Мусулман санаттары: Бир заматта байып кеткен адамдар сараң болот

СААДИ: Табият адам уулун туптунук жаратат, болгону ата-энелери гана иудея, же христиандыкка, же отко сыйынууга көндүрүп таштайт.

Ибн Сина АВИЦЕННА (УЛУКМАН): Бакытын баалай албагандын шору арылбайт. 

Али-Иби АБИ-ТАЛИБ: Эң мыкты мурас – тарбия-таалим.   

Ибрагим АЛЬ ХУСРИ: Жалганчынын уурудан айырмасы жок. Бирөөсү – мүлк; бирөөсү – акыл уурдайт.

АБУ-ЛЬ-ФАРАЖ: Эси жоктор өзүнөн башкалардын изги сапаттарын эмес, бир гана кемчилигин байкайт. Алар кудум денедеги кызарган жараатты көрө койгон чымындан айырмасы жок.

Ибн Сина АВИЦЕННА (УЛУКМАН): Дайыма мас болуп жүрүүдөн боор менен мээ жабырлайт. Ичкилик нерв ооруларын алсыздандырып, күтүүсүздөн жаныңды алып тынат. 

Аухад Ад-Дин АНВАРИ: Өз абийриңден кечирим сурабайын десең, бирөөгө жалаа жаппа. 

АСАНКАЙГЫ: Атадан каргыш алган оңбойт.

Мухаммед Аззахири АС-САМАРКАНДИ: Төмөнкү төрт милдет аткарылмайын иш бышты дебе:

Биринчиси, казандагы аш оозуңа тиймейинче;

Экинчиси, кош бойлуу аял көз жармайынча;

Үчүнчүсү, жоокер согуш майданынан кетмейинче;

Төртүнчүсү, дыйкан түшүмүн оруп жыймайынча...

Абулкасым ФИРДОУСИ: Бийик максатка умтулгандардын дөөлөтү – эрдик.

Аль ХАРИЗИ: Сөз – гүл, иш анын мөмөсү.

Шамседдин ХАФИЗ: Тиги дүйнө менен бул дүйнөдө жаным тынч болсун десең, эки эрежени тутун: досторуңа айкөл, душмандарыңа аяр бол.

Ал-Сухраварди: Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет, агер ооздон гана чыкса, ал куйма кулакка да сиңбейт. 

Али-Иби АБИ-ТАЛИБ: Эң оор жакырчылык – билимсиздик.

Баязид БИСТАМИ: Жер үстүн күнөөлүүлөр да, күнөөсүздөр да тебелеп жүрү. Адам да кара жердей көтөрүмдүү болуш үчүн өзүн өзү таанууга тийиш.

Абдурахман ЖААМИ: Адам даражасын кызмат көтөрбөй, кызмат даражасын адам көтөрүүгө тийиш, бирок ал иш ошол адамдын изгилигине жараша болот.

Убайд ЗАКАНИ: Бир заматта байып кеткен адамдар сараң болот.

Махмуд КАШГАРИ: Тегирменде туулган чычкан, күндүн күркүрөгүнөн коркпойт.

КЕЙ-КАВУС (Аль-Маали): Акмактарга берчү жооп – үндөбөстүк.

Абай КУНАНБАЕВ: Адамды бир гана эрк, илим-билим жана адилеттик бийиктетет. Мындан башка жолду акмак гана издейт.

Алишер НАВОИ: Дүйнөнү чарк айланып келип да акылың жетилбегени, демек, – мончого кирип, бирок жышынбай чыккандай кеп.

Жалаледдин РУМИ: Алла-таала бизди ар бирибиздин көмөгүбүз менен Акыйкатты таануу үчүн жараткан.

СААДИ: Эгер акылман акмактардын арасында отуруп бир ооз кеп айталбаса, таңгалба. Арийне, барабан дүңкүлдөгөн жерде сыбызгыган чоордун үнү угулмакпы?

Абу Сайд ибн Аби-л-Хэйр: Сопу Кудайдын кылганынын баарына ток пейил, Кудай да сопунун кылгандарынын баарына ыраазы.

АБУ-ЛЬ-ФАРАЖ: Ичи тарлар эмне үчүн дайыма нааразы? Себеби, алардын ичин өздөрүнүн иши жүрүшпөгөндөн мурда, башкалардын ийгилиги көбүрөк ачыштырат.

Мухаммед Аззахири АС-САМАРКАНДИ: Туура жолдон адашпай, эс-акылдуу жашагың келсе, кеменгер адам менен кеңешип-кесип иш кыл. 

Калыгул БАЙ уулу:

Медери жок туугандан,

Бек кармашкан жат жакшы.

Кеби жаман катындан

Келте ооруган дарт жакшы.

Ибн Сина АВИЦЕННА (УЛУКМАН): Бакытын баалай албагандын шору арылбайт. 

АБУ-ЛЬ-ФАРАЖ: Билимсиз адам билимге умтулбаганы коркунучтуу. Бул анын эки бирдей душманы.

Калыгул БАЙ уулу: Жакшы болсоң жердей бол,

Баарын чыдап көтөргөн. 

Таза болсоң суудай бол,

Баарын жууп кетирген.

Абай КУНАНБАЕВ: Сократты кимдер ууландырды, Жанна д'Аркты кимдер өрттөдү, Христосту кимдер асты, Мухамедди төөлөрдүн сөөгү менен кимдер көмүп тынды?! Караламан калк. Демек, көпчүлүктүн акылы жок. Жайнаган элди анан кантип акыйкаттын жолуна сала аласың?..

Которгон Олжобай ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз