Ак кеме» повестиндеги «Чыпалак бала» жомогунун идеялык-көркөмдүк функциясы

  • 14.12.2020
  • 6096

«Ак кемени» канча ирет окусам да, көпкө чейин (көрүнүштүн анык «артериялык» байланышын аңдап түшүнгөнгө чейин) андагы «Чыпалак бала» жөнүндөгү жомоктун негизги сюжеттик окуянын өнүгүшү менен түздөн-түз байланышын көрө албай, аны повесттен алып салса деле болчудай сезиле берчү. Албетте, жазуучу бул жомок өзүнө жакканы үчүн же ушундай жомокту кичинекей каарманы биле тургандыгын көрсөтүш үчүн эле чыгармасына киргизип койбосу түшүнүктүү иш.

Ошентсе да, жомок магистралдык сюжеттен обочолонуп, негизги идеялык-тематикалык мазмун үчүн сөзсүз зарылдыгы жоктой, кошумча көрүнүштөй туюлчу. Канчалык жазуучунун чеберчилигине, көркөм табит ченемине ишеним күчтүү болсо да, «Чыпалак бала» менен Баланын ортосунда кыйыр ассоциативдүү образдык байланыш, параллелдик салыштыруу бар экендигин туюп турсам да, повесть өзү жомоктун (Бугу-Эне жөнүндөгү) негизинде уюшулуп жатса дагы бир жомоктун киргизилиши, албетте, сандык жактан (бир жомоктун үстүнө экинчи же үчүнчү жомоктун кошулушу) эмес, сапаттык, композициялык жактан ашыкчараактай көрүнчү.

Көрсө, мен жазуучунун ассоциативдик параллелдерин бир жактуу гана көрүп, Баланын образын образ катары анын кабыгын түзүп турган образдар системасынан, Момундун, Орозкулдун образдары менен байланышынан, үзүп алып, Бала – Чыпалак бала деген жалаңкат байланыш – салыштыруу менен гана чектелипмин. А туурасы, албетте, бүтүндөй «Чыпалак бала» (б.а. жомоктун повесттеги айтматовдук варианты) жана повесттин бүтүндөй калган бөлүгү болуш керек эле. Мына ушундай байланышта кароо аркылуу гана «Чыпалак бала» жомогунун повесттин түздөн түз сюжеттик бир бөлүгү, алып салууга мүмкүн болбогон маанилүү бир звеносу экендигине (же эместигине) ынанууга болмок.

Алгач бул маселе боюнча сөздү ток этээр жеринен баштайлы. Көрсө, жазуучу «Чыпалак бала» жөнүндөгү сюжеттик бөлүккө Бала «балык» болуп сүзүп кеткенден кийинки, башкача айтканда, чыгарманын финалынан кийинки Баланын «тагдырын» жана анын идея алып жүрүүчүлүк (социалдык, нравалык, этикалык) көркөм образдык кызматынын жыйынтыгын жана Орозкул, Момундун повесттин соңундагы тагдырлары жөнүндөгү маалыматты жайгаштырган экен. Кулакка өөн угулат, бирок ушундай. Сабыр кылып, жазуучу чеберчилик менен илмекайып байланыштырган ой түйүндөрүн акырындап чечмелеп отурсак ушуга келебиз.

Балким, айрымдар: «Чыгарманын сюжетинин өзөгүн түзгөн окуя, идеялык-тематикалык мазмун өзүнүн жетээр жерине жетип чечилген, окуяга чекит коюлган. Периштедей таза, бейкүнөө наристени сактап кала албагандан кийин өз сөзүнө өзү ээ боло албаган «чыккынчы» Момун менен айбан Орозкулду (чынында да ага карата «өгүздөй», «уйдун сескенген желининдей эттүү бети» деген сыпаттоолор колдонулган эмеспи) жер сорсун! Алар окурмандар үчүн кызык эмес. Жазуучуну да алардын кийинки тагдыры кызыктырбайт, зарыл деп да эсептебейт!» деп ойлошор.

Чындыгында андай эмес!

Дегеле кайсы гана жазуучу (сөз чыныгы сүрөткер, профессионалдар жөнүндө) болбосун чыгармасын аяктап жатып, белгилүү бир сыноодон (же сыноолордон) өткөн негизги каармандарынын сюжеттик чечилиштен кийинки багытын ачык же болжолдуу, жалпы мүнөздө сезип, көрмөйүнчө, жараткан образдарынын жыйынтыгын чыгармайынча чекит коё албайт. Эгер Ч.Айтматовдун чыгармасынын байкуш жана жексурун каармандары Баланы «жутуп алышкандан» кийин деле кабагым-кашым дебей: Орозкул дагы деле «бирөөнүн таштанды баласында ишим канча», кемпир баягы эле: «Агызып кетсе экен ушуну, суу бир күнү агызып кетет, көрөсүң го, ошондо мен отурган ордуман козголуп койбойм. Өз убалы өзүнө, андан артса сага! Ата-энеси таштап кеткен неменин мага кереги канчалык экен! Башка түйшүгүм да аз эмес» деген сөзүн кайра айтса, Момун тагдырына наалат айтуудан башкага жарабаса, анда мындай акактай тунук, ажайып Баланы курмандыкка берүүнүн кереги канча?!

Повесттин жыйынтыгы боюнча өз кезегинде, повесть алгач жарык көргөн 70-жылдарда, бир топ чуу көтөрүлгөн. Жазуучуга повесть боюнча «Адилетсиздик жазаланбай калды», «Бугу Эне, бала өлгөндөн кийин чыгармада айласыздык, караңгылык жана зөөкүр «орозкулдардан» башка эмне калды?...» деген дооматтар коюлду, ал түгүл советтик коомдун мүчөсү, «келечеги» болгон Баланын өлүмүнөн саясый ката көргүсү келгендер да болду.

Ошентип чыгарманын акырында (фактылай) эмне калды? Баланын башын жуткан Орозкул жана анын кол алдындагылар калды (Өлүмгө себепкер болгон же болуучу адамды же көрүнүштү кыргыздар жек көрүү менен ушинтип «башын жутту», «башын жутат» деп коёт эмеспи). Балык болуп Ак кемесине (Ак кеме – тазалык, актык, үмүт, ишенимдин символдук образы), Ысык-Көлгө (чексиздикке, түбөлүктүүлүккө) сүзүп кеткен кичинекей каарманын автор «окурмандардын жүрөгүнөн орун ала алса анын күчү ошондо болот» деп айтканындай [Ч.Айтматов. В соавторстве с землею и водою...134-б], окурмандардын жүрөгүнөн эле эмес, чыгарманын өзүндө түз эле барып Орозкулдун жана ага жардамчы болушкан Момундун, Сейдакматтын да «ичине кирип, отуруп албаганда», не болду?!

Бала «балык болуп сүзүп кеткенден» кийинки кордондогулардын ар кимисинин абалын болжолдуу элестетип көрүңүзчү. Г. Гачев айткандай «жин шайтандардын балы» [36: 288-б.] тарады, мастар соолукту. Карашса Бала жок, эч жерде жок. Балким, баланын сөөгү табылып, сууга акканын билишти, балким, кантип, кайда жоголгонун билбей баштары маң болду. Момун чал мөгдөп жатат: «Касиеттүү Бугу-Эненин кусуру урду», «Касиеттүү Бугу-Эне мендей кеңкелести жазалаш үчүн неберемди алып кетти» деп. Бугуну «ат» деп буйрук берген Орозкул, «Болбойт, марал атсак оңбойбуз. Биз бугулукпуз. Мүйүздүү Бугу-Эненин балдары болобуз» деп кетенчиктеген Момунду шылдыңдап, «бай-манаптын жомогун айтып жүргөнүңдү жазчу жерге жазып жиберем» деп коркутуп, шыкактап атып аттырган Сейдакмат, «Кокуй, Орозкулга каяша кылба, «өл» десе өл, «тирил» десе тирил» деп турчу өгөй кемпир кандай абалда калышты.

Адам өлгөн менен ал жөнүндө эскерүү адамдардын эсинде жашап кала берет эмеспи. Сыртынан анча сыр беришпесе да, Баланын өлүмүнө себепкер болгондорду ичтеринде кантип уяты тынч койсун. Жомоктогу карышкыр Чыпалак баланы жутуп алган окуядан кийин демейки карышкырлык жосунун кыла албай, ит болуп жалданууга аргасыз болгон сыяктуу эле Бугу-Эне жомогуна ишенген Баланы «жуткан» Орозкул да эми баягы карышкыр Орозкулдугун уланта берээр бекен?.. Ал жомоктун бир тарабына ишенбесе да, экинчи тарабына ишенүүгө аргасыз. Бала Мүйүздүү Энени сактап кала албаган аргасыздыгынан «сүзүп» кеткендигине ишенбесе да, андан кабары болбосо да, Мүйүздүү Эне өзүн өлтүргөн кордондогулардан өч алыш үчүн Баланын жоголушуна себепкер болгондугуна ишенүүгө, Баланын «кайып» болуп кетишине өзүнүн түздөн-түз күнөөсү бар экендигин сезүүгө аргасыз. Демек, анда абийирдин анча-мынча жук-жубуру, бүдүрү болгон болсо, адетинче карышкыр болуп айланасындагыларга азуусун көрсөтүүгө батынбас, бети чыдабас, «ичине кирип алган» Бала анын абийирин тынчытпас. Күнөөкөрдө өз айыбын сезүү жоопкерчилигин ойготуу – оңолуу жолуна ташталган биринчи жана эң маанилүү кадам.

Повесттин фабуласынан сырткары, обочо көрүнгөн «Чыпалак бала» жөнүндөгү сюжеттик бөлүктүн негизги сюжеттик окуяга сиңирилиши – бул коомдогу, адамдардагы терс көрүнүштөрдүн арасында Баланын балалык алсыз жан дүйнөсү жабыркап, өзүнө орун таппай балыкка айланып сүзүп кеткенден кийин Бала экинчи ирет образдык метаморфозага учурап, пассивдүү образдык маңыздан активдүү образдык маңызга өтүп, Чыпалак балага айланып, кордондогуларга кайтып келүүсү эле. А эгер кордондогу адам – төөлөр, адам – карышкырлар өздөрүнүн ичинен Чыпалак баланын «үнүн» уга алышпаса, аны окурмандар «угуусу» керек.

Ошентип, жомоктогу Чыпалак бала, Карышкыр, Төө повесттеги реалисттик каармандардын – Баланын, Орозкул, Момун, Сейдакмат, өгөй таененин метафоралык- аллегориялык параллели, ал образдардын идеялык, нравалык-эстетикалык маани-маңызын айкындоого, тереңдетүүгө көмөктөш көркөм каражат. Бул – жомоктун повестте аткарган идеялык-көркөмдүк биринчи функциясы.

Экинчиден, ал ошондой эле Бала өмүрүндө көрбөгөн, бирок көрүүнү дайыма эңсеген матрос атага тиешелүү. Ал ата сөрөй (баласы жетиге чыкканча бир көрүп кетүүгө жарабаган аны башкача кантип атоого болот) баласынын ата жытын сагынып, караанын бир көрүүгө зар болуп, муңканып жүргөнүн сезсе го, бир «чыпалак бала» анын ичинде да отурганын түшүнсө го. Анда ал өз ичинен баласынын ата жытын сагынган муңдуу үнүн «угуп», карышкырча өзүн кай жерге катаарын билбей кыйналар беле же ал дагы жомоктогу карышкырдан мурда Чыпалак баланы жутуп алган төөдөй болуп «чайнаганын билип, жутканын билбей калгандардын» бири бекен.

Демек, алдыдагы эки маани-мазмундан, чыгармада алар аркылуу өткөн илмекайып байланыш сызыктардан улам үчүнчү маани өзүнөн өзү келип чыгат. Чыпалак бала тууралуу жомок – негизги окуядан тышкаркы эмес, а анын үзгүлтүксүз бир звеносун түзгөн, идеялык да, көркөмдүк да жактан жалпы реалисттик сюжет менен тыгыз чырмалышкан сюжеттик бөлүк. Повесттин өз алдынча өнүгүп жаткан негизги реалдуу сюжеттик окуясына жомоктун «чиркелиши» менен эки тараптуу образдык үн алышуу, эки башка өз алдынча окуялардын ортосунда маанилик диффузия, башкача айтканда, бириндеги идеялык мазмун экинчисине, экинчидеги идеялык мазмун биринчисине өтүп, идеялык катмарлануу жүрдү.

Повесть жарык көрөр алдында автор калемдеш курбусу Р.Гамзатов менен болгон жаңы жылдык (1970) маегинде мындай деген экен: «Чакан эле нерсе, бирок көпкө жаздым. Негизинен ал мен үчүн күтүүсүздүк болду. Аңгеме болот дегем. Жаздым, бирок акырын эч жыйынтыктай албай койдум. Туурасы, ойлоп койгом, бирок аңгемем аягына чыкпай койду. Беш бет кошулгандан кийин композиция бузулду. Ортосуна кириштим. Анан кайра башталышын колго алдым. Ушинтип отуруп он беттен жүз элүүдөн ашык бет пайда болду. Болгондо да бардыгы бир нече иреттен кайрадан көчүрүлдү».

Чыгарма жаңы жазылып бүткөндөгү автордун сөздөрүнөн эле байкалып тургандай, «Ак кеме» сюжеттик-композициялык жактан татаал курулган чыгарма. «Сюжеттик-композициялык жактан татаал» дегендик, анда камтылган окуя да дайыма татаал болот дегендик эмес. Ар кандай болот. Себеби, искусстводогу сюжет менен сюжетке негиз болгон окуя түшүнүктөрүнүн ортосунда асман-жердей айырма бар.

«Ак кеменин» адабий көркөм сюжетине негиз кылып алынган окуя бир жагынан карасак, мурда небересине бугулар жөнүндө жомок айтып, алардын ыйыктыгына ишендирип келген таята өзү Корукка капысынан адашып келип калган бугулардын бирин атып келет. Бул иш коруктун башчысынын мажбурлоосу менен болот. Бул окуяга катуу таасирленип, капа болгон бала алардан алыс кеткиси келип, сууга агып кетет. Чыгарманын реалдуу сюжети негизинен ушул гана.

Нравалык, эстетикалык сабагы өзүнөн өзү эле сезилип турган бул таасирдүү окуяны жазуучу «дал өзүндөй» таасирдүү кылып баяндап берүүнү гана максат эткен болсо, албетте, жазуучу беш-алты беттик көлөмдөгү аңгеме менен токтолмок. Мындай болгондо басым негизги окуя – маралдын атылышына байланыштуу баланын сууга агышына гана коюлуп, көңүлдүн борборунда Момун, Баланын образдары гана болмок. Албетте, бул учурда дагы Айтматовдун калеминен тереңине салмактуу нравалык-эстетикалык маани чөгөргөн мазмундуу аңгеме чыкмак. Бирок көркөм сюжетке негиз кылынып алынган окуяда алгач ойлонулгандан да алда канча терең, масштабдуу социалдык, философиялык маани сыйдыруучу мүмкүнчүлүктөр жаткандыгы жазуучуну улам азгырып өзүнө тартып, ойлор бутактанып отуруп, он беттен жүз элүү бетке чаап кеткен. Натыйжада, Орозкул, өгөй таэне, Сейдакматтардын образдары кеңейтилип иштелип, Бугу-Эне жомогу кеңири айтылып, ал түгүл «Чыпалак Бала» жомогун айтуу зарылчылыгы келип чыккан.

«Чыпалак Бала» өз алдынча турганда башкача чечмеленет. Ар түрдүү элде (казак, чех, венгер ж.б.) анын ар башка вариациялары бар. Көбүндө ал карыган абышка-кемпирдин кудайдан сурап алган жалгыз баласы; кээде кедейдин көп баласынын эң кенжеси болгон учуру да бар. Анын образы негизинен «Теректей бой бергенче, теменедей акыл берсин» деген насаат, сентенция менен жыйынтыкталат. Чыпалак бала же жеке чарбанын ишин жүргүзөбү же байга малай жүрөбү, айтор кедей, карыган ата-энени эч нерседен муңайтпай акылдуулугу, айлакерлиги менен багат. Карышкыр аны жутуп алган учуру да, жутпаганы да бар. Качан аны белгилүү максат менен «Ак кемедегидей» кылып көркөм чыгармада пайдалануу зарылдыгы келип чыкса, жомок чыгарманын идеялык-тематикалык мазмунуна ылайык иштелип, жомоктогу логикалык басым зарылдыкка жараша бир көрүнүштөн экинчи көрүнүшкө жылышат. «Ак кеменин» реалисттик сюжети менен байланышта жомоктук Карышкыр+Чыпалак бала Орозкул, орозкулчулук коом баянынын метафорасы катары гана «окулушу» жана чечмелениши керек. Башкача айтканда, повесттин контекстинде жомоктогу логикалык басым Чыпалак баланын акылдуулук, айлакерлик күчүнөн карышкырдын «кылмыш жана жазасына» оойт.

Ырасында да көп пландуу, көп катмарлуу, көп идея, темалуу «Ак кеме» повестинин жаралышы мифологиялык жомок менен реалисттик сюжетти кыйыштырып, ар бир эпизод, сүрөттөөлөр жети эмес, жетимиш ирээттен өлчөнүп, ордун таап кураштыруунун натыйжасында келип чыккан. Повесттеги «Чыпалак бала» жомогу мазмуну боюнча Бала сүзүп кеткенден кийинки абалдын «сүрөтүн» өзүндө кармагандыктан анын орду чыгарманын акырында болуш керек. Бирок сюжеттин финалында Бугу Энени өлтүргөндөргө кыжырданып, «балык болуп» алардан алыс сүзүп кеткиси келип жаткан баланын шашпай жомок айтар чактысы болбогон сыяктуу, бул эпизоддун да чыгарманын акырында орду жок. Бул жомоктун орду – балык болуп сүзүп кетүүнү көксөп жүргөн Баланын тилеги шарттуу-кыялый формада алгач «ишке ашкан» учурга туташ айтылганда гана жөндүү болмок. Ал эми жомоктун сюжеттик өнүгүштүн этаптарында (окуянын чиелениши, өөрчүшү, кульминация же чечилиште) ээлеген ордуна, башкача айтканда, жомок киргизилген учурдан тартып окуялардын андан аркы өнүгүшү менен мезгил-мейкиндик катыштарына байланыштуу дагы башка көптөгөн мозаикалык сүрөттөр, маанилик үндөшүүлөр келип чыгат.

Ошентип, Бала орозкулдардын жана орозкулчулуктун чөйрөсүндө жашагысы келбей (сыйбай) кеңирсиген кең Ысык-Көлгө, Ак кемесине сүзүп кетти. Ал бул ишти Касиеттүү Бугу-Эненин ыйыктыгына болгон өз ишенимин таза сактап калуу үчүн жана Орозкул, Момун, өгөй таенелерди ыйык ишенимге шек келтирип, Бугу-Энени аткандыктары үчүн өкүнтүп жазалаш үчүн жасады. А бул деген түшүнгөнгө: «Эй, койчуман, уктаба! Мен көк бөрү, коюңа кол салганы баратам» деп, ичинде отуруп алып бөрүгө бөрүлүктүн күнүн көрсөтпөй азапка салган Чыпалак баланын жоругуна тете иш.

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз