Каныбек Иманалиев: Акылдын поэтикасы

  • 08.02.2021
  • 3644

“Только большой поэт может выразить неясное ощущение с такой печалью и точностью”
(Я.Смеляков о поэзии А.Твардовского)

(Же акын агам Н.Капаровдун чыгармачылыгына ой-пикир)

Акындын баары эле гений болуп жарала бербейт. Сөздү, уйкаштыкты зергер темир эриткендей чебер ширетип, ... ойду, идеяны мерген таамай аткандай бутага тийгизип, ...ар бир сапты этин ооштурбай жиликтеп, ...ошонун баарын поэтиканын казанында кайнатып, ...отун өчүрбөй, ...түтөтүп жибербей, ...убагында эткээлин алып, ...тузун ашырбай, даана бышканда өз убагында муздатпай, окурмандын астына тайдын этин тарткандай тартуу кылуу – ар бир акындын колунан келе бербейт.

Нуралы Капаров – сөздүн түз маанисинде ушундай чыныгы профессионал акын. Эч сыйлыгы, наамы жок, анан эч бир жолу мааракеси белгиленбеген, доосун өкмөткө артпаган манап акын. Эч бир партиянын, союздун, кыймылдын мүчөсү да эмес.

I

Ленинчил акын

Акын Н.Капаровдун жалындаган жаштык кези ошо доордун сүймөнчүлүк гезити болгон “Ленинчил жаш” гезитинде өттү.

Лениндик идеяларга так берилгендиктин үлгүсүбү, принципиалдуулукпу, же азыр “Жаша жана унут” (“Живи и помни” деген В.Распутиндин повести эске түшөт) түшүнүк менен жашаган доордогу өзүнүн жеке атуулдук позициясыбы, айтор, эгемендик доордогу Нуралы Капаров СССР доорундагы “ленинчил” позициясынан кайткан жок. Махабат, табият, өмүр темасын ар бир акын жазат. Бүгүнкү күндө күрөө тамырын кармай билген Н.Капаровдой акын өтө сейрек. Демек, ал бүгүнкү доордун акыны.

“В.И.Ленин” поэмасы, “Аврора” залпы менен бойго бүткөн”, “240 миллион кыргыз элек”, “Раззаков көчөсүндө” деген ырларында так, таасын бүгүнкү күндө анча табыла бербеген жаңы поэтикалык боёкчолор менен өтө чеберчиликте шөкөттөйт. 

Эх, Ильичим, Ильичим,
батыракка, байкушка бооруң ачып,
жесил, жетим, жесирге жыйын курдуң,
ошолордун ичинен кыргызыма
кылым кезип кыйшайбас үйүн курдуң,
кыргызыма энчилүү өлкө түзүп,
кат тааныттың, окуттуң, кийиндирдиң.
Сен кыргызды сүрөдүң “алга!” дедиң,
“Жалкоо кыргыз жан талаш, чамда!” дедиң.

Совет доорунун бир бөлүгү экенибизди, улуу держава менен бир республика болгонубузду минтип күүгө салат. 

Асман-жериң аралаш жылдыз элек,
жер шарынын жарымын каптап жаткан.
240 миллион кызылдай кыргыз элек,
240 миллион жанбирге казак элек.
Достошконго дос элек койну жылуу,
касташканды “каңк!” урган азап элек.
Бир миллиард Кытайды чекеге чаап,
Америкаңды коколоп жашайт элек.

Демек, ал өз чындыгынан кете албаган акын. Бүтүндү бүлдүрүш оңой, бирок бүтөш кыйын экенин поэзиянын тилинде таамай айтып бере алган.

Саясаттын сөзү менен айтканда ал солчул, социалист акын. Швеция, Дания, Норвегия өлкөлөрү күнү бүгүн да мына ошол идеология менен гүлдөп өсүп атканы баарыбызга маалым.

II

Реалист акын

Н.Капаровдун кээ бир каармандары арабызда жүргөн көп адамдардын эле бири. Нейрохирург гана мээнин таалуу жерлерин көрө билгендей, чыныгы сүрөткер гана миңдеген адамдардын ичинен чыныгы инсанды, “күн сайын адам болуп” жашаган каармандарды көрө билет эмеспи. Чоң-Кеминде “Калыйча эже” десе күнү бүгүн да улуулары өкүнүч менен, окуучулары сыймыктануу менен эскерет. Көрсө, СССР доорунда мектепти эң мыкты жетектеп, алгачкы аял учкуч В.Терешкова СССР аялдар советинин төрайымы болсо, бир эле айылдын карапайым мугалими К.Чоробаева анын орун басары болуп, бул республикалык олимпиадаларда алдыңкы орунду алып, ондогон илим докторлору өсүп чыгып, дүйнөдө Л.И.Брежневдин доору болсо, Кеминде К.Чоробаева эжени келкели келип, мугалимдик кесиптин туу үлгүсүн көрсөтүп турганын Нуралы байке эң сонун сүрөттөгөн.

Же бир сөз менен айтканда, прозада биринчи мугалимге эстеликти улуу жазуучу Ч.Айтматов койсо, поэзияда мугалим эжеге эң мыкты айкелди Н.Капаров койду деп ишенимдүү айта алат.

Минтип ырга салып:

Тосуп алчу Калыйча эжейибиз
билим деген каамытты кийгиздирип,
китеп деген сулууну сүйгүздүрүп,
таштандыга таштатчу жалкоолукту,
күжүрмөндүн көйнөгүн кийгиздирип,
адал бол деп какшачу эртели-кеч,
адем деген тартипке байлап туруп,
үлгү алгын деп үксүйбөй алдыбызга
Толстойду, Чеховду айдап кирип,
Павловду, Дарвинди, Менделейди
Өз кишиге айлантты сайрап жүрүп...

Ал эми мектептин азыркы өкүнүчтүү абалын мындай саптар менен сүрөттөйт:

Пианино, комуздун үнү чыкпай,
дудук болду мектебим дымы чыкпай,
Желбиреген кыпкызыл желеги жок,
жел ыргаган жапжашыл тереги жок,
кара талда какшанган каргасы жок,
калың элди карк кылаар алмасы жок,
шаар болгон шаңкайган ошол мектеп
айыл мектеп болду азыр айласы жок!

Төмөндөгү төрт сап Калыйча эжеге арналган эң сонун гүлдесте деп ойлойм.

...Кайран эжем тал эле кыраңдагы!
Кайран эжем гүл эле тулаңдагы!
Томсоргон өз мектебин көргүсү жок,
тонолгон бул дүйнөгө туралбады!

Айылдын атактуу устасы Турду аксакалдын образын укмуштай берген:

Темир менен узатып келгендерди,
темир менен тосчу эле мергендерди,
темир коргон жасады бейиттерге,
темир менен коргоду өлгөндөрдү.

Өз айылында азыр мурункудай эл келбей калган клубду моминтип ырга айлантат деп күткөн эмес элем. Деги эле клубга ыр арнаган жана поэзия жараткан жалгыз акын Н.Капаров болсо керек. Нукура сүрөткер гана чөлдөн да бир тамчы сууну көрө билет эмеспи.

Муратаалы кыягын тыңдап уккан,
Мусакенин ырларын жыргап уккан,
Кара Молдо кара күү шамалга агып,
Кусейиндин Мухтары аба жарып,
Миңжылкиев үн салса күркүрөгөн
Теңирменти дарыя пастай калып,
алп тоолордун денеси дүркүрөгөн.

“ГЭС курам деп” аттуу ишкер Рахат Рысалиевге арнаган ырында бүгүнкү капитализм заманынын жигердүү өкүлүнүн нак образын сонун ачып бере алган.

Ал реалист акын. Ар бир ырынын артында реалдуу адам жана анын тагдыры турат. “Айболот менен Майрашым”, “Биздин Бекжан”, “Досума кат”, “Көкүмбайдын кетмени”, “Жүк”, “Салижан”, “Маржан жеңем”, “Супарадан шоколад” кадыресе бүгүнкү жана кечээки күндүн каармандарына арналып, бийик поэтикалык нотада жазылган. Кантсе да, Н.Капаров – профессионал акын экенин тастыктап турат.

“Эх жеңем” ыры жүрөктү сыздаткан бир үй-бүлөнүн тагдыры таамай берилет. Маселен:

Жарыктан атаң өттү аска-зоодой,
артынан агаң өлдү аскар тоодой,
мезгилсиз энең кетти, эжең кетти,
ажалдын күнү бүтпөй аңдып жоодой.

Эх жеңем, кайран жеңем, асыл жеңем,
азайып турдуң улам чет-четинен.
«Балаң өлдү!» дегенде бир бакырып,
куладың кара жерге эт-бетиңен.

Отундай сууда калган тутаналбай,
сулк жаттың соо деген бир мүчөң калбай,
карарган бутуң кести, колуң кести,
куураган карт даракты бутагандай.

Көмүштү кол-бутуңду көч-көчүнөн,
жыгылдың бул жолу да эт-бетиңен.
Жакындарың узатып, аттиң анан
сен өзүңдү узаттың чет-четинен…

Ал эми “Эл экенбиз” деген ырында кыргыз элинин дагы бир улуулугун бийик пафостук сөздөр менен эмес, кадыресе жөп-жөнөкөй саптар менен сыпаттайт.

Арамы жок эл экен – арга барбы?
Ат асылын ким кандай тандабады…
Асмандатып сөз кылат, айтчы, кимдер,
Аккуладан кем кылбай Алгараны?

III

Стилист акын

Н.Капаров өздүк үнү, өзүнө гана шайкеш стили, өзгөлөргө окшобогон ыргагы бар акын катары тээ 80-жылдардын соңунда эле поэзия күйөрмандарына таанылган.

Узакка чабылган нарбуудан күлүк маарага кеч таанылган сыңары, өз убагында даркан жерге тигилген данек адегенде өнүп, маңдай тер менен гана өсүп, бүр алып, көп жылдан кийин гана  мол түшүмүн берген сындуу, эми гана анын баралына толуп, кемелине келип туру.

Ал поэзияда демейдеги агым менен акпай, өзүнө гана куп жарашкан агым жаратты.

Бир карасаң ак батадай шар кеткен, ...анттай таамай айтылган, ...айтыш ырлардай тилге эптүү, бирок поэтикадагы уктап жаткан уйкаштыктарды ойготуп, ...сөздөрдү обу жок зордобой,  ...арасына отоо чөп өстүрбөй кордобой, ...ою терең, чабыты кенен, ...классикалык да эмес, ...фольклордук да эмес, ...өзүнчө капаровдук “этноевростилдеги” поэзиялык агымдын автору болуп чыга келди. Киргилти жок тунук поэзия.

Орус поэзиясынын мыкты өкүлдөрү Р.Рождественский, Е.Евтушенко, А.Вознесенский, А.Твардовский, айрыкча П.Антогольскийди изденип окугандыгы, алардын интеллектуалдык поэзиясынан таасир алгандыгы даана байкалып турат.

“Чүй суусу” аттуу ырында көндүм уйкаштыктар орун алган менен көндүм эмес, жаңы ойду көркөм шөкөттөй алган.

Ала-Тоо капчыгайын шаңга бөлөп,
эңкейиште эңиштеп сайрап аккан,
бурулушта буркулдап кайнап аккан,
кууш жерде куушуп сойлоп аккан,
тарам-тарам туш-тушка тойлоп аккан,
оңду-солду жулунуп жоолап аккан,
кыргыз менен казактын ортосунда
наристедей “тынч жатпай” оонап аккан...

Н.Капаров – сөздүн түз маанисинде күн сайын изденген акын. А кездеги ак “нива” машинасын айдап алып, ар жагы Алай, бул жагы Ат-Башыга чейин сөз баккан кишилерди издеп, таап, Малик аксакал менен маектешип, Дүйшеке аксакал менен Кенен-Төбөдө сөз ылгап, баарлашып, ар бир сөзгө бриллиант тапкандай кубанып, чаңын аарчып, жуунтуп, киринтип, бөбөлөп аспиеттеп, сөз сандыгына салып, анан ага канат бүтүрүп, ак кептер кылып поэзия асманына оболотуп учурат. Айрым саптарына “Бах чиркин” деп тамшанасың.

IV

Журналист акын

Кай бир жылдары журналистика факультетинде мамэкзамендик комиссиянын төрагасы элем. Бир студент: “Кайсы журналисттин сөз чеберчилиги сизге жагат?”, – деп сурап калды. Дароо “Нуралы Капаров” деп жооп бердим. “Кайсы макаласы?” деп суроосун улантты. Шайлообек Дүйшеевдин 60 жылдыгына арналган макала” деп жооп кайтардым. Азыр да ал макаланы болочок калемгер үчүн эң үлгүлүү портреттик макала деп ойлойм. Кийин да “Карл Маркс капа болгондо”, “Той болор алдында”, “Теңир колдогон талант” деген барандуу портреттик макаларды жазып көрдү.

Өзү сөзгө сараң, ойго бай, кокусунан “кылт” эткен юморду таап, ...окурманды тажатпай, ...боорду эзген сөздөрдү куюлуштуруп, ...кээ жеринен кол чаап жибергиң келип, ...сатиралык драма көрүп жаткандай таасирлентип, бийиктикке жана аруулукка жетелеп отуруп, ...адамдын ички жан-дүйнөсүн чебер ачып берет.

Макаласы да поэзиядай шар окулат.

Эң негизгиси, адамгерчилик деген улуу бийиктикти көздөй өрлөп, өйдөлөп, апкелип, окурманды накта саамал кымыз ичкендей бир моокумун кандырып, кайра кайтып окугуң келет.

Оозуңда ширин даамы калат.

V

Султан акын

Н.Капаровдун ар бир ыры бирден тагдыр. ...Көңүлдү карк кылган нак ырлар. ...Кээ бир саптары дем алып жаткандай туюлат. ...Шүүдүрүмдү жылаңайлак баскандай сезилип турат. ...Табылгасы таберик. ...Айрым уйкаштыктар кайталангыс. ...Орто жаштагы жетилген поэзия. ...Ойлор сөздөн көбүрөк. ...Ар бир темасы, сөздүн мааниси менен төп келгени сезилип турат. ...Бир сөздү эп келтириш үчүн жүз сөздүн ичегисин аңтарып, анан бир жөргөм жасаганы билинип турат. ...Сөздөрдү бир эле учурда азыркы жана байыркы.

Сөз наркын билген султан акын. Жашоодо да ошондой. Эс алса кадимки Белек Солтоноевдин айтылуу Асман Короо жайлосуна барып эс алат, ...кымызды алыскы жайлоодон гана алдырып ичет, ...сууну Күмүш-Булактан, ...жумуртканы колдо баккан тооктуку деп Арашандан, ...балыкты болсо өзөндүкүн гана кичүү бажасы Тариэлден алдырат. Айтмакчы, жеңени да тектүү жерден тандап, атактуу молдокенин небересине баш кошкон.

Дос күтсө Шайлообек байкедей, Табыкедей (Т.Эгембердиев) сейрек күтөт.

Чыныгы дос аз болгон сыңары ырды, макаланы да аз, бирок саз, анан маш жазат. Фальшь жок, жасалмалуулук жок. Обу жок уйкаш издеген “стриптиз” да жок. Ойлонто, ойгото жазат. Ойлор нукура, чулу.

Нуралы байке, эми азыр жазбаганда качан жазасыз. Сиз ыр гана жазбай, ошол ырлар аркылуу жаш акындарга чыныгы поэзия кандай болорун үйрөтүп, устат болуп келе атасыз. Акын болуу да, адам болуу да канчалык жогорку парз экенин көрсөтө алдыңыз. Сиздин поэзия гитара менен эстрадага ырдап, комуз менен гана дастан кылып айтчу поэзия.

Булактан океанды көрө билген нукура акылдын поэзиясы.

Бар болуңуз! Чыгармачылык жолдо албан ийгиликтерди каалайм.

Каныбек Иманалиев, журналист, Жогорку Кеңештин депутаты

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз