Вадим Кожиновдун Евгений Евтушенконун бийликке болгон кошоматчылыгы жөнүндө жазгандарынан

(«Россия. Век XX» аттуу эки томдугунан)

... 1945-жылдагы жеңишинен соң Сталинге сыйынуу арааны ашкере ачылып, жетер жерине жеткени айтылды. Анын залакасы турмуштун калың катмарына, анын ичинен адабиятка да катуу тийди. Зоболого ашкере бүгүлүп-жагынуу адабият астанасын жаңыдан аттагандардын да аң-сезимин уулап, жүрүм-турумун бийлей баштаганы жаман болду.Анын айкын мисалы – аты-жөнүн элге ашкере таанытууга жетишкен Евгений Евтушенко.

Анын жазгандарын поэзиянын маанилүү кубулушу катары кароого арзыбаса да, дал ошол популярдуулугу Евтушенкону 1950–1970-жылдар тарыхындагы олуттуу кубулушка айлантты (ага баа берүү, албетте, башка маселе). Кечээ жакында Станислав Куняевдин «Эскерүүлөр жана ой-жүгүртүүлөр» китебинен Евтушенкого арналган бөлүмү жарыяланды («Наш современник», №5,1999). Мен анын айткан пикиринин бардыгына кошулам, ошолеле учурда тарыхый-объективдүү көз караштан алганда Евтушенко «Сталин зоболосу курмандыгынын» өзгөчө түрү экендигин кошумчалай кетким келет. Анын адамдык нарк-насили жазган чыгармаларынын көп жактарын жарык кылганы менен кара башын «актоого» эч кандай аралжы болалбасын төмөндө айкындайбыз.

Станислав Куняев Сталинди эпсиз мактап, даңктаган Евтушенконун ыр саптарын келтириптир, ал «жандүйнөсү» менен берилип ырдаганы үчүн жалпы хордон кантип айырмаланып, 1952-жылы чыккан жупкадай китеби менен эле кантип СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө ошол кездеги эреже боюнча «кандидаттыгынан» аттап өткөнүн, он класс бүтүргөн аттестаты жок туруп Дүйнөлүк Адабият институтуна киргенин (тарыхта жок окуя!) жазыптыр. Ошентсе да Евтушенконун Сталинге арналган «ыймандай ички сырынан» бир жулма келтире кетпесек болбойт (Станислав Куняев келтирген башка ырларын да карап багыңыз):

...Уйкусуз узун түндө, жыңсыз түндө
Ойлойт ал бүт өлкөнү, тынчтык күндү
Ойлойт ал мен жөнүндө.
Терезеге келет да таңды карап
Жылмайып мээрим төгөт.
Мен болсом таттуу уйкуда
Эң сонун түштөр көрөм.
 

Ошентип биз «эң сонун түш» үчүн да жол башчыга милдеткербиз! Азыр болсо Евтушенко минтип «актанат»: «...ырларды кантип өткөрүүнүн (башкача айтканда, 1949–1952-жылдары басмага кантип жарыялоонун. – В.К.) ыгын эң жакшы өздөштүрүп алдым: сөзсүз Сталин тууралуу сап кошуу керек экен» (Е.Евтушенко. Волчий паспорт. М., 1998, 73-б.). Бул Кудайды карабаган карандай калп[1]. Эсеби маселен, ырлары Евтушенко менен бир учурда дегидей 1948-жылы жарыялана баштаган чыныгы акын Владимир Соколовдун Сталин тууралуу бир дагы сабы жок. Жоктугу анын «антисталинист» болуп кеткендигинен эмес, тек, чыгармачылык «жетишкендикке» эч тиешеси жок «ийгиликке» ийилгиси келбегендигинен. Ушул жерден өзүмдүн адабий жолумду айта кетсем да ыңгайы келип туру: басма сөзгө 1946-жылдан бери жарыяланып келатам, бирок көзү тирүүсүндө Сталинди бир да жолу эскербегем. Ал мезгилде жол башчыга аябай «каршыгып» алгандыгыман эмес, тек аны даңктоону негедир арзыбас иш санагандыгымдан...

Евтушенко Сталинди «эбедейи эзилип» мактап атып, албетте, бул эч кандай чыгармачылык мээнет кылып, тер төкпөй «атакка» жетип, оозго алынуунун эң жеңил жолу экендигин аңдабай калды дейсизби, аңдаганынан ошол замат «акыбети» кайтып, «жаш акындардын анабашы» аталып, ошол кездин адабиятынын «азуулуулары» менен «тең аталаштай» сүйлөп калды. Айталы, 1953-жылдын январында Маяковскийге арналган эң маанилүү деген талкууда өз муунунан жалгыз Евтушенкого сөз берилди, гезиттерге ырлары ал кездеги «чоң акын» (албетте, официалдуу мамиледен алганда) дегендер менен бир катар чыга баштады ж.б.у.с. Ошолеле учурда Адабият институтуна «законсуз» (аттестатсыз) өткөнү аз келгенсип, аны окубай таштап салды, анткени өзүн «чоң акын» санап алды.

Мен Евтушенкону «Сталин зоболосунун курмандыгы» деп атканым ошондон: дүңгүрөгөн «атакка» жеңил жетүүнүн жолун Евтушенкого ошол зоболо даңгырата жол чаап берди. Бул, кайталап айтам, Евтушенкону «актоого» кымындай да аралжы болбойт, анткени андай «жолду» ар бир адам өзүнө жараша тандап алат.

Көптөгөн чыныгы акындар Евтушенкого чейин эле Сталинди мактап ырдаган. Мисалы, 1935-жылы Пастернак (баса, орус акындарынын ичинен биринчи), 1945-жылы Исаковский, 1949-жылы Твардовский дечүлөр чыгар. Арийне, алар менен Евтушенконун ортосунда асман менен жердей айырма бар. Эсеби маселен, алар Сталинди мактаганга чейин эле чыгармачылыгы аркылуу калкка таанылып, кадыресе чыныгы кадыр-барк күтүп калган. Ал эми эчтеке жараталек акындын жол башчыны мактап «бешиктен бели чыгышы» башка кеп: ооздун андай «шекери» чыныгы чыгармачылыкка апарар жолду кыйындатты же таптакыр бөгөп салды.

Твардовский Сталиндин «бети ачылгандан» кийин да куугун-сүргүн көрөм деп коркпой-үркпөй ошол ишенимин поэзиясында бекемдеген. Бул жаатынан караганда, кийин «жалт деп кайра туулуп» бир заматта Сталиндин «бетин ачкыч» болуп чыгышы Евтушенконун киши сыягына да шек келтирет. Не дегенде, бир кезде Сталинди мактоо сыяктуу эле кийин «бетин ачуу» да пайда өндүрөөр өнөктүккө айланды (баса, Владимир Соколов андай «пайдага» дегеле кызыкпады). Экинчиден, кечээ өзүнүн башын «көккө жеткирген» ийгиликке какырып-түкүрүп, жаңы ийгиликти камсыз кылуунун өзү жеткен пастык! Бүгүн Евтушенко «антисталиндик ырсымактары» (аныктама ташка тамга баскандай, көркөм дөөлөт чен-өлчөмүнөн караганда, алар санда жок бирдеме) Хрущевдун өзүнүн көрсөтмөсү менен КПСС БКнын баш органы «Правдага» жарыяланганын айтып, чечекейи чеч болот. Оңой олжого туйтунуунун кыныгын ушунчалык алгандыктан, антип мактануу береле калганда адепсиздик экендигин этибар алгысы келбейт. Айрыкча ошолеле мемуар чыгармасында: «...мен «Сталиндин мурасчыларын» жазып, цензурадан алда-жалда менен араң өткөрдүм» (9-б.) – деп каратып туруп карандай калпты ышкыртканда жаныңдан түңүлөсүң.

Бул эми аюуга көчүгүн такап, түлкүнү жеңдим деп төш каккан коёнду элестетпегенде, эмнени эске түшүрөт? Менин азыркы айта турганым, мүмкүн, акылга жукпастай туюлар. Арийне, Евтушенко 1962-жылы, башкача айтканда, КПССтин XXII съезди Сталинди «көргө чаап» бүткөндө «антисталиндик» ырсымактарды жазууда эмес, 1953-жылдын январь-февралынын экинчи жарымында «канкор врачтар» тууралуу ыр чүргөөдө «батылдык» кылган деп ойлоого негиз бар. Ал азыр аны: «Мен... бир тууган жолдош Сталинди врачтар уулап өлтүрүүгө аракет кылды дегенге ишенип алып, бул ырларды жазгам» (434-б.) – деп бир чети эрдемсип, бир чети шылдың кылгансып эскерет; ошол эле учурда жакшы ылым санашкандары аны басмага бердиртпей койгонун айтат. Аны айтуу менен Евтушенко, албетте, өткөнгө катуу «өкүнгөн» өзүнүн чынчылдыгын көрсөтүп короздонгусу келет. Арийне, ал фактынын төркүнү профессионал адабият чөйрөсүндө ошол замат, 1953-жылы эле маалым болгон. Иш жүзүндө Евтушенко ал чыгармаларын басмага берип, редакторлор негедир баспай койгон. 5-мартта болсо Сталин өлүп, 4-апрелде врачтардын акталганы жарыяланган... Не дегенде, Кремлдин «канкор врачтары» тууралуу басма сөз жарыясынан (13-январь, 1953-жыл) соң Москвада атмосфера аябагандай оор, түшүнүксүз болуп (ал менин али эсимде бар), басма сөз кызматкерлери кесе чапмай бүтүмдөн кадимкидей жалтайлай түшкөн. Евтушенконун чыгармаларында дал ошол кесе чабуунун кесепети арбын эле, эсеби маселен, Кремль врачтары тууралуу: – Мейли, Горькийди башкалар өлтүрдү дейли, бирок ушулар өлтүргөн сыяктанат, – деп айтылат. Б.а., автордун логикасы боюнча канкор врачтар он жети жылдан бери колун «канга малып», жазаланбай келген экен!..

... 1953-жылдагы жалпы саясый кырдаал 1962-жылга салыштырмалуу аябайле «сүрдүү» болгондугу айтпаса да түшүнүктүү. Андыктан кайталап айтам, сөөгү ага чейин эле, 1961-жылы Мавзолейден алып ыргытылган Сталинге каршы ыр чүргөгөнгө караганда, «канкор врачтар» тууралуу ыр чүргөп, Евтушенко өз деңгээлинде тобокелчиликке бел байлап, эрдикке тете иш жасаган. Ырас, 1953-жылдагы саясый конъюнктура тууралуу түшүнүгү чектелүүлүгүнө байланыштуу Евтушенконун «тобокелчилиги» «тоо ашырган»; ал эми 1962-жылы андай тобокелчилдикке өлсө да бармак эмес... 1953-жылдан көп жыл өткөндөн кийин мен Адабиятчылар үйүнүн кафесинде Евтушенконун эң жакын жолдошторунун бири Евгений Винокуров менен бир үстөлдө отуруп калдым.

... Ал бир топ кызып калган экен, анын үстүнө абалкы ашынасына ичкүптүсү барбы, айтор, врач-ууланткычтар жөнүндөгү ырларды 1953-жылдын башында эле баспаганга өкүнүп калды.

– Сталин бир аз жашай туруп, врачтар тууралуу ырлар басылып кеткенде Евтушенко дегендин аты тургай, жыты да жок болмок! – деди Винокуров ичи ачышкансып. Анда кыязы, акыйкат үлүшү арбын...

Камгактай жеңил ийгиликтерге калдыркан көпөлөктөй конуп көнгөн Евтушенко бетке айгак, көзгө көйгөк далилдерге караганда, 1960-жылдын башынан эрте болсо эрте, эзели кеч эмес КГБ менен тыкыс байланышта болуп, мүмкүн кайсы бир учурга чейин өзү көп аңдай бербей «таасир этүү агентчилиги» ролун ойноп келгенин эске албай коюуга болбойт. Мамлекет коопсуздугу (МК) генерал-лейтенанты П.А.Судоплатов 1990-жылдагы эскерүүлөрүндө 1962-жылы анын таанышы, МК подполковниги Рябов «Евгений Евтушенконун популярдуулугун, байланышы, тааныштары көптүгүн оперативдүү максатка жана сырткы саясат пропагандасына пайдаланууну» чечип, көп өтпөйле Евтушенко «Рябовдун коштоосу менен Финляндияда өтүп аткан Бүтдүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалына» жөнөтүлгөнүн жазат (П.Судоплатов. Спецоперации. Лубянка и Кремль, 1930–1950 годы. М., 1997, 80-б.). Андыктан Евтушенконун «дүйнөнүн 94 (!) өлкөсүндө болдум» деп төш какканына анчалык таңыркабай койсок деле болот. Анын замандаштарынын бири да бул жаатынан ага атаандаша албайт, анткени «перестройкага» чейин чет мамлекетке кимди чыгарып, кимди чыгарбашты жалгыз КГБ чеччү...

Хельсинки фестивалында (28-июль – 6-август, 1962-жыл) мындай бир кейиштүү окуя болгонун айта кетели: ал кезде жарыяланган кабарга караганда, совет-финн согушунда каза болгондордун укум-тукумунанбы, айтор, кандайдыр бир финн жаштары СССР делегациясы түшкөн автобусту ташка алышат. Евтушенко Москвага буту түшөр замат ал тууралуу «Чимкириги куюлган фашизм» деген ыр жазып, жарыялады. Адабиятчылар үйүнөн ага жолугуп калып, антип жазыш уят экендигин айтып, Твардовский ал согушту «даңксыз», б.а., даңктоого болбой турган согуш атаганын эсине салгам... Албетте, анымдан эч натыйжа чыккан жок. Көптөрдөн кабары кең публицист Рой Медведев 1993-жылы: «Акын Евтушенконун чет мамлекеттерге эсепсиз көп чыгышына Андропов (1967–1982-жылдагы КГБ төрагасы – В.К.) жардам берди. Акын КГБ шефинин түз телефонун алып, зарылчылыгы чыгар замат телефон чалуу уруксатына ээ болду. Евтушенко 1968-жылы эле Чехославакияга советтик армиянын киргизилишине кескин каршы чыккан билдирүү жолдогон...

Ал окуя 1974-жылы да кайталанып, А.И.Солженицындын СССРден чыгарылышына Евтушенко ачыктан-ачык каршы чыкты... Эки жолу тең абалы Андроповго телефон чалганын Евтушенко өзү моюнга алды» (Р.Медведев. Генсек с Лубянки (Полит.биография Ю.В.Андропова). М., 1993, 80-б.) Башкача айтканда, Евтушенко КГБ макулдугу менен гана «баатырдык», «батылдык» көрсөтүп келген. КГБ максаты болсо СССРде сөз эркиндиги бардыгына дүйнөнү ишендирүү эле (мына, Евтушенко нааразычылыгын ачык билдирип атат, ага эч кандай басым-кысым, куугун-сүргүн болгон жок, баштагыдайле дүйнөнү чарк айланып саякаттап жүрөт)[2].

Албетте, андай фактылардын сыры көп мезгилден кийин ачылды, арийне, 1960-жылдары деле аны боолголосо болмок. 1965-жылы мен азыркы поэзия тууралуу талкууга катышкам. Анын стенограммасы 1966-жылдын башында, тилекке каршы, отолуп-буталып жарыяланды. Алардын ичинен менин Евтушенко тигил же бул сынга көп кабылганы менен бир кезде Сталиндики болгондой эле «Хрущев режиминин официалдуу булбулу» деген пикирим кыскарып кетиптир. Ал залдан мени «мат» кылуу максатында:

– Анда Николай Грибачев деген ким? – деген суроо залдан чыккан.

Ал автор азыркынын тили менен айтканда, ашынган «бийликчил» адам эле. Мен айттым:

– Кыязы, ал киши азыркы режимге каршы сыяктанат.

Жарыяланган текстте ал пикирим кандайдыр бир каңкуу (бирок апачык) иретинде калыптыр. «Ырларында кандайдыр бир калпыс «каталыктар» бар маанисинде Евтушенко жана анын жан-жөкөрлөрүнө ойдон чыгарылып тагылган айыпты адабият тарыхы четке кагарына ишенем. Алар элүүнчү жылдын экинчи жарымы – алтымышынчы жылдын биринчи жарымы эмнени талап кылса, ошону чагылдырды» (Поэты и стихотворцы, «Вопросы литературы», 1966, №3, 35-б.) дегем. Айтайын дегеним: Е.Евтушенко сыяктуу акындар бийлик эмнени талап кылса ошону чагылдырды. Ошентип өз муунунан В.Соколов, Н.Рубцов, А.Передреев кирген «олуттуу», башкача айтканда, чыныгы поэзиядан ат чабым алыс «жеңил поэзиянын» өкүлү катары гана калды.

Жогоруда Евтушенконун азыркы мемуарлары карандай калпка толгонун айттык. Ал айрымдарга, балким, аша чапкандык катары туюлар. Арийне, андай «өкүмдүн» тууралыгына ынануу үчүн мемуарларын кайсыдыр бир документтер менен салыштыруу убаракерчилиги деле талап кылынбайт. Аны мемуарлардын өзүле «мен мындамын» деп айкындап турат. Айталы, Евтушенко 1968-жылдын августунда советтик аскер күчүн Чехославакияга киргизүүгө каршы билдирүү жолдоор замат (ал каршылык КГБ төрагасы Андроповдун уруксаты менен көрсөтүлгөнүн жогоруда айттык) терилип, басууга даяр турган китебимди «чачып жиберишти», «мени камайт» деген ишенимде жашап калдым, – деп жазат (301-б.). Ошолеле учурда ал айтканын «унутуп калып», ошолеле китебинде көп узабай Бирмага (246-б.), анан Чилиге (364-б.) барганына (94 өлкөгө койгон «рекордуна» жакындаганына) корстон болот.

Сөздү башталган нукка бурсак, Евтушенко «жеңил» ийгиликке жетеленип, «чыгармачылык жүрүм-турумду» сактай алган жок же сактагысы келбеди; анысы мурда Сталинди айга-күнгө жеткире мактаганынан да, кийин жерден алып көргө ура жамандаганынан да даана чагылды. Баса, экинчиси ошол биринчисинен оргуп чыкты: бир жолу жеңил ийгиликке эптеп жетип алган Евтушенко экинчи жолкусунда да напсисин агытып, такаат кылалган жок... Ал ыкыбалды, албетте, өзү тандап алды деңизчи, арийне, жеңил жолдун азгырыгы «зоболого сыйынууга» байланыштуу болду, андыктан белгилүү көз карашта аны «курмандык» деп койсо болот. Ал эми жаш кезинен тандаган «жолу» КГБ менен кийинки кызматташтыкка апармак...

P.S. Бул макала кыйла мурда жазылса да биздин кай бир калемгерибизге, жалпы эле бийликчилерге сабак болор деген ниетте жарыялоону туура көрдүк.

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ, Жаңы Ала-Тоо 2011. №8

[1] Мен 1998-жылы жарык көргөн, көз көрүнөө калпы менен көңдөй түркөйлүгү жуурулушкан «Волчий паспорт» деген китебине кайрылып атам. Аны бүтүндөй айтып берүү үчүн ошондой көлөмдөгү китеп (б.а., 600 бетке жакын) жазууга туура келер эле. Бир эле мисал келтирейин. Евтушенко атактуу «Иван Денисевичтин бир күнүнүн» авторун: «Солженицын ошол кездеги (б.а., 1940-жылдардагы) лагерлер нык толгон либерал-интеллигентти каарман кылып албайт» – деп кекээрлейт. Арийне, такталган маалымат боюнча 1940-жылдары жогорку билимдүүлөр жалпы лагерде камалгандардын 2 гана процентин түзчү (к.: «Социологические исследования», 1991, №6,18-б.). Ал мезгилде жогорку билимдүүлөр өлкөдөгү жалпы калктын 1 процентин түзгөнүн эске алсак, бул албетте, аз эмес. Арийне, лагерлер интеллигенттерге «нык» толуп чыккан, б.а., камактагылардын дээрлик көпчүлүгүн түзгөн деп айтыш, бери калганда, билимсиз түркөйлүктү билгизет. Албетте, Евтушенко аны кандайдыр бир өзүнө белгилүү цифрага таянып айткан жок, тек «либералдардын» жалган жоромолун тоту куштай кайталоодо.

[2] 1960-жылдын башында эле подполковник Рябов Евтушенкону «сырткы саясат пропагандасына пайдаланууну» чечкендиги тууралуу генерал-лейтенант Судоплатовдун айтканын абайлаңыз, демек, андай вазипаны кийин армия генералы Андропов аркалап калган.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз