Жаныбек Рай: Авангард

  • 13.11.2020
  • 3302

АҢГЕМЕ

I

Омош Чонтоев Жанаалы таздын үйүнө жакындаганда, ал адетинче үйүнө чуркап кирип, кире бериштеги күзгүдөн желкесиндеги колго илинген суюк чачын астына тарай жасанып чыга калды. Омош планшетин ачып, Жанаалы таздын күнгө чагылышкан жалтырак башын алеки мүнөттө кашкайта, кудум өзүнө окшоштуруп тарта койду.

Баятан бери дубалдын көлөкөсүндө кобурашып-жобурашып, шок курагы, чок курагынан кеп кылыша, оозуна толгон насыбай аралаш шилекейин борпоң топуракка болп эткизе түкүрө, таягы менен көөмп коюп отурушкан карыялардын этек-жеңдери козголо:

– О-уу, мына, мына, Жанаалынын башын музейге койчудай кылып тарттың го, айнанайын – дешип адеп жадаган, жатка билген, кайталанма аңызынан алаксыша жандана түшүштү.

– Оо, ушу да кеппи! Омоштай менин күрөң уюм Мумусяны кантип тартканын көргөн жоксуңар! – башкалардан озунуп Ата Мекендик согушта немистерге колго түшкөн Кара сакалчан абышка колун жаңсай обдулду.

– Ай, ал менин Көк эшегимдин буту-бутуна тийбей Кичине батырдын ургаачы эшегине аңкылдап баратканын шилтегенин көрсөңөр анда! – деп Шаршеналы богооз сүйлөсө да каадалана, маңдайына түшкөн салбыраган малакайын көтөрдү эле, көлөкөдө жашынган көзү жүлжүйө, көгөргөн чылпагы жылт этет.

Күндөн көзү уяла түштүбү, кайрадан малакайын түшүрө койсо, мурдуна майланышкан чийбаркут кастюмунун жагымсыз жыты бурк эте же Картаңбайдын үйүнөн ашыга жеп алган сары майдын кубатыбы, жүрөгү окшуй, көңүлү караңгылай түштү. Бирок ал жүрөгү окшуганын Картаңбайдын сары майынан эмес, эси жок кемпиринин эчкинин майынан жасаган суюк тамагынан көрдү. Артынан ачуу чүчкүрүгү чыгып, көзүнөн жашы ыргый, көгөргөн чылпагы мурдунун учуна барып жабышты. Аны көргөндө анын бирдеме болорунан шекшиген, эбак эле андан оолак отурган карыялардын алды фронтто, немистин огунан алган тырыгы, арты өмүр бою колхоздун талаасында эмгектенип, ысык-суукка какталып бүрүшкөн беттери жазыла, жүздөрүнө жумшак күлкү чайды.

Керээли-кечке баланчанын Карагер кашкасы, түкүнчөнүн Торкашкасын айтып, сөз наркы түгөнүп ныксыраган абышкаларга эми жаңы сөздүн учугу табылып, көркөм дүйнөнүн чексиз сырларына чабыт ачылгансыды. Бири, илгери колхоз учурунда колхоздун башкармасы Накай Сыдыков Боронзодон чакырган чоң сүрөтчүлөр Гапар Айтиев, Күлчоро Керимбековдун, Социалисттик Эмгектин Баатыры Шаршен Назаралиевди баш кылып эмгек ардагерлердин сүрөтүн конторго тарттырып жатканда, жанында чай куюп отурганын, ал эмес анча-мынча кыз-келиндерди тааныштыра коюп жүргөнүн айтып тамшанса, экинчиси, андан да кызыктуу кылып кайсы бир чет өлкөлүк сүрөтчүнүн беш аял алып, журналисттер издеп барса алтынчысыныкынан тапканын айтайын десе, кашайып аты-жөнүн унутуп калып: «Бики-Бики... Биказо беле» – дей кайсалактай санын чапкылайт.

Короонун ичиндеги жайыкта алтын көкүл секелек кыздын чөйчөгүнөн жем талашкан үндүк, тооктор суусашыппы же жөн элеби эмнегедир чогуусу менен кукулуктап калышты. Чаңкайып тийген күн, телмиреген теректер, маараган-мөөрөгөн мал-жан, каңшылаган үрөнчөөк иттер дагы бүгүн күмүш сакал карылардын азгырган аңгемесине кулак төшөй үнсүз, дабышсыз. Көчөнүн даңгыр таштак жолунда чийнесин кыйчылдата тартып келаткан Боз тумак Шаршекенин уулу гана эч нерседен капары жок, кара эшегин кээде-кээде нукулаганы болбосо, өңгүл-дөңгүлдө чачылып кете жаздаган чөмөлөсүн кылчак-кылчак караганы менен алек. Анткен менен баятан бери кыйшаңдаган эшегинин үйүнө жакындаган сайын оозун тарттырбай аңкилдеп арыш ташташы анын көңүлүн көтөрүп жибердиби, бир бутун ээрге арта сала, кыңылдай кайсы бир ырдын обонун салды. Дубалдын көлөкөсүндө кыркалекей отурган карыларга алыстан салам айта, обон артынан ышкырыгы коштоду.

Омош мектепте 8-класста ордунда калып кала жаздап окуганы менен айылдагы кемпир, келин-кыздардын оозунан түшпөгөн сүймөнчүгү. Ал алардын ала кийиз, шырдак жасаганына көмөктөшүп, эң эле кооз оюмдардан салып оймолоп берчү. Бара-бара бакубат жашагандардын көзүнө илинип, ага ала кийиз, шырдак эле эмес кыздын себине даярдалган төшөнчү, жууркан, туш кийиздердин саймасын түшүргөнгө да чакырып калышчу. Ошондо Омоштун сезими жаңыдан ойгонуп жаткан учуру белем, шайы жууркан шуудураса, аруу кыялында кыз-жигиттин биринчи түнүн элестете, ойкуштата сайма салып жиберер эле.

Бир жолу район борборуна келип, кафеде тамактанып отурган жеринен бет маңдайындагы келишимдүү келиндин чырайына суктанып, анын куюлган чачын келиштире тарта коюп өзүнө тартууласа, ал сүйүнүп кетип сүрөттү бооруна кыса калса, күрсүйгөн күйөөсү байкап калып, сүрөтүн алып ыргытып, жетелеп кетет. Омош болсо кудай сактап, мурунга бир жебегенге сүйүнөт. Түндө уйкусу качып, ата-энеси жатып алышкандан соң телевизордон сүрөтчү Сальвадор Дали жөнүндө кино көрдү. Дали бир картинасынын акчасына Барселонанын чет жакасынан фонтандары атырылып, гүл бакчасы буралган жомоктогудай үй сатып алат. Досу, улуу акын Поль Элюардын айдай сулуу келинчеги да ага таасирленип күйөөсүн чанып, Сальвадорго тийип алат. Агылып келген коноктордун арасында жубайы менен кошо келген Жон Леннонго чычайган мурутун бир сааттан ашык мактап жатып бир миллион долларга сатып жиберет. Анан мурутунун бир учун кайчы менен кесип жылтыракка ороп, таазим кыла колдоруна карматат.

Омош жубайлардын Далинин бир тал мурутун миллион долларга сатып алганына таңгала, оюна да бир нерсе келе калдыбы: «Кийин мен дагы белгилүү сүрөтчү болсом, сакалымды Далиникинен да узунурак коё берсем, айылдагылар акча беришпесе да, жок дегенде бир эчкиге алмашып алармын» деген кыязда, кыл чыгалек жаагын сыймалай, балалык баёо кыялына байыйт. Омош ал түнү сакал, мурут жөнүндө түш көрдү.

Эртеси айыл четинде эшек оонаган Кичине дөбөдө ойношкон курбуларына жетип барып:

– Мен Гениймин! Жыйырма биринчи кылымдын улуу сүрөтчүсүмүн. Менин атым – Сальвадор Дали! Эшек, торпок, иттердин сырын жакшы билем. Анүстүнө арыкчырай сулуумун, мурутумду бир кулач кылып өстүрөм, ошондо мени улуу сүрөтчү дешип, айылдагы кыздардын баары жакшы көрүшөт!

Аны укканда дөңдө чокчоюп отурушкан классташтары:

– Ооба, сен генийсиң, генийсиң! – дешип, кыраан-каткы күлүп калышат. Кичине сөздү андан бетер көбүртүп сүйлөчү Сары чыйпыт Зоотбек гана:

– Ийе, ийе дей, Океш сен бекер эле мектепте окуп жүрөсүң, андан көрө сүрөт окуу жайына тапшырсаң, ал жерде кыздар чечинип отуруп беришет экен. Эшек, торпокту биз деле жакшы билебиз, бирок сулуулардын чечингенин көргөнүңчү! – деп арсактай ах-ахалаганда, чокчойгондор «уаа-уаа!» деше, жабалакташа кошулат.

* * *

Айылда белгилүү сүрөтчү атыккан Омош окууга тапшырганы Бишкектин босогосун аттайт. Ал күн 2007-жылдын 28-июну эле. Ал Ахунбаев менен Байтик көчөсүнүн кесилишинен 180-маршруткага түшүп, арткы бош орундуктан орун алат. Июнь айынын мээ кайнаткан ысык аптабы бусиктин ичин демдеп, денесин тез эле нымшытып жиберди. Шаардын кызыл-тазыл жарнамаларына суктана «Вефа-Рамстор» соода борборунун келишкен имаратын карап баратып, капысынан жанында отурган эки жаш келиндин сөзүнө аргасыз кулак салат.

– Кайним сүрөтчүнүн окуусуна тапшырганы келиптир! – деди жумурусунан келген толмоч келин, машиненин дүүлдөгүнөн угулбай калат дедиби, үнүн катуураак чыгарып.

– Ай и-ий, кокуй! – экинчиси чочуп кетти.

– Ай, сүрөтчүлөр эгерим «чоң» болбойт, жолотпо аякка! Андан көрө ичип-жей турган окууга тапшыртпайсыңбы!

– Койчу, эмнени айтып атасың?!

–Ооба,ошондой!Алар кызмат-мызмат дегенди билишпейт, өзүнөн башкага пайдасы жок, эч кимге жардам бербейт.

– Ай-ий шүмшүк, балакетсиң ай! Мунун баарын кайдан билесиң?

– Билем да! Туруктуу иши жок, акча таппайт. Аягында эт чапкыч же араккеч болуп кетишет!

– Келечеги жок дейсиңби!? Чын эле, ырас айтасың, мен анда кайнимди тезинен айнытайын!..

Толмоч келин чочугандан карбаластаса, жалтырап кийинген келин дагы эле бирдемелерди айтып, аны ансайын өң-алеттен кетирип кокуйлатып баратты.

Муну укканда сүрөтчү болом деп канат байлап келаткан Омоштун көңүлү муздай түшүп, канаты кайрылгансыды: «Өү-ү, булар кантет? Сүрөтчүлөр өзүнөн башкага жардам бербейт дегени эмнеси? Шаардыктарың сүрөтчүдөн көңүлү калганбы же баары эле «чоң» болгусу келеби? Кызык, андан көрө айылдык келиндер жакшы турбайбы?!.»

Анан ал айылдагы канча кыздын себин даярдашып алкыш алганын, канчалаган аламач оюп түр салганын, сабактан оозун ачып эчтеме билбей отурса да мугалимдер анын талантын сыйлап, класстан класска көчүрүп коюшканын эстеди. Атургай жеңелери Жийде, Күмүш, Айшалар аны менен тымызын сырдакана болушуп, сиңдилерин тааныштыра «болочокку күйөө балабыз» дешип калбады беле.

Ал маршруткадан түшүп, Бөкөнбаев көчөсүнөн күн батышка бет алып, толкунда калган кемедей оңго-солго чайпалат. «Айылдагылар чоң сүрөтчү дешип мактагандары жөн эле мени көтөрмөлөгөнүбү же эптеп кийизин бүтүрүп алгандын амалыбы? Кызык, анда Салвадор Дали да жалганбы? Жо-ок, андай болбосо керек? Адабияттан берген Кенжеш Токтоева эжебиз ага арнап жазган ырын окуп бербеди беле?»

Ал ойду-тоону ойлой Эркиндик бульварын кесип өтүп, Чуйков атындагы көркөм-сүрөт окуу жайынын босогосун аттаганда гана чаташкан ойлоруна жооп таптыбы: «Жо-жоок! Жанагы шакылдаган сулуу келин Салвадорумдун бир тал муруту канча турарын билбесе керек, болбосо өзү биринчи кызматын таштап сүрөтчү болуп кетмек. Анын Нью-Йорктогу музейинен эле мамлекеттик казынага бир жылда үч жарым миллион доллар түшкөнүчү. Ал эми сыймыгын акча менен өлчөй албайсың да? Сүрөтчүгө андан артык эмне керек?»

Омош ушул ойлорунан кийин гана өзүнүн таланттуу экенине компоё, айылдагы ууру Кабылдын оозунан түшпөгөн «өнөрлүү өлбөйт» деген сөзүн эстей, боюн түзөй ишенимдүү басты. Окуу жайдын кенен залындагы дубалда илинген Леонардо да Винчинин ак буурул сакалы жайкалган автопортретине жакын келип, көпкө суктана карап турду. Кенен дем алды.

* * *

Аудиториянын ичи жарык экен. Молберттер ар кандай түрдө жайгашып, бөлмөнүн ортосундагы бийик секичеде ар түстөгү калың маталар төшөлгөн. Жанында чакан көшөгө тартылып турат. Студенттер опур-топур жайланышып чыдамсыздык менен профессорду күтүп жатышты.

Эшик ачылып, аудиторияга кашка баш, коюу кара сакалчан, алтымыш жашка чамалаган киши алаканын шакылдата чапкылай кирип келди да:

– Сүрөтчүлөр, сүрөтчүлөр! Кана эмесе, сыйкырдуу өнөрүңөрдү көрсөткүлө! Менин ысмым, Нудель Давид Натанович! – деп студенттер менен жадырай учурашты.

– Алгач кишинин тулку боюнан баштайбыз, кана эмесе! – ал, алаканын дагы чапты эле көшөгө ачылып, аркасынан үстүнө шайы халат жамынган жаш орус аял чыга келди. Ал сылык учураша, жеңил аттап секичеге чыкты. Анан аркасын сала берип, ичке манжасын жаңсай берсе, үстүнөн шайы халаты далысын сылай жылмышып түштү. Лампанын күчтүү жарыгы аялдын жылаңач денесин, сымбат көкүрөгүн акактай агарта абага кошуп, сырдуу да, сүрдүү да көрүндү.

Өмүрүндө алгач ирет жылаңач аялды көргөн Омоштун эриндери күбүрөй, денеси дүрүлдөйт. Шүмшүк Зоотбек чыйпыттын: «Сүрөтчү болсом, сулуу кыздардын сүрөтүн тарта берет элем» дегени ушул окшобойбу!

Аңгыча Давид Натанович жылаңач аялды көрсөтө:

– Карагылачы, бул – искусство! Биз муну модель дейбиз! Силерге жандуу моделдин тизесин кармаганга гана уруксат берилет, башка жагына тийбегиле! деген өктөм үнү угулду.

Натанович колун жаңсай, секичеде бир бутун кыңкая көтөрө отурган натуршицаны көрсөтүп:

– Мен акылман эмесмин, бирок силерге бирин-экин кыскача кеңешимди берейин, эсиңерде болсун! Сүрөтчү – бул дыйкан, ал эмес дыйкандар сүрөтчүдөн да аз эмгектенишет. Эгерде акча тапкыңар келсе азыр эле чыгып кеткиле! Тигине эшик ачык! Банкир же базарга баргыла! Дагы эскертем, баягы «коммунизм» учурундагы жыргализм заман бүткөн, азыр силерге окшогондордун жүздөн бири гана сүрөт менен акча таап жан сактай алышат! Ошондуктан көп ойлонбогула!

Кашка баш профессордун сөзү жылаңач моделди көрүп кыйшаңдап калгандарды какайта, көздөрүн умачтай ачып былк этпей отуруп калышты.

Сабактан танаписке чыкканда Омош калдайган полотносун тиктей, алгачкы сүртүмдөрүнө көз жүгүртө ордунда кармалат. Балдардын жарымынан көбү сыртка чыгып кетишкен. Секичедеги аял халатын жамына кымтылана түшүп келип, Омоштун сүрөтүнө үңүлөт.

– Эң сонун! Мага жагат, азаматсың! Бирок азыркы сүрөтчүлөр мындай реалисттик чыгармаларды жазбай калышкан, азыр авангард дешет, кийин сен дагы бузулуп кетпесең болду, өзүңө бекем бол!

Ал ушуну айтып бүтүп имериле бере, өзүнчө бирдемени эстедиби, ах-ахалай күлдү. Анан дагы күлдү.

– Мен медикмин, биз медиктер гана кишилерди чечиндиребиз десек, көрсө сүрөтчүлөр медиктердин өздөрүн чечиндирип коюшат турбайбы!

Натуршица шыңкылдаган боюнча согончогунун учу менен жеңил аттай, көшөгөнүн аркасына жашынды.

Омоштун искусствого болгон ынтызарлыгы, аны аргасыз китепканага байма-бай баргызып, мектепте кыйшаңдап окубагандын азабын жей, жекелеп окуса да искусствонун беш томдугун жадыбалдай жаттайт. Китеп кармаса эле уйкусу келчү жаны, эми уктабай окучу адет тапты. Ал таш кылымдан бүгүнкү күнгө чейинки искусствонун түрдүү агымын окуп үйрөнүп, атургай «Модернизм» аттуу кара томдукка чейин жетти.

Курсташы Катя Зубахина да Омоштун билимге болгон ынтызарлыгын, сабактан тышкары өзүнө өзгөчө татаал композициялык тапшырмаларды коюп, аны чечмелөөнүн аракетинде жүргөнүн мурда эле байкаган. Ал бүгүн да анын колунан түшпөгөн, мукабасы жалтыраган кара китебин көргөндө колдон талаша кызыга барактайт. Катянын келишкен сымбаты, сепкилдүү сары быштак жүзү, көгүлтүр көзү ачык асмандай жанса, аны андан бетер сулуу кылып, жүзүнөн нур тамылтат. Ошентсе да анын ойдогудай дене түзүлүшүнөн көзгө көрүнүп, көрүнбөгөн кынтыгын тапкан Омош, анын мурдунун учу Афродитаныкындай кырдачынан келбей, билинер-билинбес кайкысы бар экенине аттиңай дегенсип, карабаганга аракет кылды.

Анткен менен Катя окубаган, билбеген эч нерсе жоктой. Англисче да эркин сүйлөйт. Омош өзүн анын алдында жаңыдан сабатын жоё баштаган Мартин Иден сыяктуу элестетет, ага жеткиси келет. Катянын кара китепти кызыга карап койгонуна эле, ага теңеле түшкөндөй сезбедиби. Бирок баары бир Омошко мындай кыздар жакпайт. Ага эртең менен эрте туруп уй сааган, торпок агытып, чөмөлө ыргыткан, апасына ысык сүт белендеп, идиш жууган белдүү кыздар жагат. Андай кыздар баатыр төрөйт дегенин да кулагы чалганы бар.

Анан бул кымча белдүү, кийик басыктуу, окуган кыз айылга бир күн чыдабас. Илгери Смоленскиде аскерде жүргөн Жүнүшбек байкени ээрчип келген жалбырак сындуу орус кызы Светлана жеңебиз деле арактан башы арылбаган Жүнүшбектин отун жагып, күлүн чыгарып, бир бала төрөгөндөн кийин чыдай албай кетип калбады беле.

Китепти берип жаткан Катянын Омошко чын ыкластан моймолжуй, сырдуу ирмелген кирпиктери аны азгырып, башка сезимге жетелеп бараткансыды. Анын бул кылыгын Омош мурда эле байкап жүрсө да, көз алдына айылдагы чатыраш беттүү, суу ташыган кыздар тартылып, андан арыла албайт. Анткен менен Катянын сыпайы, сылык мүнөзү, бирөөнүн эмгегине баа бере алган көсөмдүгү, искусствону иликтей билген билими, мындан ары анын жанында уй саап, чөмөлө ыргыткан кыздар эмес, сөзүнө сөз коштогон, оюна ой козгогон пикирлеш бийкечтер жандап жүрүүсү керек экенинен белги бергенсип, жандүйнөсү бүлүк салат.

Табиятында кезикпеген бул көңүл куштарына берилбей, бул ойлордон канчалык алыстайын десе да, көңүлүндө тымызын жактырып турганын сезди. Бирок Омош муну жөн эле учкай ойлордун чабыты деди. Азырынча ага сүйлөшкөн кызы тууралуу план түзүүгө эрте. Анын андан башка да «азыр, бүгүн» деген түйшүгү бар. Ага классикалык чыгармалар жагат, андан алыстай албайт. Сансыз эскиздер, натурадан жазган персонаждары додо болуп үйүлүп, залкарлардын сыйкырдуу сырын ачууга тереңдейт. Бирок чоң, кичине көргөзмө болбосун баягы натуршица айткандай «авангарддык» эмгектер өкүм сүрүп, социалисттик реализмдин мыкты үлгүлөрүн жараткан улуу муундагы сүрөтчүлөр дагы авангарддын аркасынан түшкөнүн байкайт.

Омоштун академиялык үлгүдөгү полотнолору көмүскөдө калып, атургай аны көргөндө сыртын салыша: «Бул фотография, муну фотографтар эле тартып коюшат. Азыр авангард заманы, жандүйнөнүн кыйкырыгын жаратуу! Ийкем, сүртүмдөр! Мынакей чыныгы искусство! Реализм – эскинин калдыгы, аны менен өспөйсүң!» дегендер туш-тарабынан чыгышып, жанына тургулары келишпейт. Ал өзүнөн өзү жоголчу объектиге айланып солуп бараткансыды. Күндөн күнгө искусствого болгон эпкини күмөнгө айланып, ээн талаа, эрме чөлдө калган жалгыз ботодой эрбейип турганын элестетти.

* * *

– Кел, кире кой Омош!

Давид Натанович күлө жайнап эшик ачты. Өнөркананын ичи күүгүм тартып, үстөл үстүндөгү буюмдар чаң басып, көптөн бери киши кирбегенин билгизет. Кызыл жыгач, жаңгактан жасалган эмерек буюмдар, полдо төшөлгөн кымбат баалуу паркет, Совет доорунун өнөр адамга болгон урмат-сыйын айтып турса, ал эми полдун үстүндөгү кыйма-чийме чийилген издер шарапка тойгон сүрөтчүлөрдүн искусствону талашып, биринин сакалын бири жула, жулмалашканынан кабар бергенсийт. Дубалда илинген дат баскан коюу жашыл лампанын да купуя сыры бардай дулдуюп, жонун салып турганын карасаң! Антпегендечи?!. Айтматовдун «Гүлсаратындай» тили эле жок, болбосо заводдон жаңы боёк сүртүлүп жаркырап чыкканын, жылаңач уяң натурщицанын кулпунган чачына нурун чача, жүзүнө, тулку боюна, андан ылдый акактай балтырына кашкая, чакчая тийгенин.

Давид Натановичке үстөккө-босток шык бере, улам жанып, улам күйүп, полотнодо жаралган ай нурундай натурщицанын ажарын ача шыпылдаган, кышылдаган кыл калемдин шыбыртына кулак төшөй, эргиген, толкуган кечтердин кайсы бирин шөкөттөп айтып берер эле?..

Давид Натанович «Туткундагы Токтогул» аттуу көлөмдүү чыгармасы менен элге таанылуу. Колорити бай, ички драматизми күчтүү полотно Омоштун да көңүлүнө толчу. Балким, анын агайына жолугушуунун себеби да ушундан келип чыккандыр. Давид агайы акыркы жылдары көргөзмөлөргө катышпай, өзүнчө иштеп калган. Анткен менен Омоштун өнөрүнө кызыгуу менен карап, кеп-кеңешин аячу эмес.

Аңгыча Давид Натановичтин чөнтөк телефону чырылдап башын ийкей коңшу бөлмөгө чыгат. Омош жалгыз калгандыктан өнөркананын ичин тегерете кызыгып карай баштады. Дубалдарда бирин-серин эски, натурадан жазылган этюддардан башка, кызыл-тасыл болуп боёлгон үч-төрт бурчтуктарга толгон. Кайсы жеринде болбосун үч бурчтук. Бирок ал үч бурчтуктар Омошко жөн эле көркөмдүк үчүн илинип койгондой, ал эми Натановичтин чыныгы чыгармалары башка жакта тургансып анча маани бербеди.

– Ооба, бул менин эмгектерим! –деди профессор аркы бөлмөдөн чыгып келатып.

Үч бурчтуктарды тиктеп турган Омошко созуңкураак, ишенимдүү үн менен кайрылып. Капысынан чыккан үнгө Омош ойлонбой эле:

– Ойо-ой, сонун болуптур! – деп коштоп ийди.

– Мага да жагат! – деди Давид Натанович, узунунан келген, учу өйдө таралган калың каштарын серпе: – Биз анчалык көп эмеспиз. Бул үч бурчтуктардын мааниси өтө терең болгондуктан көпчүлүк эл бизге түшүнө бербейт! – деп үнүн мурдагыдан да бийигирээк, олуттуу чыгарды.

Омош профессордун бул сөздөрүнө түшүнө бербей, агайынын тамаша чыныбы же сынап жатканыбы дегенсип: «Ушунун эмнеси терең? Үч бурчтук – үч бурчтукка эле окшоп турат, башка эчтемеси жок, кызык?» – дейт, бирок оюндагысын айтса Натановичтин көңүлүн оорутуп аламбы дедиби:

– Сиз бул эмгектин үстүндө көптөн бери түйшүктөнүп жүрөсүзбү? – демиш болду.

Ушул эле суроону күтүп тургансып Давид Натанович жаңы эле күйгүзгөн тамекисин калдайган сакалына үйлөй Омошко эңкейди:

– Эми сен айтчы мага, менин сабагымдан эмнени алалган жоксуң?! – профессор көзүн жүлжүйтө, терезени карай сакалын дагы ыштады.

Омош агайынын тегерек сакалынан салаалай чыккан түтүндү көрүп, Чөңөр жайлоосунда кой кайтарып жүргөндө өтүгү менен бир тээп ыштачу төө тапанды элестей, күлкүсү келе араң карманды. Бирок сыр бербегенге аракет кылды.

– Сиз чоң устатсыз, бирок мен эмне кылсам да өзүмө жакпайт, балким, мага өзүмдүн стилимди, үнүмдү табуум керекпи?..

– Анын баары калпеле! Чынында, сенин курагыңдагы сүрөтчүгө эмне керек?

– Билбейм, мисалы, мага классикалык чыгармалар жагат, а Диас ойноп чиймелесе да оозго алынып өзүнчө стили бардай.

– Калп! Анда кайдагы стиль, анткен менен кандайдыр бир адамды дүүлүктүрүп, азгырган жагы бар. Бирок ага салыштырмалуу сенин иштериңди мыкты деп айталбайбыз да... туурабы? Сен кайсы бир учурда классикалык канондорду унуткун. Өз багытыңды табыш үчүн билимиңди, акылыңды, ички башаламандыгыңды иретке сал... Айтчы, мен ушул үч бурчтукка келүүмө канча убакыт короттум?

– Билбейт экем.

– Отуз жыл болду!

– Отуз жылбы?!. – Омоштун оозу ачыла, көзү чакчайды.

Же өзү сабатсыз экени же профессор акылдуу экенин билбей: «Мындай үч бурчтуктарды айылдагы кемпирлер жөн эле аламач кылып кесип жүрүшпөйбү? Философия, стиль дебей эле ысык суудан куюп тепкилеп, бышырып, анан жыргап отуруп алып чай ичишкеничи! Анда алар агайдын үч бурчтугу эле эмес, Малевичтин «Кара төрт бурчтугун» жасап коюшканын билишпейт турбайбы? Тээ байыртадан, Манас атадан бери эле жасап келатышпайбы?» деген түркүн-чиркин ойлорго кептелди. Эми профессорго эмне айтып кошумчаларын билбей апкаарыган Омош:

– Аа кечиресиз, сиздин кийинки эле «Гитарачан кыз» аттуу реалисттик чыгармаңыз бар эмеспи?

– Туура, эң туура! Мен силерге сабактан ошол академиялык багытты үйрөтүп жатпаймынбы. Ал менин атымды чыгарды, нан таап жедим. Ал болгону мектеп!… «коммунисттик» замандын кишенинде жашадык, цензура, Лениндик пропаганда деген бар болчу. Ал эми жандүйнөм башканы каалачу. Сүйгөн кызыңа жетпей жүргөндөй бир кеп да. Тымызын үч бурчтуктарымды ойлоп, жылдарды кечирдим. Ал мага өзүнүн ар түрдүүлүгү, философиялык тереңдигине түртүп, сүрөтчү катары сактап калгандай болду. Болбосо чыгармачылык кризис, арак ичип кетмей деген бар да.

Омош агайынын «мектебин», улуу сүрөтчүлөр Тициан, Веласкестен окуп үйрөнүп жүрбөйбү, Сальвадор Далини кумирим дейт. Агайы болсо анын бала чагынан эле көрүп билип, аралашып келген шырдак, туш кийизиндеги үч бурчтугун отуз жыл издегени эмнеси? А балким, профессор өзүнүн академиялык чыгармаларынан улуулардын көлөкөсүндө калганын сезип, өзүнчө жарык чачкан индивид болууну каалагандыр? Андай болсо «Сикстин мадоннасы», «Жоконда», чыгармадагы образ, драматизм, колорит деген ыйык түшүнүктөр анын «үч бурчтук», «төрт бурчтугунун» астында калабы?! Балким, Казимир Малевичтин «Төрт бурчтугунун» таасиринде калгандыр? Бирок Малевич өзү ошол «Төрт бурчтугун» XVII кылымдагы Европанын белгилүү, жашыруун илимдер магистри Роберт Флуддун «Кара туңгуюк» аттуу илиминдеги иллюстрациядан колдонгонучу? Мынча болду, эмне үчүн профессор «супрематизм» жөнүндө ооз ачпайт?.

«Эй, кантет, жөнчү! – деди Омош өзүн өзү токтотуп. Кыйын болбочу! Профессордун деңгээли сенин өмүр бою эшек, торпок аркандагандан башканы билбеген акылыңдан кем бекен, андан ашкан «измдер» бар экенин өзүң билбей жаткандырсың да!» – дей, Давид Натановичтин терең ойлоруна түшүнүп, түшүнбөй турганына кыжалат боло, өзүнүн дагеле билиминин тайкылыгына арданды. Анын ою бүдөмүк болуп жатканынан шек санабаган Давид Натанович:

– Чыныгы сүрөтчү идеалдуу объекти кайда экенин билет. Сен жашсың, сен искусствонун бардык түрүнөн өтүүң керек. Өзүңдүн философияң болуу керек. Болбосо, сен жоксуң! – дей тамекисин дагы түтөттү.

– Демек, мен түрдүү стилдерде эксперимент жасашым керекпи?

– Ооба, ооба, абсолютно ооба! Билесиңби, мен сага окшогон канча жаш сүрөтчүлөрдү көрдүм. Алар өздөрүнүн татаал ой жүгүртүү жөндөмүнөн чыгалышпай камалып жүрүшөт.

– Сиздин оюңузча мени эксперимент гана куткарабы?

– Албетте, албетте! Мынакей, сага жардам берүү үчүн мен жаныңдамын. Сабактан да, башка жерден да, – деп Давид Натанович Омоштун далысынан таптады. – Сен «Супер-Арттын» жаркыраган жылдызы болуп жанасың!

Профессордун чын ыкластан чоң инсан болуу ниетине жетине албаган Омош:

– Рахмат, рахмат Давид Натанович! Азыр эле барып баштайм! – дегени боюнча өнөрканасын көздөй жебенин огундай сызды.

* * *

Ташкындаган дайрадай албууттанган Омош эчендеген уйкусуз түндөрдү кечирип, тоодой ишеним менен түрдүү эскиздерди, ондогон картиналарды жаратат. Бирок канча аракет кылса да өзүнүн үнүн, философиясын табалбаганына жаны кашаят. «Бүттү! Мен сүрөтчү эмесмин! Менден эч нерсе чыкпайт! Андан көрө айылга барып өзүң билген ишиңди жаса, торпогуңду агыт, эшегиңди арканда!..» – ал ызалана башын койгулай, жер тепкиледи. Ачуусу менен жан жагын карана көзүнө илинген карыянын портретине олч эткизе колундагы аяп колдончу француз кисточкасын боёкко орой матыра чачып жиберсе, карыянын эки көзү жабылып, согончогу эле көрүнүп калды. «Экинчи көзүнөн айрылган каракчы!» – деди кыйкырып.

Колуна андан бөлөк идиректүү нерсе алайын дедиби тегерете карай, дубалда илинген Кара эшектин куйругуна көзү чалдыкты. Ал куйрук Омошко чоң атасынан калган мурас. Социализм заманында бир үй-бүлөнү багып, адал эмгек кылган Кара эшек кашайып колхоздун эгинине түшүп кетсе, кароолчулар атып салышат. Ак малынан ажыраган чоң атасы кейип-кепчий, эстей жүргөнү ырымдап эшегинин куйругун кесип алган экен. Кийин атасына, атасы Омош Бишкекке жөнөгөндө капшытта илинип турган куйрукту алып: «Ишиңди оңойт, жолуңду ачат, барганда дубалыңа илип ал, балам» – деп ыроолоп берген.

Жаалданган Омош куйрукту ала коюп банкеге матыра туш келди чачырата баштады. Алеп дегенде Сары жоолукчан келиндин портретине тийип таргылала болуп калды. «Күйөөсүн муштаган келин!» – деди олурая карап:

– Мына сага авангард! Мына сага үскүстүвө!

Сыпайы «Рebeo» француз кисточкасынан көрө, ак мал Кара эшектин куйругу алеп-желеп дегиче шыпылдай, палитрадагы боёктун жугун калтырбай сыйпалатты. Омош бир чети картиналары менен коштошуп жатканына ичи ачышса, бир чети андан бошогонуна сүйүнө: «Эшектин коделеги!», «Иттин ымыркайынын чоңоюшу!», «Очокеге Мочокенин көз кысышы!» деген оозуна келген аттарды атап айкырып, кээде полотнонун сыртынан сылай, эркелетип да жатты. Полотнолор сыйкырга айланып, биринин артынан бири өзгөрүлө баштаганын да элес албады.

Ал кайсы шайтан азгырып шаарга келгенин, тынч эле айылда жүрө берсе авангард-савангарды жок эле өзүнө жакын Репин, Леонардо да Винчисин сүйүп жүрө бербейт беле. Кыялында багып, сүрөтүн тартсам деген айылдын кара томолок кыздары, ак мөңгү тоолору, таңкы шүүдүрүм, кыламык карга из салып койкоңдочу кызыл корозу, таранчылардын чурулдаганы жана башка ушу сыяктуу, ушуга окшош, өзүндөй жоош, өзүндөй момун, койлору маараган, уйлары мөөрөгөн, таштан ташка урунган өзөн суусунун шаңгыр добушун угуп чоңойгон аруу кыял, илбери мүнөзү – эми минтип шаардын акыл калчап, суй жыгылткан жашоосуна айланганына көңүлү кирдей жаа бою качкысы келди.

«Бүгүнкү тарамышы чыңалган контраст дүйнөдө актуалдуу искусствого кайрылуу – опурталдуу жана парадоксалдуу турбайбы. Тематикалык чыгарма жаратам дегениң – өз оюңду бирөөгө таңуулагандык, «тенденциозный» дешет экен. Азыркы сүрөтчүнү «боёктордун ой жүгүртүүсү» эмес, чылбыр жипке илинген такасы түшкөн батиңке, шыбоо жыттанган байпактын жыты кызыктырат имиш!..

«Ах, кандай жаңы, кандай көркөм!» – дешип кол чабышкандарын айт. Деги эми эмнени тартам, тынч оокат кылдырышпайт экен го? Андай тарт, мындай тарт, үскүствө-үскүствө эмес деген сынчыларсыз эле өз каалаганымды тарткан балалык чагыман айлансамчы! Гогенди да ушинтип кодулап жүрүшүп, Таити аралдарына тентиретишкенби?!»

Өзөрүп курсагы ачканын сезди. Мурдуна апасынын жаңы тарткан жылуу каймагынын жыты «бур» этет. Көздөрү сүзүлө, сасыган боёктун арасынан кызыл дандан жасалган ысык токочтун жытын искей, кыялында айылына барып бал каймактан балчылдата малып жегенин элестетти. Жоошуй түштү, жоорулганын сезди. Өзүнүн жумшактыгына, тоскоолдуктарга туруштук бере албаганына кыжалат болду. Бүлкүлдөп-сүлкүлдөп буттары чалыштай, колундагы жошолонгон куйругу менен кошо күп эте полго кулады...

II

– Супер авангард! Нео авангард! – Эчкидей сакалдуу сүрөтчү арык бетин олуттуу бүрүштүрө, ичке сөөмөйүн көтөрдү. – Омош Чонтоев – революционер!

– Жо-жоок, ал – азыркы искусствонун новатору! – деди, мурдагы Омоштун сүрөттөрүн «эскинин калдыгы» деген кесиптеши. – Анын «Күйөөсүн муштаган келин» аттуу чыгармасында психологиялык татаал образдын ушунчалык терең чечилиши, күйөөсүнүн зомбулугуна чыдай албаган келиндин агрессияга айланышы денеңди дүркүрөтөт.

«Эшектин коделегичи!» Хи-хи-хи! Картиналардын аты да авангард экен! «Очоке менен Мочокенин көз кысышканын» айтсаң!

– Оф-фоой, ал – шедевр! Адамдын ичиндеги айтпайын дегениңди айткызат.

– Гений! Гениалдуу чыгармаларды жаратыптыр! – дешип чогулгандар күбүрөшүп, шыбырашып жатышты.

– Жаш сүрөтчү – Омош Чонтоев келатат, тосуп алыңыздар!

Фотоаппараттар чыркылдап, шарактаган кол чабуулар токтобой, Омоштун алгачкы жеке сүрөт көргөзмөсүнө келген эл залга батпай толкуп турду.

Сүйүп турду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз