«Дөӊгөлөк жылдар» повестиндеги диалектизмдер жана учкул сөздөр

  • 19.11.2020
  • 3459

Бахтияр Шаматовдун “Дөӊгөлөк жылдар” автобиографиялык чыгармасы түшүнгөнгө кыйын, атайын окурмандык табитти, даярдыкты талап кылган чыгармаларды окугандан бир азга оолактагысы келген окурмандар үчүн табылгыс күл азык.

Чыгармадагы орус тилиндеги сөздөр эне тилибиздин оозеки кебинде кандай айтылса, ошол калыбында берилишин, башкача айтканда, тилибиздин онтологиялык коопсуздугун сактоо менен сүйлөмдөргө кынаптаганы автордун тилинин жатыктыгын айгинелеп турат.

Жер шарынын саясий картасынан улуу империянын сүрүлүшү менен анын калкы балдаксыз калган төкөрдөй же кайсалап жол таппай туманда калган жолоочудай шаштысы кеткен учурда жазмыш тагдырдын удургума агымы менен көптүн бири катары поездде узатуучу болуп иштеп калган баяндамачынын дөӊгөлөк үстүндөгү башынан өткөргөн кызыктуу дагы, өзүн кубалатып окуткан ары арбама, бырс күлдүрмө, дүргүтмө окуялары мигранттардын турмушундагы “чырк этме” учкул сөздөр, диалектизмдер, сүйлөмгө өзгөчө эмоционалдык-экспрессивдүү ыраӊ берген айтымдар, сленгдер, жаргон сөздөр менен кабатталып, айтылуучу ойдун окурманга жеткиликтүү болуусуна жол ачат.

Өзгөчө жанга жагымдуу, лирикалуу, ширин абаздуу түштүк жана түштүк-батыш диалектисиндеги сөздөрдү жерибестен, тескерисинче акырындык менен ылайыктуусун адабий нормага киргизүү – тилдин мезгилдүү табигый талабы. Алардын улуттук адабияттагы, тилибиздеги сөздүк корду байытууга салым кошуп келгендигин иран-фарсы, араб, түрк тилдеринен эне тилибизге оошкон сөздөр географиялык абалына байланыштуу аталган диалектилердин табигый чыпкасы аркылуу келгендиги тастыктап турат.

Мына ушул сөздөрдү топтоп, түшүнүктүү болуш үчүн сүйлөмдүн курамында окурмандардын назарына салууну ылайык көрдүк.

  • Жанатан бери тымтырс болуп отургандар заматта жандана түшүп, дуулдата карсектеп, алакан урушуп, улам кайра суранышат дейт, айтор, Эрмекти көпкө дейре сахнадан кетирбей туруп алышат.
  • Бир жолу кайсыл бир чоң үлпөт тойдон кийин арам ойлуу көралбас көпактар аны абдан ичирип туруп ээн жерге алып барышкан да, манжаларын сындырабыз дешкен.
  • Өзү да арык чырай, узун бойлуу, кааматы келишкен жигит эле.
  • Же башынан эле жараткан берген табигый даргөйүбүз ушундайбы, ким билет…
  • Чыгаан таланттын эл ичинде жакшы аты, керемет өнөрү, атак-даңкы кала берет, муундан муунга ширин, апсана кеп болуп өтүп кете берет.
  • Короосуна кирсем өңчөй ийинде шапат погончон, көк көйнөкчөндөр топурап жүрүшөт, нары-бери эле чапкылаган эл.
  • Мындай карашалтак сандалбаптар кайдан санврач болуп чыга келет акылың жетпейт.
  • А бул эмне деп бөөшсүнүп кишенди көрсөтсөм: “Ерунда, мындай кишендин далайын көргөнбүз, менттер азыр элдин көзүнчө ушинтимиш этет да, Бишкекке барганда кое беришет, керек болсо менден кечирим сурашат”, – деди.
  • О падарыңа наалат, ушундай да челнок болот экен ээ?
  • Өзбек проводниктер буларга мулайым жумшак мамиле жасап, “акалаган” сайын жапайы талаанын шакалдары ого бетер ырайымсыз таш боорлугун көрсөтүп, ошондон өзүлөрүнчө “кайф” кармайт тура.
  • Жанында ээрчитип алган жылтыңдаган жымшык көз патакүш келинчек бар.
  • Катаал замандын алакайыр борошосуна туштугуп, бүгүлүп бердиңби?
  • Купесине барбай да койдум, үргүлдүм сендей президенттен деп.
  • Бирок мындан коркуштун кереги жок, анткени бул жанагы дарыдан улам организм тазаланып, махоо-пестин баары ушинтип кара сийдик болуп чыгат экен.
  • Жо, таң каласың да киши, жадагалса ушул поюздун термелгенинен да гүүжүп, козуган аялдар да болот экен эй…
  • Кулагы чунак, көчүгү манек бу неме улам-улам мага келип: “братка проблема жокпу”, – дей берип тажатты.
  • Ыргалып туру, деңиз тизеден.
  • Өзүмчө толкунданып, мекиренип кеттим, чүт көздөн жаш чыгып кете жаздады.
  • Жөн койсоң булар ушинтип энең байтал жарамазан айтышып отуруп, анан вагон ичинде кубалашып, мушташып акыры биринен бири травма алышып тынат эй…
  • – Эй шеп, тукумбаз келинчелик бизде ям эле талант-маланттан бар. Анаву гыжжакты (скрипка) биякка алың, бир кол көрөйүн – десе, жанындагы аялы окшойт, айтып калды:

– Аа өлүң а, паңшактай (айрыдай) колуңуз менен сизге искрипкага балээ барбы, сурасаңыз нагарасыны (барабан) сураң, бекер пазор болбой.

– Эй катынжан, сен жөн тур, билбейсиң сен, мен гыжжакты ям (скрипканы айтканы) мамалатамын.

  • Кудая тобо, кылтылдаган бу назик ургаачыны нашачабарман деп ким ойлоптур.
  • “Эй, үкөм, сен Ги де Моппасан деген француз жобур жазуучунун “Милый друг” аттуу китебин окудуң беле, ошондо Дюруа аттуу жүдаа кысталак шылкым, аял атмайга адамдан башкача абжир жигит бар.
  • Омээй, балекет деп калдым ичимен, кызык, кызык, килейген вагон толтура аялды бир түндө бажарам деген бу пастек бугалтыр акең гигант го.
  • Кудай бул жагынан хыслатты (касиетти) мага аянбай бериптир да.
  • Ошол түнү кептин расы пачагымды чыгарды, өзү да дабдаласы чыгып кетти окшойт кысталактын.
  • Наүмүт шайтан деп ичимен мен да жандана түштүм.
  • Кеп кедең болду, кедең неден болду сыягы, балээнин баары эки демократ челнок менен бир партократ челнок чогуу отуруп чай ичкенден башталды.
  • Аны да ошояктын атаманы Назирбек ава бийлеп, өзү каалагандай даракка чыга калып “калган уруп” же көрүнгөндү пайчасынан илип ыргытып кыйнап, иши кылып көргүлүктү көрсөтчү.
  • Бүгүн айтам дегенин айтып турат, оозуна капкак пломбу баскан эч ким жок.
  • Москвага бараткан тараптагы казактардан бияктын казактарынын өлсө өлүгү артык деп коёбу, ошондой эле оруска аралаш бул чөлкөмдүн казагы да орустан айырмасы жок эле.
  • Негизи минткенге акыбыз жок, биз деген эшик алдында “пажалста ваш билет”, “кириңиз мархамат” деп ийилип турушубуз керек.
  • Бир тартып жиберген соң ичти куйкалап өтүп, көз тумандай, жан-тениң көлкүп, айлана-тегерек бир башкача көрүнө түшкөн ирмем өзүнүн кучагына пендени бир кысып, таманына бир басып алган соң кайра коё бериши кыйын окшобойбу…
  • Кемпир айткан соң, неси болсо да бу баңгибаздардан этиет болушубуз керек.
  • Берки абышканын болсо бул окуядан көңүлү бир топ көтөрүлүп, кекиликче сергек жорголой кыдыңдап “Карабалтага” дагы барып келе калыптыр.
  • Адеп-ахлак дегениң орноктуу былк этпес, пенденин мойнуна түгөл илип койгон тумар эмес го.
  • Француздун Ги Де Мопассан деген айтылуу жазуучусу “эркектин бүткүл өмүрү аялзатын багынтуунун жан кашайткан аракетинен жаралган” деп айтып кеткен сөзү бар экен го.
  • Төрөпөттөрүнө караганда кызуураак.
  • Эки тараптан келген поезддер быкылдап каланып туруптур.
  • Бир жолу көөлөм саар Талипов кончу узун резинке өтүгүн кийип алып (чарбаларды дайыма ушинтип кыдырчу экен) алыскы бир чет кыштоого, койчулардан кабар алып келип калбайбы…
  • Мени менен бир азер баратат.
  • Мындайларды биздикилер гараң деп коет. Өзүнүн бейөдөм экенин билгенби, татар кызыке жөн чыкпай сүйгөн жигитин, еврейдей болгон татар кишини жолго кошо ээрчитип алыптыр.
  • Бу жугармак өлгүр кыз, өзү ашып кетсе 22–23төрдө сыягы, мындай аксакал жигитти каяктан тапкан акыл жетпейт.
  • Анжияндык өзбек айткандай, дарбыздары колтугунан томолонуп, жашоонун бир керемет кызыгын ооздон жулдургандай орду ордуларында селейип калышат.
  • Кандай маселе болбосун шарт-шурт, көп учурларда орой жана катаал ыкмалар менен чечилет, мүлайим сүйлөгөнгө, каада кармаганга биерде дээрлик орун да, каалоо да жок.
  • Же эркек эмес же аял сыягы жок бул жандар өкүртө арак ичип, күркүрөтө тамеки тартып сүйлөгөндөрү жалаң “через мат”, айткандары орой, туздуу тамаша болуп, иши кылса өзүнчө эле жаңы сорттогу пендегибриддер.

Топтогон “РухЭштин” “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү Эрмек ШОРУКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз