Иван Бунин: Сан-францисколук мырза

  • 01.02.2021
  • 3267

АҢГЕМЕ

Түнөргүнүң, Вавилон, түптүү калаа!
Апокалипсис.

Ысымы Неаполдо да, Капириде да эч кимдин  этибарына арзып, эсине  жукпаган сан-францисколук мырза аялы менен кызын ээрчитип, Эски Дүйнөгө - Европага жалаң гана көңүл ачыш үчүн нак эки жылга келе жатты.

Ал маашырлана  чер  жазууга, шатыра-шатман шапар тебүүгө, саякаттоого топтолук укуктуулугунан   кымындай дагы  күмөн  санабаган. Тегин жерден  өрт тутанбайт. Тигинин көкүрөгүнө  ушундай ишенимдин уялашы негиздүү: биринчиден, бай, экинчиден, элүү  сегиз жаштын энчисин  бөктөргөнүнө карабастан, турмуштун таттуу балын жаңыдан эле  тата баштаган чагы. Буга дейре оордун асты, жеңилдин үстү  менен өмүр өтөдү. Бирок да, келечегинен күдөр үзбөдү. Жааты козголуп, байысам дегенде эки көзү  төрт эмес, сегиз болду.  Миңдеген-түмөндөгөн  мандикер  кытайлар кожоюндун аракетинин түпкүлүгүн  сопсонун түшүнүшчү!

Кызылдай мээнеттин акыбети акыры  кайтпай калбайт  экен. Ошентип, аныбыз  качандыр бир теңелсем деген  кишилерине теңелгенин сезип, дем алууну чечти. Өзүнө таандык деп эсептеген   топтун адамдары тирүүлүктүн  жыргалына чөмүлүүнүн  башатын   Европага, Индостанга, Мисирге сапар чегүү  ырасмиси  аркылуу  ырымдаша  турган. Мунун акыйкаттыгына мырзаңыз ыргылжыңсыз ынанды. Ырас, аныбыз, ириде,  кара жанынын камын көздөгөн, арийне, катарында аялы менен кызы жокто өңгөчүнөн  бүдүр  өтмөкпү.

Аялы өзгөчө таасирленгичтиги боюнча  айрымаланбаса да, улгайганда сайрандап, саякат кылууга куштар америкалык ургаачыларга  насиптеш табиятын  кантип жашырат. Кызына келсек, балакатка жеткен, анүстүнө  бир аз талмалуу эмеге  саякаттоо карын  майдай эле жагары бышык. Ден-соолукту мындай кой, узак жолдо бирин-экин жагымдуу кездешүү  деле буюруп-насип этмектир? Оңдой берсе,  миллиардерге чыканакташа   шынарлап, ойда кызыкка батмагың  кыялый  кеп бекенби!?

Зыярат  тартиби  сан-францисколук мырза тарабынан кең-кесири түзүлгөн. Декабрь менен январда  Италиянын түштүгүндө  күнөстөп, байыркы эстеликтерге ырахаттана багып, селсаяк ырчылардын ыр-бийин тыңдап, андан тышкары,  өтө  эле үзүлүп түшпөсө да кексе адамдын  кубатына кубат кошор неополитандык жаш селкилерге жакындап, моокум кандырууга үмүттөндү; карнавалды ошол мезгилде оокаттуунун  баары агылып дүпүрөгөн,  далайы авто жана парус жарыштарынын айынан өңүн самандай саргартса, башкалары акчасын садага чаап,  кумар ойноого ыктаган, айрымдары   көрүнгөн  бактын күкүгүнө  айланып, дагы бирөөлөрү  көйкөлгөн   шибердин үстүнө, көк чечектей  деңиздин боюна  орнотулган  кептерканадан көккө  көтөрүлүп канат какчудай тариздене, некин, ачып көздү жумгуча ак кесек мисал  топулдап,  тумшугу  топуракка сайылган  көгүчкөндөрдү  атууга кынык Ниццеде, Монте-Карлодо майрамдоону ойлоду, марттын башын  Флоренцияга арнап, кудайдын куттуу  күндөрүндө католик  куранын эшиткени Римге келмек; анын планына Венеция да, Париж да, Севилдеги букалардын челишүүсү  да, англиялык аралдарда  киринүү  да, Афина да, Палестина да, Мисир да, анан калса, Жапония да кирген. Албетте, Жапонияга ал артка тартканда  тиймекчи... Ошентип жүрүш “чү” дегенден  дурус  оожалды.

Ноябрдын аягы эле, тээ  Гибралтарга  чейин бирде мунарыктап мелтиреген муз жиреп, кээде кар тозоңун тозуткан  борошо жиреп чамына чамдашты. Асыресе, жол шыдыр арбыды.  Жүргүнчү   жыкжыйма. Түнкү  барлары, Чыгыш мончолору, өзүмдүк  гезити менен айтылуу “Атлантида” кемеси  заманбап   ыңгайлуулуктардан асти мүчүбөгөн  мейманкананы элестетет.  Мындагы жашоо дагын нугунан жазбай күжүлдөдү: Жүргүнчүлөр эрте, тумандын бийлигинде  жайбаракат чайпалган көгүш түстөгү  cуунун бети аста-секин агара баштаган тапта  далаан – коридор  жаңырткан сурнай  үнүнөн ойгонушат; момозия кемсел, шымдарын кийе салышып, кофе, кайнатылган шоколад, какао ичишет; анан ваннага шапшынып, тамакка табит чаптыруучу  жана рухту шаттандыруучу   гимнастика жасаган соң, таранып, сыланып-сыйпанып дегендей, эртең мененки нануштага шатырашат; саат он биргече мухиттин муздак, таза абасынан жутуп,   өйдө-ылдый эркин каалгый сериндөө, же кайрадан табитти таптоо  ташпишинде  шымалана кыймылдоо  абзел; ал эми бирде бутерброд менен сорпо; ага улай ыклас төшөп  гезит окушат да, ары чүйгүн, ары түркүм экинчи тамакты күтүшөт; кийинки эки саат сүкүткө  чегерилген; саякатчылар кеменин капталынын  нары  жагынан калдайган  булуттуу асманды жана бууракандаган толкундарды тиктеп, жүзүн жүн оромолго  калкалай куш уйкуга ооп, ошол арада  палубага кыдыракей коюлган камыш сокмо креслолордо чалкалап магдырашат; беште денеси жибип, кужулдаган куунак  жүргүнчүлөрдү   катыра  демделген  ачуу чай, печенье менен сыйлашат; жетиде керней чалып, учурдагы  тиричиликтин орчун  максатына, чордонуна теңтайлаш  нерсеге  чакырышчу... Мына ошондо сан-францисколук мырза шапалагын шапалагына ыкшай   укалап, кийинүү  үчүн дүр-дүйнөлүү  кабинасына ашыгат.

Кечиндеси “Атлантиданын” кабаттары караңгыны сансыз жылтыр көздөр менен карап, ашканаларда, идиш-аяк жуулган бөлмөлөрдө, шарап сакталган жайларда барча кызматчылар тикесинен тик тура  иштегени. Сырттагы мухит айбаттуу, бирок даража белгилери алтындалган мундирлүү, жараткандын үлкөн айкелине окшошкон жана адамдардын кашына өзүнүн cырдуу чээнинен өтө кем  чыгып, ар дайым уйкусурап үргүлөгөнсүгөн,  эби-сынсыз эңгезер, чийкил семиз командирдин кудуретине бөркүндөй ишенишип, мухит жөнүндө  ойлонушчу эмес; бакта – кеменин тумшугунда мүнөт cайын тозоктун табышындай  сирена  чайылдап чаңырып, улуп-уңшуйт, асыресе, үн жетсе  аш  ашагандардын  айрымдарынын гана кулагына жетээр.

Анткени аны тулку-бою келишкен кызматчыларга; сылык-сыпаа метрдотелдерге – баш офицанттарга, айтмакчы, алардын бирөөнүн, өңчөй  виного буйрутма кабылдаганынын  мойнунда атүгүл лорд-мэрдикиндей  чынжыр байлануу, оймо жака  декольте көйнөкчөн айымдарга, фрак жана смокингчен эркектерге толо, майрамдагыдай жапжарык, эки түстүү  залда тынымсыз дүңкүлдөп да даңкылдаган  кыл аспаптар оркестринин бир башкача, бир сонун добушу басаңдатып басып таштайт. Смокинг жана крахмалданган көйнөк Сан-Францискодон келеткан мырзаны кыйла жаш көрсөтчү.

Жердигинен куник, асыресе, чымыр, кубакай чырай, орто бой неме заңгыраган  бермет-жакут сымал кубулма  залдагы бөтөлкөсү, майда, чоң, жука чөйчөктөрү, бир тутам кызыл гүлү  тизилген  үстөлдө отурар эле. Серпилген буурул мурутчан саргыч апти-башараты  монгол түспөлдөшүп, зер капталма  ирик тиштери жаркылдап, тастайган таз башы пилдин сөөгү  кебетеленет. Балпая тартып, кой оозунан чөп албаган ырыска шерик аялы жарашса, жарашпаса да кийимдин кымбатына качырган. Чачы жакшы күтүлүү, карасаң  адам суктанат, дем тартса  оозунан бинапша өсүмдүгүнүн  жытындай не бир жагымдуу жыт жыттанып, жамажайындагы жана эки далысынын ортосундагы пушту ыраң, бир аз упаланган безеткиси сырт көзгө урунуп-урунбаган  узун бойлуу, кымча бел кызы чыкыя, бирок жалтыр-жултурга артыкча кызыгып, делбиреп жеңил-желпи кийиниптир...

Тамактануу бир сааттан ашык созулду, анан бий залында бий бийленди. Андайда эркектер тиштери арчылган жумуртка баштанган кызыл бешмантчан ынды каралар – негрлер  тейлеген  барда буттарын буттарына учкаштырып, соңку биржалык кабарлардын капшабында калктардын тагдырын өкчөп, жаактары  бышарып кызарганча, Гавана чылымын соруп,  арактын таякесин  таанытышат. Албетте, алардын арасында сан-францисколук мырза да бар. Мухит күү-шаа аласалып, кара тоодой каптап, кеменин олчоюп оорлошкон шаймандарынын арасы алай-дүлөй  бурганактайт. Ошол бурганакты кечип, уламдан улам буркан-шаркандап, көбүк  чача өркөчтөнгөн калкагар толкундарды соколоп тилип сойлогонсуган кеме калдактап барып кайра оңолот.

Туман муунткан сирена онтоп, кароолдогулар cууктан үшүп, кайыгып, айласыздан  мукурайт. Азаптын азабы, тозоктун тозогу  кеменин cуу астындагы бөлүгүндө. Андагы бел курчоосунан  жылаңач, кермек даамдуу, киргилт  терге жуунганча от табынан манаттай кызарган кишилер күрөгөн  дөбө-дөбө көмүрдү  бурдап, жалмап, араандай напсилүү  килейген мештер шыркырап күйөт,  мында, барда бакпаяктарын креслонун канатына бейкапар арта салып, конъяк менен ликёр шыңгыткандар, түтүндүн эңсеткен  ысына  мастар оолжуйт.

Бий залы түгөл түрлөнүп, жарык, жылуулук жана кубаныч үстөм. Эки-экиден чиркелишкен эркек-аялдар бирде айланкөчөк атышса, бирде кыйшалактап  бийлешет. Ал эми музыка кайгылуу муңканып, бирдеме тилеп көшөрөт. Ушул аламан ак сөөктүн ичинде  сакал-муруту кырылган,  салабаттуу, эскиче  кийинген, дөөлөттүү, таанымал испан жазуучусу, атагы дубан жарган чүрөк ургаачы, төгөрөктөгүлөрдүн  кызыгуусун козуткан жана башкалардан бактысын жашырбаган татынакай, махабат отуна жалбыртташкан эки жаш да бар.

Жигит дайыма кыз менен гана бийлейт. Анан калса, ананайын, экөөнүн сүлкүлдөгөнү  ушунчалык ийкем, ушунчалык илбериңки дейсиң?! Аталган жуп  акча төлөгөн авазкерге  жыныстык  карым-катнашты  жардасын  үчүн атайын жалданганын жана аларың  эбактан бери бирде бул, бирде тиги кемеде кезек-кезек дооран сүргөнүн  командирден бөлөк  карабашыл  билбейт.

Гибралтарда маанай жаркытып  күн тийди, көктөмдүн  шапатасы мурун өрдөдү. «Атлантидада»  дүйүм журттун   көңүлүн оодарган жаңы жүргүнчү  пайда болду. Ал жашырын ат менен саякаттоого батынган  Азиянын кайсы бир мамлекетинин мураскер канзадасы экен. Өзү  кичикий, өңү  мелтейген, бети жапжалпак, карачыгы кийиктикиндей, алтын көз айнекчен  бу  кишинин муруту шейит өлгөн  пенденики сындуу сербейгендиктенби, бир аз жылдызы пастай сезилет. Бирок  насили аруу, жөнөкөй жана токтоо инсан. Жер ортолук деңизден тоодак куштун куйругундай кулпурган итабар толкунду бетмаңдайдан ойкуп-кайкып учкан жергилик перенде чайыттай ачык асмандын ажарына,   ажайган  теребелге чачыратып өттү... Анан эртеси Көкө Теңир   сурданып, айлананы боз чалды; жер көрүндү, Иския, Капри көрүндү.

Турнабайдан көгүлтүр бирдеменин этегине чачылган  ак канттын чакмактары тариздүү  Неаполь карекке чалдыгат... Айымдар менен төрөлөрдүн көпчүлүгү  жеңил, кундуз жакалуу ичик кийишти; чуудаланган  кара чачтары такымын жапкан, кирпиктери кыздардыкындай коюу, майрык бут, такай күбүрөшө  пикир алмашкан, жоош-момун  тестиер кытайлар шатыга шалы жоолуктарды, аса таяктарды, чабадандарды, майда-чүйдө  шыкалган кутучаларды озунуп  ташый баштады...

Сан-францисколук мырзанын кызы палубада кечээ кечинде көктөн  издегени жерден кабылып, ымалалашкан шахзадага кыналышкан кербези, бирдеме түшүндүрө, акырын сүйлөп, аптыга дем алган шеригинин жаңсаган жагын астейдил карагансып зымыраят. Көз айнекчен, кателок деген баш кийимчен жана англис тончон шахзада бою корто, ыраңы серт, кызыктай неме...  Анда-мында  бириндеген муруту так эле жылкынын кылы сыяктанат, супурадай суруна  жупкадай  тери чаптап, териге  этияттап  эритинди   жалаткандай өңдөнөт, баамдасаң. Кыз анын сөзүн тыңдап, бирок толкундангандан эчтемесин аңдабай  атты.

Кандайдыр бир белгисиз сүйүнүчтөн жүрөгү элеп-желеп: шахзада өзгөчө   жаралган жан белем – катыңкы арык колун кара да, жылмакай терисин көр?! Ушул теринин астында башынан букара  бийлеп көнгөн тукумдун каны чуркайт. А түгүл, европалык, кадыресе, арийне, өтө  пакиза кийими тири укмуш сыйкыр күчкө  эгедер. Ал эми боз кончтуу байпак, батинкечен сан-францисколук мырзанын өзү болсо жанындагы сымбат-савлеттүү, келишимдүү, ак жуумал, көзүн Париждин соңку модасына төп боёгон,  кенедей итирейген, түлөгөн ит жетелеп, дамамат ошого эбиреп-жебирөө  менен алектенген айтылуу сулууга   кылчак-кылчак  жалдырайт. Кызы оңтойсузданып,  асыресе, атасынын береги жоругун байкамаксан.

Мырза сапарда март, кең  пейил, ошондуктан, тамак жедирип, cуу ууртатып, уйкусун бөлбөй, ирмөөчүнө  чаң жугузбай, жүкчүлөрдү жүрүлөп, жүктөрүн сүйрөп, сандыктарын мейманканага алпарып, таңдан кечке шилтеген тушуна шыр  татырактап, жумушун “лаппайлап”   аткаргандарга  шексиз  ишенет. Кайда барбасын ушундай, Неаполдо деле калыптанган мамиле  айныксыз кайталанууга тийиш. Аңгыча Неаполго чукулдашты; музыкачылар үйлөмө  аспаптарын кыңгыратып, палубага топтоло калышты да, бирпаста кулак тундуруп салтанат маршын ойноп ийишти. Параддагыдай расмий кийимчен баягы  лөкүйгөн эңгезер командир жараткан шекилденип кеме башкарган көпүрөчөсүнөн жүргүнчүлөргө  жайдары мүнөз  кол булгады.

Баары, баарынын сабында  сан-францисколук мырза дагын ариеттүү  Американын маршы жеке өзү үчүн ойнолгондой, болжогон марасына  аман-эсен кадам аттаганы менен  командир аны гана куттуктагандай компойду. Акырында “Атлантида” аялдама  гаванга  кирип, күткөндөргө  жыкжыйма  тектирдин  кырына  жылып  токтогондо, шатылар түшүрүлгөндө  сары  тасмалуу шапкечен бир топ швейцарлар жана алардын жардамчылары, ар кандай далдалчылар, бекерпос балдар менен күрсүйгөн уландар түстүү  чакыруу баракчалардын таңгагын кармап, кызматын таклип эте кемеге жабылышты.

Сан-Францискодон келген мырза шахзада деле тандашы ыктымалдуу мейманкананын автомобилин көздөй бурулуп  баратып топураган бокмурундардын түрүнө  биртке жылмайды  да, бирде англисче, бирде италянча  шашпай, бирок ыңгырана  сүйлөп,  илгериледи:

Yo away![1]  Via![2]

Неаполдогу турмуштун шары  баштатан белгиленген эрежеге ылайык: эртең менен эрте күңүрт ашканада тамак ичишет, жыргатар кейпи жок ала булуттуу асмандын  жар кабагы салаңдайт, далис-вестибюлдун эшигинде котологон гиддер – саякатчыларды жетелеп, маалымат берчүүлөр. Анан  күндүн алгачкы кызгылтым-саргылтым нурлары жайылат, тээ жогорку дарича-балкондон  түбүнө  дейре таңкы шоолаланган бууга чайынган Везувий, деңиз булуңунун бермет-жакуттай жыбыраган толкундары, Капринин элес-булас карааны, түздөн-түз төмөндөн эсе кепкенедей эшектер жээк бойлото сүйрөгөн эки дөңгөлөктүү  арабалар жана чыңкылдаган музыканын ыргагында  кайдадыр шаңдуу арыш  керген  кипкичине жоокерлер көрүнөт. Андан соң машине минип, кыбыр  кылдырап,  бийик, сансыз терезелүү тамдарга оролуп, жолоочусу арбын, ары тар, ары сыз, саздан бүксүгөн көчөлөр кыдырылат, кычыгында  кыл жатпаган, чымын дыңылдабаган,   текши жакшынакай, бирок мом жыттанып, буурул жарыкка чулганган  чиркөөлөр сыдырылат.  

Карай берсең алар деле көңүлгө көк алмадай  тийет окшобойбу. Анан калса, чиркөө чиркөөдөн анча айырмаланбайт: калың тери капталуу  далдайган дарбаза, башбаксаң –аңгыраган боштук, жымжырттык, жасалгалуу  төр жакта жети биликтүү  шамдын бүлбүл оту үлүңдөп, эмил, эмен  отургучтардын ортосунда  жалгыз кемпир табынып  алек. Табыттын жылмалана сүрүлгөн тактайлары үйүлүп, кайсы бир сүрөтчүнүн айтса-айтпаса атактуу “Кресттен бошотуу” аттуу сүрөтү кадалган.

Саат бирде Сан-Мартино тоосунда түштөнүшөт. Ошондо алиги тоого  менменсингендер жалпы  чогулат. Бир курдай буерде сан-францисколук мырзанын кызы аз жерден эс-учунан тана жаздабадыбы!? Баягы шахзаданын Римде экенин гезиттен окуганына карабай, залдагылардын бирөөнү аны менен чаташтырып алыптыр. Беште мейманканага килем төшөлүп, камин-коломтонун алоосуна мемиреп жылыган жайык бөлмөдө  чайлашмай. Ушерде кечки тамакка кайрадан кам урулат. Коңгуроонун катуу, өктөм заңкылдагы бардык кабаттарда кайрадан жаңырып, оюк жака, шайы көйнөктөрүн шуудуратып, тепкич ылдый келаткан айымдардын каз катары кайрадан күзгүгө  чагылышат. Заңкайган ашкана меймандос кучагын кайрадан жайып, кайрадан жанагы кызыл кемселчен  музыкачылар секичеге чыгат. Коюу, кызгылт сорпону устаттык менен кесе-кесеге бөлүштүрүп куюп, метрдотелдин тегерегинде  кийими да, өңү да бирдей кара малайлар тызылдайт кайрадан...

Саат он бир ченде мейманкана кызматчылары бардык бөлмөлөргө ич жылытыш үчүн ысык cуу толтурулган резина капчыктарды ташып калышар эле. Бул – миң  түркүн оокаттан таюу  тартпай,  карынды челектей кампайтуунун кесепетидир.

Нетсе да декабрдын ырайы анчалык дурус болбоду. Ушул маселе тууралу швейцарлар менен сүйлөшсөң элеби, күнөөлүүдөй желкесин  куушуруп, мындай жылды такыр учуратпаганын эметип, күңк-мыңк. Чынында алар алгач ирет минтип күңкүлдөп, бардык тарапта  алаамат башталганын, атап айтканда, Ривьерде нөшөр боройлоп, жамгыр аралаш шамал согуп, Афинага кар жаап, Этна да карга көмүлүп, түнкүсүн  чагылышып, Пальермодогу туристтер cууктан корголоп, туш-тушка дыркыраганын биринчи жолу жүйөө тутуп  актанышпагандыр... Күн эртең менен жылт этип  кылтыйып,  алдап коёт. Түштөн кийин асман сурданып, муздак жаан чакалап куят.

Ошондо мейманкананын алдында өскөн пальма дарактары каңылдыр тунукедей жалтырап, шаар булганч тартып, тарый түшөт, музейлер өлгүдөй жадатма өңдөнөт. Ырызыңке чепкенинин этеги ызгаарга делбектеген жоон-жолпу арабакеч-извозчулар соргон  чылымдын калдыктарынын чыласы  каңылжаарды жарып, тигилер кынжыйган чобурларын калптан эле тарсылдата камчылап аткансып, аягын солбуй, трамвай жолун шыпырып бараткансыган эркектердин өтүктөрү  мокочодой түрү cуук, жамгырда жылаңбаш келаткан аялдардын буттары быкыныңды  эзип ушунчалык бир кыпкыска кыязданат ошондо.  Балыктын, айрыкча, чирик балыктын жээк жактан айдаган каңырсыгын  баяндоонун  кажети жоктур.

Сан-Францискодон келишкен мырза менен мырзайым саарлап кер-мурлашып калышат: алардын кызы “бир күн оору, бир күн соо”, баякы тамырында эзелтен эл чимиргендердин өзгөчө  каны жүгүргөн куник кишиге жолуккандан бери бакытка марып, дендароо. Ий-е, кыздын назик жүрөгүн ким эмне аркылуу кыпылдатканы   баары бир эмеспи. Акчабы, даңкпы, ата-бабанын аброюбу – айрымасы канча?..

Айтымда, айтса, Соррентодо, Каприде жылуу, күнөс экен, лимон гүлдөп кулпуруптур, калктын  адеби да жакшы, шараптын сапаты да мыкты имиш. Ошенетип, сан-францисколук мырза мүлдө дасмиясын артынып, Капириге жөнөмөккө бел байлады. Аныбыз аталган чөлкөмдү кыдырып, Тиверийдин ак сарайларынын чалдыбарларына чалынып, жомоктогудай сырдуу, жомоктогудай кооз Көгүлтүр Үңкүргө кирип, дин майрамынын арапасында бир ай бою аралды узун-туурасынан аралап, Мария бүбүнү  мактап жаңшаган абруццилик селсаяк өнөрпоздордун авазына тамшанып, ананбы, Соррентого келмек.  

Сан-францисколук мырза жөнөп кеткен күн көкүрөккө  бөтөнчө  уюду бейм! Таң дык салгандан куяштын жылтыр көзү  көрүнбөдү. Жыш  туман Везувийдин пайдубалыначе самсаалап, деңиздин коргошундай көлбүгөн бетин каптады. Капири аралы бул жалганда жок сымал, капырай,  кайда житкени белгисиз. Аны көздөп талпынган  чакан кеме бирде тиякка, бирде биякка ооп-төгүлөт. Ошол кемеченин кунарсыз  кают-компаниясынын дивандарында шыйрак-тизесин жүн жоолук менен  чулгап, жүрөк мыкчылгандан  кирпик-кашын чылк жуумп сан-францисколук үй-бүлө дармансыз. Чамада, мырзайым ашыкчараак  кыйналды, бир нече сапар ичеги-карды аңтарылып,  ана-мына өпкөсү  суурулчудай туюлду өзүнө. Ал эми ага “айт” эткенде  «уйт» этип  дагара ала чуркаган,   ашмалтай жол азабы, көр азабына  эбактан көндүм кызматчы аял деги таркылдаганын  тизгиндесечи?!

Кызбийкенин иреңи тири шумдук кумсарып, бир кертим лимонду кырча чайнап, ычкынат. Кең тончон жана чоң тумакчан мырза чалкасынан сулк кулаган тейде, жолдугата тиштенгенден тиштенди. Түнөргөн түгөнгүрдүн мурутун буурул чалып, келдеси зыңылдайт. Ал аба-ырайы бүркөлгөндөн бүркөлгөн  себептүү  арактан  аябай шыпкап, бузулгандар жыйналган  жайларда  “жандуу сүрөттөрдү” жантыгынан жамбаштап  кароого көчкөн. Жаан шаңгыраган  айнектерге чаба жаап, диванга сарыгат. Улуп-уңшуган бурганак мачтаны  ийип, толкундун толкуусун сүрөй  албууттанганда, кемечени аласалдыра  жаздап,  жаасы кайра жанат.

Андайда ардеме-бирдемелер калдур-кулдур калдырайт ко. Кастелламар менен Соррентого токтошкондо бир аз соороно үшкүрүштү, бирок кеменин үрөй учурган чайпалуусу мында деле басылганы жок. Терезенин аркы танабындагы жээк баки жарлары, бак-шактары, бозмук жана ак түстөгү мейманканалары, түтүндүү, коңур-көгүш тоолору менен бирде өйдө, бирде ылдый, селкинчектей алмак-салмак серпилип тынчыбады. Кайыктар бири-бирине соктугуп, эшиктен нымдуу  шамал жортту.

Антсе да “Roya!?” конок үйүнүн желеги илинүү теңселген  кемеде текиреңдеп, саякатчыларды ушерге гана орношуп, тап жылбоого үндөгөн чулдур чычымдын  ач кыйкырыгы тып-тыйпыл тыйылбайт-ов! Сан-францисколук мырзанын сиркеси cуу көтөрбөй, заматта карылыкты моюндады белем. Мобул сараң, сарымсак сасыган италиялыктар  тамам  тажатып,  куйкасын жаман куруштурду.

Ал бир мертебе кеме аялдаган маалда көзүн жүлжүйтүп, дивандан копкончо тик жардын бүткөн чет-чеберине, тимелеби,  cуунун боюна, кайыктарга, кандайдыр бир акыр-чикир, темир-тезектерге жана көөнөргөн торлорго аралаш-куралаш  чиркелиштире курулган, жөргөмүш желесине  желеленгени сокурга  деле айгине  тамтыксыз  бир топ таш тамдарды көрдү. Көрдү да, ырахаттанам деп санаган  бейишинин ырайынан  ыйламсырады...

Көр болуп да, жер болуп, ире-шире күүгүмдө  дүңүнөн дүңүрөйгөн, жакасына жылдыз  шамдарын жандырган аралга жакындашты. Шамал  жумшарып, теребел шаңкаят. Кара майдай жылтырап, жоошуган толкундарга чачылган пристандын панарынын шооласы  жыландай ийрелеңдейт... Бир оокумда тарактап барып, “чалп” эте, кайрымактай якору  ташталды, күңгөй-тескейден  кайыкчылардын башаламан доошу угулду. Дароо маанай маңкайып, кают-компаниянын ичи  нурданып, жашоо жагалданды...

Он мүнөттүн ары-берисинде  сан-францисколук үй-бүлө  оңтойлуу  кемеге олтуруп, он беш мүнөттө  топуракка  таманын  койду. Анан жарык вагончого жайгашып, жантайма боор менен жарым-жартылай ураган таш коргондун, жүзүмзардын жана ным, ийри-муйру, анда-мында бакал баскан бастырмага жашынган апельсин дарактарынын мончоктой тизимин аралап,  ачылуу терезеден кызыл-сары  мөмөлөр менен кошо күбүлүп, төмөн, тоонун жерпайына   кайыган  калың  бариктерге  карек кадай  жогорулап, эгизгеге  зуулдашты... Италия  жергесинин жамгырдан кийин буруксуган бурагы   бир башка,  ар бир аралдын өзүнө  гана таандык өзгөчө   жыпар жыты аңкыйт!

Бу кечте Капри аралы түксүйө  чыйрыгып, капкараңгы эле. Некин, мунубуз бир саамга жанданып, тигинден-мындан чырак күйдү. Төбөдө, поезддин  бекетчесинде сан-францисколук мырзаны  татыктуу тосуу тапшырылган  кишилер акыйбадыбы. Ырас, буерге башка жүргүнчүлөр деле келди. Асыресе, аларга  дит  бурулбас. Келсе, эндей жана элегей, көз айнектүү, сакалчан, эски тондорунун жакасы өйдө кайрылган  бир нече орус менен илегилек аяк, ашкабак баш, тиролдук күрмөчөн, далысында  боз сумкеси асылуу немис өспүрүмдөрүнүн  ууч  тобу келгендир. Беркилериң кол кабышка муктаж эмес, анын үстүнө  жарды немелерден жарытылуу бирдеме өнмөк беле.

Аламан жамагаттан аста-секин бөлүнгөн сан-францисколук мырза дароо бутага илинди. Аны жана  анын жанындагы айымдарды поездден коомай колтуктап түшүрүштү, багыт көрсөтүп алдыга жүткүнүштү, баякы эселектер, демейде тың саякатчылардын сандыкчалары менен чабадандарын башына көтөргөн каприлик балбан зайыптар мырзаны кайрадан  тоорушту. Мадырабаштардын үркөрдөй үйүрү  үстү  жагында  нымсак шамалдан иликтир шары термелген майданчаны, майданчанын жыгач буттуу отургучтарын тебелеп-тепсеп, чымчыктар “дуу” деп учкандай топурап коё беришти. Мырза булардын  коштоосунда, жөнелеби, сахнада көйрөңдөнгөнсүп, үйлөрдүн тамбашысы эңилип   туташкан орто кылымдагы  кандайдыр бир капканы көздөй жөнөгөнү.

Капкадан ары, сол ныптада жапыс чатырчаларга таканчыктап, канат сермөөчүдөй пальмалары ыргалуу, тике маңдайыңда жылдыздары жымыңдашкан түпсүз асманы жайылуу кененден кенен эңкейиш даңгыр мейманкананын күндүзгүдөй жапжарык  дарбазасына алпарат. Жер ортолук деңиздин кагыраган аралындагы баткактуу, таштан тургузулган  тамдарга карк калаасына сан-францисколук коноктордун шарапаты үчүн эле шаан-шөөкөт  жан бүтүп, мейманкананын ээсин дал ошолор ушундай бактылуу, ушундай элпек кылышкандай, меймандарды түп көтөрө  тамактанууга чакырар  кытай коңгуроосу ушулардын гана астана атташын күткөндөй сыяктанды.

Короздоно кийинип, койколоңдоп  ийилип, кардарлардын кашында  тоңкочок аткан конок үйдүн жаш кожоюну ирмемге сан-францисколук мырзанын  оозун  аңырайтпаспы.  Бүгүнкү түн түшүндө шайтан-шабырдын бардыгы алты айланта торогон  экен, ичинде мынабул төрө чыкма да аралаш, союп каптап койгондой окшош, тооба, кийими да, аспиеттеп тараган чачы да алигиники. Мырзанын айран  калганы ушунчалык, капыстан  тык  токтой жаздады. Бирок көөдөнүндө  таасирден таңдануунун  уругу ныпым нөлдүгүнөнбү, тереңинде оргуган сезими аш-паш дегиче cууган. Айтса, өңү  менен түшүнүн укумуштуудай шайкештиги  туурасында мейманкананын далаанында  баратып аялы менен кызына анчейин азилдей жобурады. Кызы бир балээнин жууктугун туюнгандай атасына жалт багат. Ий-е, береги бөтөн, каражолтой  аралдагы үңүрөйгөн жалгыздык жаштын жүрөгүн бычаксыз жаралайт.

Аша урматтуу Рейс ХVII Каприде мейманчылап бүтүптүр. Сан-францисколук конокторго ошол ээлеген бөлмөлөр ыйгарылды. Эң чырайлуу, эң сулуу, кыл аркандай кымча бел, ороюнда  кичи таажы кыяздуу чепчик деген баш кийим, түпкү  теги бельгиялык кызматчы жубан менен өмүрүндө  далай жилик мүлжүгөн, малайлардын бышыгы, көмүрдөй  кара жүзү бул, оттой күйгөн  көзүдүр, сицилиялык карапайым,  жапалдаш  бой  жана майпар Луиджи бекитилген. Бир мүнөт не өттү, не өтпөдү, арада  сан-францисколук мырзанын эшигин француз метрдотель черткиледи. Тигинин вазипасы - жаңы меймандардын тамактанууга  ниетин  аныктоо.

Эгерде тамактанабыз дешсе, арийне, метрдотель алардын тамактанышына  кинемсиз ишенген, канаттуу, балык, жырткыч айбандардын этинен жасалган не бир даамдарды эсептеп, деги, эмне буйрусаңыз орундалат демекчи. Сан-францисколук мырзанын карегинде  жер дале  айланкөчөк...  Кантет, убалы жанагы Италиянын кемшейген  кемесине тийсин, ылайым! Метрдотель киргенде ачылып кетип, алыстагы ашкана менен cууга чайынган гүлдөрдүн жытын ичкериге  жылжыткан терезени шашпай, көнүмүш  болбосо да өз колу менен жаап салды. Ары карай тамактанышмагын, залдын төрүндөгү,  опур-топурдан оолак үстөлдүн даярдалышы абзелдигин, жергилик шараптан ичишмегин  салмактуу, даана  тастыктады. Метрдотель мырзанын ар бир сөзүнө  ар  башкача “куп-мейли” айтканы менен маңыздуу  мааниси барып-келип  “кебиңиз  калетсиз, кадырлуу, каалооңуз кылчактабай  бажарылат” дегенди гана билгизет.  Ал акырында  таазим кыла жүгүнүп:

- Бүттүңүзбү, улук? – деп сыпайы сурады.

Мырзанын кыңырылган “yesсин”- “ообасын” угуп, метрдотель бүгүн мейманкананын киреберишинде бүт Италияга жана “саякатчылардын баарына” белгилүү  Кармелла менен Жузеппе элдик музыканын күүсүндө  улуттук бийлерди бийлемегин кыстара маалымдады.

- Мен открыткадан сүрөтүн көргөм, - деди сан-францисколук мырза  тек салкын.- А Жузеппе күйөөсүбү?

- Эки ата өтүшкөн агасы, улук,  – деп жооптошту метрдотель.

Cан-Францисколук мырза оюна бирдеме кылт эткенден  саал-паал аялдай, бирок тил катпастан тигиге бара бер дегенчелик ээк  какты.

Анан ал  кудум   күйөөлөчүдөй күчөнүп,  жарыкты  жапырт жандырат, күзгү, эмерек, сандыкча аттуунун бакиси  жаркырап да жалтырап, карачыкты талдырат. Сакал-мурутун кырып, жуунуп, утур-утур коңгуроо шыңгыратып, малай-кызматчылардын  сабыр-такааттан  сынап,  дабышы кардыгат.  Өзүнө  катар эле аялы менен кызы дагы  биринен сала бири  коңгуроо чалганга  ашыккан. Кызыл алжапкыччан, атка жеңил, тайга чак Луиджи желип  баратып,   “өлтүрүшөт ко” дегендей  куудулдана бети-башын бырыштырып, кызматчы  келин-кесектин боорун катырат.

Коңгуроо кагылса, чимирик атып жетет да, каалганы тыкылдатып, калп  коркконсуп,  атасын урматтап, энесин сыйлагандай собол созот:

- Ha Sonato, signore?[3]

Эшиктин артынан каадаланган,  сылыктыгы бир кызык  үн чыйылдайт:

- Yes, yes, come in…[4]

Өгүңкү  өзгөчө   кечте сан-францисколук мырза не ойлоп, не койду экен?  Жолдугата урунуп-беринип келгенден өзөгү  карарып, курсагы куркурап, бир кашык сорпо, бир кадак – ыстакан шарап көзүнөн чааралакей учкандыр, шилекейи чубургандыр. Жасанып-түзөнүп атканда негедир боктуу ичегиси  болкулдап, өпкөсү  көөп, оголе толкунданды. Асыресе, арабөк акыбалы  азганакай  акыл калчоого эгерим  аралжы эместей.

Ошентип сакал-мурутун серпип,  жуп жуунуп аяктаган соң, бир нече жасалма тишин жай-жайына  ырааттап жайгаштырды  дагы,  күмүш курбулуу шоткени cуулап,  эки жаагына эрмешкен буурул кылдарды сүрдү. Тамакты не чектебей, не мүнөздөбөй  жегенден казы байлаган картаң, лекин, кайраттуу денесине сапсары трикону ыраса  чойгулап кийди.

Ал эми каз таман бутуна кийгени – кара жибек байпак, бийлөөгө ыңгайлуу туфлий. Тизесин бүгө  ыйынып, мойнуна арчындалган шайы кур менен белине чейин тартылган шымын жана көкүрөгү  тиреген апакай көйнөгүн оңдоп-түзөп, андан ары жеңинин запонка-илгегин илип, кашайып, жакасындагы кымтылоочу  илгек  бармак-ортонуна  илешип-илешпей  шайын оодарды.

Оропарасында  жер көчөт,  аласалат,   көпшөк терини аймап, кокосуна сайылып, манжаларын ачыштыра  сыздатып  илгектики кошулга ташыл. Тар жакасы кыскандан кокосу  буулуп, көгөрүп, алайып-акшыйып,  акыры, бүчүлөдү  бейм. Базары түгөнгөн базарчыдай шалпайып, күзгүнүн каршысына көчүк басты эле, турпат-тулку бөлмөнүн бурч-бурчундагы айналардан чачырап, көбөйүп  чагылды.

- Балекет чырмады?! – деп күңкүлдөдү  ал такырайган таз башын шылкыйтып. Асыресе, кандай балекет чырмаганын  талдоодон  жүрөксүдү. Анан шишик дартка чалдыккан бытыгый манжалары менен бадам ыраңдуу жазы жана дөмпөк тырмактарына адатынча абайлап бакты да,  алданемени туйгандай эмелеки  мыңкылын кайталады: - Балекет чырмады...

Аңгыча үйдү  үч көтөрүп, кудум эзелки диний чиркөөдө  кагылгансыган коңгуроо   калдыркандын тарсылдагын  тундурбаспы. Сан-францисколук мырза ордунан шаша обдулуп, ансыз деле кысылып аткан мойнуна галстук-жагоо байлап, чоң  курсагын бешмантка капшыртып, смокинг кийип, жеңдерин тартып, дагы бир ирет, бул ирет акыркы ирет күзгүгө  каранды... Көз карашы наздуу кылгырып, мулаткалардай жердигинен кара тору, миң  түрлөнгөн кийиминде кызгылт-сары түстөр жадыраган  жанагы  Кармелла, айтуудан, бир өзгөчө  бийлесе керек деп ойлоду ал. Ананбы, анан бөлмөсүнөн шагдам чыгып, килемден башка эчтеме баспай, коңшу бөлмөгө, аялыныкына жуп жууктаганда  “даярсыңарбы, ыя?” – деп собол узатканы.

- Беш мүнөттө  даярбыз! – Эшиктин артынан кызынын жаркылдап,  көңүлдүү  боло түшкөн үнү  эшитилди.

- Абдан жакшы, - деди сан-францисколук мырза.

Ошенткенин ошентип килем төшөлгөн далаанда  калдайып,  ага улай тепкичтен тепкич  аттай, окуу залын издеп ылдый кезди. Оропара кезиккен кызматчылар ыйбаа кыла, жол бошотуп атышканын сезбегендей келатыр. Алды жакта чачы куудай ак, оюк  жака, боз шайы көйнөкчөн бүкүр кемпир кечки тамакка кечиккенден жан далбастап бөкчөңдөп бараткан. Кемпирден бат эле озду.  Калың  калайык  эбак чыз-пызын апылдата кепшей  баштаган ашкананын айнек эшиктерине чукулдап, чылым жана Мисир тамекилеринин кутучалары додолонгон  үстөлгө  үйрүлдү  да, андан колтойгон манилла сигарасын сатып алып, үч лира пул чыгымдады. Кышкы  айбанда-верандада  ачык терезеден сыртка  көз кыйыгын салды эле, түнкүсүн эскен желдин майин шапатасы жүзүн сылады, жалбырактары тээ жылдыздарга атаандашкан  үлкөн,  карт пальманын кылда учу элес-булас ыргалгансыды, оолактагы  деңиздин калыбын бузбай шуулдаганы  угулду...

Жайлуу, тынч үстөлдөрдө   гана чырак күйгөн окуу залында кебете-кепшири Ибсендей, күмүш курбу  төгөрөк көз айнектүү, карачыгы тири укумуштуудай канталаган кайсы бир буурул келде немис гезит барактап туруптур. Сан-францисколук мырза тигини жактырбагандай карап,  обочорооктогу  жанында жашыл “тебетайлуу” шамы жанган тери капталма чуңкур отургучка отурган соң, мурдунун үстүнө  кыстарма көз айнегин кыстарып, муунгандан башын чулгуй, гезит менен дидарын   калкалады.

Кээ бир макалалардын темасына карек чаптырып, эч качан басылбаган Балкан согушу  тууралу бир нече сап окуду. Арылай, көнүмүш боюнча,  экинчи бетти ачты. Айтпай балээңден, жазбай жалааңдан сактай көр, гезиттеги сүйлөмдөрдүн арасынан бирдеме айнек сыныгындай күтүүсүз  жылт-жулт этти деле, заматта моюн булчуңу түйүлүп, көзү чакырайды, кыстарма көз айнеги окчун ыргыды...

Алга жүткүнүп, аба жуткусу келди окшойт, бирок жырткычча  ыркырып ыкыйды. Астыңкы жаагы шалбайып, аңырайган оозундагы арсайган алтын тиштери жаркырады, мүрүсүн  карай толгонгон  башы ары-бери калтылдап, көйнөгүнүн төшү  себеттей бырышты го ошондо. Бара-бара денеси бирөө  менен жан үрөп күрөшкөндөй жыйрылып, отургучтан төмөн жылмышты, батиңкесинин  такасы килемди түрдү.

Эгерде окуу залында баягы немис болбосо, береги адаттан тыш окуянын жигин билгизбей, сан-францисколук мырзаны буттан-колдон сүйрөшүп,   кирпик ирмеп каккыча арткы каалгалар аркалуу  алыс алпарып ташташмак. Аныбыздын тагдырына   коноктордун бири дагын кынжылмак  эмес. Некин, немис окуу залынан айкырган бойдон аткан октой безип, атпай  там-ташты,  аш үйдү  бүт чакчелекей чочутту.

Өтү алкымына тыгылгандан  кубарып, тамагын жебей жипкире түртүп, окуу залын мелжей  алактаган  пенде арбын. “Тынччылыкпы, айланайындар” деп ар кайсы  тилде сурагандар бар. Адам ушу кезге дейре ажалга  өтө таңданып, өлүм актыгына ишенбегенден каш-кабактын ичиндеги  кырсыктын чоо-жайын эч ким калыс таразалоого  жарабай, жапа тырмак  селейди.  Мейманкананын ээси бир бул, бир оногу   кардардын багытын торой жапакечтенип, баары жайында, наети сан-францисколук саякатчы мырза эсин жоготуп,  эңгирептир дегенчелик шаша-буша бежиреп, жүгүргөндөрдү  жөнгө көндүрүүгө  абыдан  ашыкты...

Бирок аны тооткон  киши  жок. Меймандардын көпчүлүгү  малайлар менен кызматчылар  жаңкы мырзанын жагоосун, бешмантын, бырыш смокингин чечип, а түгүл жалпак таман, кара жибек бий бийлөөчү  чарыгын аягынан эмнегедир сыйрып-неткенин  көрүштү.

Мырзанын жаны али үзүлө  элек. Ал туктамал тушташып, ой-боюна койбостон алакчылоого  аракеттенген аңкир-мүңкүргө  багынбай, өжөрлөнө  кармашуусун улантты. Башын селкилдетип, мууздагандай кыркырап, мас эмече  акшыйды... Аныңызды пастагы кабаттын түпкүрүндөгү  тырмактай, эң жаман, нымдуу жана оголе муздак кырк үчүнчү бөлмөгө   аш-паш дегиче апкелип оонатышканда   аерге чачтары бириндеп  сапсаңдаган, көйнөгү  чала түздөлүп далбактаган кызы,  корккондондур, эриндери оймоктой   чүрүшө  чормоюп,  ашепке  жасанган аялы “ойбойлоп” жетти. Аттиң, агезде ал “тырп” этүүгө   шаасы келбей,  биротоло  шалдайган эле.

Мейманкана чейрек саат  дүрбөп,  араңдан зорго тынчыбадыбы. Арийне, кеч таптакыр бүлүндү. Кай бирлер ашканага кайтып, дулдуйган бойдон  унчукпай кара курсактын камына  кайталап урунду. Мейманкананын кожоюну эсе бирде буга, бирде тигиге күнөөсүз күнөөлүүдөй  тигилип,  албетте, “жаман иш жүз бергенин” жакшы түшүнөрүн жана жагымсыз көрүнүштү  четтетүү үчүн “ мүмкүнчүлүктөрүн  аянбай  жумшаарын”  улам-улам убадалап,  убара чекти.

Бийчилердин оюн-зоогу ылаажысыз жылдырылып, артыкбаш  жарыктар өчүрүлдү. Меймандардын басымдуу пайызы  шаарга, сыраканага сызганданбы, кулак-мурун кескендей тымтырстык өкүм сүрүп, киребериштеги сааттын жебесинин соккону чыкылдайт. Буерде уйкуга  жеңдирген  коколой тотугуш текөөрү  уянын төбөсүн аткып,  бир бөлөкчө бурала кайрылып, ошо тейден кыйналып, үйрөнгөн айтымдарын үзүл-кесил   кулдурап атыры...  Сан-францисколук мырза шыптагы чокон чырактын күңүрт шооласы төгүлгөн  текейден арзан темир керебетте одуракай жүн жамынгыч жамынып кожоёт. Ымыктаган муздак маңдайында муз салынган резина торбо. Көгөрүп, шапайгандан шапайган  өңү  аста-аста cууп, алтынга туйтунган ооздон озондогон  онтоосу оорлошту. Эмкисин ал эмес, дегеле башка адам кырылдагандай.

Бешенесинде жубайы, кызы, доктур, кызматчы аял майыша  жаалайт. Бир оокумда кырылдаган дабыш тып тыйылды.  Кашындагылар ушуну күтүп, ушундан жүрөкзада эле. Анан бакырая баккандардын назарында  акырындап ыраңы  соолуп, жүзүнөн сөөлү качты, ыраматылыктын...

Эшик аттаган мейманкана ээсине доктур “Cia e morto[5]” - деп күбүрөйт. Тиги далысын куушуруп, түк  камаарабады. Ара-тородо көз жашы жаак ылдый куюлган  айым кожоюндун жанына барып, маркумду менчик жатагына  кийирүү зарылдыгын зырылдай   эскертти.

- Ок, анте албайм, - мейманкана ээси бирде англисче, бирде французча бат-бат, бирок чектен ашпай, маданияттуу  каршы сүйлөдү. Сан-францисколуктардын анча-мынча тыйыны аны баштагыдай кызыктырбагансыйт. – Эч бир аргам жок, айым.  - Арылай  алиги бөлмөлөрдүн куну ат көтөргүс, эгерде  өлүк кийирсем, анда жосунум эмеле бүт  Каприге тарайт  да, саякатчылар менден аркан бою безип,  жолобой качат деп түшүндүрдү.

Баятан бери аныбызды аңкая  тиктеген кызбийке орунтукка отура сала, илебин  жүз аачылап  жапты деле, уңулдап коё берди. Айым эсе ыйын муунап,  бышаргандан татарып, ачууга ашкере  уукансыйыт. Сыйлоонун бети сыпсыйда сыйрылганына ишенкиребей, чыңырып-чычып, теригип,  талабын эне тилинде миң бир сыйра   кайталагандан тайбас. Мейманкананын ээси  эгерде сизге биздин мекеменин мыйзамы  жакпаса, анда төрт тарабыңыз кыбыла дегенин кесе  айтпай, жумшактап бек айтып,   тек айымдын демиккен демин  басты. Анан сөөктү  саарлап жүктөө  даркерлигин, жаманчылык  полицияга кабарланганын, андан киши катышып, жол-жобосун жайгармагын тактады... Ошондо айым деп сурайт:

- Капириден  жөнөкөй табыт табылабы? Тилекке каршы, табылбайт, мүмкүн эмес, жасап дагын  эч ким үлгүрбөйт. Өңгө  арга издөө  керек... Маселен,  Англиянын кычкыл арашан cуусу буерге эндүү, узун жашиктер менен ташылат... Ошондон бирдеме эптөөгө  эмнеге болбосун...

Мейманкана көшүлүп  уйкуда. Кырк үчүнчү  бөлмөнүн бактын четин  караган терезеси ачык. Карчыты бийик таш дубалдын түбүндө  жулугуна  айнектин сыныктары сайылып, куурайдай куурамагы чукул  банан дарагы сербейет. Жарык өчкөн, эшик  жабык, тирүү  жандын элеси  жок. Өлүк караңгы каанада. Ага көктүн көк жылдыздары көз кадап, коңулдагы  бейгам кара чегиртке какшана чырылдайт... Жарыкка чукак далаанда  эки кызматчы аял ардеме көктөөнүн  убарасында. Туфличен Луиджи бир кучак көйнөк кучактай  киргени.

- Pronto? (Даярбы?) – ал далаандын коңултак колтугундагы  үңүрөйгөн каалганы карап, доошун дорулдата, муңайым собол таштады. Собол таштады да, поезд узаткандай, бош колун тиякты көздөй силкип, демейде Италиянын бекеттеринде колдонулуучу  Rartensa!  деген айтымды аста-секин кыйкырды эле  кызматчы аялдар кыткылыктап, бирине бири жөлөнө  жыгылып,  боорун  тырмашты окшобойбу. Анан Луиджи  желе-жорто  эшикке жууктап,  аны кагымыш этип, келдесин шылкыйта, шыбыранды:

- Ha Sonato, Signore?

Тынып-тынбай, эринин эптештирип, каалганын артынан сүйлөгөндөй каадалуу киркиреп, кайгылуу  жооптошту:

- Yes, come in…

Таң  агарып атканда, тараза жылдыз батканда, кырк үчүнчүнүн  терезеси жарып, банандын үзүлгөн  баригин нымдуу шамал шуудуратканда, Капири аралынын үстүнөн  үйрүлгөн асмандын үзүгү чар тарапка  канатын  күүлөп, Италиянын ыраакы тоолорунан кылайган Күн Монте-Соляронун шаңкайган тунук чокусун  нурга чайыганда, саякатчыларды утурлай мындагы төтө  чыйырдын шагылын  тергендер көндүм жумушуна шашканда – жанагы  бөлмөгө  англис арашан cуусунун узун жашигин солошту. Жашик  заматта зылдай оорлошуп, Капринин жантайма боорлорундагы таш коргондор менен  жүзүмзарларды аралаган ылдыйыш  тасмада сыңар айнектүү чүмкөмө арабага артып, эңкейгенден эңкейип, деңиздин так жээгине  алпармакка  алектенген   жардамчы швейцардын тизесин ныгырып жүрүп отурду го.

Келте жең,  көөнө күрмөчөн, ышпалдасы  чыккан эски чарыктуу, түнү  бою кумар ойногондон карачыгы канталаган аракеч арабакеч абзели сицилиялыктардыкындай, кызыл-тазыл  чачылы жүгөнүндө жана жез ээрчесинин кашында ар түрдүү  жылаажын добуш шаңгырап, кыркма көкүлүнөн кылтыйып, жоргологон  сайын селкилдеген перенде куйругунун  үкүсү  тагылуу  курч атын кайта-кайта камчылайт. Түндө  сокур тыйыныначе уттурган – жармачтыгынабы, жарыбастыгына  жөнеле зээни кейийт. Унчукпаганы ошондон.

Асыресе,  айланаңда деңиз, төбөңдө  жаңырган  теңир, жутканың серүүн  аба экенде  ичкениң  тарап,  оңкулдабай оңолуп, оңо түшөт эмессиңби. Анан калса,   шордуу башын ары-бери чайкап, аркасындагы  жашикте жалпайган кайдагы бир жайдагы сан-францисколук мырзанын күтпөгөн буйткадан  буюруган “уйкулугу” да жабыккан дилди сооротот... Тээ ылдыйда, Неаполь булуңунун толкуп-ташкан, чыбырчыктап жылтыраган көгүмжүл чатында  тампыс коңуздай калкыган кемече соңку сапар түтүлдөп  аткан. Түтүлдөк томуктай  жергенин  жылга-жыбытын  түрө  камтып, абанын тазалыгынан мунун ар бир бурулушу, ар бир кыры, ар бир апайы  алаканга кондургандай дапдаана.

Баш швейцар уйкусуз түндөн, ыйлап жашын сыккандан каректери шишмек, жүздөрү  купкуу айым менен кызбийкени коштой зыпылдаган   жеңил машине кеменин аялдамасына  жакындаганда  жардамчы швейцарды кууп жетпедиби. Он мүнөттөн кийин чакан кеме кайрадан агым жиреп, кайрадан Сорренто, Кастелламарды карай сүзгөнгө  киришти. Чууруган чунагың сан-францисколук үй-бүлөнү  Каприден кыяматка   ажыратып, илгерилегенден илгерилейт... Ара-тородо  аралыбыз  кайрадан бейпилдикке бөлөнүп,  дымырайт.

Ушул аралда эки миң жыл оболу дене лаззатын  кандыруу  жагынан кудайды тааныбаган  аңги, эмнегедир сапырылган сан урууну билишинче  бийлеп,  эркинче экчөөгө, жонунан  кайыш тилип эзүүгө  өлчөөсүз  укугу бар куу  чирен пенде өтүптүр. Ал адамзаттын унутулгус   эсиндеби же кандай, дегиңкиси аралдын гүлдөө  доорлорунун биринде кадимки  кайбар  жашаган таш үжөрөгө  сонуркамакка тияк менен бияктан   чыгынып ынтылган  ынтызарлар ыраса  көп.

Каприге берегидей максат аркалап барган коноктун бакиси азыркыдай  ажайган зоордо  татты уйкунун амириндедир. Ал эми   дарбаза тышында  “кы” дегенде кыдыңдамакка  көк эшектер чомдолуу. Ойгонуп, наар татууга жалгай  америкалык эркектана-ургачылар, немистин аял-эркеги, жаш-карысы жарыша  алиги эшектерди дагы  минет. Бакырлар, каприлик кемпирлер жалкыган жаныбарларды камчылоого  чыбыктын солкулдагын чоттоп,  байма-бай сүрөмөлөп айдап, тапталуу таштакта талпылдап,  өйдөлөй  өрдөп, убай-чубай, тээтиги Монте-Тиберионун кылда учуна  дейре дагы өчөңдөп жортот. Кошуналарына кошулуп,  кыбаасын кандырууну каалап, бирок зыяраттын ордуна өлүмдү  ойго жуутуп, санаркаткан кара саат сан-францисколук чалды Неаполго жөнөтүшкөнүн туйган саякатчылар беймарал көшүлүүдө.

Аралда азырынча жымжырт. Дүкөндөр али бек. Майданчадагы базарда гана балык, мөмө-чөмө сатылууда. Мындагылар ылгый  карапайым калк. Тутумунда  агытаарга ити жок,  аргасыз  аркы-терки адымдап, убакытты карыткан алаңгазар аскиячы,  жана дагын далай сүрөтчү сүрөтүн чиймелеген, атпай Италияга атактуу, сыры кетсе да, сыны кетпеген сымбаттуу, жотолуу Лоренцо аттуу   кайыкчы абышка аралаш.  Тигиниңиз түнүчүндө  кармаган эки даана омар балыгын дал ошобу сан-францисколук үй-бүлө  түнөгөн мейманкананын ашпозчусуна сары чакага садага чапты. Эмкисин тармал чачы желбиреп, чопо канжасын чопулдатып,   кызыл жүндөн топусу  солбу-оңбу, айтор, чокон кулагын кыйшайта  жапырып, теребелге текеберленгендей теше  телмирип, кечкече  кычырамай.

Ий-е, Монте-Соляронун жарларынын, зооканы  көзөп чубалган Финикиянын атамзамандагы  жолдорунун таш тепкичтерин тээп, Анакаприден абруццилик эки тоолук төмөндөмөктүн аракетинде. Биринин тонунун ичинде  волынка – эчкинин бүкүлү  терисинен ийленген кош чоорлуу үн аспап, экинчисинде жыгач сыбызгы сыяктуу шайман. Жолоочулар шаттуу, күнөстүү, көркөм чөлкөмгө – мүлдө  өлкөгө  суктанат, теке маңдайдагы төө өркөч аскалардын келберсиген келбетине моокуму  канбайт. Көз уялта тегиз  чачыраган Куяшка кумарланып,  куюндаган таңкы жалтыр-жултур бууга – агыш булутка аңкая таңыркашты. Абруцциликтер көз  арткан көгүш деңизде  тааныш мырзабыз Күнчыгыш беттеп зымырайт.

Куяш болсо утуру көкөлөп, барган сайын балкыта жылытат. Эки мусапыр андан тышкары эртең мененкисин мунарыктап, көгүлтүр алоодой көлкүлдөгөн Италиянын итапкан кең  мейкинине, алыскы-чукул  тоолорго элжирешти.  Бул ченебеген сулуулукту зертөөгө, баса,  тилибиздин  кудурети чендебес. Жолдогулар эриксиз  кадам  жайлатты. Капталда,  Монте-Соляро аскасындагы үңкүрдө, күн шооласына киринип, тууш бою нымшып, жаркырап, аппакай кийинип, падыша таажылуу, арийне, ысык-cууктан саал сары дат баскан алпейим, кайрымдуу Кудай-эне бейдарек чексиздикке, батага туйтунган  уулунун түбөлүк да, түгөнбөс  түпсүз ааламына  тунуп туру.

Эки тоолук малакайын шыпыра чечип, куяшка, таңга, жаал жана жаратман  жарыкчылыкта тиричилик кечиргендердин жапакеч жактоочусу Кудай-энеге,  Иудей мекенинин ыптасынын бир ыптасында, койчунун жаман алачыгында, Вифлеем үңкүрүндө  касиеттүү  асылзат тогуз ай толготуп төрөгөн пайгамбарга, балким,  баё, некин, чын дилден  сызылган ыраазычылыктарын ыроолоодон курсант.

Сан-францисколук маркумдун сөөгү  үйүнө, Жаңы Дүйнөнүн топосундагы   мүрзөгө  кайтканы. Түрткүнчөктөй нары түртүлүп, бери тартылып, сунулуп, cуурулуп, жылбыша тоголонуп, cуу бекеттен cуу бекетке сүрүлүп, акыбетинде, чайыр  сүртүлгөн табыт   Эски Дүйнөнү  арзыган  кезде мырзаны  ушунчалык урмат-сыйлуу алпештеген баякы айтылуу кемеге жүктөлдү. Арийне, кайранды  тирүүлөрдөн бекитип,  берки кеменин кайсы бир көйдөгү   көңдөйүнө  тыгышты.

Акшамда, айтмакчы,   Капири аралынан каралжын деңиздин койнуна аста-секин жылжып сүңгүгөн кеменин терезе-айнектери жаш толгон көздөргө  окшошот. Ырас, бүгүн деле анын барпыраган чырактары  бажырайган  залында демейдегидей эл топурап, бий бийленүүдө. Жүргүнчүлөр эртеси, эртесинин эртеси жаназа окулгандай дуулдап, күмүш көбүктөрү  кайгыдан кайышкансып бууракандаган мухиттин, кутурган борошо-чапкындын арасында жин даарыган сыңары шалакташат.

Гибралтардын кысыгынан, эки ажырым дүйнөнүн таш рабатынан түн менен бороонго төнүүгө  мажбур cуу арабаны акмалаган Азезилге тигинин сан түмөн оттуу каректери сампарлап жааган кардан араңдан зорго байкалды. Азезил зоокадай зоңкойгон неме, көөдөнүндө  көөнө   жүрөгү  дөпө-дүп,  а жаңы адамдын акылы  кураштырган миң тизмектүү, миң  түтүктүү  саамалык да каркыны артык керемет. Аркан-жибин,  ак карга көмүлгөн жоон ноолорун  шамал жулмаласа чымын чакканчалык  кенебеген көрөсөн, үлкөн, кабалтең  унаа.

Эң жогорку чатырчасында, бурганактын огундагы ыңгайлуу, жарыгы күңүрт,  оолак бөлмөчөдө Жараткандын айкелине куп түспөлдөш, кеменин эки тизгин, бир чылбырын чойгон олбурлуу айдоочу  куштай сереңдеп, саксына  үргүлөйт. Ал бороон муунткан сиренанын улуп-уңшуганын тыңдап, катарындагы сыйкыр дабышка, жарым темир алкакчан кубакай телеграфчынын жакабелинде дүрүлдөп, чыртылдап жарылып, жанып,  кайра жалп өчкөн, жалп өчүп, кайра жанган  жалынга толтура жылчыксыз думбаланган  каютаны кадыресе карамалап, коркок-билиш кооптонуудан алаксыйт. “Атлантиданын” деңизге малынган курсагындагы кырк кулактуу казандар менен толгон-токой чара-челектерде коргошун көлкүлдөп, буу бышылдап, май, кайнак cуу ташыйт. Ушуердеби, опол дөбөдөй отун жагылып, кеменин “тамырына”  кан жүгүрөт.

Бүт күч жер төлөөдөгү  устунга, жумуру куурга  ашырылат. Айтса-айтпаса,  каман күркүрөйт. Ылайга оонаган  жандуу макулуктай залайган куту  көкүрөктү  мыжый анда-санда тегеренет. О-о,  “Атлантиданын” ортоңку бөлүгү, аш каана, бий майдан шоола жана шоорат сээп, жасанган аламандын күрү-күүсүнөн бажактап, гүл жыттанып, кыл аспаптар тайпасынын музыкасына ыргала термелет.

Кажы-кужу калайыкты аралап, шамдын, шайы көйнөктөрдүн, жакут-берметтердин, аялзатынын  жылаңач ийинин шарапатына  жуурулушкан  чөйрөдө сатылган эки жаш сайпанадай  кылтылдамыш  этет. Чачын түйүп, кирпигине кирпик күрмөгөн  күнөөсү  оор, күдүктүү  кыз, атайын жабыштыргандай  көмүр кара көкүлү, упадан апти агарган, майланган сонун бут кийим, этеги салбыр бешмантчан, бойлуу да, сулуу жан жигит сүлүк курттай   ойсоктойт.

Экөөнүн кайгыга канык, уят-сыйытсыз музыканын коштоосунда тыш  көзгө бактылуу көрүнүшкө  далбастоодон эбак тажаганын эч ким билбейт, түндө, мухитте,  борошодо күдүрүңдөгөн  кеменин жүк жүктөөчү  жапсарында, караңгыга,  кызытылган ысык  катмарга катарлаш ким жатканын да эч ким билбейт.

Которгон Абибилла ПАЗЫЛОВ

[1] Yo away! - Жол бошот (англ.)

[2] Via! - Жол бошот (итал.) 

[3] Ha Sonato, signore? - Сиз чакырдыңызбы, улук? (итал.) 

[4] Yes, yes, come in… - Ооба, кириңиз. (англ.) 

[5] Cia e morto - Пендечилик кылды (итал.)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз