Жолдубек Качкынбаев: Клексан

  • 11.12.2020
  • 3205

АҢГЕМЕ

Топуракка оонап, бүткөн бою боз ала болгон балдар көрүнбөй, көчөдө тынчтык өкүм сүрдү. Пандемия башталганы балдар сыртка чыкпай, кошуналар бири-биринен от алышкан жок. Демейде ары-бери зуулдаган машиналар жоголуп, кулакка “Тез жардамдын” гана үнү угулат. Бак-дарактар бүчүр байлап, гүл ачып жатса баары үйгө аркансыз тушалышты. Табият аларды жанына карыш жолоткон жок. Жер эне балдарын балээден сактагысы келди.

Нуржамал башын мыкчып, тар бөлмөдө ары-бери басат. Күйөөсү бутун кайчылаштырып, керебетте сыналгыны үңүлө тиктейт. Ал карантин башталганы байлап койгонсуп ордунан тура элек. Нуржамалды бүгүнкү эмес, эртеңки күн кызыктырды. Ал чычканга кебек алдырбаган, тың, сарамжалдуу аял. Чоң маселелерди жолдошуна таштап, үйдөгү бардык майда-барат маселелерди өзү чечет. Бирок бүгүнкүгө чейин бул үйдө бир дагы чоң маселе жарала элек. Нуржамал эмнени качан, кайда жумшашты жакшы билет. Азыр да үч баласынын эртеңки тагдырын ойлоп, санаа чегет.

Күйөөсү буга чейин деле жарытып тапчу эмес. Бирок Кудайга шүгүр кылып, курсактын камын көрүп жашап келишти. Өтүкчү акчаны уучтап таппаса да, күнүмдүк кем-карчка жетчү. Негизгиси балдарынын курсагы ток. Ал эми азыр Канат иштебей, үйгө киреше кирбей калды.

Нуржамал бала кезинен жетишпеген жашоодо чоңойгон. Азыркы бышыктыгынын бирден-бир себеби ошого барып такалат. Ал үйдөгү акчанын кайсы бир бөлүгүнө азык-түлүктү үйүп, карантиндик чектөөлөр киргизилгенге чейин беш айга жетер тамак-ашын белендеп алган. Эми сыналгыдан дары-дармек тартыш болорун укту да, капчыгын көтөрүп дарыкананы көздөй жөнөдү.

Клексан, клексан издеди. Нуржамал таманы тешилгенче дары издеди. Дарыканага бара калсаң эле колуңа кармата салышпайт. Анын дагы бир амалын таап алыш керек.

– Саламатсызбы? Мени дарыгерлер Клексанга жөнөтүштү эле.

– Саламатчылык! Дарыгер жазып берген кагазды бериңизчи.

– Жазып берген, бирок жоготуп алдым. Тезирээк бериңизчи! Дарыгер күтүп жатат. Ооруканада дары жок.

– Андай болбойт. Бере албайбыз.

–Менин кайра барып келүүгө убактым жок. Суранам. Биз дагы бир өмүрдү сактап калалы. – Нуржамал акыры дарыканада иштеген жаш кызды көндүрдү. Көндүрмөк турсун бул картина беш-алты дарыканада кайталанды.

Нуржамал эстүү аял. Балдарынын камын ойлоп, 20 даана Клексан алып, уктоочу бөлмөдөгү сурмага салып койду.

Нуржамал күйөөсүн баш кылып эч кимди дарбазадан ары чыгарган жок. Балдарын онлайн окутумуш болуп, үйдөгү иштер менен алек. Эки-үч маал тамак жасайт, балдардын кирин жууйт, ошону менен кеч кирет. Кээде жөн отурбайын деп эскирген чүпүрөк-чапырактарын алып чыгып, бет кап тигет. Андан ашкан материалдарга 4 жаштагы кызы Айназиктин куурчактарына көйнөк тигип берип жатты.

Сыналгынын жаагы талган жок.  Күнү бою карга сымал какылдап, кулакка суук кабарды куя берди. Вирусту жуктургандар күндөн күнгө көбөйүп, өлүмдөр каттала баштаганын уккан Нуржамал ансайын коркот. Өз ден соолугу үчүн эмес, балдарын ойлоп тынчсызданат.

Нуржамал алдыда чоң апаат күтүп турганын сезген. Акыры баары ал ойлогондой болду. Азык-түлүктүн баасы асмандап, дарыканаларда дары-дармек тартыштыгы жаралды. Колунда жок үй-бүлөлөр 4-5 баласы менен ачка калышты.

Нуржамал каш карайганда дүкөнгө баратып, кошуналарынын ызы-чуу түшүп жатканын эшитти. Көрсө, кошунасынын күйөөсү вирус жуктуруп алып, дары таппай жатышыптыр. Ал өзү ооруканада экен. Жакындары шаарды түрө кыдырып, аптекаларды аралап Клексан таппаганын угуп, зээни кейиди. Деги эле бул дары кумга сиңгендей жок болду. Үйдө турган 20 Клексанын эстеди да, бирок бергиси келген жок. Анткени балдарын ойлоду. Кокус оору жуктуруп алышса эмне болот деп коркту.

Эртеси таңга маал бир катуу өкүрүк чыкты. Нуржамал төшөктөн атып туруп, 10 жылдан бери чечпеген халатын кийип сыртка чыкты. Көрсө, баягы кошунасынын күйөөсү акка моюн сунган экен. Беш баласы менен чыркырап отурган аялды көрүп, жаны сыздады. Жакындарынын айтымына караганда, ооруканаларда дары-дармек тартыш болуп, жардам көрсөтүлбөй калган экен. Нуржамалдын кабыргасы кайышты. Ал денесине чок баскандай кыйкырып жаткан жесирди көрүп, жанын коёрго жер таппай, үйүн көздөй жүгүрүп кетти.

Бир заматта жашоо таптакыр башка нукка бурулду. Эч нерседен капары жок, эркин ойногон балдар төрт дубалга камалып, мурунку жашоону самашты. Саратанда күн чөлдөгүдөй катуу ысып, бир туруп нөшөрлөп жамгыр төгүп, табият да түйшөлүп жатты. Жер бетин таптап жүргөн жандарга жашоо токтоп калчудай сезиле берди.

Ооруканаларда, стационарларда дары жок. Врачтар вирус жуктурган бейтаптардын жакындарына “дары таап келгиле” деп кайрылышты. Дарыканалардын алдына эл топтолуп, Клексан таппай карайлашат. Өлкөдөгү айрым дарыканаларга белгилүү өлчөмдө Клексан келип түшкөн. Бирок көпөстөр менен Нуржамал өңдүүлөр аны эбак алып коюп, кампаларына сактап коюшкан. Алар кыйналган элге дары беришкен жок. Айрымдар амалкөйлүк кылып, өз баасынан он эсе жогорулатып сатышты. Баарынан жан кымбат эмеспи, байлар эч нерсенин көзүн карабай, аман калыш үчүн канча болсо да алып жатышты. А бирок карапайым эл кырыла берди.

Түш ченде Нуржамалдын телефону шыңгырады. Көрсө, бир тууган жездеси оору жуктуруп алып, дары таппай жүрүшкөн экен. Нуржамал баягысындай тымпыйды. Үйдөгү дарылары тууралуу ооз ачкан жок. Кантсе да эне эмеспи, көз алдында балдары турду.

Нуржамал Клександы алгач жүз аарчыга ороп, кутучага салып туруп уктоочу бөлмөдөгү шкафтын сурмасына салган. Чыдай албай бөлмөгө жулунуп кирип, кутучаны алды да, берсемби же бербесемби деп бир саамга ойлонуп отурду. Кырылып жаткан элди ойлоп, жүрөгү канады. Айласын тапкан жок. Бир маалда балдарын короого чыгарып, аларды терезеден тигиле тиктеп отурду. Учу кыйырсыз мухитке чөгүп бараткандай ойго чөмүлө берди. Карегине жаш толду, бирок кайраттанып көз жашын көлдөткөн жок. Эрди-катын кеңешип оокат кылчу эле, бирок бул келин күйөөсү менен акылдашпайт. Анткени турмуш эчак эле анын назиктигин тартып алган. Бул аялда он эркекке таандык кайрат бар.

Нуржамал тамак жасап жаткан учурда кызы Айназик телефонду көтөрүп чуркап келди. Ал телефонду көтөрдү да, апкаарып үнсүз туруп калды. Жездесинин өлүмүн уккандан кийин башы тегеренип, көз алдында жер чайпалды.

Толкун деңизди чайпайт, бирок бул түбөлүккө созулбайт. Акыры бир күн мелмилдеп жаткан деңизди көрөсүң. Нуржамалдын азасын да топурак суутат. Ал жанагы Клександы көргөн сайын кыжыры кайнай баштады. Бирок аны ыргытып да, сындырып да, бирөөгө берип да сала алган жок. Сары майдай сактап жата берди.

Эл кырыла берди. Мамлекет болгон аракетин жасады, бирок өлүмдүн оозун бууй алган жок. Эл баягы эле Клександы издеп буту-бутуна тийбей жүгүрүп жүрүштү. Эл ичинен кайрымдуулар чыкпай койгон жок. Колдон келишинче тамак-аш, дары-дармек жагынан жардам кылышты. Ошондой болсо да Клексан бир адамга жетсе, экинчисине жеткен жок.

Арадан туптуура бир ай өттү. Бир ай ичинде жер бетинде көп нерсе өзгөрдү. Нуржамал бир топ тууган-туушкандарынын, кошуна-колоңдорунун, бирин-экин теңтушунун оорудан көз жумганын укту. Нуржамалда булардын арасынан жок дегенде 3 адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок ал пайдаланып кала алган жок. Ооба, анын да өз чындыгы бар. Анын жалгыз жазыгы балдарын ойлогонунда.

Күз босогого келип, күн сууктай баштады. Сыртта жамгыр чакалап куюп жатканына карабай, Нуржамал эшикке чыкты. Караса короодогу кооз гүлдөр соолуп, жерге шалпайып калган экен. Кооз гүлдөргө кайра жан бергиси келди. Бирок колунан келбестигин түшүнүп, чарпаяны көздөй басып көчүк басты. Табият жашын токтотпой ыйлай берди, ал эми Нуржамал өзүн ошо соолуп бараткан гүлдөргө салыштырып, терең ойго батты.

Бир кезде “Апа, апа!” деген катуу үн чыкты. Селдейип отурган Нуржамал түшүнөн чочуган немедей ордунан атып туруп баласын тиктеди.

– Апа, апа, Айназик сиздин бөлмөдө турган дарыны ичип алыптыр.

– Ыя, кайдагы дары? Ой, эмне дары?

Нуржамал “Кызым!”– деп кыйкырып, жаман көлөчүн сүйрөп үйдү көздөй жүгүрдү. Эшиктин алды чыла, баткак эле. Нуржамал чуркап келатып баткакка тайгаланып, чыланын үстүнө жыгылды. Көзүнөн от чачырап, жаны кашайды. Нуржамалга жашоо бир саамга токтоп калгандай сезилди. Бирок жамгыр токтогон жок. Ал башын көтөрүп, үйгө учуп кирди да, колуна Клексан кармап, оозунан көбүк чыгып жерде жаткан Айназикти көрүп, карегинен от чачырады.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз