Айзат Кудайберди кызы: Өзүмдү жоготконум — өлүм болсун

  • 30.10.2020
  • 4185

*     *     *

Сени көрсөм келе түшөт эсиме,
Эстеликтер көчөлөрдө жашаган.
Адамдардын көздөрүнө суз карап,
Бүгүн Күндү, Түнү жылдыз санабай,
Баш кийимсиз төбөсүнө сезилбей,
Жаздын, жайдын ысыгы...

Сени көрсөм келе түшүп эсиме,
Эски үйдүн терезеси,
Арча, тагдыр жыттанган.
Айнеги жок, көргөзүүчү келечекти, жамгырды.
Сүртө албайсың, суулап андан өтмүшүңдү тумандуу...
Айнеги жок терезеби терезе?..
Терезесиз үй болобу үй дагы?..
Терезесиз үйдө болсо эркиндик,
бирок болбойт бейпилдик...

Сени көрсөм келет менин эсиме,
Текчедеги окулбаган китептер,
Көргөзмөгө коюлгандай тизилип,
Көргөзүүгө үйдүн ээсин билимдүү,
Кооздоого муздак үйдүн бир бурчун...
Көп жыл мурун,
Уктаар элең бир жаздыктын астында,
Бир адамдын оюнда...

Азыр сенин келип жүрөт,
Кечир десе
Кучагына кулагың,
Канча жылга искей албай жоготкон,
Көчөдөгү таза, муздак, кыш жытын,
Жайдын аптап абасын,
Өзүңдөгү андан кийин,
эч ким даап өппөгөн,
Эриниңди, чачыңды,
Алмаштырып салгың келип,
Кечиримге, каргышка...
Топтоп берчи күзгүлөрдүн сыныгын,
Көздөрүңдүн сыныгын...

Өлгүң келип, өлбөстөрдөй жашайсың,
Асман сени катар миң жыл күзөтпөй,
көзүн алат бир күнү,
Жалбырактар жарым кылып жашабайт,
Жерге түшкөн көлөкөңдү кайталап...
Сенде калат жалгыздык,
Өчөт, өлөт бардыгы,
Суралбаган кечиримден,
Айтылбаган кечирүүдөн башкасы...

Сени көрсөм келет менин эсиме,
Эстеликтер көчөлөрдө жашаган.
Унуттурбоочу байыркыны, өткөндү,
Эске салып түбөлүктүн жоктугун...
Октябрь. 2019.

*     *     *

Күзгүдөн карап турам өзүмдү мен,
Күзгүдө күлүп турам...
Күзгүдө жамгыр жаайт...
Көрүнөт көгүлтүр көл өмүрлөрүм,
Көк асман болгон таза сүйүүлөрүм,
Көк аскага коюлган табыттар да,
Бүркүттөр көмүп кеткен...
Анан сен көрүнөсүң,
Турпатыңдан жалтанат менин күзгүм,
Бөлүнөт тең экиге!..

Теңирдин көзү түшкөн турпатыңда,
Деңиздин толкундары...
Жашадым жүрөгүңдө,
Жашадым Өзүм болуп!..
Кенен жайгын асмандай канатыңды!
Батсын ага коён көз кыялдарым,
Кар киши мурду сабиз,
Жолдонгон каттар дагы
Аяз атага,
Кырк күн жетпей түшүнчүү кылыктарым,
Бал таттуу ырлар дагы сага арналчуу,
Жамгырдын ыры менен,
бийлегиси келген бир бала жыттуу
Периште, батсын сенин канатыңа...

Ирмебе көздөрүңдү...
Көзүмдү албай сенден,
тиктегим келет дейсиң таарынганың...
Оо менден мурун көргөн кайгыларың,
Сенден мурун сестенткен сүйүүлөрүм,
Айлансын бир заматта балбал ташка!..
Деңиздей көздөрүңө дилимди чайкайын да,
Эриним тийгизейин...
Деңиздер өлбөйт, жаным!
Кечээ эле чайпалган бүгүнкүдөй,
Бүгүн дагы чайпалат кечээкидей...
Өтөлбөгөн өмүрдөй кызыктуусуң
Баштан өткөн байыркым эске кирбейт...

Айкөлүм, ак пейилдүүм!
Ырлардай ыйык болгун!
Топ элдин арасынан батперек кармап алган баёлукту,
Адашып кете электе башка болуп,
Айрыбай таап алгын!
Айлангын тилегиме,
Ыйгаргын кыялыңды.
Жанымда бийик сезгин!
Жанымда баатыр сезгин өзүңдү өзүң,
Куткарып калган мени коркунучтан!

Мен азыр сенден кетсем,
Жүрөгүм оорубайт да,
Жүрөгүм зырпылдабайт!
Баш тартуум көнүмүш иш,
Бакыттан же азаптан белгисиз бир...
А бирок туюп турам,
Жоготом ыйыктыкты,
Жоголот сезимдерим,
Сага жаккан периште болбой калам,
Бирөөнүн таштай муздак көзүндө курман болом...
Андыктан сакта мени,
Кыяндан, кубулуудан.
Өзүмдү жоготконум — өлүм болсун!

Деңиздей албуут дагы,
Деңиздей күн өткөргөн көздөрүн кадап алып көк асманга,
Деңиздей жапжаш дагы көзүндө миң кылымдын сүрөттөрү.
Деңиздер өлбөйт, билем!..
2019.

*     *     *

Алдыда күз...
Сентябрдын сепкил баскан жүзүндө,
Ишенимдүү айтылбаган сүйлөмдөр...
Даамын унтуу бүгүн ичкен кофемдин,
Уктап калуу угуп жатып Шопенди...
17-күзүм кирип түшүмө.

Алдыда жаан,
Жаайт дешкен бейшемби,
Октябрдын ойго оролгон түндөрү.
Жамгыр жаайт, бүт тытмалап денемди,
Келсе эгер ушул күнү,
Сыртка чыгып, сырым төгүп,
Бирөө менен жеңил бийди бийлегим,
Кантээр экем мен эми!..

Алдыда кыш...
Куштар кетип жылуу жакка,
Калат ж-а-алгыз мен сүйбөгөн каргалар,
Коркунучтуу көзү менен капкара...
Тиктейм көпкө адамдарды,
Жазда, жайда, азыноолак күзүндө,
Бирге болгон көлөкөсүн жоготкон...
Апам чалат: "Кайткын үйгө, кол кабыңды унуттуң!"
Келип жатат үшүгүм...
Кайтат үйгө муздаткычтай адамдар,
Жумушунан көлөкөсүн таба албай.

Алдыда кар...
Зым мамыга конуп алып сезимдер,
"Тып" деп түшөт ызы-чуулуу базарга...
Үч дубалдуу, эшиги жок бөлмөгө,
Көлөкөмдү күндө жалгыз калтырып,
Жөнөп берем адамдарга,
Кара кийим кийинген...
Тайгаланып, кайра туруп,
Колдорумдан бир Кар киши жаралбай,
Кара чачын ак кар кылбай бирөөнүн,
Оюн курбайм карды кечип тизеден...
Суукта да жүрсөм керек үшүбөй?
Аяз Ата келбет окшойт бу кышта?..
Тентектигим жоголгонун тез билип,
Таарынса бир Аяз Ата таарынсын!..

Алдыда жаз...
Куштар келет, билбейм кайсы тараптан,
Каргаларды унуттуруп дос болгон,
Эң чыдагыс убакта...
Бир талаада өлөт миңдей байчечек,
Мага арналып терилбей...
Кечээ жазган ырлар бүгүн окулбайт,
Кечээ сезген бакыт бүгүн жок!...

Алдыда жай...
Күн түбүндө, Күн өткөрбөй кыялдуу,
Күндүн сөөгүн көмүп салып,
Кышта мен, Жолоочудан жомок сурайм,
Укташ үчүн тынчыраак.
Түшкө кирбейт деңиз көздүү Капитан...

Алдыда күз...
Жашагым жок бу күздү,
Кан көчөдө басып жүрөм, аралап жалбырактын өлүп жаткан денесин...
Октябрь.

*     *     *

17 жыл жашап койгон өмүрдө,
Болду да эки нерсе:
Ыр жаздым, Адам сүйдүм.
Ыр жаздым, Адам сүйдүм.
Менин эч ким жолумду тосо алган жок,
Мага эч ким каршылык кыла алган жок.
Эч кимге баш ийбедим,
Кечирим сурабадым.
Сүйгөндөр сүйүлбөдү.
Мени эч ким унутпады,
А бирок унутулду Дүйнө мага...

Тилектер миң өзгөрдү,
Мен да өзгөрдүм.
Бутум салсам деңиз суусуна,
көк асманга сүрөт тартсам,
Алаканым ысыса кумдун табынан,
көпөлөктөй батперекти белек кылса сүйгөнүм,
деген тилек төрөлгөндө бар беле?
Кичинекей болчу менин жүрөгүм,
Батчу эле Кудай гана
- Мен билген сүйүүлөрдү,
Эң бийик ишенимди,
Эң улуу акыйкатты,
Күнөөсүз баёлукту өзүнө камтып алган.
Сүйүүлөр - Кудай болчу.
Кудайым - сүйүүм эле.
Эң таза ааламдарды сүйүү деп тааныйт элем...

Миң кылым мурда беле,
Жашагам бир аралда.
Деңизден башка аалам көрүнбөгөн...
Деңиздин үстүндөгү асман дагы,
Деңиздин астындагы таштар да меники эле...
Өзүмө таажы жасап,
Асмандын наристеси,
Деңизге Ай ханыша болгон элем.
Көйнөгүм жуулчу эле жамгыр менен,
Сүзгөндү билчү эмесмин,
Учканга кызыкпагам.
Сеники болот деген эмес элем,
Эч кимге, эч убакта,
Чачымды тармал-тармал,
Калымды мойнумдагы.

Келишти ким бирөөлөр,
Сүйүштү, сүйдүрүштү,
Деңизим көлчүк көрүп,
Асманым айнек дешип,
Башымдагы таажыны ыргытышты...
Анан мен кетип калдым,

Кеттим да, кайтпай койдум,
Токойдон көлчүк таап,
Асманды көлчүктөгү,
Жылдызды асмандагы мекен кылдым.
А бирок, Деңиздей Асман баткан,
Асмандай деңиз баткан жүрөгүмө,
бир көлчүк батпай койду,
Чачтары тармал-тармал,
Мойнунда бир калы бар ханышалар,
көлчүктү сүйө албайт экен көрсө...

А азыр таандык эмес дүйнө мага,
Башкалар бүлө куруп,
Башкалар бала күтүп,
Башкалар акча санап жашап койгон.
Мага таандык болгондур, болсо эгер:
Дүйнөсү - себеби жок коштошуунун,
Дүйнөсү - айтылбаган таарынуунун,
Дүйнөсү - ысымы тандала элек наристенин...
Сүйүүнүн,аруулуктун...

Кичинекей эле менин жүрөгүм...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз