Сардарбек Рыскулов: Моюттун «Төө комдоту»

  • 30.09.2020
  • 3805

АҢГЕМЕ

Алдаяр Моют Ысык-Көлдүн күңгөй тарабында — Талды-Сүуда жашаган. Бул киши жалаң гана мүнүшкөрлүктү кесип кылбастан, саяпкерлик жагынан да көл айланасы гана эмес чектеш казак туугандарга чейин белгилүү болгон. Атактуу аш-тойлордо чубатуудан өтүп жаткан күлүктөргө көз жүгүртүп жатып, алдын ала жети-сегиз атка чейин айтып койчу экен, кайсы ат биринчи, анын артынан кандай аттар келерин.

Кийин Моют саяпкерлигин таштап, мүнүшкөрлүккө ооп кеткен. Ал көбүнчө бүркүт салган. Башка алгыр канаттуулардан бүркүттүн кызыкчылыгы жогору турарын билген. Ошондой эле ителги, куштарга караганда анын табылгасы кирешелүү болоруна да көзү жеткен. Бүркүттүн кыраандарынын түрү үчкө бөлүнөт эмеспи: «Баатыр чегир» «Бай чегир», «Куу чегир» болуп. Моют үч чегирдин үчөөнү тең салган мүнүшкөр.

Моют көл башындагы Каркыра жайлоосун жайлачу. Каркыранын Санташ жагы казактар менен чектеш. Эки элдин чек арасын Каркыранын суусу бөлүп турат. Ошол жылы Моюттун колунда алгыр канаттуусу жок эле. Эртели-кеч кирген-чыккан кошуналары ага асыла берчү болушту.

— Моют ава, сиз бүркүт салбай калгансызбы?

— Көңүлгө толорлук бүркүт колго тийбеди.

— Эгер жакшы бүркүт табылсачы, салаар белеңиз?

— Салбай анан, — дейт Моют аке.

Күндөрдүн биринде өйүзгү казактардан кабар угулду. Бир койчу жайлоонун ээн төрүнө коюн жайып коюп, суу жээгиндеги көк шиберге чалкасынан түшүп, жайкы күндүн мээр төккөн жылуу илебине кактанып, ачык асманга көз жиберип жатса, көк мелжиген аска-зоолордун бийик чокуларын айланып бир зор бүркүт жүрөт. Сыягы зоокалардын арасынан өзүнө жем издеп жүрсө керек. Алгыр бүркүткө ырыскысын аскалуу тоо берет да. Алардын тоюту тоодон канат. Бүркүт — кулаалы же күйкө эмес талаа-түздөн чычкан, коңуз, кескелдирик терип жегендей. Буркүттүн иши бүркүт. Койчу бүркүттүн эки канаты кандай тегеренсе, ошондой эле көз ээрчите карап олтуруп, көшүп кетет. Бүркүт бийик тоонун аска-зоолорун айлана берет, айлана берет. Анан бийиктен ылдыйлап, түзгө жакын тоолордун жылга-жыбыттарын, кокту-колотторун түгөл кыдырат. Көзүнө эч нерсе көрүнбөйт. Бул бүркүт тоонун ой-чуңкурларын мынчалык тинтмек эмес. Бир таштын башына конмок, канатын жыйып, эс алмак.

Кантип күн чыккандан кеч бешимге чейин бүдүрү жок көк асманда жүрсүн? Ага бир гана себеп, көптөн бери тумшугуна эч нерсе илинбеген. Ачка. Наар сызбаганына бери болгондо он-оң беш күн болуп калды.

Бүркүт тоо этектеринен да эч нерсе таппады. Анан төрдүн башына чейин бириндеп жайылып жаткан койлорду көрдү. Бир кырдан далдайып чукул чыга калган бүркүттү көрүп, койлор кокту ылдый дыр коюп, үркүп кирип кетти. Ажалың жеткир... Бир капкак куйрук боз ирик жалгыздап оттоп турган. Ал койлордун алыстап узап кеткенин байкабай калыптыр. Бир кезде эки жагын каранып, ээн калганын билди окшойт, чүчкүрүп-бышкырып койлордун артынан жөнөдү. Жерге жакын капталдап сызып келаткан бүркүттүн дал маңдайынан чыкты.

Бүркүт аяк-башын тоголоктой кармап, кыбыраганга чамасын келтирбей, мыкчып олтура калды. Колтойгон ирикти далдайган чоң бүркүт коёндой да көргөн жок окшойт.

Жайлоонун чөбү жагып, көпкүлөң тарта семирип турган койлор үрккөн боюнча уктап

жаткан койчуну тебелей чуркашты. Уйкунун кызыгына батып, магдырап жаткан койчу дыр берген койлордун дүбүртүнөн чочуп ойгонуп кетти да, элеңдеп тура алып, үркүп бараткан койлордун алдын тосту. Койлор тынч ала түштү. Кай бирөө оттоп, кай бирөө төрдүн башын карап, элеңдешкен болуп жатышты. Мындай окуя далай жолу болгон. Койлор кээде ийинден чыга калган суурду көрсө деле үркө берчү. Жайкысын мал эттенген сайын кыял күтө берет эмеспи. Кай бирде как эткен каргадан да, кук эткен кузгундан да үркүшөт. Койчу болсо ошондойлордун бири деди окшойт, үрккөн койлорго анчалык назар салган жок. Эгер карышкыр, илбирс, чөө көрсө койлор токтомок эмес. Ээ-жаа бербей, коктунун аягына чейин кире качмак. Бул жолу анткен жок. Кайра тынч алып, өр тарта жайыла баштады. Койчу да эч нерседен кооптонбой, уйкулуу көзүн ушалап, жапыз кырга чыкты да, жантая калып жайылган койлорго көз чаптырды.

Ортодон убакыт өтүп жатты. Бир кезде баягы кой үрккөн төрдүн башына карга, кузгун чогула баштап, жорулар койчуну шектентти. Тарп чыккан жерди жору, кузгун алда кайдан көрөт эмеспи. Койчу ойлоно калды: «Жана койлор ошол тараптан үркүп келбеди беле. Койдун бирөөнү карышкыр же илбирс басып калган окшойт. Болбосо тигилер минтип чогулбайт болчу. Эмнеси болсо да, ошондой басайынчы».

Кыра койчу мындайдын неченин башынан өткөргөн. Ал ылдамдай басып, баягы жерге жете келди да, бир койдун тарпынын үстүнө олтурган далдайган чоң жоруну көрдү. Жакындап келсе — бүркүт. Ал койчудан жазганып, учам деп уча албай, чала-була кош аяктап жеп жаткан жеминин үстүнөн обочого чыга берди. Койчу койдун өлүгүн караса, эки сан куйругу менен карчыганын канаттары (майлуу бүлкүлдөктөр), карын май, бөйрөк май, бөйрөк-сөйрөгү менен жок. Көкүрөк, кол эттерге да бир аз тиш тийген экен. Койдун арка-моюну, ичеги-карыны, баш сөөгү, төрт шыйрагы, үзүк-үзүк териси, тытылган топ-топ жүндөрү гана калыптыр. Койчу болгон окуяга толук түшүндү. Тиги төбөсүндө айланып турган жору, кузгун, каргалар бүркүт калтырчу тарпты аңдып жүргөнүн билди. Койдун башын таягынын учу менен ары-бери сайгылап өзүнчө кобурады: «А, байкус, баягы кызыл ирик экен гой. Жалгыздап ак оттошу эди. Сен осуну көрмөксүң гой. Осы керек саган. Расан болупту!»

Койчу бир топко чейин кызыл ириктин башын тиктеп турду. Анан тиги обочодо олтурган бүркүттү карады. «Ой, бирим ау, куйругу кичине казандай бар эди. Ол аз келгенсип, калган этин түп-түгөлу менен курутупту гой! Ой-бай... Карыныңа баракелде».

Койчу өлгөн ириктин тарпына караган жок. Тиги обочодо олтурган бүркүттөн өч алгысы келди. Ал жакындап келип, бүркүттү таягы менен жон талаштыра сала турган болгондо бүркүт көтөрүлүп уча албай, далбалактап дагы арылап секирип конду. Койчунун шилтеген таягы мүчүп, жетпей калды. Экинчи жолу да, үчүнчү жолу да ошондой болду. Акырында бүркүттүн секирүүгө да дарманы келбеди. Казандын түбүндөй томпойгон жемсөөсү салмактанып, аны өйдө көтөрүлтпөй жерге тартып жатты. «Эмне кылсаң, ошо кыл» деди окшойт. Качырып келаткан койчуга канатынын алдына башын катып, кышылдап туруп берди бүркүт. Койчу бүркүттүн абалын билген соң, ага таяк шилтеген жок. Үстүндөгү чаар чепкенин чечти да, бүркүткө чүмкөй жаап, орой баштады. Кайыш чокоюнун бир жаккы боосун сууруп, эки бутун бириктирип, бүркүттүн билектерин таңды. Эми койчу бүркүттүн тырмактарынан шек санабай калды. Анан чепкенге оролгон бүркүттү колтуктап алып, кой артынан жөнөдү. Ошол кезде тунук асманда каухар табактай тегеренген күн бийик тоолордун учтуу чокуларына чала-була нурун сүртүп коюп, аалам менен күлүп-жайнап коштошуп, эриткен алтындай мөлт-мөлт куюлуп уясына кирип бараткан эле.

*     *     *

Моют баш болгон бир топ киши бүркүт кармаган казактардын айылына келишти. Короо четиндеги сокудай боз чаар таштын үстүндө ачык асманга көз жиберип, анда-санда ачуу шаңшып коюп, локуйган кара бүркүт отурат. Ал бир жумадан бери туткунда. Таштын түбүнө житире кагылган арча казыкта бүркүттүн узун боосунун учу чийе байланган. Ээк алдында келки-келки сулп эттер жатат. Анын бирине да ызалуу бүркүттүн тумшугу тийбептир. Ачуусу келип, эмне кыларын биле албай турганы бүркүттүн кабагынан байкалып турат. Желке чачын үксөңдөтүп, каңшарлуу узун тумшугун ормоңдотуп коёт.

Моюттар бүркүттүн жанына жакын келип, ат тизгинин тартып, бир аз тура калышты. Анан айыл четиндеги четки чоң ак үйгө барып түшүштү. Айылдын иттеринин аттуу адамдарга асылып үргөнүнөн улам баамдаган балдар үйдөн чыга калышты да, Моюттардын аттарын алып, эшик ачып үйгө киргизишти. Учурашкандан кийин казак, кыргыздар жайланып олтуруп калышты.

Моютту казактар тааныйт, казактарды Моют тааныйт. Илгертен бери бир өзөндөн суу ичкен, бир өзөндө аралаш жайлаган ирегелеш бир тууган эл эмеспи. Бат эле тил табышып, бат эле бака-шака сөзгө кирип кетишти. Токтуга (казактар козуну токту дешет) бата суралган. Эт бышып алдыга келгенче далай кесе кыпкызыл кымыз ичилди. Далай сөздөр сүйлөндү.

Аттанар алдында сез кезегин Моют алды:

— Казак агайындар! Бүркүт кармапсыздар, көрдүк. Бүркүттү кемсинтүүгө болбойт. Ойдогудан экен. Өзүңүздөрдө мунун баркына жете турган мүнүшкөр болсо ооз ачпайлык, болбосо бизге кыйгыла?

Казактар бир ооздон дуулдап кетишти:

— Ой бир ау, Моют аке, бүркүт дегениң бир шымшык кой. Бас берип, бас ала турган адамсыз кыз берип, кыз ал турган деген сөз мүнүшкеримиз болсо да, болмосо да алыңыз. Бир шымшык сиздин кадиризден айлансын.

Моют казактардын жылуу сөзүнө ыраазы боло түштү.

— Андай болсо казак агаиндер, бул асылды кур алакан алып кетишибиз болбостур. Туур жабарына бир ат берейин, бүркүт кыраан чыгып калса ирегелеш элбиз колкосун бөтөн алгыла?

Эки тарап тең макул болушуп, дуулдашты: «Туура-туура, солай болсун, солай болсун».

Моют ошол күнү бүркүттү кондуруп кетип, эртесинде казактарга бир ат жетелетип жиберди.

*   *   *

Бүркүт кыраан чыкты. Көзүнө көрүнгөнүн куткарган жок. Карышкырды түлкүдөй алчу болду.

Моют бүркүтүн кондуруп чыкканда бир айылдын эр-бүлөсү тайлуудан туяк калбай бүт ээрчийт. Баары кур кайтпайт, жүктүү келет. Төр-төрлөрдө зоого жакын жайылып жаткан эчки, текени аяк өйдө үркүтүшөт Моюттун жолдоштору. Аркар, кулжа, эчки, текенин жан сактаган жайы бийик тоо, көк жалама касаба аскалар эмеспи. Алар үркүп барып, ошолордун бетине таш менен таш болуп, жабышып турганда Моюттун бүркүтү бирден жонунан тартып заңгелдин башынан төмөн карай кулатат. Кузгун учуп жеткис тип-тик бийиктен шуулдап келин түшкөн аркар, кулжа, эчки, текеде эмне жан калсын. Дүп этип түшкөн жеринде нан болот да калат. Ээрчип баргандардын бирөө да кур калбай, олжого тунушат. Минип барган унааларына сылай артып келишет. Төө комдоп барса төөнүн жүгү, өгүз токуп барса өгүздүн жүгү толот. Көп узабай Моюттун бүркүтү «Төө комдот» атка конду.

«Төө комдот» Моюттун колуна «бозумунда» келген; «Бозум» деп ошол жылы уядан жаңы учуп чыккан бүркүттү айтат. Бир жаш. «Төө комдотту» Моют кырк жылы салды. Кырк жылдын ичинде Моютка ырыскы чамгарагынан куюлду. Айыл-апа, ага-тууган, ага-иниси менен байыды. Бала-бакыралуу, уул-келиндүү болду. Ошонун баары «Төө комдоттун» табылгасы менен бүтүп жатты. Моют «Төө комдотту» алып чыкканда, канжыгасы кур кайткан бир да күн болгон жок. Акжолтой, кирешелүү бүркүт аталып кетти.

Акыры «Төө комдот» картайып, кыштын күнү туурдан түшүрүп койсо, бала-бакырадан коломто талашып, далдайган төшү менен жөөлөп келип, көңдүн чогуна боорун кактап калды.

Моюттун айылы Каркыра жайлоосуна көчүп чыгышты, Ошол жылы жайында «Төө комдотко» эркиндик берип, Моют аны агыта турган болду. Агыткан менен «Төө комдоттун» учуп кетчү чамасы жок эле. Канат-куйругу кыскарган. Чалгындары кирпинин найзаларындай болуп шалдырап калган. Жүндөрү түпкү тыбытынан ажырап, кырчаңгыдай такырая баштаган.

Тырмактары түгөнүп, кадимки кишинин колундай мултуйган. Анан кантип коё берген күндө жан сактамакчы шоруң каткан «Төө комдот». Учайын десе канат жок, мыкчыйын десе тырмак жок.

Моют жайкы конушуна барганда «Төө комдотко» өзүнчө чатыр жасап, чатырды дөмбүл баштуу сазга тикти. Чатырдын ичинде ары-бери кенен жөргөлөп тургандай болсун деп, узун боо тагып, аркандаган аттай кылып койду. «Төө комдот» күн ачыкта балбактап басып келип, чатырдын оозунан чыга калат да, кеч киргенче күнгө какталып олтура берет. Кеч курун суук болгондо кайра чатырга кире качат. Күн бүркөктө, жаан-чачындарда эшикке басып чыкпайт.

Чатырдын ичинде олтура берет. Моют он беш күндө бирден семиз тай союп, анын казы, карта, майлуу ич эттеринен «Төө комдоттун» алдына таштап турду. Бүркүт бат эле семире баштады.

Көп узабай куурайдай кургап, шалдыраган канат-куйругу жулуп таштагандай күбүлүп түштү. Андан он-он беш күн өткөндөн кийин «Төө комдот» майда жүндөн тыбытына чейин ажырады. Жумурткадан жаңы чыккан балапандай кызыл эт болду да калды. Ошол замат Моют «Төө комдотко» боюнча ченеп чыптама тиктирип, кийгизип койду. Тамакты мурдагыдан да күчтөп, мурдагыдан да көбүрөк берчү болду. Семирген сайын «Төө комдотко» каруу, күч кирип, күндөн-күнгө жемин ашыра жеп, учтанып чыга баштады. Бүркүт семиргенден кийин үшүбөсүн билип, Моют анын чыптамасын сыйрып алды. Кундөн-күнгө бүркүттүн канат-куйругу учтанып, жүндөрү коюу тартып кетти. Ан сайын Моют «Төө комдоттун» жемин күчтөп, тайдын чүйгүн жаш эттеринен үстөкө-босток шыкай берди. «Төө комдот» казы, картаны алкылдата сугунуп, жемсөөсү жарылчудай болуп жатты.

Эл жайлоодон кайра тартчу мезгил кирип келди. Ошого чейин «Төө комдоттун» жүндөрү текши чыгып, түпкү тыбыттары жетилип, канат-куйруктун чалгындары кадимки жаш кезиндегидей текшиленди, Моют жайды жайлата бүркүттүн чатырын он күндө бир которуп, улам дөмбүл баш саздарга көчүрүп турчу. Саздын ошол дөмбүл башын бүркүт туурдай көрүп олтурчу. Көрсө, Моют канаттуунун тырмактары нымдуу жерде бат өсөрүн билчү тура. «Төө комдоттун» эки бутунун тырмактары да илбирстикиндей болуп учтанып, канжардай курчуду.

Эмнени аткыса да, жара тартчудай абалга келди. Ошондон кийин «Төө комдотко» бир жума наар сыздырган жок. Бир күнү «Төө комдотту» күүгүм талаш кондуруп алып, айылдан алыскы дөбөгө алпарды да, алдына жем таштап, боосун чечип алып жүрө берди. Бир жума жем жебей ачка болгон бүркүт тойгондон кийин караңгыда учуп келе албай, ошол дөбөдө түнөп калды. Ошондон тартып Моют «Төө комдотко» он күн такай дөбөгө жем таштап коюп жүрдү. Бүркүт аз күн болсо да талаадан жем жегенге көнүп калды. Андан кийин Моют жем алпарганын токтотуп, «Төө комдотко» караган жок. Бүркүт анда-санда айылдын үстүнөн учуп, «тамак-ашым түгөндү. Моют кантесиң?» дегендей көрүнө калып, кайра кетип калчу болду. Моют: «Аа... «Төө комдот» учуп калыптыр, эми мындан ары жемди өзү таап жейт» деп койду. Андан кийин бир жумага жетпей Моюттун айылы баштаган жайлоодогу эл көл тарабындагы кыштоолоруна жапырт көчүп кетишти.

Каркыраны «Төө комдот» жалгыз ээлеп калгандай болду.

*     *     *

Ал-бул дегенче арадан эки-үч жыл өтүп кетти. Моюттун айылы Каркырадагы журтуна эчак конуп жайланышкан. Күндөрдүн биринде Моют баштаган жоон топ эл айыл четиндеги дөбөчөдө кызыл чаначтан кымыз ичишип, өткөн-кеткендерден кеп таштап коюп, айлана-чөйрөгө көз чаптырып олтурушкан. Аңгыча асмандан айланган үч бүркүт көрүндү. Моют көпкө чейин тиктеп туруп: «Тээтиги үчөөнүн ортосундагы менин «Төө комдотум» экен» деп койду.

Отургандар бири-бирин тиктешип, күбүр-шыбыр боло калышты:

— Моют акем картайып калган экен.

— Алжып бараткан тура, жарыктык.

— Учуп жүргөн бүркүттү кантип тааныйт.

Ошол жердегилердин шек санап турганын байкаган Моют: «Ээ балдар аай. «Төө комдот» менин колумда кырк жыл болбодубу. Ошол кырк жылдын ичинде «Төө комдоттун» кандай айланары, канаттарын кандай сермеп учаары, асманда жүргөндө кандай сызаары мага жат болгон эмеспи. Ошону кантип билбейин» деп койду. Көпчүлүк бул сөзгө да толук ишенишпеди.

Анан Моют айтты:

— Эми силер ишенбей турасыңар, балдар. Тетиги үйдүн кырчоосунда байлануу турган ээр токумдуу атты алып келгиле. Бир жаман ичмекти тоголоктоп ороп, чыргаа жасагыла. Аны узун танап жипке байлап бергиле. Мен «Төө комдотту» чакырайын. Ошол үч бүркүттүн бирөө чыргааны көздөй сала берип, үч жолу жакындап, үч жолу кайтып кетсе ошол менин «Төө комдотум» болсунбу?

— Болсун, болсун,— эл дуулдап чуу көтөрүп жиберишти. Үч бүркүт дагы эле асманда, бир ордунда айланып жүрүшөт.

Моют атка минип, оролгон ичмекти сүйрөткөн бойдон ач кыйкырыгын чаңыра чыгарып, капталды салып жөнөдү. Аңгыча болбой ошол үч бүркүттөн ортоңку чоңураагы бөлүнүп, күркүрөгөн бойдон чыргааны көздөй тип-тик качырып сала берди. Моют кыйкырган сайын чыргаага үч жолу жакындап келип, үч жолу кайра атып чыгып кетти. Акыркысында өтө жакын келди да, анан эки канатын далбактатып учуп, ошо бойдон кайрылган жок. Дөңдө олтургандар бири-бирин жалдырап карашып, өзүлөрүнчө күбүрөштү: «Бул кишиги айла жок экен го».

Моют аттан түшүп, кайра өз ордуна олтуруп жатып:

— «Төө комдот» быйыл Текеске барып тууган тура. Уясынан эки балапан учуруп чыгыптыр.

Аларды Кеминдин «Көк-Ойрок» жайлоосуна ээрчитип бараткан экен. «Көк-Ойрокто» эликтер көп болот. Ушул азыр да эликтин чаарчыктары чоңоюп калган мезгили. Эки балапанын чаарчыкка машыктырып, тоютун кандырат. Ошентип жүрүп балапандары эчки, теке, аркар, кулжа алганга үйрөнөт. «Төө комдот» менин үнүмдү тааныды. Кантип тааныбайт, ал мени менен кырк жыл чогуу жүрсө. Анын канат сермеп учканын, сызганын мен кандай билсем, «Төө комдот» да менин кыйкырык-сүрөөнүмдү ошондой билет. Жедеп кулагына жат болгон эмеспи. Акыркы жолу мурункуларына караганда чыргаага жакындап, анан далбактан учуп кеткени — мени менен коштошуп, «мээлей какты» кылып, кол булгаганы: «Кош бол Моют, мени келет деп үмүт кылба» дегени.

Олтургандар: «Баракелде, Моют ава! Баракелде! Өнөрүңүз өнөр экен» дешип бака-шака түшүп калышты.

** *

Арадан дагы эки жыл өттү. «Казак туугандар быйыл да бир чоң бүркүт кармашыптыр» деген кабар Каркыра жайлоосундагы Моюттун айылына шак дей түштү. Жоон топ жолдош ээрчитип, Моют казактардын айылына келди. Айылдан обочороок байлануу турган туткундагы бүркүттү көрүп, «Төө комдот» экенин аттан түшпөй туруп тааныды. Моют тегеректеп, чогула калган казактарга: «Казак агайындар, бул менин «Төө комдотум» экен, коё бергиле? Картайып бүткөн, силерге убай бербейт» деди. Казактар Моютту кууланып жаткандай көрүштү. Калп эле менин «Төө комдотум» деп алдап алат дешти окшойт.

— М... ау Моют аке! Сиздин «Түйө комдот» экенин калай билемиз, — дешти.

— Ишенбесеңиздер алкым жүндөрүнүн арасын ачып көргүлө, жутканда жеми кысылбай, кенен өткөндөй болсун деп бир талы сары, бир талы көк, бир талы кызыл жибекти чыйратып-эшип шакекче (каргы) кылып мойнуна тагып койгом, караңыздар, — деди Моют.

Казактар караса, дал ошондой болуп чыкты. Анан Моют «Төө комдотту» агыттырып жиберди. «Төө комдот» «Рахмат Моют курдаш, сага» дегенчелик кылып, Моютту карап шаңшып-шаңшып туруп, көктү карай учуп кете берди.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз