Мамбетасан Ибраев: Үмүт

  • 04.11.2020
  • 3540

Кыргыз тарыхын түрө турган болсок, Улуу кыргыз дөөлөтүнөн кийин кыргыз эли туруктуу көчмөн турмушту башынан кечирген. Көчмөн турмушта билим алуу, илимдин артынан түшүү кыйынчылык туудурган. Дээрлик элдин баары жоокерчилик замандын талабына ылайык жоокер болууга умтулган. Ар бир кыргыз үйдө профессионалдуу жоокерлер тарбияланып, жоонун мизин кайтарууга даяр турган.

Ушул жагынан алып караганда бабаларыбыз табигый тандалуу процессинде эрдикке, кара күчкө, баатырлыкка басым жасаганы көрүнүп турат. Ислам дининин таркалышы менен Орто Азия чөлкөмүнө, анын ичинде кыргыздар байырлаган жерлерге фарс, араб маданияты, араб жазуусу жетип, эл ичинде илимдүү инсандардын өсүп-жетилишине өбөлгө түзгөн. Мезгилдердин бул бүктөмүндө имам Бухари, имам Тирмизи, ибин Сина, Кожо Ахмед Ясави, Улукбек, имам Сарахси, Махмуд Кашкари, Жусуп Баласагын сыяктуу илимпоз-аалымдардын мурастары жалпы түркий элдердин орток мурасына айланган.

*     *     *

Жалпысынан, көчмөн жашоо образын кечирген кыргыздардын оозеки чыгармачылыгы өркүндөп-өсүп, дүйнөдө теңдеши жок “Манас” феноменин жараткан. Мындан сырткары, элдин акылынан, элегинен өткөн нечендеген эпикалык, лирикалык, дидактикалык жанрдагы көөнөрбөс чыгармалардын үлгүлөрү биздин күндөргө жете келди.

Андан соң Октябрь төңкөрүшүнүн шарапаты менен кокту-колоттордо, жылга-жыбыттарда жашаган кыргыздар айыл-кыштак, шаарларга отурукташып, жалпы массаны туташ сабатсыздыктан арылтуу өнөктүгү башталып, өз кезегинде бул да мыкты жемишин берди. Бардык отурукташкан цивилизацияларда илим-билим дүркүрөп өскөн. Кыргыздардын да уучу куру эмес экен, нечендеген илимдин докторлору, кандидаттары жетилип чыгышты. Не деген академик, профессор, илимпоз, өнөрпоз, жазуучулар кыргыздын кыйырын алыска таанытканын айта кеткенибиз туура болор. Алардын сап башында дүйнөнү дүңгүрөткөн алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы эле дүйнөлүк адабияттын, маданияттын казынасына кошкон салымы канчалык экенине баам салып көрбөйсүзбү. Чынында, элди элдин ичинен чыккан таланттар, кеменгерлер таанытат эмеспи.

Учурда чет өлкөлөрдө укмуштуудай ийгиликтерди жаратып жаткан жаштарыбыз бар экенин угуп, билип калганыбызда маңдайыбыз жарыла кубанып калабыз.

*     *     *

Мисалы, Музарбек Олошев аттуу жигит робот-машина жаратып, Нурболот Исматиллаев аттуу жеткинчек 15 орундуу сандарды бири-бирине оозеки көбөйтүп, дүйнө жүзүн таң калтырса, Арсен аттуу жигит баштаган 11 жаштагы өспүрүмдөрдөн турган “Интеллект тобу” да кыргыз жаштарынын илимге, өнүгүүгө жакын экендигинен кабар берет.

Экономика болобу, юридика болобу, IT технология болобу же илимдин башка тармактары болобу, билим алууга күчтүү аракеттер көрүлсө жаштарыбыз көп ийгиликтерге жетет деп ойлойм.

Ал эми диний тарабын алып карап көрсөк, башка өлкөлөргө салыштырмалуу мындан беш жыл мурунку эле статистикада 3000ден ашык Куранды жатка билген карылар бар болчу. Ал эми алардын саны андан бери күн санап өсүп жатпайбы. Мына ушул кары жигиттердин алды дүйнөдө өтүп жаткан конкурстарга катышып жатышат. Жакынкы коңшубуз Казакстандын мечиттеринде орозо айында куран хатым кылып келип жатышат. Ал эми дүйнө жүзүнүн беделдүү диний окуу жайларында Египетте, Иорданияда, Түркияда, Саудияда билим алып жаткан балдарыбыз докторлугун жакташууда. Мурда дин ишинде ийгилик жараткан адамдарды аалым, шейх-уль-ислам деп гана атап коюшкан. Ал эми азыркы учурларды дин илимин алгандарга илимий даражалар берилип жатат. Биздин артыбызда келаткан муун арабдарга болсун, дүйнөнүн башка элдерине болсун, Курандын маани-маңызын, түшүнүгүн ачыктаган китептерди жазат деген үмүтүм бар. Алды китептерди жазып да башташты.

Орто кылымдарда Орто Азиядан чыккан имам Бухари, имам Тирмизи, Ибн Сина, имам Сарахси, Жусуп Баласагын, Махмуд Барсконилер чыккан жерден кантип келечектин илимпоздору чыкпасын. Албетте, биз дин ишмерлери бул жаатта зээндүү, идиректү окуучуларга шык, дем берип аларды алдыга сүрөп турушубуз керек. Учурдагы дин ишмерлеринин милдети ушул өсүп келе жаткан муунга наркы өйүздө берки өйүзгө өткөрүп берүү.

*     *     *

Биздин мугалимдерибиз, аалымдар өлкө союз кезинен эгемендик алып жаткан учурда бизге көпүрө болуп беришти да. Алар ошол кездеги бардык кыйынчылыктарга карабай, бизди туура жолго салганын кантип айтпай коё алабыз. Устаттарыбыз, эже-агайларыбыз жокчулукка чыдап, иштеп, бизди да окуубуздан өксүтпөй, мектептерди таштап салып башка иш кылабыз деп басып кетишкен жок. Белгилүү деңгээлде алар бизге эң сонун көпүрө болуп беришти. Биз дагы алардын жолун улап, артыбыздан ээрчип келаткан жаш муунду ыймандуу, эрктүү, сабырдуу, ыкластуу, илимдүү мусулман кылып тарбиялап, туура жолго салып коюубуз мойнубуздагы негизги милдетибиз.

Илим алууга он жылдык убакыт аздык кылат. Илимге илимпоздор бүтүндөй өмүрүн арнаганы бекеринен эмес. Чынында, аалым болуш үчүн окуунун кулу болуш керек. Илим алууда ар дайым үзгүлтүксүз жаңыланып туруу маанилүү.

Урматтуу бир туугандар, кудайдан эч качан үмүтүбүздү үзбөйлү. Кудай буюрса, келечегибиз кең болот, өсүп-өнүгөбүз!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз