«Жебе жана туман» – эмне үчүн максатка жетүү татаал?

  • 13.01.2021
  • 3009

— Устатым, — деп сурады окуучусу, — алдыга койгон максатка жетүү эмне үчүн ушунчалык татаал, биздин алсыздыгыбызды далилдегиси келгенсип, эмнеге ар дайым түрдүү тоскоолдуктар алдыбыздан тороп турат?

— Сен тоскоолдуктар деп атап жаткан нерселер, — деп жооп берди Устат, — чындыгында сенин максатыңдын эле бир бөлүгү. Аны менен күрөшүп убактыңды бекер коротпо. Болгону барар жолуңду аныктоо алдында алар тууралуу унутпай, эсепке алып кой. Жаа менен атып жатам деп элестетип көрчү. Бута алыс, туман басып тургандыктан сен аны көрө албай жатасың. Ошондо сен туманды үйлөп же дагы бир башка жолдор менен тарата аласыңбы? Жок. Анте албайсың, туурабы? Жөн гана шамал болуп, туманды айдап салганча күтөсүң. Эми бута көрүндү, бирок жебеңди шамал башка жакка жапырып, таамай тийгизишиңе жолтоо болот. Шамалды токтотконго күчүң жетеби? Албетте, жетпейт. Сен шамалдын күчүн, багытын аныктап ошого жараша бутаны мээлеп, жебеңди коё бересиң. Жааң оор жана катуу керилип, тартканга күчүң жетпей жатса эмне кыласың? Албетте, булчуңдарыңды өстүрүш үчүн көнүгүүлөрдү жасайсың, күндөн күнгө күчүң көбөйүп, аткан жебең алыс уча баштайт.

— Бирок жеңил, жумшак жаа менен ачык, шамалсыз күндөрү бутага таамай аткан адамдар деле көп эмеспи, — деди анда окуучусу. — Эмне үчүн менин жебе коё беришиме ушунчалык тоскоолдуктар көп? Дүйнө менин алдыга жылышыма каршыбы?

— Эч качан бирөөлөрдү карап, ага эрегишпе, — деп күлдү Устат. — Ар бир адамдын өзүнүн жаасы жана ата турган убактысы болот. Бирөөлөр бутага таамай тийгизүү үчүн атат, экинчилери атканды үйрөнүү үчүн гана жааны колго алат.

Анан ал үнүн акырын чыгарып ага көз кысып койду да, сөзүн минтип улантты:

— Мен сага дагы бир купуя сырды ачып берейин, уулум. Туман атайын сенин жебе атканыңа тоскоол болоюн деп каптабайт, шамал сенин жебеңди учуруп, багытынан адаштырайын деп болбойт, катуу, оор жаа сенин булчуңдарыңды текшериш үчүн жасалбайт. Булар ансыз деле боло берчү нерселер. Ошондой шарттарда бута атам деп чечкен өзүңсүң. Ошондуктан, тоскоолдуктар жаралды деп ыйлактабай аракет кыл же намыстанбай эле өз алыңа жараша иш кыл.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз