Өз өлкөсү жок калктар

  • 15.12.2023
  • 4367

Биздин учурда ар кандай тарыхий себептердин натыйжасында өзүнүн мамлекети жок элдер бар. Алардын миллиондогон эли, өз тилдери, маданияты жана каада-салттары бар, бирок эң негизгиси – ата мекендери жок. Кудай биздин элибизди ушундай тагдырдан сактасын! Алдыда келе жаткан шайлоодо жарыбаган акчага сатылбай, татыктуулардын татыктуусун шайлап албасак... Оо кудай анын бетин ары кылсын!!!

КУРДДАР

Мамлекети жок эң чоң улут – курддар. Алардын саны ар кайсы өлкөлөрдөгү диаспораларды кошкондо 20дан 40 млн адамга чейин жетет. Көпчүлүгү Турцияда, Сирияда, Иракта жана Иранда жашашат. Булардын басымдуу көпчүлүгү мусулмандар. Окумуштуулар булар этникалык жактан азербайжан, армян жана грузин элдери менен жакын экенин айтышат. Курд дегенде нооту бешмант, көлбүрөгөн шым кийип, белине канжар тагынган, дисней жомокторундагы Алладинге окшогон киши көз алдыга элестейт. А чындыгында ал кадимки эле жер айдаган дыйкан, үй-бүлөсү менен жарым жартылай көчмөн турмушта жашаган малчы.

Көз карандысыздыкка ээ боло албаган Курдистан Жакынкы Чыгыштын так борборунда жайгашып, чечилбеген чек ара чатактарынын себеби болуп келет. Арийне, жакшы жылдар да болгон. Мисалы, 7–9-кылымдардагы Араб халифатынын убагында курддар арабдар менен тең укукта болушкан. Халифатта тынчтык өкүм сүргөн. Бирок курддар улуттук мамлекет түзө алышкан эмес. Андан соң халифат талкаланып жок болду. Анын ордуна Персия менен Осмон империясынын отосундагы узак согуш башталып, курддардын ээлигиндеги Ардалан хандыгы колдон колго өтүп турган. Бул 19-кылымга чейин ушинтип уланып келди.

Белгилей кетчү нерсе, курд элинен өздөрүнүн хандыгын эле эмес, башка элдерди башкарган лидерлер, жол башчылар жана династиялар чыккан. Алардын ичинен атактуу Саладинди – бүткүл Жакынкы Чыгыштын жана Түндүк Африканын 12-кылымдагы өкүмдарын айтсак болот. Курддардан чыккан Сефевиддердин династиясы 19-кылымдан баштап Азербайжандын иран провинциясынын башында турган. Анын башкаруучулары эки жолу Персиянын жогорку бийлигине келишкен.

Өз алдынча мамлекет болууга курд эли Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин өтө жакын келген. Анда улуу державалар Севр тынчтык келишиминин алкагында көз карандысыз Курдистан мамлекетин түзүү тууралуу маселе көтөрүшкөн. Бирок бул идея турмушка ашкан эмес. Ошондон бери курддар “өз үй, өлөң төшөгүн” табыша элек. Иракта курддар өзгөчө укуктарды жеңип алышып, өздөрү жашаган региондо көз карандысыз жашоого мүмкүнчүлүк алышты. Турцияда автономия үчүн болгон күрөш ушул убакка чейин уланып келет.

СИКХТЕР

Башына чоң селде оронгон сакалдуу киши – сикхти мына ушундай адам катары элестетсеңиз жаңылбайсыз. Дүйнөдө бул элдин 20 миллионго жакын өкүлү жашайт. Сикхтердин чыккан жери Индиянын түндүк-батыш тарабында Пакистан менен чектеш Пенджаб штаты. Алар негизинен жерге ээлик кылган дыйкандардын катмарына киришет.  Айыл чарбасында алардын жетишкендиктери аябай жогору болгондуктан жашоолору жакшы. Алар мусулмандар жана индуистердин таасиринде жашашса да, өздөрүнүн башка элдикине окшошпогон өзгөчө маданияты бар.

Сикхтер сикхизм  деген динди карманышат, анын негизги өзгөчөлүгү башка диндегилерге, дегеле бардык адамдарга ачык жана ак дилдери менен мамиле кылышат. Бир кудай бар, башка эч нерсе жок: жиндер, шайтандар бейиш менен тозок дегендер жок деп эсептешет. Өлгөн адам жаратылыштын коюнуна кайтат. Кудай адамга ачууга алдырбаган, кумарданууну билбеген адамды сүйүүгө ылайыкташкан жаратылышты берген дешет. Сикхтер ишенимдерин медитация жана сыйынуу аркылуу билдиришет. Сикхтер үчүн бардык адамдар сыйлоого гана татыктуу ага-ини, эже-сиңдилер. Индияга барып келген адамдар бекер жеринен: “Эгер жардам керек болсо сикхке кайрыл” деп айтышпайт.

Сикхизмдеги маанилүү элемент – башкалардын эркиндигин сыйлоо, бирок башка топтогулар дайыма эле алардын эркиндиктерине сый мамиле жасашкан эмес. 19-кылымда Ранджит Синх синхтердин Пакистандагы, Афганистандагы жана Индияда жайгашкан аймагын накта империяга айланта алган. Бирок ал колониялык режимдин убагында жок кылынган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өлкө, Индия, Пакистан, Бангладеш деген  үч мамлекетке бөлүнгөн.

Өткөн кылымдын 70-жылдары индустар менен сикхтердин ортосундагы келишпестиктерден улам, Индиядан бөлүнүп чыгып Халистан деген мамлекет түзүү идеясы пайда болгон. Индия мамлекетине албетте, мындай идея жаккан эмес. Куралчан кагылыштар он жылдар бою уланып, эки тараптан 20 миңге жакын адам өмүрү набыт болгон. Азыркы учурда Пенджабда тынч: сикхтер индустар менен жакшы мамиледе. Алар өзгөчө укуктарды, анын ичинен диндик көз карандысыздыкты орнотууга жетишкен. Сикх элинин өкүлдөрү мамлекеттик аппаратта иштешет, жогорку кызматты ээлегендер да жок эмес. Ал эми индия армиясынын ар бир бешинчи офицери сикх улутунун өкүлү.

ЦЫГАНДАР

Мамлекетсиз элдердин ичинен саны боюнча үчүнчү орунда турган этнос – цыгандар. Бул көчмөн эл Индиянын түндүк-батышындагы санскрит тилдүү элдер менен тууган чалыш болушат. Алардын саны ар кандай эсептөөлөргө ылайык 9дан 12 миллионго чейин барат. Алар Евразияда, Африкада, Австралияда, Түндүк жана Түштүк Америкада – кыскасы, азыркы учурда алардын жашабаган жери бул дүйнөдө жок сыяктуу. Алар өздөрүн “рома” деп атаганды жакшы көрүшөт (романи – адам).

Башкаларга коюн-колтугун ача бербегендиктен, ромалар ушул күнгө чейин аз изилденген элдердин катарына киришет. Алардын кайсы таптык класска киришери тууралуу талаш-тартыштар көп. Биринчи божомол боюнча алар индиянын эң төмөнкү кастасына тиешелүү элдердин урпактары. Башка божомолдо цыгандар – индиянын устачылык, ырдоо жана бийлөө өнөрүн кесип кылган каста тукумдарынан.

Бул каста ак сөөктөргө жакын болуп, алардын кызматын кылыптыр. Анын өкүлдөрү бакма жыландары менен, ыр-бийлери менен эле кожоюндарынын көңүлүн ачып тим болбостон, алардын чарба иштеринде да өз өнөрлөрү менен кызмат кылышкан. Цыгандардын күлү бир жерге додо болбой көчүп жүрүшүнө себеп: көчмөн турмуштун романтикасы эмес, жергиликтүү бийлик алардын укуктарын тебелеген мыйзамдары болгон. Алардын миграциясы 11-кылымда башталган. Анын негизги себептеринин бири: Махмуд Газневинин жетекчилиги менен болгон ислам жортуулдары.

Эки кылым бою ромалар Батышты карай, Персия, Армения жана Византия аркылуу жылып олтурушкан. Византияда алар темир өндүрүүнү мыкты өздөштүрүп, Балканга келип өздөрүнүн кызматына суроо-талаптарды жарата алышкан. Бирок европалыктар аларды аяшкан эмес. Цыгандардын бардыгы эле ислам экспанциясынан Европага барып баш калашкан эмес. Бир бөлүгү Турция жана Арменияга көчсө, дагы бир бөлүгү Жакынкы Чыгышка кетишкен. Ошол себептүү субэникалык топтор пайда болгон. Кул ээлөөчүлүктүн жоюлушу жаңы миграция толкунун пайда кылып, цыгандар Түндүк жана Түштүк Америкага чейин жеткен. Азыркы учурда цыгандар – өз тили, салты, маданияты бар, бирок өз аймагы, мамлекети жок этнос. 1979-жылдан бери БУУ мүчөлүгүнө өтүп, өз укуктары үчүн күрөшүп келишет.

УЙГУРЛАР

Кытайдын батышында жашаган Чыгыш Түркестандын түпкү элдеринин бири болгон уйгурларга жакынкы тарыхта анча деле жакшы келечек күтүп турбагансыйт. Алардын саны 10 миллионго жакын. Бул этникалык жактан өзбектер менен казактарга жакын, мусулман динин тутунган эл. Эзелтеден бери соода жана дыйканчылык менен алектенип келишет. Өздөрүнүн тили, каада-салты, маданияты бар.

Мурда Синьцзян провинциясынын шаарлары Улуу Жибек жолунда көпөстөрдүн сүйүктүү жайлары болгон. Мамлекеттүүлүк уйгур эли үчүн жаңы нерсе эмес. Биринчи миң жылдыкта уйгурлар адамзат тарыхындагы эң ири мамлекетти – Түрк каганатын түзүшкөн. Каганат Ыртыш дарыясынан тартып, азыркы Россия жана Казакстандын Урал тоолоруна чейинки аймагын ээлеген. 18-кылымда бул аймак кытайдын Цинь династиясы тарабынан жеңилип, Синьцзян (жаңы чек) деген аталышты алган.

Кытай бийлигинин зомбулугуна каршы эл бир нече жолу куралдуу көтөрүлүштөргө чыгышкан. 1930–1940-жылдагы атуулдук согушта эки жолу көз карандысыздыкты утуп алышкан, бирок кайра эле алардын жери Кытайдын курамына кайрылып алынган. Алардын көз карандысыздык үчүн күрөшү али күнгө чейин уланып келет.

КАТАЛОНДУКТАР

Башка мамлекеттин курамына зордоп киргизүү кордугун бир гана Азия мамлекеттеринен жолуктурбайбыз. Европадагы азыркы учурда элинин саны 8 миллиондон ашкан каталондуктар кылымдардан бери өз мамлекетин түптөй албай келишет. Индоевропалык тилдердин роман – чакан тобуна кирсе да, испандыктардын тилинен айырмаланган өз эне тили бар. Он каталондуктун тогузу Испанияда, калгандары Батыш Европа менен Латын Америка өлкөлөрүндө жашашат.

Каталондуктардын түпкү теги – иберия уруулары – азыркы Каталониянын аймагына биздин кылымга чейинки 1-кылымда эле келип жайгашышкан. Орто кылымда башында графтар турган бир нече бөлүктөрдөн мамлекет түзүлгөн. Алар көз карандысыз болушса да, франктардын таасиринен чыга алышкан эмес. Алардын эң кубаттуусу Барселония эле. 988-жылы маврлардын жортуулунан кийин, франктардын алсызданышынан пайдаланып өз көз карандасыздыгын жарыялап жиберишкен. Ошол жыл Каталониянын негизделген жылы болуп калган.

Барселон графствосу 1137-жылы Арагон королдугунун курамына киргенге чейинТүштүк Европада өз ордун бекемдеп, өсүү жолунда болгон. 16-кылымда король Фердинанд Изабелла Кастильскаяга үйлөнүшү менен Арагон королдугу менен Кастилия биригет. Ошентип, 1516-жылы Испания өкмөтү пайда болгон.

Ошол убактан бери каталондуктардын эркиндиктери чектелген. 18-кылымда испандар каталон тилине тыюу салышкан, конституциясын жокко чыгарып, цензура киргизишкен. Ушинтип бул процесс 200 жылдан бери уланып келет.

1978-жылы диктатор Франсисконун өлүмү менен алардын автономиясы калыбына келтирилген. Каталондуктарды кайрадан улут деп таанышып, тили официалдуу тил катары кабыл алынган.

2017-жылы каталондуктар Испания курамынан чыгуу боюнча референдум өткөзүү керектигин талап кыла башташкан. Эл аралык нормага ылайык ар бир улут өз алдынча бөлүнүп чыгып, улуттук мамлекет курууга укуктуу экендигине карабай Мадрид өздөрүнүн конституциясынын 155-пунктуна шылтоолоп бул демилгени колдогон жок. Бөлүнүп чыгуу идеясы ишке ашпай калды.

Даярдаган Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз