Бекжан Курманбеков: Илимге арналган өмүр

  • 19.12.2020
  • 3224

“Илим сенин - акылыңды арттырат,
Жарык дүйнө түркүн сырын жат кылат.
Илим менен кырсык, кемтик түзөлөт,
Билим менен – эл кыйыры бүтөлөт”.     

Жусуп Баласагын

2018-жылдын кыш мезгили, тагыраагы, январь айы, мындан туура бир апта мурун кышкы окуу семестри бүтүп, борбордон кичи мекеним Таласка келген элем. Эми минтип, убакыт зымырык куштай учуп, кайра окууга жөнөп олтурам.

Бүгүн таңга жуук аба ырайы мемирей түштү эле, кыштын ызгаар суугу чочуп ойгонуп кеттиби, айтор, көп узабай аба ырайы кескин өзгөрдү да калды. Аңгыча болбой кыштын көркү аппак кар, муздак шамалдын ыргагында термелип жаап кирди. Кыязы, жакында токточудай эмес. Ал аз келгенсип боз туман кайдан жайдан келе калды. «Мындай болорун билгенде кечээ жолго чыксам дурус болмок экен. Кантсе да, күн ачык эмес беле» – деп адатымча өзүмдү өзүм жемелей баштадым. Анткенимдин да жөнү бар, жол азабы көр азабы эмеспи. Анын үстүнө кыштын күнү шаарга чейин алты-жети саат жол жүрүүгө туура келет. Айла канча, эртең окуу башталганы турат, андыктан жанымды тобокелге салып, таксиге олтурдум. Айдоочу байке жаш курагы кыркты ашкан, орто бойлуу арык чырай, өңү саргыл анан да сакалчан экен. Кыязы, молдоке окшойт. Анын жанында алдыңкы орунтукта жаш сулууча келген кыз олтурат. Ал эми арткы орунтукта, тагыраагы менин оң тарабымда өзүнө жарашыктуу кийинген, ак жуумалынан келген жаш курагы жетимиш бештерди таяган ак сакал, сол жагымда болсо эмчектеги баласы менен бир жаш келин бар.

Машинанын ичи тымтырс анан да муздак. Ким менен кобурашып сүйлөшүүнү билбей, учугу үзүлбөгөн күнүмдүк ойлорумдун кучагында баратам. Чындыгында, кийинки күндөрү өзүмдү жоготуп, таппай жүргөн сыяктуумун. Азыркы тапта окууга табитим тартпай, борборго айла жоктон кетип жатканымды өзүмдөн башка эч ким билбейт. Айылга келсем: «Окууларың жакшыбы? Студент болгон кандай экен? Окуу жайда эмнелерди окуйсуңар?» - деген суроолордун ордуна, «Кийин ким болуп чыгасың? Диплому ишке жарайт бекен? Келечекте бул кесибиң менен канча айлык аласың?» жана ушул сыяктуу суроолор, жалындаган үмүттөрүмдү өчүрүп, окууга болгон мамилемдин салкындашына жетелеп жаткандай. Ошондон уламбы, айтор, окууну ушундайында таштап, досторум сыяктуу Орусияга барып иштесемби деген ойлор келип, башым маң турган кезим. Ооба, бул тажатма ойлорду мага кимдер таңуулап жатканын да жакшы билем...

Жогорку окуу жайга өтүп, студент болгонумда абдан сүйүнгөн элем. Ошол кубанычым жерге батпай, сүйүнүп жаткан кезде, азыркыдай диплом үчүн гана окуп калган абалга келеримди билсем, балким, илим жолуна аттанбасам керек эле. Себеби, бүгүнкү коомдун илимге болгон мамилеси окууга болгон кызыгуумду солгундатып, балалыктын аруу сезимдеринен куралган улуу максаттарымдын таш талканын чыгарууда.

Чындыгында, кийинки күндөрү тамыры тереӊге кеткен ойлордун, суроолордун курчоосунда жашап калдым. Мен кичинемде ким болгум келчү эле? Азыр киммин? Ушул нукта жүрүп олтурсам, эртеӊ кандай адам болом? Азыркы абалымда кичинекей бөбөктөрүмө кандай кеңеш бере алам? Коомдун берген таасири мени кайсыл туңгуюкка түртүп жатат? Ата-энемдин, мугалимдеримдин берген тарбиясы коомдун алдында алсыз болуп калабы? Мына, азыр да адатымча тажатма, кайталанма ойлорго сүӊгүп бараткандаймын. Сыртка баш багып карасам, Суусамыр жайлоосунда бараткан экенбиз. Терең ойлонуп кеткенде анча-мынча саптарды курап ыр жазып койчу элем, азыр да оюма ыр саптары биринин артынан бири чубалып келе калды. Дароо калемимди алдым да, келе калган саптарды жаза салдым.

 Кайдан жайдан эсиме кире калып,
 Каптап алат кетирген каталыктар.
 Жылмаюунун бет кабын кийген менен,
 Көмүскөдө жашынган капалык бар…

Калем кармап ыр жазып жатканымдан улам билдиби, айтор:

 - Балам, студентсиңби? - деп жанымда олтурган ак сакал сурап калды.

 - Ооба, - деп кыска гана жооп бердим.

 - Кайсы окуу жайда окуйсуң?

   Карыя киши окуу жайымдын атын айтсам кайдан билмек эле деген ойдо,

-  Борбордогу эң жакшы окуу жайда, - деп күлүп жооп бердим.

 - Аа балам, эң жакшы жерде окуганың жакшы экен, бирок окуу жайдын жакшысы же жаманы анчалык деле мааниге ээ болбосо керек. Эгерде студент, окуп жаткан окуу жайдан өзүн эң жакшы деӊгээлде өнүктүрө алса, ошол маанилүү го, - деп жылмайып койду. Ушул тапта өзүмдү ыңгайсыз сезип, кадимкиче уялып кеттим. - Кана балам айтчы, суунун астында жаткан адам эң көп эмнеге муктаж?- мени сынамакка суроо узатты. Мен дагы эч ойлонбой:

 - Албетте, дем алуу үчүн абага муктаж, – дедим.

 - Ооба, туура айтасың. Демек, адам, суу астында жүргөндө абага кандай муктаж болсо, студенттин да илим-билимге ошондой муктаждыгы бар го деп ойлойм. Бекеринен элибизде: «Билимдүү билгенин иштейт, билбеген бармагын тиштейт» - деп айтылбаса керек. Сен студент болсоң, демек, илимдин кенин казышың керек. Качан илим үчүн окуп, өзүңдү ар тараптан өнүктүргөнүңдө гана келечектеги максаттарыңды оңой олтоң багындырасың, – деп далымдан таптап койду. 

 - Ооба ата, сөзүңүздө калет жок. Бирок азыр замандын талабы башка болуп жатпайбы. Азыркы тапта акча бардык эшиктин ачкычы болуп калбадыбы. Эми атка учкашып алган соӊ, эптеп окуп, эл катары диплом алып койсом, чет жакка досторум сыяктуу иштегени кетсемби деп турам. Айтор, азырынча так деле беттеген максатым жок, – дедим да, жүзүмдү жашырмакка  Суусамырдын ак кар баскан тоолоруна көз жүгүртө кеттим.  

   Жообума канааттанбагандай мени карап:

 - Илим үчүн эмес, бүгүнкү күндө маанисин жоготкон диплом үчүн окуган, жанагы көпчүлүктүн бирөөсү турбайсыңбы, – деди да, өӊү кубарып, ордунан бир аз козголуп, терезени карап ойлоно кетти. «Ушуну угат белем» – деп үн-сөзсүз олтуруп калдым. Капа болгонумду байкадыбы, аӊгыча колумдан кармап: - Кана балам, айтчы,  сага керек болгон акчаны таап берсем, мени менен жаш курагыңды алмашасыңбы? Албетте, жо-ок, себеби убакытты жана өмүрдү акчага сатып алуу болбойт. Көрсө, чыныгы баалуулук көпчүлүк ойлогон акча эмес, сен азыр баркын билбей жаткан өмүрдүн дал өзү экен да. Балам, дүнүйө дегендин уяты жок… бүгүн сеники, эртең башканыкы, кен түгөнөт, кенч түгөнбөйт, андыктан эсиң барда акыл кенчиңди казып, окуп билим алганың жөндүү нерсе.

Бүгүнкү күндө акчасы жок адамдардан максаты жоктор көбөйүп кеткен өӊдүү. Тилекке каршы, алардын арасында сен дагы бар экенсиң. Сенин минтип максатсыз өмүр сүргөнүӊ дүйнөдөгү миллиондогон максатсыз жүргөн адамдардын катарын толуктап жатканынан кабар берет. Албетте, мындан чоң коркунучту күтүүгө болот. Ошондуктан келечектеги негизги максаттарыңды аныктап, ошого карай кадам шилтеп, талыкпас эмгек кылууӊ  керек. Алыска чуркаган адамдын чарчашы толук мүмкүн, бирок максаты үчүн чуркаган адам эч качан чарчабайт. Ушуну билишиң керек, максатсыз эч бир ийгилик жаралбайт, балам, - деди да, машинанын бууланган терезесин сүртүп, чокусу көк тиреген тоолорго көзүн бура кетти.

«Жанымда олтурган ак сакал жашы бир топко барып калса да илим-билимге маани берип жатканы – жөн жерден эмес болуп жүрбөсүн. Балким кокусунан бир таксиге түшүп калганыбыз кокусунан эместир. Кызык… өмүр жолу кандай болду экен? Мага өзү тууралуу кеп козгоп берсе, балким, сабак болор» деген ой менен:

 - Ата, узун жолду кыскартып, сөз учугун өмүр таржымалыңыз туурасына буруп, кеп козгоп бербейсизби. Бизге да балким, турмуш сабагы болуп калар, – дедим.

Таң калычтуусу, мен ойлогондой адам болуп чыкты.

– Айтса айтып берейин, – деп узун кепке кирди. - Мен кадимки карапайым чабандын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Бул жарыкка келген күндөн тарта, өмүр жолум башкача өң-түстөр менен башталыптыр. Ал мезгилде азыркыдай өнүккөн медицина, өнүккөн заман жок, жумурай журттун көбү сабатсыздыктын сазында жашагандыгына байланыштуу төрөлгөн күнү энемден ажырап, эне мээримин көрбөй, эне жытын билбей чоңойдум. Ошентип жалгыз атам адам санына кошуп, ата ордуна, ата эне ордуна эне болуп, эч нерседен кем кылбай өстүрдү. Атам энемден ажырап калганына сабатсыздыкты, илимсиздикти күнөөлөп: «Мен билимсиз болгонум жетиштүү, уулум билимдүү болушу керек»- деп өзү караңгы киши болсо да эмнегедир илим-билимди баалуулук катары көрүп, мени кичинемден жакшы окушума түрткү болду. Дайыма колдоо көрсөтүп, менин мектептеги ийгиликтерим менен сыймыктанар эле. Ошентип айылдык мектепти бүтүп, Фрунзеге келип, доктурдун окуусуна окуп калдым. Окуумду бүтөрүмө бир жыл калганда айылдан атаң ооруп жатат деген кабар келди. Айылга келсем атамдын абалы оорлошуп кетиптир. Туугандардын айтуусу боюнча, атам кургак учук оорусуна чалдыгыптыр. Көрсө, байкуш атам апамды жоктоп, малын кайтарып жүрүп, чылымды оозунан түшүрбөй, ден-соолугун карабай, акыры өпкө дартына чалдыккан экен. Ошентип доктурдун окуусун окуп жүрүп, атамды сактап, сакайта албай жатканыма ичим күйүп, чабалдыгымды байкап, өзүмдү өзүм жек көрүп турдум. Медицина жаатында да жарытарлык эч нерсе билбегенимди түшүндүм. Ошол тапта өзүмө канааттанбай окууну таштап, айылда эле мал багып, дыйканчылык кылууну туура көрүп жаттым. Бирок атамдын өлүм төшөгүндө, айткан керээз сөзү алсыз ойлорумдун таш талканын чыгарып, кайрадан жаралышыма себеп болду. Атамдын дартынын алдында алсыз экениме кайгырып турганымды байкаган атам: «Балам, илимсиз караңгылыктын айынан энеңди да эрте жөнөттүк. Мына, мен дагы азыр ошол сапарга аттанып жатам, – деди да, менин көз жаш толгон көздөрүмө карап: «Уулум, караңгыны жарык гана жоё алат. Илим ошол жарык сыяктуу. Жарык үчүн ар дайым төлөп тургандай эле илим үчүн да өмүрүңдү арнап өзүңдөн кийинки адамдарга жакшы бир чыйыр жол салышың керек. Илимге өзүңдү бербесең натыйжа болбойт. Ар бир адам оңой иштерди жасай алат, маанилүүсү кыйын иштерди жасашың керек, - деп мени карап жылмайып койду. Арадан көп узабай атам да акка моюн сунду. Ошентип атамды көз алдымда оо дүйнөгө узаттым. Жакында үйлөнөм деген тилегим бар эле. Эми болсо үйлөнүүгө убакыт жок дедим. Фрунзеге келип, билекти башкача түрүнүп, илимге баш отум менен кирдим, катардагы дарыгер болбош үчүн дагы көп илим алуум керектигин түшүндүм. Аары деле бир топ гүлдөн азыктанып келип бал топтойт эмеспи. Ошентип, Москвада, Германияда, кийин Англияга чейин барып, адам анатомиясы, адам антропологиясы, философия, психология жаатында билим алып келдим. Алтынды издегендер көп казып аз алышкан сыяктуу, илимдин каймактарын алуу үчүн көп изилденип окууга туура келди. Студенттик күндөрүмдө китепканаларга элден биринчи кирип, соңунда чыгууну адатка айланттым. Көп тилди өздөштүрдүм. Мени күтүп турган кыйынчылыктарды жеңип, акыры өз киндигимди өзүм кестим.

Ойлоп көрсөм, атам каза болгонго чейин диплом үчүн окуп, көп нерсени сокур түрдө кабыл алып жүрүптүрмүн. Ошентип кийин Москванын ооруканаларынын биринде хирург болуп эмгек жолун баштадым. Атамдын керээзин аткарып илим үчүн окуп, көп оруулардын себептерин, дарылоо жолдорун таптым. Өз атамды өлүмдөн сактай албасам да, кийин башкалардын аталарын, жакындарын өлүмдөн сактаганга жетиштим. Мен атама ыраазымын. Өзү тоодо өскөн караңгы киши болсо да илим-билимге терең маани берип, жалгыз бала болгонума карабастан окутту, мен үчүн жашады. Мен болсо илим жолунда жүрүп, пайдадан башка эч нерсе алган жокмун, -деп сөзүн токтотуп терең ойлоно кетти.

 - Демек, сиз илим үчүн окуган экенсиз да, – деп алдыда олтурган кыз таң калгандай суроо менен кайрылды.

- Ооба, илим үчүн окудум, илим жолунда жашап келатам. Бирок көптү билем дегенден алысмын. Жаш курагым сексенди чамаласа да билгенимден билбегеним али көп. Билбегендеримди бутумдун астына койсом, балким, башым асманга тиер, – деп күлүп койду.

Чындап эле ак сакалдын кебинде чындыктын пайы бар дедим. Анткени, мектепте окуп жүргөнүмдө Исаак Ньютондун «Илим деңиз болсо, мен ал деңиздин жээгинде кумга ойноп жаткан баламын» дегенин окуган элем. Аңгыча айдоочу сөзгө аралашып:

 - Анда биз билбегендерибизди бутубуздун астына койсок, башыбыз асмандын жетинчи кабатына жетет экен да, ха-ха-ха, - деп баарыбызды күлдүрдү. Ортодо бир аз тыным алган соң,

 - Ата, айтыңызчы бүгүнкү күндө коомдун илимге болгон мамилеси кандай?- деп түйшөлдүрүп келаткан суроомду бердим.

 - Тилекке каршы, азыркы күндө илим үчүн окугандарды табуу караңгы бөлмөдөн кара мышыкты кармаганга барабар болуп калбадыбы, – деп кыска гана жооп берди. Мен дагы улантса экен деп кулак түрүп, кадимкиче күтүп калдым. Ак сакал мени карап жылмайды да, бир саамга ойлонуп, кабагын бүркөп:

 - Бүгүнкү күндө адамдар алгач өздөрүнө, андан соң жаратылышка жана айланасындагы адамдарга бөтөндөштү. Бул илимдин өнүгүүсүн туура эмес нукта пайдалануу дегенди билдирет. Азыркы тапта адам өз колу менен жараткан цивилизацияга өзү көз каранды, модерн дүйнө сунуштаган нерселерден баш тарта албай калганы, айныбас акыйкат эмей эмне? Тээ байыртан илим менен адам тыгыз байланышта жашап келгени ырас. Адам таң калуунун, кызыгуунун жардамы менен илимдин зоболосун көтөргөн.

Ошол эле учурда адамды тээ байыркы доордон бери сактап келген күч, бул – илим. Илим жарала электе адамдар кандай эле? Айбандан эмне айырмасы бар эле? Адамды адам кылып, жырткычтардан, туруксуз аба ырайынан сактап келген илим эмеспи. Илимсиз адамзаттын жашоо образынын пайдубалы кумдан курулган курулуштай болуп калары ырас. Бирок бүгүнкү күндө илимди өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп, «Өлбө жаным өлбө, жамандыкты көрбө» - деп, өз арыгын чаап жаткандар санасаң четинен чыгат. Ошондон уламбы, айтор адамдар жатыркап бараткан сыяктуу. Суунун нугун кайсыл жакка бурсаң ошол жакка агат. Демек, илим нугун да оң жакка буруп, илим чөйрөсүндө кызганычка орун берилбесе илим өнүгүп, адамзатынын келечеги бүдөмүктөн алыстайт. Кызганыч болгон жерде илим кантип өнүксүн, - деп күрс-күрс жөтөлүп алды. Ак сакалдын азыркы айткандарына толук кошулуп, башка багыттагы суроо берилбешин каалап турдум. Себеби, мен үчүн бүгүнкү күндүн маселесин айтып келаткан эле. Аңгыча болбой:

 -  Азыр үй бүлөңүз барбы? - деп жанымда олтурган келин суроо узата калды.

 - Ооба, айланайын. Кудайга шүгүр, жубайым жана бир уул, эки кызым бар. Кыздарым өз турмуштары менен кетишти. Уулум келиним менен Бишкекте турат. Ата жолун жолдоп доктур болду. Айылда кемпирим, эки неберем кашымда. Жубайым казак улутунан, Москвада окуп жүрүп таанышканбыз. Менден үч жашка улуу, кесиби боюнча педагог-психолог. Экөөбүз илим жолунда жүрүп тааныштык. Мен отуз жашка келгенде Москвада баш коштук. Турмушта бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылып, эч бир казан аяк кагыштырбадык. Кудай насип кылып эки кыз, бир уулду өстүрүп эл санына коштук. Азыр ар кимиси өз кесиби менен элге кызмат кылып жатат. Акыркы жыйырма жылдан бери айыл жергесине келип, атамдан калган эски тамды оңдоп-түзөп, ошол жакта турабыз.

Германия, Москвада билим алып жүргөнүмдө таасири күчтүү көп китептерди окудум. Мен ал китептерди окуп жатып: «Кыргыз баласынын түшүнө кирбеген бул китептерди канткенде кыргыздарга окутуп, кыргызча сүйлөтө алам?» - деп көп кабатыр болор элем. Эми мезгили келип, ошол жаштыгымда көксөгөн котормочулукка багытталган максатымды, эмгек өргүүгө чыккандан бери, жубайым экөөбүз ишке ашырып келатабыз. Азыркы тапта айылга келип, илим жаатында керек китептерди которуп, китеп жазып, карылыкты өткөрүп жаткан чагыбыз. Өмүрүмдүн көбү медицина жаатында өтсө да, кийинки мезгилдерде китеп которууга, китеп жазууга кызыгып, ушул ишке башымды сайдым. Азыр да шаарга баратканымдын жөнү бар. Билим берүү жана илим министирлигине которгон китептеримди көрсөтүп, Кыргызстанга аба-суудай керек долбоор сунуштаганы турам. Бул боюнча министирликке жылда барам, бирок колдоо таппай келем.

 -  Эмне болгон долбоор? – деп кызыга сурадым.

 - Мамлекеттин колдоосуна ээ болгон котормочулук илим академиясын түзүү туурасында. Эгерде бул долбоор иш жүзүнө ашып кетсе, дүйнө жүзүндөгү окулушу керек болгон, ар тармактагы классикикалык китептер кыргыз тилинде жарык көрүп, китеп казынабыз жана кыргыз тили алда канча өсүп-өнүгүп байыйт эле. Кээ бир адамдар жумуш орду менен камсыз болмок. Күчтүү котормочулар иргелип чыкмак. Бул иш-чаранын натыйжасы өсүп келе жаткан муунга пайдасынан башка зыяны болбойт. Мен ишенем, котормочулук иш аракети ишке ашса келечекте сөзсүз түрдө мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүн, коомдун өзгөрүүсүн көрүүгө болот. Тарыхтан мисал келтирсем, Халифа Мемундун мезгилинде котормочулук мамлекеттин расмий саясатына айланып, көп тараптан жаңы мейкиндиктерге жол ачылган. Мемун котормо иш аракеттерин жандандыруу максатында 830-жылы Багдад шаарында «Бейтүл-Хикма» деген аталыштагы котормо жана изилдөө академиясын курдуруп, китепкана ачтырган. Ушунун натыйжасында, он экинчи кылымда ислам чөлкөмү илим жаатында өнүгүүнүн туу чокусуна жеткен. Тарых деген кайталанат. Эгерде Кыргызстанда да ошондой котормочулук илим үйү ачылса, өмүрдө арманым болбос эле, - деп сөзүн жыйынтыктады.

Бир саамга ортодо тыным өкүм сүргөн соң, ортодогу тынчтыкты бузуп, айдоочу молдо байке сөзгө аралашты.

 - Эми ак сакал, ансыз да өмүрүңүздүн көбү илим жаатында өтүптүр, карыганда минтип суукта том-том китептер чыгарып убара болбой, өлүм деген чындыкка даярданып, тынч эле үйдө жылуу жумшак уул-кыздын сыйын көрүп олтурганыңыз жакшы эмеспи. Ал китептердин канчалык кереги бар? Куранды эле окуу жетиштүү да, – деп андан ары эмне дээрин билбей токтоп калды.

 - Туура айтасың балам, бирок бир берилген өмүрүн илимге арнаган адамдар өмүрүнүн акыркы күндөрүн да илим менен өткөргөнүндө гана жемиштүү болот. Жарышта чуркоочу марага жетээрде токтоп калбагандай эле, илим адамдары да жашоосунун соңуна чейин илим артынан кууп токтообосу керек. Илимге умтулган адам бир чекитке атылган жебедей болгонунда гана ал адамга ийгилик жылмаят.

Ал эми сен айтып жаткан куран улуу жаратуучу тарабынан жөнөтүлгөн ыйык китеп, аны ар бир мусулмандын билүүсү шарт. Бирок ал менен чектелүү чыныгы мусулман үчүн жарашпайт. Куранда изилденип сабак алуу жөнүндө он эки аятта айтылса, эки жүз жолу ой жүгүртүүгө буйрук кылынат. Ошондой эле куран китебинен алты жүз жетимиш жолу илимге чакырык жасалганын көрүүгө болот. Ушул чындыкты кабыл алышыбыз керек, ыйык китептер бизге астрономия, медицина жана башка илимдерди үйрөтүү максатында түшүрүлгөн жок. Ал динди жана улуу жаратуучуну түшүндүрүү максатында келди. Табиятты, адамды Кудай жаратты, демек, аларды изилдегенибизде Кудайды дагы да жакындан тааныйбыз. Өзүң жакшы билгендей, шейиттердин даражасы ислам дининде мартабалуу делип, жогору бааланат. Бирок илимпоз аалымдын калеминен тамган ар бир тамчы сыя, шейиттен аккан ар бир тамчы канынан жогору экендигин динибиз айтып келет. Андыктан чыныгы илим адамы болуу үчүн диндин, каада-салттын, үрп-адаттардын айрым чектөөлөрүнөн чыгып изилденүүгө туура келет. Натыйжада, динге каршы эмес, тескерисинче, Кудайды даңазалайт. Логика өзү ушундай балам, - деп сөзүн аяктады.

Бул учурда Чүй өрөөнүнө кирип келаткан экенбиз, кар дагы да жаап жатат. Ушул бир берилген өмүрүн жеке кызыкчылыкка коротпой, илим жолуна арнаган ак сакалга суктанып келаттык. Ар бир сөзү орундуу жана кургак баяндоо менен чектелип калбай, далилдерге таянуусу баарыбызга жакты. Түз кишиге жүз киши жакын дегендей, аз убакыт ичинде ак сакал өзүнүн өзгөчөлүгү менен баарыбызды өзүнө арбап алды. Кеп учугун дагы улайбы деп баарыбыз күтүп калдык, бирок ак сакал Чүйдүн ак кар баскан талааларынан көзүн албай терең ойдун курчоосунда баратты.

 - Ата, өмүр бою илим чөйрөсүндө, медицина жаатында жүрүпсүз, адам өмүрүнүн узартуунун жолу барбы?- деп алдыңкы орундукта олтурган сулууча келген кыз ортодогу тынчтыкты бузуп суроо узатты.

 - Кантип болбосун? Албетте, кызым, узартуунун жолу бар. - деп ак кар баскан талаадан көзүн албай кыска гана жооп кайтарды.

 Аңгыча болбой:

 - Өмүрдү узартуу үчүн эмне кылыш керек? - деп жанымда олтурган келин жылмая карап, берилген суроону кубаттаган таризде кулагын түрүп калды. Аңгыча:

 - Кызым, өмүрдү узартуунун кыйын жана оңой жолу бар. Адегенде кыйын жолун айтайын. Жан дүйнөңө төңкөрүш жасап, өмүр жолуңда кайталангыс мээнет кылып, артыңда өчпөс из калтырсаң, албетте, өмүрүңдүн узаргандыгы, тагыраагы, өмүрүң кылымдар менен достошкону дегенди билдирет. Сен өлгөндө адамдар сен үчүн ыйлабай, сени жоготкон коом үчүн ыйлашса, демек сен бул дүйнөдө түбөлүктүү өмүр сүрүп жатасың дегенди айгинелейт. Ал эми оңой жолу – өмүрдү кыскартпаганга аракет гана кылуу, - ак сакал жылмаюу менен собол таштады. Машиненен ичинде олтурган баарыбыз жапырт күлүп алдык.

 -  Эми ушунча болду өмүрдү кантип кыскартпаш керек? Ушуну да айта кетиңиз да, – деп айдоочу байке күлкүгө салып суроосун бергенге жетишти.

 -  Өмүрдү узартуунун бул жолун ишке ашыруу ар бир адамдын колунан келет. Болгону ден-соолукту сактап, туура ой жүгүртүп, оору-сыркоодон өзүбүздү оолак тутушубуз керек. Башкача айтканда, гигиенаны сактап, туура тамактанып, спорт менен машыгууну адатка айлантсак ошол гана жетиштүү, – деп күлүп койду.

Бүтүндөй өмүрүн илимге арнаган ак сакалдын ар бир сөзү жылуу сезилип, үшүп келатканыбызды унутуп да койдук. Каза берсе түгөнбөгөн, бөлүшсө эч бөксөрбөгөн, айтор, башкача жан экен. Чындык бардык жерде чындык эмеспи, бул адамдын чыныгы илим адам экенине баарыбыз сыртыбыздан айтпасак да ичибизден ишенип келаттык.

Күүгүм тартып калганда, шаарга кирип келдик. Узун жолду кыскартып келген ак сакалдын акыл-насаатына, сөз байлыгына тойбой дагы жол улана берсе дедим. Айла канча, аңгыча болбой автобекетке да келип жеттик. Жүргүнчүлөр эсен-аман келгендерине шүгүр кылып, айдоочу байкеге алкыш айтып ар кимиси өз жолуна түшүп кетишти.

Мен ак сакалдын артынан ээрчип, колундагы жүгүн көтөрүп, коштоп жөнөдүм. Өзүмдү түйшөлдүргөн суроолорго канааттандырарлык жооп алып жатканыма сүйүнүп, суроо артынан суроо узатып, бир топ жерге чейин ак сакалды коштоп бардым.

 - Ата, сиз менен дагы олтуруп сүйлөшө аламбы? Мен сизди жакындан таанып, өзгөргүм келет, - дедим. Бул сөз кантип оозумдан чыкканын өзүм да түшүнбөй калдым. Ак сакал ордунда токтоп:

 - Балам, мени тааныганча өзүңдү жакындан тааны. Эгер өзгөргүң келсе, адамды өзгөрткөн бир гана сөз бар. Балким ал сөз кимдир-бирөөнүн оозунан чыккан сөз же кайсы бир китепте жазылган. Мен ал сөздү өлүм алдында жаткан атамдын оозунан уккан элем. Мүмкүн сен ал сөздү жакында китептен же бирөөнүн оозунан жолуктурасың. Болуптур анда, жолуңдан калба, күн кечтеп кетти... Баса, күтө турчу, – деп баштыгынан бир кызыл китепти алды да, төш чөнтөгүнөн калемин алып, китептин биринчи бетине жазууларды жазып мага сунду .

 - Бул китеп менден сага белек болсун. Китеп, студенттик күндөрүмдөн бери топтогон тажрыйбаларымдын негизинде жазылган. Балким сени өзгөртө турган сөз ушул китепте камтылгандыр, китепти сен ачсаң, китеп сени ачат. Негизи эле китеп окууну адатка айлант. Китептин жылуулугун сезген адам эч качан үшүбөйт. Жолуң болсун, балам, ак жол сага! – колумдан бек кысты да, жолун улап кетти.

Карааны көрүнбөй калганча көзүм менен узатып турдум. Анан колума карматкан китеп эсиме түштү. Ал китептин сыртында алтындын өңүндөгү тамгалар менен, "АЙЫЛДАН ААЛАМГА, ААЛАМДАН АДАМГА" деген жазуулар бар экен. Дароо биринчи беттеги жазууга көз жүгүртсөм: «Балам, диплом үчүн эмес, илим үчүн оку! Илимдүү баштайт, илимсиз ээрчийт. Ар дайым ээрчүүчүлөрдөн эмес, баштоочулардан бол. Илим дүйнөнү жана өзүңдү таанууга жакшы чыйыр жол ачып берет.

Чексиз өмүр сүрүүгө аракеттенбей, түбөлүккө кала турган иш жасап, кайталангыс мээнет кылуунун арты менен кайталангыс адам бол! Жашооң маңыздуу, уламалуу аңыздуу болсун! Сени урматтоо менен билбегенин билген адам» - деген жазууну окудум. Кайра-кайра кайталап окуп жаттым.

Мындан эки жыл мурун окуу жайга алгач өткөнүмдө жан дүйнөмдө туура азыркыдай сүйүнүчтөр болгон эле. Мына азыр ошол кубануулар кайрадан жаралып, үлбүрөгөн үмүттөр жанданып, көмүскөдөгү капалыктар тарап кетти. Ичимде «Мен эми илим үчүн окуйм!» - деген үн жаңырып турду. Дал ушул тапта кар адаттагыдан башкача себелеп, бири-бирин кубалашкан кар бүртүкчүлөрү чыныгы жылмаюуну тартуулады.

Ооба, бул учурда кыштын муздак жели жүзүмдү сылап, мени үшүтө албай убара болуп жатты. Мен үчүн өмүрүн илимге арнаган ак сакалдын берген жылуулугу, кыштын ызгаар суугунан күчтүүлүк кылып турду...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз