Желаледдин Руми: Кээде абалыбызга периштелер да суктанат, кээде шайтандар жийиркенет

  • 22.12.2020
  • 4409

Мевлана Желаледдин Руми - 1207-жылы азыркы Ооганстандын Балх шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы азан чакырып койгон аты - Мухаммед Желаледдин. Шейхтердин, мусулман аалымдарынын титулуна айланган Мевлана деген ысым ага кийинчерээк ыйгарылган. Араб тилинен алынгын бул сөз “эгебиз”, “кожоюнубуз” дегенди билдирет. Ал эми ошол учурда чыгарма жазган мартабалуу адамдар өз мекенин псевдоним катары пайдалангандыгына байланыштуу Мухаммед Желаледдин шарттуу түрдө Руми деген кошумча атка ээ болгон.

Желаледдин Руми бала кезинен тартып эле төрөлүп-өскөн Борбор Азия аймагындагы перс жана түркий элдердин уламыш, дастан, жөө жомок өңдүү оозеки чыгармаларын кан-жанына сиңирип, грек философиясы менен диний китептерди көп окуган. Медреселерде дарс окуп дасыккан, “Аалымдардын султаны” деген жогорку наамга татыган,терең билимдүү атасы Бахаддин Велед болочоктогу даанышмандын "жолчырагына" айланган. Румиге таандык төрт салмактуу чыгарма бар. Биринчиси “Межалис-и-Себа” - Мевлананын жети осуятын өз ичине камтыган карасөз түрүндөгү чыгарма. Экинчиси “Мектубат” - Мевлананын жакын санаалаштарына, досторуна жана айрым аалымдар менен өкүмдарларга жазган каттарынан турган китеп. Үчүнчүсү: “Фихи Мафих” - Мевлананын маек-сукбаттарынан турган жыйнагы. Төртүнчүсү: “Месневи” – бул чыгарма Желаледдин Румини атаңк-даңкка бөлөп, аны дүйнөлүк даанышман акындардын катарына кошкон. 

Бул чыгармалар Желаледдин Руминин шакирттери менен уулу Султан Велед тарабынан кагазга түшүрүлгөн. Мындан сырткары кандайдыр бир себептерден улам жоголгон устаты Шемси Тебризи дербишке арналган “Дивани Кебир” (Улуу Диван) аттуу кырк миң бейттен турган көлөмдүү чыгармасы да бар. 1273-жылы Түркиянын Конья шаарында каза болгон.

Желаледдин Руми тандалган учкул кептеринен:

Туура жолдо жүргөндөр актанууга муктаж эмес.

♦ ♦ ♦

Кайгы – адамзатын жокчулукка жетелеген жорго ат.

♦ ♦ ♦

Кимде сулуулук болсо, ал карызга берилгенин билүүгө тийиш.

♦ ♦ ♦

Дуба кылуу – демек, эшикти кагуу. Калганына кийлигишүү чектен ашкандык.

♦ ♦ ♦

Көөдөнү сокур адамдын жанында китеп сымал үнсүз бол.

♦ ♦ ♦

Иттердин достугу – ортолоруна сөөк ыргытылганга чейин.

♦ ♦ ♦

Караңгы адам гүлдүн сулуулугун көрбөй, тикенегине жармашат.

♦ ♦ ♦

Сабыр – алгач уу болот, бирок кулк-мүнөзүңө айландырсаң – балга айланат.

♦ ♦ ♦

Чыныгы сүйүүнү билген жүрөк – бир тамчы сууга да урмат кылат.

♦ ♦ ♦

Көңүлүң сүйүүсүн тапса, куураган тал да бүчүр байлайт.

♦ ♦ ♦

Кимдир-бирөөндө текебердик болсо, сөз сүйлөгөн сайын пияз жыттанат.

♦ ♦ ♦

Китептерди окугандан мурун, өзүбүздү окуганды үйрөнөлү.

♦ ♦ ♦

Жалбыраксыз калдым деп сабагыңды кестирбе, эртең эле жаз келет.

♦ ♦ ♦

Эй досум! Арманың эмне болбосун – үмүтүң кудайда болсун.

♦ ♦ ♦

Кээде абалыбызга периштелер да суктанат, кээде шайтандар да жийиркенет.

♦ ♦ ♦

Даттануу – жаман мүнөз. Жакшылар даттанбайт, сабыр кылат.

♦ ♦ ♦

Билгениң канчалык көп болсо да, айта турганыңды уккандар түшүнгүдөй болсун.

♦ ♦ ♦

Окшош тилди сүйлөгөндөр эмес, окшош сезимде жашагандар бири-бирин түшүнүшө алат.

♦ ♦ ♦

Кайрымдуулук жана боорукердик – адамдардын сапаты, а каардануу жана кумарпоздук – айбандардын сыпаты.

♦ ♦ ♦

Келгиле, бири-бирибиздин кадырыбызды билели. Ансыз деле бир күнү түбөлүккө ажырашабыз.

♦ ♦ ♦

Сыноо ичинде сыноо бар. Кенедей сыноодо өзүңдү сатпа.

♦ ♦ ♦

Көз жаштын да милдети бар: артынан келе турган жылмаюу үчүн тазалоо ишин жүргүзөт.

♦ ♦ ♦

Гүлдү күлгөнгө, жүрөгүңдү сүйгөнгө бер.  

♦ ♦ ♦

Таарыныч үчүн себеп издебей, сүйүү же сүйүлүү үчүн арга изде.

♦ ♦ ♦

Акыл – козу, напси – карышкыр, а ыйман дегенибиз – чабан. Ыйманың күчтүү болбосо напси акылды жалмап коёт.

♦ ♦ ♦

Тилиңди тарбиялоодон мурда жүрөгүңдү тарбияла, себеби сөз жүрөктөн келип тилиңден чыгат.

♦ ♦ ♦

Ким менен жан жолдош жана дос болгондон этият бол. Булбул – гүлгө, карга – таштандыга алып барат.

♦ ♦ ♦

Ашыктык бул өзгөчө бир сыр. Ал – кимдир-бирөөнүн намысына ыргытылган таш же көздөн аккан жаш.

♦ ♦ ♦

Кайрымдуулукка чыккан күндөй, жоомарттыкка аккан суудай, жөнөкөйлүккө топурактай, күнөөлөрдү жашырууда караңгы түндөй бол.

♦ ♦ ♦

Ар кыйынчылыктын артында үмүттүн шооласы бар. Эгер колуң тикенекке тытылып, канга чыланса, демек, гүлгө жетериңе аз калды.

♦ ♦ ♦

Күлгө айлансаң кайрадан гүл болууңду күт. Өтмүшүңдө канча жолу күл болгонуңду эмес, күлдүн арасынан гүл болуп өсүп чыкканыңды эсте.

Кыргызчалаган Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз