Сардарбек Рыскулов: Жамангул мүнүшкөр

  • 01.09.2020
  • 3530

АҢГЕМЕ

Эртең менен эрте Токмоктон чыккан эки атчан күүгүм талаш Ысык-Ата бекетине араң келишти. Бекеттин Чүй суусу жак жээгинде калың айыл бар. Ал айыл — Жамангул мүнүшкөрдүн айылы. Тиги эки атчандын көздөп келе жатканы да ошол мүнүшкөрдүкү.

Эки жолоочунун биринин аты Кадыркул, экинчисиники Курманкул. Аттары уйкаш болгону менен, экөөнүн кесиби эки башка. Кадыркул мүнүшкөр, Курманкул кыякчы — кыл кыяк тартат.

Булар жээктеги айылга эрте бешимде эле келишмек. Эмне, ушу турган Токмок менен Ысык-Ата бекетинин аралыгы ат арыттар жол бекен? Күн чыга бастырса түштө, түштө бастырса бешимде (ортосунда агыны катуу суу, ашуусу бийик тоо болбогондон кийин) кирип келет эмеспи. Бирок алардын күүгүмгө чейин калчу себеби бар болучу. Курманкулдун белинде кыстарган кыягы болсо, Кадыркулдун колунда кондурган кушу бар эле. Токтой калып, ат чалдырган жерде Курманкул кыяк тартат эрмек үчүн. Бастырган жолдо алдынан «барп» этип илбээсин учса, Кадыркул кушун салат. Ал экөө жолду карай ошентип олтуруп кечигишти. Жолдун аркы өйүз, берки өйүзүндө күрүчтүн балына (аңызына) жайылып оттогон өрдөк, кыргоолдор таранчыдай чокмороктошуп, биринин үстүнө бири конот. Шатыр-шатыр этип, дүрүлдөп учканда, күндүн бетин булуттай калкалайт. Жерди караңгылатып, көлөкө түшүрүп жиберишет.

Шилтеген сайын кара куш бирди илип түшөт: же өрдөк, же кыргоол. Өрдөк, кыргоолдор куштан анчалык чочушпайт. Көптүгүнөн байкабай калышабы же күрүчтүн аңызында калган дандын таттылыгы ошончолукпу, баары баёо, баары жоош. Кайра эле көтөрүлө түшүп, кайра эле күрүчтүн балына жабалакташат. Кадыркул менен Курманкул акыры кеч кирип бараткандыктан, кушту нык тойгузуп коюшту. Эми алар мындан ары шар бастырышат.

Эки жолоочу жээктей конгон топ-топ айылдын улам биринен экинчисине токтоп, издеген үйүн иликтеп келатышат, ошентип Жаманкулдукун каш карайып, көз байланганда табышты. Үрүп чыккан иттин, түрс-түрс эткен аттардын туяктарынын добушунан улам, үйдөгү бала-бакыралардан бир-экөө сыртка жүгүрүп чыгышты. Жолоочулар ат үстүнөн шак түшө калышпады. Бир азга тизгин жыйып турушуп, анан үйдөн чыккандарга суроолуу карашты.

— Жамангулдуку ушубу?

— Ушу.

— Үйдөбү өзү?

— Үйдө.

— Анда, түштүк.

Балдар меймандардын аттарын алышты. Камыш менен чатырланган ысык үйдүн түштүк жаккы дубалына жабыштыра тигилген тутуулары аппак боз үй да турат. Коноктор же боз үйгө, же ысык үйгө кирерин биле алышпай, бир азга буйдала калганда, тиги ат байлаштырган балдардын бирөө «быякка кириңиздер» деп ысык үйдүн эшигин ачты. Үйдүн чырагы жаңыдан бүлбүл күйүп, жарыгы булуң-бурчтарына толук тарай элекпи, кирип келгендерге үйдүн ичи саал күңүртүрөк көрүндү. Темир мештеги жыгач отундар чарт-чурт эте, жаңыдан кызып күйө баштаптыр. Удаа-удаа салам айтып кирип келген тиги эки жолоочунун жүздөрү бөлмөнүн ичинде олтургандарга күүгүмдөп начар көрүндү. Анан алар берилеп, чырактын жанына жакындаганда жүздөрү даана таанылды. Мештин оң капшытында кырынан жаткан Жамангул колунда кушу бар Кадыркулду көргөндө ордунан ыргып туруп, кучакташып көрүштү. Жамангул менен Кадыркул бир тууган бажа. Баятан бери от менен алек болуп жаткан Алмакан Кадыркул жездеси келгенде, таманы жерге тийбей үй ичин иретке келтирип, жүктө жыйылуу турган көлдөлөңдөрдү каттай-каттай төргө жая салды. Жамангул Кадыркулдун колунан кушту шып ала койду да, мешке жакын кондуруп койду. Эки жак тең эл-журт, бала-бакыранын эсенчилигин сурашып, жайланышып калышты. Узакка созулган бажы-бужудан кийин чай ичилди, дасторкон жыйылды. Анан Курманкул кыякчы асылган тамак алдыга келгенче улам бир күүнү которуп тартып, олтургандарга эрмек болуп берди.

Жамангул Кадыркулдун кара кушун колуна кондуруп, тамак бышканча сылап-сыйпап олтурду. Жана үйгө киргенде калтырап-титиреп турган куштун жемсөөсү эми араң бөксөрүп, мойну-башын ары-бери чулгуп, колго токтобой тегерене берди. Жамангул ансайын куштун ээгинен ылдый салаалап, сүйлөшүп жаткандай бетме-бет тиктеше калып, анын көз карашын байкайт. Жемсөөдөгү эттин улам ылдыйлап сиңип, бөксөрүп баратканын көрөт. Куш ансайын жылмыңдап, жеңилденип баратат. Аны байкаган мүнүшкөр ичинен сүйлөйт. «А байкуш, эми араң жаныңа кирдиң ээ?»

Төрдө олтурган Кадыркул менен Курманкул бири-бирин алдыртан тиктешип жатты. Ички ойлорун ооз ачып сыртка чыгара алышпай, буулугуп олтурушту. Экөөнүн тең курсагында жашырынган бир гана ой бар: «Жамангулдун кушту келер менен колуна алганы — жактырганы, кызыкканы. Эртең ат салсаңар да муну мага бергиле деп асылат».

Жуп дасторкон жайыларда Жамангул кушту эшикке алып чыгып кетти. Кайра кирип, катарга олтуруп жатып муну айтты: «Кушуңарды туурга кондуруп келдим. Боз үйдө жалгызсырабайт, аны менен эрмектеше тургандар бар, кам санабагыла».

Өткөн күздө Жамангул Кочкорго барган. Кадыркул бажасы анын эңсеп жүргөн кишиси Кудайбергенге жолуктурган. Бир жума ичинде Кудайбергендин ителги, куш, чүйлү салганын маашырлана көрүп, алгыр канаттуулар жөнүндө сүйлөп бергенин кызыгуу менен уккан. Анан: «Кандай канаттуу болсо да жумурткасынан кошо жарылып чыккандай билет экен, бул кишиге айла жок» деп баа берген. Быйыл күздө биздикине кел, менде ителги да, куш да, чүйлү да, бүркүт да бар деп бажасын чакырып кеткен. Кадыркул бир аз кечигип, күз өтүп, кыш башталганда келип олтурат. А тиги Курманкул Кадыркулдун курбусу. Алыска жолоочу жүргөндө экөө ажырашпайт, бири куш салса, бири кыяк тартып...

Эртең мененки чайдан кийин конокторун ээрчитип, Жамангул куш салганы чыкты. Баса, дагы бир сөз калыптыр... Аттанарда Кадыркул менен Курманкул боз үйгө кирип чыгышкан.

Анда туур баш сайын (чанда бирөө кур болбосо) бирден ителги бирден куш, бирден чүйлү, бирден бүркүт, кыргый, турумтайга чейин конуп олтурганын көрүшкөн. Бири талпынса, бирине жетпейт. Буларды кыдырата карап жүрүп, Кадыркул менен Курманкул куш базарын аралагандай моокуму канып, таң калышкан.

Жамангул куш салаарында Көк кашка жоргосун минчү. Бул жолу да ошону токутту. Анан боз үйдөн быйыл күздө жаңы кармалган кызыл куш кондуруп чыкты. Өзүнүн айтымына караганда буга чейин бул кушту көп салыптыр. Бирок кызыл куш тапка келип салынган куштай эмес. Кечээ жаңы эле кармалып, бүгүн биринчи жолу алып чыккандай чыркырайт. Жапан куштан айырмасы жок. Семиз. Төшүнө кол батпайт. Талпынып, кайра олтура калганда эки канатын шалак таштап, солуктап-солуктап калат. Курманкул менен Кадыркул куш жулунган сайын бири-бирин карап, ичинен күбүрөшөт: «Бул куш бүгүн качпаса, анда деле куш качпайт. Семиздиги тигил, азоолугу ал. Тапка келип, салынып жүргөн куш кантип ушундай болсун. Тап эмес, үндөккө да толук келген куш эмес».

Булар айылдан обочолоп, бир топ жерге чейин келгенде бет алдында жайылып жаткан көк моюн таандарды көрүштү. Кадыркул менен Курманкул «Кушуң таан алабы?» деп сурап калышты Жамангулдан.

— Алчу эле.

— Алса тиги таандарды көрсөтүп көрүңүзчү?

— Көрсөтөйүн.

Жамангул дүрбөп учуп калган көк моюн таандарды аралата кушун шилтеп калды. Куш тике качырып, бир таанды жаза серпип, ал тырмагына толук илинбей калгандан кийин башкаларына тийбей, асманга атып чыгып кетти. Асманда бүлбүлдөп араң көрүнөт. Кадыркул менен Курманкул мыйыгынан жылмайышып, ичтеринде табасы канып турат. «Эр болсоң кушуңду таап ал?.. Кудайды бир карасачы?! Кушту кантип ушундай салсын. Жарылып кетчүдөй семиртип... Этин бир аз баспайбы, жапан куштай чарылдатпай. Мунун мүнүшкөрүнө не бересиң? «Боёкчу, боёкчу десе, атасынын сакалын бойойт дегендей».

Жамангул тиги экөөнөн бөлүнүп, көк кашка жоргосун безилдете салдырган боюнча обочо турган түктүү көк дөбөнүн үстүнө чыга калып, колун өйдө көтөрдү. «По» дээри менен асманда карааны алыстап үзүлүп бараткан куш торгойдой типтик сайылып келип, Жамангулдун колуна конду. Курманкул менен Кадыркул бири-бирин тиктеген боюнча делдейип калышты. Жамангул үндөөчтөн бирдеме чокуттубу, чокуткан жокпу, көк кашка жоргосун зырылдаткан боюнча кушун калдаңдата кондуруп, булардын жанына жетип келди. Куш баягыдан беш-бетер акактаган.

Атып чыгып, көккө барып келгенге ого бетер күйүгүп калган экен, эки канатын шалак түшүрүп, солуп кирди, семиз арам. Анан үчөө арылап бастырышты. Буга чейин Кадыркул менен Курманкулдун кара кушу салынган жок. Кара куш көрүнгөн илбесинге жулунуп, буларды кыйнабайт. Тек гана айланага көз жүгүртүп, анда-санда Жамангулдун чаркыраган азоо кушунан кооптонгондой ал талпынган сайын корккондугун билгизип, жүнүн үрпөйтөт да, былкылдабай колдо нык олтурат. Кокус ал түптүз качырып сала берсе, чырылдаган бойдон аттардын төрт аягына топ этип түшө качканы турат.

Дагы бир топ жерге чейин келгенде тиги Жамангулдун кызыл кушу канат-куйруктарын жыйып, кышылдап акактабай эс алып калды. Буга чейин күн кере шашке болуп калган. Ошо күнү күн кышкы күндөй болбой, күзгү күндөй ысыды. Кадыркул менен Курманкул эптеп эле кызыл куштун качканын тилеп келатышат. «Эми бир жанагыдай болсо ээ. Күн да катуу ысыды. Кызыл куштун эти эртең мененкиден да чыңала көптү. Кокус дагы бир асманга көтөрүлсө, үндөк эмес артынан тирүү жаныбар ала чуркаса да, кылчайбастан жоголор эле».

Куш качып кетсе Жамангулду шылдыңдагысы бар бул экөөнүн: «Кушту кантип ушундай салсын. Мүнүшкөр эмес турбайсыңбы? Биздин элде сендейлерди мүнүшкөр дебейт. Кушуң жапан кезинен артык семиз тура. Анын үстүнө колуңа да үйүр алып, жоошуй элек экен. Анан кантип колго токтосун. Мына эми эр болсоң кушуңду таап ал» деген сөзгө кудай буларды эртерээк жеткирбей жатпайбы?!

Мампаңдап басканына караганда алыстан жапан каздай көрүнгөн бир караанга жакындап келишсе, ала карга болуп чыкты. Аны көргөндө Кадыркул менен Курманкул: «Кушуң ала карга алабы?» дешти.

— Алчу эле, — деди Жамангул.

— Алса, салып көрчү тигиге?

— Салса, салайын, — Жамангул чукул тооруп барып, кызыл кушту ала каргага шилтеди.

Кадыркул менен Курманкул «Болсо ушундан бир айла болор» деп ичтеринде тилеп турушту.

Куш баягысындай катуу качырып барып, ала каргага жабыша түштү. Мерчемдүү жерге тырмак батыра албай калганбы, карга бакырып жибергенде аны колунан чыгарып ийди. Куш дагы асманга атып чыкты. Бул жолу мурункусунан алда канча бийик көкөлөп, карааны таптакыр үзүлдү. Кадыркул менен Курманкулдун кыбасы кана түштү: «Ай эми «колдогону» болсо да, кызыл куштан ажырады го».

Жамангул бул экөөнөн дагы бөлүндү. Көк кашка жоргону сыздырган бойдон теңирден тескери алыс кетти. Далай жерге баргандан кийин жоргонун тизгинин жыйып, кемерче жардын кырына чыга калды да, колун созду. «По» деп үн чыгарганда, көк асмандын койнуна эчак житип кеткен кызыл куш жогорку бийиктен төмөн ыргытылган таштай зуулдаган боюнча келип, Жамангулдун колуна конду. Кадыркул менен Курманкулдун көзүнө Жамангул асмандан түшүп келаткан топту тосуп алгандай көрүндү. Сыягы канчалык алыс жүрсө да, эки көзү Жамангулда болсо керек кызыл куштун. Кадыркул менен Курманкул мурункудан да бул жолу төрт эли бөксөрө түшкөндөй болушту. Баштары ат жалына салаңдап, Жамангулду бет алып, өйдө карай албай калышты.

Жамангул келгенче экөө аргасыздан каталыктарын моюндарына алышып, кобураша кетишти. «Ай, буга айла жок экен го! Мүнүшкөр болбосоң коё кал! Буга бир тең келсе биздин Кудайберген тең келер, болбосо...»

Жамангул кушуна ат үстүнөн бирдеме чокуткан болуп, булардын жанына жай бастырып келди: «Күн да ысып кетти, бул кушту колго тийгенден бери жалгыз салып жүрчүмүн. Ошого көнө калса керек, силерден чочугансып, жапан куштай чыркырап туруп алды. Алыс барып үндөгөнүмдүн себеби да ошол. Үчөөбүз бир турсак, кайра кайрылып келбечүдөй. Мен муну кечки сыдырымда салайын. Ага чейин күйүккөн деми басылып, эти муздай түшсүн. Өзөгү коолдоп ачылсын. Учуп-конгон илбесиндерди көрүп, ышкысы күчөсүн. Түш ооганча силердин кушту салалы. Буга кандай дейсиздер?»

Кадыркул менен Курманкул жүйөлүү сөзгө аный дешмекпи. Ансыз да Жамангул эмне десе ошого макул болбоско аргасы жок болчу.

Күрүчтүн балындагы өрдөк, кыргоолдор кечекиден да көп. Учурсаң таранчыдай дүр дей түшөт да, өйдө көтөрүлө түшүп, көп алыстабай, кайра экинчи орунга которулуп коно беришет. Талашып дан тергенге кызыгып калган немелер куш эмес, бүркүт келсе да сезе турган эмес.

Кара куш түш кыйкайганча өрдөк, кыргоолу болуп жетини араң алды. Акыркы алган сегизинчиси өрдөк болчу. Кадыркул өрдөктү куштан ажыратканы жатканда обочороок жерде турган Жамангул чаап жете келип, сол колун жайкап жиберди: «Коё тургулачы ажыратпай».

Тигилер токтоп калышты. Анан ал ат үстүндө туруп, тиги экөөнө «Байкасаңыздар, кушуңар өрдөктү кармап турабы же алаканы менен басып, өрдөктүн үстүндө бош конуп олтурабы?» деди.

Кадыркул менен Курманкул дааналап көз кырын салса, Жамангул айткандай кара куш чын эле өрдөктүн үстүндө туурда олтургандай бош олтуруптур. Тырмак батырып, мыкчыбайт. Өрдөк байкуш коркок болот эмеспи. Куштун таман алдында былкылдабастан «өлгөн экемин» деп мойнун укуруктай созуп, эки көзүн жалдыратып жата берген тура. Кичине козголуп койсо, куштун колунан чыгып кетмек экен байкуш өрдөк. Баятан бери өрдөк, кыргоолдорду каруусуз куштун кандай алып жаткандыгын, акырында ал күчтөн ажырап, колу карыша түшкөнүн тиги ашынган мүнүшкөр түгөнгүрүң сыртынан байкап турган тура. Ал мындайдын далайын башынан өткөргөн кыраан да. «Болду токтоткула, ошол өрдөктүн этине чала тойгузуп, сылама жемсөө кылып койсоңор болот. Көп тойсо кышкы суукта сиңире албайт. Арык куш жем чачып, өлүп калат. Эми кечке мен кушумду салайын» деп койду Жамангул.

Жамангулдуку туура да, алар эми салган менен да кара куштун таранчы токтотоор алы калган эмес.

Жамангул кызыл күүгүмгө чейин салды кызыл кушту. Мууздоосунан чала-була чокутуп коёт да, кайра көк кашка жоргого шак минет. Куш кызыган сайын, улам күчөп жатты. Караңгы түшпөсө тажай турган эмес кызыл куш. Эң акырында бир балапан бостек алды эле, ошонун этине кушун нык тойгузуп койду. Кушка жем берип жатканда Кадыркул менен Курманкул ат үстүнөн Жамангулду карап турушту. Бостектин жүрөгүн, бөтөгөсүн, эки бөйрөгүн кушуна жедирген жок. Аларды ыргытып таштады. Акырында бостектин өр жүнүн тери-мериси менен үзүп алып, ич канга ары-бери буйдалай салды да, кушка эт катарында сугунтуп жиберди. Бул таң кала турган иш эмес. Муну мүнүшкөрдүн баары эле билет. Анын маңызын куштун жемсөөсү шимип таштагандан кийин кадимки суусу сыгылган жүндөй кургап түшөт. Эртеси күнү алгыр канаттуулар аны кулгуп таштайт. Ал жемсөөдөгү акыр-чикирлерди, кыл-кыбырларды өзү менен кошо жабыштыра чыгат да, куштун ичин ачып, өзөгүн коолдотуп таштайт. Муну мүнүшкөрлөр «коё» деп коюшат.

Коёсун таштабаган алгырлар эч нерсеге көңүлү келбейт. Майга тоюп, кылгырган адамдай жүрөгүн тиреп, дүпүйүп туруп алат. Салып жүргөн алгыры коёсун таштабаса, мүнүшкөрлөр аларды талаага кондуруп чыгышпайт.

Булар күүгүмдө, эл тегиз орунга олтуруп, көз байланганда үйгө келишти. Бул түнкү олтурушта Жамангулдун эки коногу ооз ачып сүйлөшкөн жок. Тек гана анын сөзүнө кулак төшөп, жалдырап карап олтуруп беришти. Баса, эмнени сүйлөшөт ал экөө?.. Сүйлөр жери калдыбы? Жамангулдун бүгүнкү жоругу алардын тилин байлап салбадыбы.

— Силердин кушуңар мен болбосом түндө өлүп калат болучу,— деди Жамангул.

—Арык кушту да кыштын күнү ошондой тойгузасыңарбы? Мештин жанына тамагы сиңгенче кармап олтурбай, кокус ошол бойдон боз үйгө алып барчу болсом, жемин чачып, майып болуп калмак. Арык куш ашыра жем жеп койсо, түнкү суукта каруусу жок неме сиңире албайт. Кайра оозунан кулгуп, туурдун тегерегине этин кусуп таштайт. «Куш жем чачып калыптыр» деген сөз ошондон калган. Малдыр, жандыр, мейли канаттуу болсун, тамакты карылуусу бат сиңирет. Жем чачкан куштун чанда бирөө аман калбаса, оңой менен тирүү калбайт. Мүнүшкөрү гана чай суутуп берип, эки-үч күн ачка байлап, анан аман алып калат. Антпесе, өлөт. Жем чачкан куш тилин салып, акактап калат. Анткени ичи ысыйт. Суусаак болот. Ошондо кайнаткан чайдан тундуруп, саал жылымыгыраак кылып, таза идишке куюп, жанына коюп коюш керек. Куш анын жылуу экенине карабай улам-улам ууртап-тата берет. Ошондо жемсөөдөгү сасык жыт чыгат. Куш бир айыкса, ошондо айыгат. Бир жумага чейин салбай, жаңы эттен ач өзөк кылып, бир маал чокутуп коюш керек. Тойгузуп койсо болбойт. Анда өлтүрүп аласың. Мен кушту кышкысын семиз алып жүрөм. Куш эттүү болсо суукка байымдуу болот. Арык куштай күчүн жоготпойт. Душманы менен кармашканда колу карышпайт. Кушту күнүгө салсаң, анын да ышкысы жанып, сонуну тарайт. Жадап калат. Эки-үч күн үйгө таштап коюп, эргитип, анан салыш керек. Ошондо куш бүгүнкүдөй канча болсо да чарчабай ала берет. Ага чейин башка кыраандарың болсо эрмегиңди кыла бер. Ургундай кушту ундөкчүл кылбасаң жоготосуң. Алыстап кеткен адамды кыйкырсаң кайрылбай кеткендей, анан асманга чыгып көкөлөгөн канаттуу сага бурулабы? Менин кушумдун үндөккө капкайдан келип жатканынын өзүнчө сыры бар. Бардык канаттуулардын этинен бөдөнөнүкү таттуу болот. Куш алыстаганда «баягысынан берер бекен» деп менден эки көзүн албайт. Дайым үндөгөн сайын бөдөнөнүн эти менен үндөп чакырам. Колума конор менен бир-эки чокутуп таткандырып коём. Ошон үчүн ал алдагайдан келип жатпайбы.

Аңгыча тигилер суроо берип калышты:

— Сиз эмне үчүн жанагы жерде кушуңузга бостектин бөйрөктөрүн, жүрөгүн, бөтөгөсүн берген жоксуз?

— Анын себеби бар, — Жамангул сөзүнүн аягын дагы улады, — таптагы кушка илбесиндин бөйрөк, жүрөк, бөтөгөсүн бербеш керек. Куштун жемсөөсүндө дүпүйүп туруп алат. Аларды туурда олтурган кушка бериш керек. Салынып турган кушка өпкө, боор, илбесиндин кол эттери жакшы. Булар куштун тула боюна бат таркап, бат сиңет.

Кадыркул менен Курманкул баш ийкегенден башка жооп кайрышка чамалары келбеди. Ал түгүл кушун качыралы деген күндүзгү биздин оюбузду да билип калды го дегендей кооптонуп олтурушту. Бул түнү жатаар-жатканча куш, мүнүшкөрдөн башка сөз сүйлөнгөн жок.

Эртеси эртең менен тиги эки коногуна:

— Кана, меймандар, бүгүн кандай тамаша баштайлы, — деди Жамангул. Курманкул менен Кадыркул Жамангулдун өз ыктыярына коюшту. — Андай болсо, — деп сөзүн улады Жамангул, — бүгүн, эртең куштар эс алсын. Алар да кечээ улам бир киши менен көрүшкөндөй болуп чарчашты. Эгер сиздерге эп келсе, менде кош ооз мылтык бар. Өрдөк, кыргоол Чүй суусунун аркы өйүз-берки өйүзүндө быкбырдай кайнайт. Аны кечээ өзүңүздөр да көрүп келдиңиздер. Бүгүн ошолорго аңчылык кылсак кантет.

Эки коногу эт-бетинен кетишти.

— Жарайт-жарайт, ошентели-ошентели.

Аттар токулуп даяр болду. Бул күнү Жамангул кечени учкаяк көк кашка жоргосун минген жок. Ат которуптур. Анын ордуна күрөң жорго минип чыкты. Күрөң жорго — кой жорго экен. Үстү тынч, оозу элпек. Божуп кетсе, соорусуна суу куйса төгүлгүс. Ылдамдыгын айтпа, учкан куштай. Буттун башын кыбыратпайт. Жамангулдун кийген кийими да бүгүн башка. Жаргактан жасалган күрмө шым. Курунун айланасын тегерете, эки ийнин каршы-терши курчаган чапталуу дүрмөттөр. Булар бастырып чыгары менен эки ууртун эки жакка салаңдаткан чолок куйрук, саксак жүндүү сары машке ээрчип алды. Жолдо баратканда артка бир, алдыга бир өтөт. Чайпалган жоргосу бар экен. Токтой калган жерде тилин салаңдатып сунуп жиберип, сөөмдөй болгон тукул чолок куйругун сөөмөйдөй ары-бери былкылдатып, эмне тапшырсаң ошонун баарын аткарам дегендей белин он-солго бураңдатып, эки көзүн Жамангулдан албай, жалпак тилинин учунан шилекейин тамчылатып, жалдырап тура калат. Ал көк кашка жоргону минип, колуна куш кондуруп чыкканда Жамангулду ээрчибей үйдө калат экен. Качан гана күрөң жорго токулганда даяр болот окшойт.

Бул үчөө суу боюна жакындаганда бир жерде маңдай-тескей болуп, бок чокуп олтурган эки ала карганы көрүштү. Кадыркул менен Курманкул «кантээр экен» дегенчелик кылышты окшойт:

— Тетиги эки ала карганы ата аласыңбы, — дешти.

— Атчу элем, — деп Жамангул күрөң жоргону бөжүтүп, каргалардын жанына жакындап барганда, эки карга эки жакка тетир учту. Ат үстүнөн бир жагына кыйшая түшүп бирин, анан экинчисин атты. Эки карга тең калпактай ыргып, жерге талп дей түштү. Андан кийин үчөөнүн ортосундагы сөз көпкө чейин үзүлүп калды. Анан алар чоң суунун жээгине жете келишти.

Машке токой аралап, топ камыштардын калың жерине кирип кетти. Чычырканак менен саздуу жекендердин арасындагы өрдөк, кыргоолдор шуудураган машкенин добушунан чочуп, барпырап уча башташты. Көтөрүлө бергенде Жамангул кош ооз менен «даң» дедирип берип калат. Камыш менен чычырканактын чычкан мурду жөргөлөгүс коюу жерине түшсө да атылган өрдөк, кыргоолдорду саздын саз экенин, тикенектин тикенек экенин билбей, туурасынан «лак» тиштеп, сары машке балактап алып жетип келет. Жамангулдун атканы сая кетпеди.

Анын күрөң жоргосу да жолу жок жерден жол табат. Чычырканак менен камыштарды, талдарды башын жерге салып, сүзө качырып кирип кетет. Андай татаал жерге келгенде Кадыркул менен Курманкул сактанышса да, чапандарынын өңүрлөрү, этек, жеңдери, шымдын тизелеринин үкүсү чыгып, үлүлдөй баштады. Тула боюна көз чаптырган бөтөн адамга чала түлөгөн тайлактай самсаалап тургандай байкалат. Жамангулдун жаргактан жасалган шым, кемсели ошол эле бойдон. Эч жеринде шек жок. Ал эми булардын аттары да чычырканактын ачуу тикендерине көзү-башын сайдырып, жалкотой болуп, жүдөп калышты. Токойдун кысталыш жеринен өтөрдө, камчы үстүнө камчы салсаң да жылбайт, баспайт. Башын кесип салчуудай тык токтойт. Мындайды көргөн аттар эмес да. Кадыркул менен Курманкулдун өзүлөрү болсо жапан мышыктын торолгон балдарын кармагандай болушту. Бети-башы мурундарынын учтарына чейин чийилип, канталаган. Сыягы Жамангул булардын кечеки «арам» оюн билип, билгизбей “өч алды” окшойт.

Бешимде бул күнкү тамаша аяктады.

Эртеси ителги салууну сунуш кылды Жамангул. Булар ага болбой кетебиз дей баштады. Жамангул ого бетер күчөп: «Кой кетпегиле, андан соң бүркүт салабыз, он-он беш күн жүрүп чер жазып кеткиле? Тиги боз үйдөгүлөрдүн да алдарына жараша ар түркүн өнөрлөрү бар!» дегенге тигилер көңүлдөнбөй коюшту.

*   *   *

Жаманкул менен Кадыркул Кочкорду бет алып, жолго чыгышты, Жамангулдун ою менен болсо бүркүттөн тартып турумтайына чейин ар биринин кызыгын ар башка көрсөтүп олтуруп, бул экөөнү жаз чыкканча кетирмек эмес.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз