Болгон окуялардын негизинде жазылган ЖоКенин апендиси

  • 27.01.2024
  • 4193

Апенди ЖоКеге депутат болуп келет. Сүрмөтоп «Ак жол» партиясынын узун тизмесине капыстан илинип калган бечара сессия болор залга кайсы эшиктен кирерди билбейт. Сүр басып турган неме сессиянын башталарына 5 мүнөт калганда эл кирип аткан ачык каалганын босогосун аттаары менен четтеги бош орунга көчүк басат. Ангыча жанына келген бирөө сурайт:

– Сиз кайсы гезиттин кабарчысы болосуз?

– Мен кабарчы эмесмин, депутатмын.

– А бул жерде эмне отурасыз?

– Сессияга келсем, отурам да.

– Сессияга келген депутаттар бул жерге отурбайт. Бул жерге жалаң журналисттер отурат. А депутаттар тээ ылдый жакта талашып-тартышат, – дегенди уккан апенди кызарып-татарган бойдон эбак сессия болуп аткан залдын эшигин барып түрткүлөгөн экен. 

*     *     *

Жаңы чакырылыштын депутаттарына ЖК төрагасы шайланып, алгачкы сессия ачык деп жарыяланат. Күндөлүк тартипте каралуучу маселе боюнча добуш берүүгө келгенде, кпопка басканды билбеген апендинин жонунан кара тер чыпылдайт. Залдагы депутаттардын добушу толук жетпей атканына ачууланган төрага:

– Эмне добуш бербей отурасыңар? Алдыңардагы кнопканы баспайсыңарбы! – дегенди уккан апенди жанындагысынан сурайт:

– Бул кампүтердин тилин билбейт экем, сен билесиңби?

Тигиниси да компьютердин кайсы кнопкасын басарды билбей, жылан көргөн бакадай титиреп отурган экен:

– Жок, – дейт.

Муну уккан апенди: «Бул жерде мага окшогондор да бар экен» деп, бираз өзүнө келет. Ал ортодо танапис жарыяланат. Туалетке баргысы келген апенди түз эле төраганын алдына барат:

– Адахан Кимсанбаевич, туалет кайда?

– «Улуу сөздө уят жок» деп, эми ушу ак үйдүн кайда экенин да менден сурайсыңарбы?! – деп зиркилдеп тилдегенден кийин, «демек заңдасак да Акүй жакка барат турбайбызбы» деген апенди Акүйдү көздөй салып-уруп жөнөгөн экен.

*     *     *  

Ал күнү Адахан Мадумаровдун:

– Силерди окутуш керек, – дегенин уккан апенди түнү бою мамындай түш көрдү: Күндүзү ар бир депутатка кабинеттер бөлүштүрүлөт. Ал эмес ар бирине тиешелүү жаңы маркадагы бирден авто-унаа тийди. Кабинетине баш бакса, көз жоосун алган эмерек-буюм, ал эмес сейф турганын көргөндө жүрөгү болк этип алды. Ал ортодо шыпылдаган татынакай кыз кирип:

– Бул сизге, – деп чоң кайыш сумкени карматып кетти. Ичин ачса, калем-дептер, өчүргүч, сызгычынан өйдө жүрөт. «Булардын мага эмне кереги бар?» – деп сумкенин ичин көргөн апендинин башы маң, ангыча эшиктен «Азаттыктын» журналисти кирип келди:

– Кабинетиңиз кут болсун! Жайланышып калдыңызбы?

– Кайдан жайланышайын… Башым катып…

– Эмнеге?

– Мынабул сейфтин мага эмне кереги бар дейм да?..

– Эмнеге керек эмес, керек. Дипломат менен келген акчалардын чөнтөккө, а батпаганын сейфке…

– Аа… Анда мынабул текчелердин мага эмне кереги бар? Буларды толтургандай китебим деле жок да…

– Буларды китеп үчүн эмес, том-том кылып токулган силердин закүндөр үчүн, – деген журналист микрофон сунган жерден чочуп ойгонду. Ойгонгон себеби, «китеп-дептер, өчүргүч салынган сумкени эмнеге беришти?! Же кайрадан арипти тааныйбызбы? А мен элди окутабыз десе, бул жерден кайра өзүбүз билим алып чыгабызбы?..» деген апендинин түн уйкусу капкайда качыптыр.

Кайнар БУЛАК

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз