Дүйнө ойчулдары баш катырган маселе

  • 11.01.2021
  • 3974

Ар бир адам өмүрүндө жок дегенде бир жолу “Бул жашонун мааниси эмнеде? Мен бул ааламга эмнеге келдим, менин жашоомдун кимге кереги бар?” – деген суроого жооп издесе керек. Чындыгында бул суроо адамзатты көптөгөн кылымдардан бери тынчсыздандырып, карапайым адамдардын арасында гана эмес, байыркы грек философторунан баштап азыркы ойчулдардын ортолорунда да ар кандай талаш-тартыштарды жаратып келет. Ар кандай ойлор, пикирлер, идеялар, божомолдор айтылып жүрөт, бирок бул маселеде бир өңчөй жооп берүү мүмкүн эмес, ар бир адамдын өзүнүн карманган баалуулуктары бар, ар ким өз табитине жараша ой жүгүртөт.

Сократ

Афиналык философ Сократ өзүнүн бул жашоого келген вазийпасы адамдардын чындыкты табуусуна жол көрсөтүү деп билген. Жашоо маңызын ал тазалануудан, өз жан-дүйнөсүн аруулап, аны өстүрүүдөн көргөн, анткени тытынып жүрүп чогулткан байлык изги иштерди алмаштыра албайт эмеспи. Байыркы грек ойчулу өз өлүмүнүн алдында да карманган көз карашынан тайган эмес.

Аристотель

Окумуштуу-энциклопедист жана философ Аристотель жашоонун мааниси – бул бакытка, башкача айтканда, адамдын бул жарыкчылыкка келген негизги маңызына жетүү деп түшүнгөн. Бакыттын өзү билимге умтулуу, ар кандай ыкмалар менен жөндөмдүүлүктөрдү өздөштүрүү аркылуу жан дүйнө жыргалын, бирөөнү сүйүү жана сүйүктүү болуудан, жанындагы жакындарынын жана бир туугандарынын муктаждыктарын, колдоолорун сезүүдөн турат. Ошондой болсо да бакытка бара жаткан сапарда айланадагы адамдардын кызыкчылыктарын эске албай койгон жарабайт, дал ошол себептүү Аристотелдин ою боюнча сөзсүз акыйкаттыкты сактоо талап кылынат.

Платон

Платон да бизди кызыктырган маселенин маңызын ачкан. Философ жашоонун мааниси адамдын өзүн-өзү тынымсыз өнүктүрүүсүндө деген. Өзүңдү физикалык, психологиялык, акыл-ой жагынан өстүрүү керек. Өз сезимдериңди, эмоцияларыңды башкара билип, денеңди чыңоо, илимдерди үйрөнүү – мына ушулардын бардыгы өсүп-өнүгүүнүн негизги багыттары. Байыркы гректердин улуу философунун акылман ойлору ошол замандагы эң ири жетишкендиктердин бири болуп калды.

Рене Декарт

Рене Декарт – француз философу жана социологу жашоодогу негизги нерсе – бул аша чаап, бир жээктен экинчи жээкке урунбай, чечимдерди карбаластабай, жети өлчөп бир кесип кабыл алуу, туура жолду тандай билүү принцибин кармануу деп билген. Анын философиясы боюнча эски нерсени бузуу оңой, бир нерсени бузардан мурда андан кандай натыйжа чыгарын ойлонуш керек. Табият илимдерин изилдеген бул окумуштуу бардык элдердин каада-салттарын сыйлаган, бул анын жогорку моралдык сапаты жөнүндө кабар берет. Декарттын жашоо эрежеси айлана-чөйрөнү өзгөртүүдөн мурда өзүңдү өзгөрткөнгө умтулуу керектигин айтат. Анткени адам – жогорку акыл-эстин ээси, ал гана өзүнүн ойлорун көзөмөлдөп, башкара алат.

Артур Шопенгауэр

19-кылымда жашап өткөн немис философу мизантроп (кишини жек көрүп, жериген адам) – Артур Шопенгаэур адамдарды башка бирөөлөрдүн эрки кыймылдатат, ал өз тагдырын өзү башкара албайт, анын эрки жана жүрүм-туруму себептүү байланыштар менен чырмалышып тургандыктан, кандайдыр бир мыйзамдардын чегинен чыга албайт деп жазган. Жашоо ал үчүн – бул кемпайлар адамзат үчүн жалпы жыргалчылыктарга жетем деп кубалап жүрүп күнөөгө батып, аягында баарынан көңүлү калган, ал эми акылмандар өздөрүнүн каалоолоруна чек коюп алып, жашоонун көп жыргалчылыктарынан куржалак калышкан накта тозоктун өзү. Шопенгауэрдин ою боюнча адам жашоосу ажал жана эч качан бүтпөгөн кыйынчылыктар менен  кармашуулардан турат.

Жан-Поль Сартр

Атеистик экзистенциализм агымынын өкүлү Жан-Поль Сартр адам жашоосун ойлонулган, эркин эмгектин натыйжасы катары баалайт. Ошондой болсо да, экономикалык тармактарда эмгекке катышкан адам, өзүнө толук ээ эмес, ал жерде ал чыныгы жашоосун өткөзбөйт. А жашоонун өзү Сартрдын ою боюнча, адам өзүн-өзү тынымсыз тарбиялоо аркылуу өз эркиндигин турмушка ашыра алгандыгында. Ал эми эркиндик коомдон айныксыз жоопкерчиликти талап кылат, анын жыйынтыгы дүйнөгө жана адамдарга карата болгон сын мамиледен көрүнөт.

Людвиг Витгенштейн

Людвиг Витгенштейн – 20-кылымда жашап өткөн австралиялык философ жана ойчулду, эң эле түшүнүксүз жана табышмактуу ойчул десек болчудай. Ал ар бир адамдын персоналдуу жашоосунда  болуп жаткан нерселер маанилүү болушу мүмкүн, бирок ал нерселерден айырмаланып, жашоонун өзү эч кандай мааниге ээ эмес деп жазган. Чындыгында эле адамдын жашоосу анын бүткүл өмүр сапарында жеке жашоосунда болуп өткөн ар кандай окуялар, кыймыл-аракеттер жана натыйжалар формасында гана мааниге ээ. Биздин жашообузда болуп жаткан нерселер бизди сүйгөн, жакшы көрүшкөн жакын адамдарыбыз үчүн маанилүү, ошолор бар үчүн биз өзүбүздү бул жашоодо керектүү адам катары сезе алабыз.

Жашоонун мааниси тууралуу маселе байыркы гректердин философторунун, француз жана немис ойчулдарынын гана уйкуларын бузган эмес, бул жөнүндө Кытайдын жана Индиянын акылмандары да миң түйшүк тартып ойлонушкан.

Конфуций

Кытайдан чыккан ойчул жана философ Конфуций адам жаратылышынын купуя сырларын ачып билүүгө аракет кылган. Ал адамдын жашоосунда материалдык байлыктар экинчи кезекте калып, биринчи кезекте Даого жетүү маанилүү деп эсептеген жана толук кандуу коом жеке кызыкчылыгын коомдун кызыкчылыгы үчүн курмандыкка чалган жерде гана пайда болот деп ишенген. Конфуций ар бир адам жакындарын, улууларды жана айланасындагы ар бир адамды урматтап, сыйлоосу зарыл деген. Негизги ажырагыс касиети билим менен илим болгон коомдо биримдик бекем болуп, тез өсүп-өнүгүшүнө шарт түзүлөт. Нравалык баалуулуктарга сугарылган тарбия – бул ар бир адамдын ички дүйнөсүнүн жана анын көз караштарынын калыптанышынын негизги булагы дейт ал.

Будда

Диний-философиялык окуунун негиздөөчүсү Будда, өз убактысынын көпчүлүк бөлүгүн адамдын бул дүйнөдөгү максаттары жана жашоонун мааниси тууралуу ой жүгүртүүлөргө жумшаган. Индиялыктардын системасында кармага, сансарга жана мокшага ишенүү мүнөздүү. Адамдардын бүткүл өмүрүндө жасаган жаман жана жакшы иштерине жараша пайда болгон жаман же жакшы натыйжаларынын анын кайра жаралышына тийгизген таасири – бул карма. Сансар – бул туулуу менен өлүмдүн эч бир бүтпөгөн, токтобогон айлампасы. Мокша – сансардан чыгуу, анын айлампасынан бошонуп чыгуу мүмкүнчүлүгү. Мына ушул жерде жашоонун максаты жана мааниси катылган, башкача айтканда, адам өзүнө болгон канааттанбаган абалды сезип, бардык каалоолорунан арылуу башталат.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз