Ит жана карышкырлар жөнүндө тамсил-икая

  • 19.11.2020
  • 3309

Карышкырлар итти тегеректеп алышып, аны талап жемекчи болушат. Ит алардан тирүү калтырышын суранат, өмүрүн сактап калышса, эртең эле өзү кайтарып жүргөн кой-эчкилерге жана башка малдарга кол салуунун жолун көрсөтүп берерин убада кылат.

Карды ток карышкырлар ойлонуп көрүшүп, анын сунушун кабыл алышат. Ит эки жыл бою карышкырлардын үйүрүндө болуп, аларга короого түшүүнүн жолдорун көргөзүп, кайдан, качан кол салуу керектигин үйрөтөт...

Үчүнчү жылы кыш катуу, катаал болуп, ачка калышат. Эмне кылыш керек? Карышкырлар итти жейли деп чечим кабыл алышат. Чечимдерин ишке ашырат. Этин жеп, сөөгүн мүлжүп көмүп коюшту. Эстелик орнотушту. Кимден деп жазсак деп ойлоно башташты.

“Досторуңдан” дейлик десе: кайдагы достук, аны жеп салышпадыбы...

“Душмандарыңдан” дейлик десе: кантсе да эки жыл бирге туруп, бирге жатып, чогуу тамак таап жешти, ортодо таарынычтар болгон жок...

Ойлонуп, ойлонуп олтурушуп: “Коллегаларыңдан” деп жазып коюшту.

Көркөмдөп которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз