Абдыкерим Муратов: Булбул… Алча гүлү… Ай кертими… Жымжырттык…

  • 23.12.2020
  • 3524

же жапон акыны Сайгёну коштоп...

Бу киши дегениң шундай экен: өзүмдү тээ атамзаманда сөөгү сөпөт болгон жапон адамы менен байланыштырып алдым да, аны кумар жазышар куштар сырдашыма айландырдым. Кантип эле дейм, ошо 1118-жылы туулуп, 1190-жылы каза тапкан тээ мухиттин ары жагында күн кечирип, дервишчесинен жерооп, журт кезип өткөн киши экөөбүз бир ойду ойлоп, бирнерсеге кайгырып, анан бирдемеге куштарланып калалы деп…

* * *
Ошондо да ушундай
Кызарып Күн чыгып…
Түнкү асманды Ай жиреп, шашпай сүзүп…

Алчалар ажайып гүлдөп, анан жаздын кичине бир тап берген ысыгына чыдабай гүлүн төгүп, мөмөсүнө орун бошотуп берип, ошо гүлдөр аарылардын, куштардын, адамдардын сезимин козгоп, элжиретип, жүрөгүн дирилдетип…

Миң жыл өтсө да өзгөрбөгөн адамдарды кара, табийгатты кара…

* * *
Ошо мен окуп аткан Сайгё жазган турбайбы:

Алыс учуп кетишсе
Калтырып эски уясын
Булбулдары жергемдин.
Жоктотпостон аларды
Кошок кошуп ыйлаймын.

Акындык үн дегениң ушу турбайбы? Булбулдар жок, эски уялар калды. Эми жүрөккө жол ачып ким ырдайт? А ким ырдайт!?..

Балалыгымда биздин айылдын үстүндө өрүкзар бар эле. Тили каткан булбулдар жайында ушундай бир безеленчү, безеленчү, тамак ичпей, китеп окубай, уктабай, угуп эле отура бергиң келчү. Кандай ажайып мүнөттөр! Анан өрүктөрдүн арасынан булбулду издейсиң, үнүнө караганда тоодой дейсиң, төөдөй дейсиң, жок – Жеңижок акын ырдагандай «кол башындай карасы», сайраганы аалам жаңыртат, аалам эле эмес, Адам Жүрөгүн жаңыртат.

Азыр өрүкзар азайды, аерлерден жаштарга жаңы тирилигине тамарка кесип берди, кылым жашаган карт өрүктөрдү кыштан коркуп, алоолонтуп «таптуу болот экен» деп күйгүзүп салдык. Өрүктөр күл болду, өрүкзар беде аңызга, чөпканага айланды. Булбулдар кайда? Эски уялары кана? Ошолорду жоктотпой, ошолордун ордуна муң-зар ырын созолонткон адамдарыбыз канаке? Баарыбыз бу тиригиликтин, оокат-аштын, көрдүйнөнүн көмөчүн бышырып калдыкпы? Кантип эле?

* * *
Жүрөгүмдө түпөйүл
Каерде,
Кайсыл тоонун
Башында алчалар
Эң алгачкы гүлүн ачты экен? – деп атпайбы акын. Эң биринчи гүл ачкан алча!.. Гүлүн ачып алды. Эми эмне болот, жаздын суугу үшүтүп кетеби? Же киши үзүп алабы, болбосо нөшөр көркүн жулуп, көмөлөтүп өтөбү, капысынан кар басып ичиркентип коёбу, бу Сайгё биздин казак-кыргыздагы Асан Кайгынын бирөөсү турбайбы? Адам дегениң ушу экен – эрте ачылган гүлгө, кеч калган чөп-чарга, даракка боортолгоп турасың. Мына бүгүн кыш эрте түшүп, дарактарды кар басып калды, алар саржалбырактарын күүп бүтө элек, дарактардын башында бариктер турган, ошолорду кар көөмп калды. Үшүдү байкуш бариктер, алар өз өмүрү менен, акырын, күнү келгенде, нөөмөтү менен күүлүп түшпөйт беле, эрте өлгөн байкуш жалбырактар, көзү ачык кеткен, казатта окко учкан адамдардай. «Жарк» деди да, «жалп» деди. Бооруң ооруйт, таң атканча уктабай чыгасың. «Сүтактап» кыйкыргың келет. Колуңда болсо эрте ачылган гүлдү үшүктөн коргоп турсам дейсиң…

* * *
Ёсино тоолорунда
Булуттардын соңунан
Адашып жүрдүм узак
Жолго көрүп чыккан элем,
Жүрөгүмдө алча гүлүн.
Ырды окуңуз да, сүрөт көрүңүз. Тоо. Туман. Жөө туман. Ошол коюу туман бир четинен асманга көтөрүлүп атат. Жерде – туман, асманда – булут. Ошол туман сүрүлгөн жакта бир караан баратат. Чокойчон, көйнөкчөн, таякчан, башка кийими да, байлыгы да жок. Көңүлүндө гана аёо бар, сүйүү бар, пакизалык бар.

* * *
Акын дагы бир ырында алча гүлүн көргөн күнү айрылып калдым жүрөгүмдөн дейт, кызык, ал киши өзүн акынмын деп эсептеди бекен, кийин-кийин ырларымды окуйт деп ойлоду бекен.

* * *
Уучума суу сузуп
Ай кертимин көрүп калдым
Тоо булагында
Кармай албас күзгүгө
Кол созупмун бекерге.

Мына – сүрөт. Айлуу түндө булактан суу ичип көрдүңүз беле, көрбөсөңүз сулуулук жөнүндө түшүнүгүңүздө бир бөксөлүк бар. Аны кантип толтурасыз, билбейм. Акын айтып атпайбы, ыр менен берип атпайбы, бир элести, бир көрүнүштү, куду жанымда тургандай, анан адам деген ушундай экен, сулуулукту кармаймын деп, аны катып аламын деп бекер эле убара тартат турбайбы, уучтагы суу, андагы Ай кертими кармалбас да, карматпас да нерселер экен. Ошон үчүн сулуулукту көрүп гана, сезип гана там берүү керек, аны музейге сактай албайсың, аны сата албайсың, сатып ала албайсың, балаңа менчиктеп, мурастап өткөрө албайсың…

* * *
Шаардан, кымкуутуктан тажайсың, күрүү-гүү, автокыймылы, акча-тыйын, жарык, реклама-жарнаамалар, теле, гезит, сигар тиштеп, вино жуткан кыздар – баары-баары жадатат, көңүлүң калат, ошондо Сайгёну окуйсуң:
Кана мага табылса
Жалгыздыктан коркпогон,
Жымжырттыкты сүйгөн адам
Кыштоого чилде күнү
Там салар элем кошуна.
Мына – мен! Ме – ен! – Кыйкырып чыгып, аны ээрчип кеткиң келет. Жалгыздыкка! Аруулукка баргың келет… Сайгёну издеп жөнөйсүң…
Табасыңбы?..
Таппайсыңбы?..
Билбейм?!..

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз