн, экинчиси – эртең.
    (Жон Вуден)
  • Тоону ордунан жылдырган адам, ишин майда таштарды бир орундан экинчи орунга ташуу менен баштаган.
    (Кытай макалы)
  • Эгерде сага эч ким сын айта элек болсо – демек, сен алигиче ийгилик жарата элексиз.
    (Малькольм Форбс)
  • Алган нерсең жакпаса, берген нерсеңди өзгөрт.
    (Карлос Кастанеда)
  • Маанилүү иштерде мүмкүнчүлүктөрдү түзө билүү жетишсиз, аны өткөзүп жибербөөнүн аракетин көрүү керек.
    (Франсуа де Ларошфуко)
  • Ийгилик – бул шаты, ага эки колуңду чөнтөгүңө салган боюнча чыга албайсың.
    (Пауль Баует)
  • Билимге салган инвестиция эң жогорку дивиденттерди берет.
    (Бенджамин Франклин)

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз