Орус акындары Залкарбек Назарматовдун котормосунда

  • 16.02.2021
  • 3665

Анна АХМАТОВА

ШИРЕЛБЕДИ ЖҮРӨКТӨР

Ширелбеди жүрөктөр
Жолуң ачык - кааласаң.
Бакыт толгон түнөктөр
Белен эркин бет алсаң.

Даттанбайм да, жабыкпайм,
Бакыт мага жат өңдүү.
Өбөм дебе, чаалыктым,
Өлүм келет өпкөнү.

Күндөр ошол азаптуу,
Өттү аппак кыш менен.
Ардагымдан андагы,
Артыксынды эминең?

1911

ЖЫЙЫРМА БИРИ. ТҮН. ДҮЙШӨМБҮ.

Жыйырма бири. Түн. Дүйшөмбү.
Мунарыкта бу борбордун карааны.
Бир бекерчи каалап өзү билгенби,
Көктөн жерге айтып сүйүү азабын.

Эрингенден, зериккенден ушундай
Баары ишенип, жашайт түгөл түтүшүп.
Ажырымдан коркуп, күйгөн ыр ырдай,
Жолугушчу күндү күндө күтүшүп.

Бирок сырлар бөтөнчөрөк ачылып,
Дымып алар кулак мурун кескендей.
Мен байкоостон дал ошого кабылып,
Ошо күндөн жүрөм дале кеселдей.

Сергей ЕСЕНИН

ШАГАНЭМ СЕН МЕНИН, ШАГАНЭМ!

Шаганэм сен менин, Шаганэм!
А балким мен түндүктөн болгон үчүн,
Талааны сага ырдашка жетет күчүм,
Көйкөлүп ай алдында жаткан кенен.
Шаганэм сен менин, Шаганэм.

А балким мен түндүктөн болгон үчүн,
Ал жакта зор көрүнөт ай жүз эсе,
Канчалык Шираз кооз дебегиле,
Рязандын жайыгына кайдан түтсүн.
А балким мен түндүктөн болгон үчүн.

Талааны сага ырдашка жетет күчүм,
Буудайдан бүткөн ушул чачым кара,
Атүгүл бармакка ороп аткысаң да,
Сезбеймин ооруганын гүлүм түшүн.
Талааны сага ырдашка жетет күчүм.

Көйкөлүп ай алдында жаткан кенен,
Талааны тармал чачтан билсең болот.
Кымбатым азилдешип, күлсөң боло,
Бир гана жайды мага эстетпе сен,
Көйкөлүп ай алдында жаткан кенен.

Шаганэм сен менин, Шаганэм!
А тиги түндүктөгү түнөгүмдө,
Чырайы дал өзүңдөй чүрөгүм бар,
Ким билет, ал мени эстеп жатты бекен...
Шаганэм сен менин, Шаганэм.

Афанасий ФЕТ

ТАЛ

(эркин котормо)

Олтурабыз ушул жерде,
Мобул талдын жанында.
Кандай гана укмуш ай,
Уюлгуган уюлдар
Көңдөй бактын кабында.
А түбүндө татына,
Алтын болуп чубурган,
Айнек сыңар калтырап,
Кылкылдаган шары да!

Нымшып шагы ийилип,
Оролушуп суу үстү,
Жашыл шаркыратмадай;
Ийне болуп чийишип,
Жалбырактар жан бардай.
Талашкансыйт өз ара,
Аккан сууну тилишип.

Күзгүдөй тал түбүндө,
Көздөр ушул кызганчаак,
Тутуп алды жүрөккө,
Келишимдүү ажарың...
Жумшак тарткан мүнөткө
Теңсинбеген назарың...
Тиктеп аяр көзүңө,
Мен бактылуу өзүмчө,
Титиреген суу үстү,
Дирилдеген көркүңө.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз