Акыл-эске чакырган араб макалдары

  • 16.11.2020
  • 4275
  • Накта акылдуу жакшы менен жаманды ажырата билген адам эмес. Ал бардык жаман нерселердин эң зыянсызын тандай билген адам.
  • Чыныгы улуу адам – башкаларга көзкаранды болбойт.
  • Идиште куюлган нерседен ашык нерсени төгө албайсың.
  • Тартынчаак болсоң – эч нерсе таба албайсың дагы, жоготпойсуң дагы.
  • Келесоону жүз жолу жаңылышса да кечиришет, акылдуунун жаңылыштыгын бир да жолу кечиришпейт.
  • Кайрадан жаба албай калар эшикти ачпа.
  • Тирүү ит өлгөн арстандан жакшы.
  • Ийри дарактан түз көлөкө түшпөйт.
  • Тажырыйбалуу адам, акылмандан жакшы.
  • Эң чоң жаңылыштык – кетирген жаңылыштыкты моюнга албоо.

Которогон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз