Крыловдун чыгармалары коом жана бийликтин табияты жөнүндө

  • 02.12.2020
  • 3263

Саясатчы В.Жириновский бир жолу мындай дептир: “Эгерде биз азыр жаштарга мыкты билим берсек, алар ар бир жыйырма жыл сайын ынкылап жасап турушат”.

Бул өтө так айтылган кеп эмес, бирок мааниси түшүнүктүү – акылдуу адам гана коомдо ынкылап уюштуруп, аны ишке ашыра алат. Ынкылаптын максаттары ыйык болушу мүмкүн. Бирок башталышында гана. Андан кийин акылдуу адам жетип алган бийлигин бергиси келбейт, ошондуктан аны сактап калыш үчүн болгон күч-аракетин аябайт, жакшыбы, жаманбы, тазабы, ыпласпы – бийлигин сактап калуунун бардык ыкмаларын колдонот.

А эл эмне дейт?

А эл саясатчылар айтып жүрүшкөндөй – бул бир короо кой сыяктуу. Бир короо койду эркечтер баштап жүрөт, ал эми эркечтерди иттер көзөмөлдөп жолго салат. Анын аман-эсендиги койчусуна жараша. Бул орой угулат, бирок чындыгында эле ошондой. Ар бир адам өз-өзүнчө жүргөндө өлкөдө, дүйнөдө эмне болуп жатканын сонун түшүнөт, бирок топтошкон элге кошулду дегиче, өзүн таптакыр башкача алып жүрө баштайт дей бер.

Бул нерсени топтошкон элдин психологиясы дейт.

Ишенесиңерби же ишенбейсиңерби – өзүңөр билгиле

Алыс барып деле кереги жок – билим алуу тармагында эмне болуп жатканын карагылачы. Биздин өлкөбүздү гана эмес, дүйнөдө эмне болуп жатканына көз жүгүртүп көрөлү. Мисалы, америкалыктардын 50% баштапкы билими бар (андан ары окуу кымбат болгондуктан окушпайт). Колледжтерди андан да аз адам окуп бүтүрөт. А жогорку билимди байлардын балдары гана ала алышат (5%тен азыраак).

Жогорку билим алуу үчүн бир жылдык окуунун баасы (орточо эсеп менен).

Бош убактысынын бардыгын орточо статистикалык атуул сериалдарды көрүү менен өткөзөт, жаштар дүйнөдө эмне болуп жатканы менен иштери жок, видео оюндардан баш көтөрүшпөйт. Улуу муундун өкүлдөрү ар кандай телешоулардан колдору бошобой, күнүмдүк көйгөйлөрдөн алаксып, мээлери начарлагандын үстүндө. Элдин 10% жакшы жашайт, калган бөлүгү жакырчылыкта күн көрөт, көпчүлүгүнүн үстүндө үйлөрү да жок, каңгып жүрүшөт.

Ал эми Америка дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкө эмеспи!

Кимдир-бирөөлөр дүйнө кыйроону көздөй бет алды дээр, бирок...

Бул андай эмес. Дүйнө эч жакка бараткан жок. Ал илгертеден эле ушундай. Мындан эки кылым мурда жашаган Иван Андреевич Крыловдун тамсилдерин окусаңыз, дүйнө мурда деле ушундай экенин түшүнөсүз. Крылов жөнөкөй чындыкты жаныбарлардын жашоосу аркылуу каймана айтып, окурманына жеткизе билген.

“Койлор менен койчунун” – карама-каршылыгы – бул атам замандан бери келе жаткан конфликт. Ал бир акылдуу адам, келесоону алдаса болорун, аны өз кызыкчылыгына иштетсе болорун түшүнгөндөн баштап пайда болгон. Акылдуу адам акырындап балдарын өзү билген нерсеге үйрөткөн, алар неберелерин, чөбөрөлөрүн окуткан. Мына эми миң жылдардан кийин биз байлар жана кедейлер деген эки катмарды билебиз.

Эми Крыловдун тамсилине кайрылалык. “Карт бөрү менен бөлтүрүк” тамсили 1811-жылы жазылыптыр. Мына, андан бери эки жүз жылдан ашты. Таң калыштуусу, анда башка тамсилдериндегидей ичинде катылган каймана мораль жок. Ал конфликтти болгонун болгондой эле ачык текст менен айтып, аягында анын чечилүү жолун көргөзөт.

Бөрү эч кимге баш ийбейт, эгерде баш ийип берсе, ал карышкыр болбой эле ит болуп калмак. Ошондуктан ал бардыгынан обочолонуп турат. Текстте биз койлор менен койчу гана эмес, карт бөрү менен бөлтүрүктү да көрөбүз. Улуусу кичүүсүнө жол көргөзүп үйрөтөт. Бул жерде бөрү чачы агаргыча жашап жашоо тажырыйбасын мол жыйнаган акылман карынын элеси. Эң негизгиси, ал үйүргө кошулбай (коомго) өз алдынча.

Тамсилде автор кимдер жөнүндө сөз кылып жатканын оңой эле байкайбыз. Мисалы, мамлекет жана эл, оппозиция, анан албетте, күч органдары. Ар бир өлкөдө коомдук иштерге аралашпай, өздөрүн обочо кармап жүргөн, бирок коомдун түзүлүшүн мыкты түшүнгөн адамдар көп. Алар митингдерге чыгышпайт, акча жана байлык үчүн жулунушпайт. Өз ойлорун билдиришпейт, өздөрүнүн жаны аман, малы аман болсо болгону. Бөрү мына ошондой адамдын образын берет.

Кыскасы, тамсилди окуп көрсөңүздөр, мындан 200 жыл илгери деле дал баары бүгүнкү күнкүдөй болгонун түшүнөсүздөр.

КАРТ БӨРҮ МЕНЕН БӨЛТҮРҮК

Карт бөрү бөлтүрүгүн чакырып,
Кеп айтат: Күчүгүм, кел бери.
Атаңдын насаатын жат кылып
Көкжалдан болсо дейм мен сени.

Акырын жайытты акмала,
Ашыкпа, жакшылап карагын.
Канчалык күнөөгө батсаң да,
Койчудан буюрган тамагың.
Барып кел, жайытты чалгында,
Айласын анан мен табамын.

Бөлтүрүк айтканды аткарып,
Келиптир энтигип, шашылып:
“Бир короо кой жүрөт этекте,
Кирелик четинен качырып.
Баары тең бир кылка семиз дейт,
Койгонсуп арыгын жашырып”.

– “Коё тур, күчүгүм, ашыкпай
Түшүндүр абалды жайма-жай.
Койчусу ким экен билдиңби?
Барбайбыз жакшылап талдабай”.

– “Айтышты – акылдуу, анан да камкорун
Айланып кыдырдым конушун.
Иттери бирок да начардай,
Укпадым, бир дагы добушун”.

– “Бул сөзгө негедир кубанбайм,
Ал сөзгө эч качан ынанбайм.
Жакшы койчу жаман ит бакканын
Көрбөгөм, тобокел кыла албайм!

Ал жакка жакын да барбайлы,
Койчусу кемпайдан тандайлы.
Кемпайдын ити да келесоо,
Көп көргөн бул башым андайды!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз