Максат тууралуу санат сөздөр

  • 07.11.2020
  • 4191

Бакта конуп олтурган канаттуу куш эч качан бутак сынып кетеринен коркпойт, анткени ал бутакка эмес, өз канаттарына ишенет.

Адам жашоодо өзүнө бийик максат койсо, ал кандай абал болсо да чыгып кете алат.
Гёте Иоганн Вольфганг

Максатка жетүү мүмкүн эместей сезилсе, максатыңды эмес – ага жетүүнүн жолдорун кайра карап чык.
Конфуций

Эң кыйын күрөш – бул бакытка жетүү үчүн өз жалкоолугуң менен күрөшүү.
Мохаммед Али

Адам, алдыга койгон максаты өскөн сайын өсөт.
Шиллер Фридрих

Максат – бул болгону убакыт менен чектелген кыял.
Жо Л. Гриффит

Бирдей максатта жүргөн адамдар, көп нерселерди жасайт. Жалпы душманы бар адамдар, колдон келбеген иштерди да бүтүрө алышат.

Эгерде адамдын алдына койгон максаты болбосо, анын жашоосун узакка созулган өлүм десек болот.
Пьер Буаст

Аягына чыккан соң, адамдар башында коркунучтуу көрүнгөн нерселерге шылдың кылып карашат.
Коэльо Пауло

Эгерде бүркүт болуп туулсаң, таандардын арасында биринчи болом деп аракет кылба.
Пифагор

Максат койгонду үйрөнүп, ага жеткиле. Өнүгүп өскүлө!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз