Жолдубек Качкынбаев: Томук катмай

Асман тиреген Ала-Тоонун койнунда жайгашкан Көк-Сай деген кыштакта, жарды жашап жан баккан бир үй-бүлө уулду болот. Атасы көктөн самап күткөн уулуна Дүнкана деген ат коёт. Дүнкана эр жеткенде эл арасындагы мыкты манасчы, ат таптаган саяпкер, төгөрөгү төп келген жигит болуп чыгат. Бир күнү элине аты чыккан Дүнкана минген тулпарын жоготуп, аны издеп коңшу Оттук деген айылга жөнөп калат.

Дүнкана атын издеп жүрсө эле шаркыратманын жанынан кымча белдүү кырк сулуу кызды көрөт. Перилердин арасынан Айчүрөктөй бир сулууга көзү түшөт. Ал бул айылдын атактуу байынын аккуудай сулуу кызы Сыпайы эле. Ошол учурда мансабына чиренген байлардын, бийлигине таянган хандардын, билегине күч толгон, чоктой ысык жигиттердин көзүн күйдүргөн Сыпайы өзүнүн кырк кызын жандап, сейилдеп жүргөн эле. Дүнкана Сыпайынын айдай сулуу жүзүнө ашык болуп, ага бир айласын таап, өз сезимдерин билдирет. Бирок сулуулуктун султаны болгон Сыпайы аны теңине албайт. Ошондон бери айласы кетип, дүйнөсү куруган Дүнкана эрденсинип Сыпайынын айлына көп каттачу болот. Дүнкананын жосунсуз жоруктарынан тажаган Сыпайы манасчы жигитке төмөнкүчө сунуш киргизет:

- Сен экөөбүз томук катмай ойнойлу, аралыгы бир ай болсун. Эгер мен жеңилсем, сенин түбөлүктүү жарың болоюн, эгер сен жеңилсең, мага болгон сүйүүңдөн баш тартасың.

- Мен сенин шарттарыңа макулмун.

- Макулдугуң аздык кылат. Байгеге эмне коёсуң?

- Эгер жеңилсем сага кымкап чапан жаап, жорго тартуулайын.

- Ошондо томукту кимибиз каталы?

- Кыздын кырк чачы улуу эмеспи, сен айт.

- Сен жашыр, оң колум менен берейин, оң колуңа кат.

Ошентип экөө убадалашкан соң жигит өз айылына барып, жеңелерине, жакындарына окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Анда жеңелери “томукту бекем кат, күнү-түнү колуңдан түшүрбө”, – деп күрдөлүү кеңештерин беришет. Дүнкана ойго чөмүлүп, кайда болбосун, качан келип томукту сурап калар экен деп сарсанаа болот.

Арадан көп өтпөй Сыпайы түн бир оокумда жеңелерин жандап келип, Дүнкананы уктап жаткан жеринен ойготуп, томукту сурайт. Ошондо Дүнкана томукту көргөзөт. Сыпайы болсо жеңелери менен артка жол тартат. Экинчи ирет Сыпайы аңдып барып, достору менен ойноп-күлүп жүргөн Дүнканадан томукту сурайт. Анда да Дүнкана томукту көргөзүп, Сыпайыны жылуу узатат. Экинчи ирет жолу болбогон Сыпайы өзүнө ыңгайлуу убагын күтөт.

Күндөрдүн бир күнүндө, жайдын саратанында Дүнкана Чуңкур-Булак деген жайлоого эс алууга жөнөйт. Анын ар бир кадамына көз салып турган Сыпайы дароо кыз-келиндерин алып, Дүнкананын артынан жөнөп, жигитти төмөн жактагы булактын жанынан күтөт. Сыпайынын Дүнканадан өткөн акылдуу, кыраакы кыз экени так ушул жерде билинет.

Дүнкана томукту эч качан таштабаймын, Сыпайыга эч качан жеңилбеймин, аны жеңем, сүйүүмдүн жообун алам деп, өзүнө катуу ишенген. Бирок жайлоодон ылдый түшүп келе жатканда кайран гана Дүнкана томукту үйгө унутуп койгон болот. Мына, ошондо сулуулуктун султаны болгон Сыпайы алдынан чыгып: “Томук кана? Томук кана? Томук кана?”, – деп үч жолу сурайт.

Дүнкана үн катпайт.

- Сен мага сөз бергенсиң, өзүңдөн көр”, – кыз мөрөй үстүнөн Дүнканага текебердүү карап: - Убада деген убада, убада шертке туруш керек, эми өз убадаңа тур.

Ошондо кайдан-жайдан Дүнкананын атасы пайда болуп: “Болбостур, мөрөй сеники кызым, конуп сый көрүп кет, айланайын. Айтылган шарт кыйын да, сенин никең уулума буюрбаптыр. Барган жериңен бактыңды тап, буюрбаган ишке мурун канайт деген ушу”, – деп убада боюнча кызга кымкап жаап, келишкен жорго мингизип, батасын берип узатышат.

Кыз кетеринде:

- Кош болгун ата элиң менен,
Кулпунган Көк-Сай жериң менен.
Жалпыбызга бакыт консун,
Ак Бата айткан кебиң менен, – деп Сыпайы өз айылына кырк кызын жандап жол тартат.

P.S. Бул окуя болжол менен 1860-жылдары Ысык-Көл облусунун, Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында болгон. “Баш каарман Дүнкана айтылуу манасчы Саякбай Каралаевден өткөн манасчы болмок”, – деп эскерилет, Алышеров Үсөн атабыздын эскерүүсүндө. Окуянын өзөгү Жолдубек Качкынбаев тарабынан көркөмдөлүп жазылды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз