Бардык адамдар бакыбат жашаган таң калыштуу өлкө

  • 18.01.2021
  • 3364

Жумушсуздук таптакыр жок, үй-жайсыз адамдар кезикпеген жана бардык адамдар бакыбат жашоодо жашаган өлкө... Бекер медицина жана бекер билим берүү системасы бар өлкө... Жылдын 350 күнүндө күн жаркырап тийип, укмуштуудай кооз жаратылыш менен көрүп-билбегени жок заки туристерди да таң калтырган өлкө... Мындай нерсе жомокто гана болот деп ойлоп жатасыңарбы? Жок, андай эмес! Бул бейиштин төрүндөй болгон өлкө – Аравия жарым аралынын түштүк-чыгышында, чөл менен Инди  океанынын жолугушкан жериндеги Оман мамлекети!

Мурда кандай эле

Ооба, бүгүнкү Оман — бул чындыгында эле кыялдагы нерсе, бирок дайыма эле мындай болгон эмес. Эки миң жылдан ашкан тарыхы бар бул мамлекетте жашоонун деңгээли, 1970-жылга чейин башка африкалык өлкөлөрдөгүдөй эле өтө төмөн болгон. Болгону 50 жыл мурда бул өлкөдө жадагалса тыңгылыктуу жолдору да жок эле. Мектептер менен ооруканалар жөнүндө сөз кылбай койсо до болот. Ал аз келгенсип, Омандын аймагында уруулар ортосундагы тынымсыз кармашуулар болуп келген, ал эми өлкөнүн сырткы дүйнө менен байланышы караманча жок болчу.

Гүлдөп-өсүү учуру

1970-жыл Саид султандын ордуна бийликке анын уулу султан Кабус келген. Анын эбегейсиз күч-аракетинин натыйжасында Оман артта калган мамлекеттен жер шарындагы бейиштей кереметке айланды.

Бир нече он жылдыктардан бери өлкөдө абсалюттук монархия өкүм сүрсө дагы, бул эч кимди тынчсыздандырбайт, болгондо да Оман азыркы күндө дүйнөдөгү гүлдөгөн мамлекеттердин алдыңкы катарында турат. Өлкөнүн жашоочулары өлкөсү үчүн жанын аябай иштеп берген Кабусту кудайындай көрүшөт.

Буга таң калуунун кереги жок, анткени султан чү деген жерден эле мамлекеттик кызматтагылар белчесине чейин баткан коррупцияны түп тамырынан талкалап, нефти өндүрүүдөн түшкөн кирешени өзүнүн жеке көзөмөлүнө алды. Жаш султандын бийликке келиши менен бир нече нефти чыгуучу жаңы жерлер ачылды, азыркы күнгө чейин өлкөнүн экономикасы негизинен нефти өндүрүүгө жана нефти менен газды экспорттоого багытталган. Андан тышкары мамлекет уруш-талаштарга катышпайт жана Жер шарындагы эң коопсуз мамлекеттердин катарына кирет.

1970-жылы ар бир жанга алынган кирешенин көлөмү 300 долларды түзсө, 1991-жылга бул сан 7000 долларга чейин өсүп жеткен. Азыркы учурда да киреше жаман эмес. Мисалга алсак, Омандын атуулунун мыйзам менен бекитилген маянасынын минималдуу өлчөмү орус акчасына айландырсак 45000 сомду түзөт. Андан тышкары, ар бир атуул маянасынан башка ай сайын кошумча 20000 сом алат. Мамлекет атуулдарына ар дайым жумушчу орундарды түзүп тургандыктан, жумушсуздук деген нерсе жок.

Улуттук саламаттыкты сактоо системасы дүйнөдөгү эң жакшы системалардын бири деп эсептелинет жана ал толугу менен бекер. Билим алуу да бекер болгондуктан атуулдар каалаган кесибин тандап окууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Дагы бир нерсе, ар бир 18 жашка чыккан атуулга үй салуу үчүн жер тилкеси бекер берилет, ал эми үй салууга алардын каражаттары кенен.

Салык маселеси боюнча карасаңыз, жомоктогудай. Анткени жеке мүлктүн ээлерине, мейли кыймылсыз мүлккө, мейли айлык маяналарга болсун, таптакыр салык аттуу нерсе салынбайт. Ал тургай баалуу кагаздардан түшкөн кирешелерден да салык алынбайт!

Азыркы учурда иштин жагдайы кандай

2020-жылдын январь айында Кабус каза болду, азыр Оманды анын аталаш иниси Хайтем башкарууда. Ал мурдакы султандын тынчтык саясатын улантып, өлкөнүн өнүгүп-өсүшү үчүн бардык аракетимди кылам деп убада берген. Азырынча кандай болуп бара жатканын айтыш али эрте жана анын кандай болорун эч ким билбейт. Султан өз сөзүнө турат деген гана ишенич бар жана Оман мындан ары да күчтүү жана тынчтыкты сүйгөн алдыңкы мамлекет боюнча каларына үмүт чоң!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз