Конкурска: Кар эригенде (№20)

  • 19.02.2021
  • 4443

ЭССЕ

Ал эшикти ачканда кар жаап жатыптыр. "Йэ, тооба! Ушунча да тез жаайбы?" – деп күбүрөнүп алды. Лапылдап шумдуктуудай жааган кардын дастинен беш кадам ары жак көрүнбөйт. Дагы жакшы, үйүнүн чатырын жапканда өстүрмөсүн өзбекче чыгарганы, болбосо мындай жааган кар каалгасын сырттан тосуп калмак окшойт. "Тизеге жете жаап койгонбу, не балээ? Мындай жааса кечке чейин бойдон ашып кетчүдөй" – деп ойлоду жааган карды тиктеп. Кар жааганын көргөн адам эрксизден сүйүнүп кетет. Балалыктын бактылуу учуру, тазалыктын илеби ургандай болот. Белгисиз бир үмүткө жетеленет.  Ошондой ширин сезимдердин жетегинде ал ичкери кирди. Түз эле ашканага басты. Кечээги отуруштан калган тасмал жыйылбаптыр. Кыямы кыямдай, наны нандай жайнайт.

Кечээ достору келген. Түн жарымга чейин бакылдап, ичип отурушкан. Саат түнкү үчтөн өткөндө алар үйлөрүнө тараган. Аларды узатып чыкканда кар жок эле. Таң атаарда баштаган бейм. Сааттай болуп алар келбегенде, бүгүн короосун жыйнамак эле. Болбосо короонун ичи адам жашабагандай болуп кетиптир. Тандыр турган очоккананын чатырын алмашып, атарабын шыпырып тазаламак болгон. Бактагы чириген чөп менен үйүлгөн жалбырактарды да тазаламак. Эми кара басып анын баарын минтип кар басып калыптыр.

Раковинада үйүлгөн идиштердин арасынан бир пиаланы алды да, сууну шарылдатып ачып, чайкады. Үстөл үстүндө турган газ суудан толтура куюп, түбүнө чейин шыпкап койду. Тили кургап, өлөйүн деп жатканын эми сезди. Тасмалда жарым бөтөлкө арак турат. Аны алды да, пиялага жарымдап куйду. Ачырканып кетти. Итиркейи келгендей, кежигесин куруштуруп алды да, жарым пиала аракты түп көтөрүп, пиаланы көңтөрүп койду. Ордунан туруп, форточканы ачты да, кайра ордуна келип отурду. Эми чөнтөгүнөн тамекисин алып, түтөтүп кирди. Шыпка карап каалгыган түтүндү тиктеп отуруп, тээ мындан он жыл мурун ушундай жааган карды көргөн күнүн эстеди. Эсинде,  ошол күн 7-март эле. Москвага поездде барган. Ал кезде элдин баары поезд менен жүрчү.

Поездден чыгары менен бурганактуу кар  тосуп алган. Ошондо бир таң калган. Кар дагы ушунча тез жааганын бала болуп башына жүн чыкканы эми көрүп жатса, таң калат да анан. Аны тосуп алганы келгендер менен кучакташып көрүшүп, анан алар мунун колундагы чоң сомкесин алып, шыпылдай басып метрого кирип кетишкен. Метродо баратып да бетине урган бурганакты ойлоп баратты. Маскөө мени муздак тосуп алды деп ырымдап алып, кайра ал оюнан жүнү түктүйө түшкөн. Метродон чыгышканда бурганактап жааган кар анын күрмөсүнөн жылчык тапкансып, мойнуна, мойнунан ылдый койнуна сойлогон. Аркырап шамал да согуп жаткан. Кар тынбай жаап жатса да, тынбай каттаган машинелердин дөңгөлөгүнө эзилип, ботала чыла болуп жаткан жолду көргөн. Жол четиндеги тротуардагы кар болсо кыйма-чийме каттаган адамдардын таманына тапталып, же боз эмес, же кара эмес түскө боёлуптур. Анысын улам жааган кар жаңылап агартайын дейт. Нары-бери өткөн эл болсо улам карартып таптап салат.  Табият менен адамзаттын бул кылып жатканы ак менен каранын бүтпөгөн согушундай, адамдын буту баскан жерде акка орун жок дегендей эле.

Колундагы тамекисин өчүрүп, ордунан турду да, терезе жакка басты. Терезеден тынбай жаап жаткан кар көрүнөт. Форточканы жаап, эми сыртта жаап жаткан карга дагы ойлуу тигилди.

Ошондо жумушка уруксат кагаз алуу үчүн документтерин ФМСке тапшырып коюп, бир ай ашык үйдө жатып калган. Кечке телевизордун жаагын жарат. Жарым саат, бир саатка үйдүн артындагы паркка айланып келет. Анда да коёндой элеңдеп, эки жагын карап, сак-сактап турат. Кокустан полицей келип калбасын дегени анысы. Паркта эмне, кебелбей кар жатат. Адамдар басчу жерлер тапталып бүткөн. Анан эле апрелдин ортосунан күн жылый баштады. Кар да тез эрип кетти. Ошондо кар астында калып кеткен целлофан баштыктарды, тамекинин бүчөктөрүн, ар жерде жаткан шприцтерди көрдү. Көрсө, мунун баарын кар басып жаткан экен да. Эми минтип кар эригенде бадырактай бадырайып көзгө көрүнүп калыптыр.

Ошонун баары азыр эле болгондой көз алдына элестеди. Бул элестен бир селт этип алды. Үйүнүн короосун да шыпырып, тазалай албай калды. Бактагы чөп-чар менен жалбырактарды да жыйнаганга үлгүрбөдү. Терезеден алыс-алысты карагысы келди. Бирок эч нерсе көрүнбөдү. Сыртта тынбай кар жаап жатты.

Комментарий калтырыңыз