Сардарбек Рыскулов: Ак ителги

  • 13.12.2023
  • 4257

АҢГЕМЕ

Бул окуя согуш жылдарында болду. 1943-жыл. Тамак-аш тартыш. Тоо койнунда жашаган калктын көбү бирин-экин майда жандыктарынын токту, чебичине чейин саашып, ак менен оокат кылышат, дан аттуу чанда биринде болбосо, көпчүлүгүндө жок. Боорун жерден жаңы көтөрүп баскан беш-алты жаштагы балдардан тартып, өбөктөп жылган жөтөлчөөк кары-картаң абышка-кемпирлерге чейин талаадагы эгин айдалган аңыздардын бетинен чымчыктарча бирден дан теришет. Керээли-кечке араңдан зорго дегенде бир чөйчөк арпанын данын чогултса жакшы, чогулта алышпаса жок.

Дал ушундай эл башына кыйынчылык түшүп турган күндөрдүн биринде Кочкордун «Туз» шахтасында жашоочу Мамбетбай карыя бир чоң ак ителги кармады. Өзү мүнүшкөр болбогондон кийин эмне кылар айласын таппай турганда Кочкордун көкүрөк жагы Каракол, Сөөктөн келгендер айтат: «Биздин элде Кадыркул деген ителгичи бар, муну көрсө минген атын да берет».

Аны уккан Мамбетбай үйүнө тынч жата албай, баш билги кара уюн токунуп алып, ителгисин кондурган бойдон Каракол, Сөөктү көздөй сызды. Кадыркулдун үйүн иликтеп келсе, ал киши үйүндө жок экен. Байбичеси Эзилкан Мамбетбай эшигин ачып баш багаары менен арылдап беттен алды: «Катыгүн, каяктан жетип келдиң, көзгө көрүнбөй жогол, кет!.. Алдыгыңды абышкам көрсө балдарым мурдуна жыт кылып турган талканынан ажыратып коёт!..»

Мамбетбайдын издегени да ошол — талкан. Анын да ачарчылыкта кайышып, тишинин кирин соруп турган төрт-беш жаш баласы бар болчу. Байбиченин жаалына чыдабаган Мамбетбай эшикке жылып чыкты да, Кадыркулдун кайда кеткенин кошуналарынан сураштырды. Коңшулары ал кишинин чукул арада келерин айтып беришти. Аңгыча Мамбетбай айыл аралап Кадыркулдун караанын аңдып тура берди. Арадан бир аз убакыт өтөрү менен Кадыркул үйүнө келип түштү. «Тигине Кадыркул келди» дейт көрүп турган айылдаштарынын бири. Мамбетбай ошол замат ителгисин кондуруп алып, Кадыркулдун үйүнө шып кирип келди.

Эзилкан байбиче Мамбетбайды дагы беттен алды: «Ой, кандай шумдук киши элең, баятан бери кайда жүрдүң кетпей?»

Кадыркул ителгини көргөндө эт-бетинен кетип, байбичесинин ачуусун басты. Акыры Эзилкан байбичесин ары каратып ыйлатып, бери каратып күлдүрүп олтуруп, Мамбетбайга эки чоң чака арпа талкан салдырып берип, ак ителгини алып калды. Мамбетбай сүйүнгөн бойдон үйүн көздөй жол тартты. Анан эки чака талкан оңойбу ачарчылыкта, атка алмашкыс оокат эмеспи.

Ошол күнү Кадыркулдун да Буудайык кармагандай кубанычы койнуна батпай жатты. Ак ителгиден эки көзүн албай, кайра-кайра сылап-сыйпайт. Чындыгында ак ителги ителгинин зору болчу. Анын шумкарлык белгиси деле жок, жөнөкөй, карапайым эле. Кадыркул бардык алгыр канаттуулардан ителгини жакшы көрчү. Ителгини табынан да кылт кетирчү эмес. Болоттун мизиндей улам чыңдап, улам миздеп турчу. Чындыгында ителги салыш өтө кызыктуу да, тамашалуу да болот эмеспи. Ителги куш, чүйлүлөрдөй болуп бат чарчабайт. Алдынан качкан коёндордун чанда бирөө эле кутулбаса, көпчүлүгүн куткарбайт.

Аткан октой асманга атып чыгып, кайра кырдана түшүп, эки канатын бооруна бүктөп алып типтик сайылган бойдон жердеги жан талашып качып бараткан коёнду жерге жабыштыра тепсе, же болбосо көкөлөп учкан өрдөк, каз, тоодактардын тобун зуу этип жарып өтүп, түпөктүү найзанын түбү менен койгон баатырларга окшоп, улам бирден далдайта уруп, топулдатып жерге түшүрүп турса, ким кайдыгер карасын.

1943-жылдын ачарчылыгында бир айылдын элин ошол ак ителги бакты. Ал кезде коён көп. Кадыркул бир күндө жетишерлик коён алдырып келет. Аны бүлөсүнө жараша айыл-апага тегиз бөлөт. Ак ителгинин бир жакшы жери: бөтөн кишиден чоочуркап койчу эмес. Ким кондуруп чыкса ал кондурсун. Капарына албай, качканды да билбейт, өтө жоош.

Бир күнү атасы жокто баласы Искендер ак ителгини алып чыкты. Ошол жылы Искендер араң эле он экиден он үчкө караган. Төртүнчү класста окуйт. Айылдын түштүк жагындагы калың чийдин арасында коён деген жаныбар көп. Искендер эки коён алдырып, эки жаккы канжыгасына узун кулактарын салпактатып байланып алды. Аңгыча ары жактан бастырып келаткан топ атчандар көрүндү. Коёнго алагды болуп жүргөн Искендер аларды капарына да алган эмес. Чукул кирип келишкенден кийин тааныды. Алдыңкы кер атчан Түкөш агай экен. Ал киши ошол алаамат жылдарда айыл кеңешинин төрагасы болуп иштечү. Аларга Искендер озунуп салам айтты. Анан Түкөш агай кичинекей баланын жоругуна кызыкты окшойт, жылмайып карап туруп сурап калды:

— Эмне кылып жүрөсүң?

— Ителги салып.

— Атаң кайда?

— Атам бүгүн жок.

— Алдагы ителгиң качып кетпейби?

— Качпайт, жоош.

— А, кокуй! Кечинде атаң үйгө келгенде айтып кой, мен куш таап берейин, ителги адамды убара кылат. Буга аттын аты керек. Артынан кыйкырып чаап жүргөнгө. Куш болсо алса алат, албаса олтуруп калат.

— Бул убара кылбайт.

— Анда биз коён качыралы, алдырчы?

— Макул,— деди Искендер. Аңгыча тигил атчандардын дүбүртүнөн чочуган бир коён ары жактагы топ чийдин арасынан булт берип жөнөп калды. Атчандар кыйкырып жиберишти: «Ана качты». Искендер ителгинин томогосун мыртыйган кичинекей колу менен шыпырып алды.

Ителги коёнду көрөрү менен адатынча колдон атып кетти. Ал коёнго ар дайым жер менен жер болуп барып, качан гана мерчемдүү оңутун өлчөп, дал туура тушуна келгенде кулак түпкө же такыр колтукка кагып өтчү. Коёндун төрт буту асмандап, боору агарган боюнча чалкасынан түшүп тыбырап жатып калчу. Ак ителги коёнду кайрылып эки тепчү эмес, бир гана сокчу. Анан обочо барып конуп олтуруп алчу. Качан гана коёнду мууздап коюп, мындай чыга бергенде, анан шашпай каалгып келип үстүнө конор эле. Бул жолу да ошентти. Түкөш агай жолдоштору менен ителгинин өнөрүнө кызыгып калышты.

— Баракелде, баракелде! Эми бир ушундай кылчы?

Аңгыча аркы калың чийден дагы бир коён качты. Ак ителги аны да мурункусундай сокту.

— Баракелде, баракелде! Капырай, шумдук ко бул! Дагы бир ушундай кылчы,— деди Түкөш агай.

Андан кийин ошондой үч-төрт жолу кайталанды. Жүз коён качса да чарчай турган түрү жок ак ителгинин. Бирок да куткарчудай эмес. Түкөш агай баш болгон топ атчандар Искендердин атасы экөөнө чоң ыраазычылыгын билдиришип, жакшы каалоолорун айтып кетишти.

Ошол 1943-жылкы үзүмчүлүктө бир айыл кишини ак ителги сорподон өксүткөн жок.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз