Азербайжан эл жомогу: Шейдулла жалкоо

  • 08.01.2021
  • 3255

Азыр эмес, илгери-илгери бир Шейдулла деген киши жашаптыр. Ал өтө жалкоо болуптур.  Мындан улам абдан жакыр жашап, аялы, балдары салбырап кийинип, көп учурда ачка жүрчү экен.

Мындай жашоодон тажаган аялы урушуп баштаганда эле ал:

- Э-эч коркпо! Азыр кедей болсок, кийин бай жашайбыз. Бир да сарсанаа болбо! – деп жайгарчу экен.

- Кайдан бай жашамак элек, сен куурай башын сындыргандан да эринип, минтип керээлдин кечке жатсаң! – деген аялы менен балдары ага  ишеничин жоготуп, акыры чыдабай, катуу талап коюшат. Мындан улам Шейдулла акылманга барып кеңеш сурамай болот. Ал алыс жашагандыктан узак жол басат. Бир күнү алдынан бөрү чыгып, кайда баратканын сурап, жол тартып бараткан максатын угуп:

- Үч жылдан бери ичим катуу ооруп келет, бир да басыла элек. Акылмандан сурай келчи эмне кылышым керек.

Шейдулла буга макул болуп андан ары жөнөйт. Алдынан алма багы жолугуп кайда баратканын сурап, билген соң мындай дейт:

- Жылда эле жаз сайын жалбырак жайып, гүл ачып, бирок бир да мөмө байлай албайм. Неге минтип жатканымды акылмандан сурай келчи.

Шейдулла макул болуп, сапарын андан ары улантат. Баратканында алдынан көл жолугат, андан баш чыгарган балык кайда баратканын сурап билген соң мындай дейт:

- Жети жылдан бери тамагым катуу ооруп келет. Эмне кыларды билбейм. Акылмандан сурай келчи кантип айыксам болот?

Шейдулла макул болуп сапарын улайт. Ошентип узак жол басып, эл айткан жалаң роза гүлдөрү өскөн шалбаадан ак сакалдуу карыяны таап, салам айтары менен издеп келген максатын билдирет, унутуп калбай карышкыр менен балыктын жана алма бактын көйгөйүнүн себебин сурайт.

- Балыктын тамагына абдан баалуу жакут таш туруп калган, алдырып салса эле жыргап жашайт, ал эми алма бактын түбүнө кенч катылган, ошол тоскоолдук кылып мөмө байлай албай жатат, карышкыр болсо өзүнө жолуккан биринчи жалкоону жесе оңолуп кетет, - дейт.

- А мен качан байлыкка ээ болуп, жакшы жашай баштайм? – деп сурайт Шейдулла.

- Сенин көйгөйүң үйүңө жеткиче орундалат. Бара берсең болот, - дейт акылман. Шейдулла мындан башка эч нерсе сурабай, кубанган боюнча артка кайтат. Көл жээгине келип балыкка акылмандын кеңешин айтат. Сүйүнгөн балык Шейдулладан кол салып тамагындагы жакут ташты алып салуусун суранып оозун ачат. Бирок ал буга макул болбой баш тартат. “Жеткиче эле абдан байыган атсам, эмне кереги бар?”- деп ойлойт. Жол жүрүп алма багына жетип, акылман айткан мөмө байлабай жаткан себебин билдирет. Сүйүнгөн бак кенчти алып салуусун суранат. Буга мойну жар бербейт, акылмандын айтуусу боюнча үйгө жеткенде чексиз байырына ишенген Шейдулла макул болбойт. Кайрадан жолго чыгып, жүрүп отуруп карышкырга жолугуп, акылмандын кеңишин айтат, алма бак менен балыкты да азаптан куткарганын кыстара кетет:

- Ансыз деле байыйт экенмин, балыктын тамагын чукуп, жер казып азап тартып жүрөмбү, - дейт.

- Сага чексиз байлыктын өзүн көрсөтүп берсе албай кетипсиң го. Демек чыныгы келесоо сенсиң! Ошондо да акылман айткан биринчи келесоосуң! - деп карышкыр Шейдулланы басып жыгылып жара тартат.

Ошентип жалкоо Шейдулла жаздым болот. Адамдын акылын жалкоолук жеңгенде ушундай болот, балдарым.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз