Жамалбек Ырсалиев: Лянги

  • 28.01.2024
  • 3534

АҢГЕМЕ

1980-жылы Москвада Олимпиада өттү. Анын символу болгон беш шакектүү кур курчанган күрөң аюу - Мишканын сүрөтү жада калса шейшептерге чейин түшүрүлдү. Ал кезде машыккан спортум “лянги” (паара) болчу.

- Чоңойгондо Олимпиадага лянги тээп катышам, - деп коём.

Эртеден кечке нарындыктардын тили менен айтканда, паара тебем. Бир айга жетпей бут кийимимдин кебетеси кетип, апамдан уруш жеп отуруп калам.

Күздүн күнү. Апамдын курбулары чакырап, Дилдекан апаныкына чайга кетти. Мен артынан барсам, жалаң кемпирлер. Бекбүбү, өйдөкү Рапия, Аписа, ылдыйкы Рапия деген апалар чогулуп чай ичип отурушуптур. Апамдын жанына барып отурайын десем, “Чоң кишилердин сөзүн тыңшабай бар, паараңды ойно”, - деди. Кудай мындай бербеспи деп үйгө келдим. Апамдын сандыгын ачтым. Сонун гүлдүү көйнөгү бар экен. Чоң кара кайчыны алдым да, каалашымча кескилеп паара жасадым. Укмуш кооз паара болду. Сууга салып нымдап алып, талпактап тепкилей баштадым. Онго чейин тепкилейм. “Бир паара, эки паара... он паара...” Анан бутту жерге тийгизбей “бир чолок, эки чолок... он чолок...” Ал бүткөндө бутту кайчылаштырып секирип “люр” деп тепмей, “бир люр... он люр...”, буттун сырты менен “кытай” деп тебем. Анан чуштук. “Бир чуштук, эки чуштук... он чуштук...” Ошентип апамдын ашка-тойго кийген гүлдүү көйнөгүнүн ашмалтайын чыгардым. Апам байкуш жакшы көргөн көйнөгүнөн да, мени жакшы көрөрүн түшүндүм. Көйнөгүнө ыйлап, бирок мени ыйлаткан эмес. Өзүнүн жүрөгү ооруганын билем. Менин жүрөгүмдү ооруткан эмес. Атам болсо:

- Атаңдын оозун урайын, Шакар! Энеңдин жакшы көргөн жалгыз көйнөгүн парчалап паара кылып салганың эмнең? Энеңдин көңүлүнөн сенин паараң артыкпы?! Эми кандай кылабыз? – деп жанына чакырды да: - Мага учурашканы келгендерден, дем салдырып кетип жүргөндөрдөн чогултуп жүргөн акчам эле, - деп Лениндин сүрөтү бар “25 рубль” деген кызгылт-көгүш акчаны берди. - Энеңдин бетинен өөп, мойнуна асылып кечирим сура, - деди.

Атам берген акчаны алып, жашыл жоолугунун учу менен көзүнүн жашын сүртүп ыйлап отурган энеме келдим.

- Апа, мени кечирип койуңузчу! Атам акча берди, сиз жаңы көйнөк алып мени кечириңизчи?

- Балам... кеп акчада же көйнөктө эмес, кеп сага туура эмес тарбия берип жаткан менде! Толгон-токой кескиленген кездемелердин калдыктарынан сенин паараңды жасап берип койсом, бул балээ жок эле да, - деп менин бетимен өптү.

Ошентип, мен эмес паара шүмшүк, лянги акмак болду. 25 рублди көтөрүп, кайра атама бардым.

- Ата, апам мени бетимден өөп, “мен күнөөлүмүн сага паара жасап бербей койгон” деп акчаны албай койду...

Сокур атам ыйлай баштады.

- Менин көзүм сокур болбосо, энеңди ыйлатпай өзүм эле тарбиялап, пааранын түрүн жасап берет элем го...

Заманам аябай куурулду. Лянги эмес, мен күнөөлүү экениме ошондо түшүндүм.

- Экинчи паара теппейм, - деп атам менен энеме убада бердим.

Балалыкка кайтып, лянгини эстегеним... Так ошол апамдын кооз гүлдүү көйнөгүн, кадимки чоң кара кайчы бырчалап кескилегендей мени турмуш кескилеп, майдалады. Менден лянги жасады. Мени турмуш тепкилеп ойноп жатат. Жүрөгүм апамдын кооз көйнөгүндөй тилинип, койнумда жаткан аялым эмес, өзүмдү-өзүм түшүнбөй, күнөөнү кимге коёрумду билбей... Же “мен күнөөлүүмүн” деп айта калган чоң апам Аписа жок, “көзүм соо болсо өзүм эле жасап берет элем” дей турган чоң атам Ырсаалы жок. Турмуш мени тепкилеп, өмүрүмдүн чак түшүнө же күүгүмүнө алып келгенин түшүнбөй, башым маң.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз