Ваха Токаев: Кул

  • 26.02.2021
  • 5555

АҢГЕМЕ

Адатта түрмөгө аны алып кетүүгө унчукпай үтүрөйгөн желдеттер (конвойлор) келишчү. Ал күнү кавказ-офицер келди. Узун, караңгы коридордо баратышты. Тергөөчүнүн эшигинин тушунан алдыда бараткан офицер шарт кайрылды.

- Сен эмне үчүн мени баягыда, үйүңдө кордодуң?

- Мен сени кордогон эмесмин.

- Сен мени "кул" дегенсиң. Бул эмне, кордук эмеспи?

- Сен үчүн - жок. Сен - кулсуң.

Милиционердин карегинен от чыккандай көзү жалтылдап, колу тапанчанын кынына сунулду. Окутуучу жай гана жылмайды. Бул шылдың-жылмаюу болчу.

- Магомедов, денеңдеги аталарыңдын каны ойноп кетти, бирок колуң куралга бекер эле сунулду, сен анте албайсың. Ооба, тоолуктар үчүн "кул" - шумдук кордук. Бирок сен небак тоолук эмессиң. Сен - кулсуң. Кул кожоюнунун айтуусу менен гана атат. А кожоюнуң атууга буйрук бере элек.

Кындагы кол калтырап кетти. Шамиль бул кишини өлтүрүүгө чаңкап турду. Бирок анте алган жок. Алдындагы киши да муну бетке чаба айтканынан кыжыры ого бетер кайнады. Каардын калтырагы басылган соң чекесинен муздак терди алаканы менен шыпырып, киркиреген үнүн чыгарды:

- Кеттик!

Ал күнү алар бирин-бири жек көрүү менен таркашты. Кавказдык жүрөктүн жек көрүүсү менен.

ИИМдин орунбасары Солодовников дем алыш күндөгү бош убактысын жаш офицерлердин чөйрөсүндө өткөрүүнү жакшы көрчү. Аларга эбегейсиз зор таасири бар эле. Солодовников, айрыкча, Шамиль Магомедов менен офицер Подвальныйга аталык камкордук кылчу.

Ошентип, убакытты жагымдуу, көңүлдүү өткөрмөк болушту. Үчөө ресторанга келип, окчунураак бурчтагы кабинаны ээлешти. Бир нече рюмка коньяктан кийин Солодовников кыялкечтенип калды. Ал "жаштарга" өз өмүрүнүн сабак болорлук учурларынан айтып берип отурду. Бул баяндардын бардыгы милициядагы кызматы менен байланыштуу эле. Бандиттерди кармоо, тоолордогу салгылашуулар, куугундар, чабуулдар, чиндер, погондор, жаштык, мастык жагдайларында болду. Ал эмнени гана көрбөдү! Он өмүргө жеткидей окуя.

А, билесизби, Петр Иванович, кызматта болбогондо мен бул кишини өлтүрмөкмүн.

- Эмне кылганы үчүн, жарыгым?

- Ал мени баягыда, үйүндө "кул" дебедиби. Бул бизде өтө катуу кордук, өлүмгө тете!

Солодовников креслого чалкалай каткырды.

- Болбогон сөз, жарыгым. Капканга түшкөн чычкандын тиштегени.

Бул салыштыруу шылдыңкорунун абалына дал келгендиктен, Шамилдин күлкүсүн келтирип, ал күлүп жиберди. Чардап отургандардын жанына официант келди. Солодовниковдун жакшы көргөн папиросу, тилекке каршы, ресторанда жок экендигин айтып кызматчы кечирим сурады.

- Мен азыр эле таап келем, - Шамиль ыргып турду. - Мен заматта!

Бардык тоолуктардай эле ал илбериңки болчу. Бирок тоолуктардын илбериңкилигин ар ким эле түшүнө бербей турган.

- Боло берет, шайтандын бергенин түтөтө беребиз, - деп кобурады Солодовников. Бирок Шамиль ресторандын эшигине эки аттап, жетип калган. Машинага отуруп, жарым саатта шаардын жарымын кыдырып чыкты. Бир жаман ларёктон папиросту таап, 5 пачка сатып алып, ресторанга кайтып келди. Папиросту тапканына кыйратып келгендей кубанды. Кабинага келгенде өзүнүн шефи Солодовников менен Подвальныйдын сүйлөшкөн сөздөрүн укту. Анын атын айтып атышат. Ал капыстан жүрөккө сайгандай, чыбык менен бетке чапкандай сөздү угуп калбаса, токтобойт эле.

- Акыйкатты айтам, Серега, окутуучу туура айткан, кул деген - кул.

"Кантип туура? Кантип кул?.. Кантип?" Мээсинде ушул суроолор чайналып турду. Ал күтүүсүздүктөн, күтүлбөгөн суроолордон катып калды.

- Мен түшүнбөй атам Сизди, Петр Иванович, окутуучунун сөзүндө эч кандай логика жок. Бул - алсыздыкта айтылган сөз. Уу, башка эчтеке эмес, - Подвальный каяша айтты.

- Жок, уу эмес - чындык. Туура айтат. Окутуучунун башы - баш жүрөгүндө жалы бар. Бул биз үчүн жаман. Мындайларды тирүү калтырбоонун камын көрүүбүз керек.

- Түшүнбөй атам Сизди. Эмне үчун Шамиль Магомедов - кул? Сиз ушуга жооп берген жоксуз.

- А, кул болгону үчүн - кул. Башка сөз жок!

- Анда, мен дагы - кулмун. Биз бирдей кызматчыбыз.

- Сен - башка. Ал - башка. Сен өз тегиң боюнча орус мамлекетине таяныч болууң керек. Бул - сенин ишиң. Ал бизге каршы күрөшүүгө тийиш.

- Эмне үчүн?

- Биз анын Мекенин басып алдык. Мекенинин денесин басып алдык, эми анын Мекенинин жанын басып алууга умтулуп жатабыз, жанын алмайынча жеңиш күмөндөр.

Түшүнүктүүбү? Шамилдин аталары биз менен аёосуз кармашты. Алардын девизи: "Бирөө түмөнгө каршы!" болду. Алар - можахеддер, Жихаддын анык рыцарлары, Аллахтын эркин жоокерлери эле. Алардын тукуму бизге кызмат кылып атат, өз өлкөсүнүн жанын алууга бизге жардам берип атат. Кана, кантип кул эмес? Кул! Бизге кызмат кылгандардын бардыгы - кул. Маңкурттар. Бирок алар бизге керек, Серега. Биз алардын Мекенин, Жер энесин жер менен жексен кылуубуз керек. Шамиль сыяктуулар буту-колун байлап беришсин. Багынтыш үчүн биз аны кемсинтиш, кемсинтиш үчүн зордукташыбыз керек. Минтүү кыйын. Эгерде Магомедовдор, Алиевдер, Гамзатовдор, Махачевдор, Магомедбагировдор байлап, аны биздин бут алдыбызга таштап берсе, оңоюраак болот. Шамиль муну менен алек болуп атат, ага окшогондор дагы, Сережа! Биз улуу иш кылып атабыз. Сен азырынча муну биле албай атасың. Сен бул иштин улуулугу жана тереңдиги жөнүндө билбейсиң!

- Мен сизге тан бердим да таң калдым, - деди акырын Подвальный, - буга чейин эч кимден мындайды укпаптырмын.

- Бул жөнүндө катуу айтылбайт. Катуу айтылса, анда Шамиль Магомедов сыяктуу илбериңки кулдарыбыз болбойт. Алар муну билүүгө тийиш эмес. Биз аларга башканы айтабыз. Алардын өз элине жарыкчылыкты жана өнүгүүнү алып баратышканын айтабыз. Биз алардын башына эркиндик берип жатканыбызды шыкап киргизүүбүз керек. Кимден эркиндик? - деген карама-каршы суроо бербегидей кылып алардын мээсин тумандатуу зарыл.

Чындыкты мына биз билишибиз керек. Мен муну сага арнайм. Мен сени тандадым. Сен мага жагасың. Бизге, улууларга ордубузду басчулар керек. Эми, мага коньяктан куйчу... (Коньяктын куюлганы угулду.)

Шамиль парданын артынан терең дем алды. Денесинин калтырагын баса албайт. Уккан кулагына ишенбейт. Ал уктаган жок. "Мына мен: колум, көкүрөгүм, погондорум; тигинде зал, мастар, шуркуялар; а мына бу кабинада... картаң чөө жашына мурас калтырып атат. Улант. Уланта бер. Мен бирдеме түшүнө баштагансыйм".

Ал кокустан залдан бирөө сүйлөшмөк болсо, көңүл бурбачу постто турган күзөтчү кейптенип тыңшап турду. А ресторандын алейне каанасындагы сөз уланууда:

- Уланта бериңиз, Петр Иванович, мен Сизди угуп атам. Мага кызык. Мен түш көрүп жаткансыйм. Бирок ачыгыраак айтыңыз, кээ бирлерин тушүнбөй калып атам.

- Сергей, мен сени небактан бери менин тажрыйбамды татынакай улантуучу боло тургандай байкап жүрөм. Азыр, албетте, сен али мыймыйсың, бирок мен сенден илбирс жасайм.

- Эмне үчүн Илбирс?

- Крокодил, удав, шайтан, шайтан алгыр! Эмне сага ылайыгыраак?.. Сенин элди өзүңө тарткан таттуу үнүң болуш керек. Ишиң илбирстин кадамындай ийилчээк, дабышсыз, чагылгандай тездиги менен өзгөчөлөнсүн. Сен жөргөмүш желесин жайгандай тор жая алышың керек. Сен курмандык менен шашпай, иштиктүү, куткарылгыс, садизм менен иштешиң керек. Ооба, садизм менен, кыйшалаңдабай эле кой. Биздин иш садизмсиз болбойт. Бул - биздин кесиптик дартыбыз. Аны менен бардыгы оорушат. Курмандыктын жанталашып, өлүп баратканын сезген абалынан сен ыракаттанып, кумардан чыгышың керек. Ошондо гана сен орус мамлекетинин баалуу кызматчысы, татыктуу таянычы болосуң. Биздин союздаштарыбыз көп. Ал - кемтик кишилер. Биз аларга таянып, аларды ойногонду үйрөнүүбүз керек. Мисалы, мына бу сенин коллегаң Шамиль Магомедов. Ал атак-даңк дегенде өлүп эле калат. Аны тез-тез макташ керек. "Жаманды мактап коё бер, каман челип өлтүрсүн!" А керек учурда "Фас!" Ал сенин үйрөтүлгөн итиң болсун. Ал иттей берилгендиги жана карышкырдай каары менен өз атасынан кайра тартпасын. Бир дагы дрессировщик итти карышкырга айланта элек. А биз жасап жатабыз. Шамилдин кемтиги - атак-даңкчылдыгы. Анын атак-даңкчылдыгы - биздин союздашыбыз. А эмне чакчаясың?

Сен Библияга ишенесиңби, жокпу? Ишен! Адамдын эки уулу болгон: Авель, Каин деген. Каин Авелди өлтургөн. Буга аны Шайтан үйрөткөн. Биз ушул ыкманы өздөштүрүүбүз керек. Өзүбүз өлтүрбөй, өлтүргөндү үйрөтөбүз. Этти эмес, жанды өлтүрүү керек. А мына бу кавказдыктардын жаны бекем. Биерде жинди, калпты, каарды, ич ара араздашууну, итыркындыкты, бузукулукту, эмне жаман болсо, ошонун баарын себүү жана ушунун баары жакшы экенине ынандыруу керек. Бул расага каршы улуу согушту биз баштаган эмеспиз.

- Ал жети-сегиз миң жыл мурда башталган. Биерде Дагстанда элүүдөй элдин түрү бар. А качандыр бир кезде күчтүү эл, исламдык эл болгон. Фараондор алардан коркушкан. Алардын бир тили, бир дини, бирдей үрп-адаты болгон. Душмандары касын тиккен кармаштар менен бул улуу элди бөлүп-жарып майда элдерге ажыратты. Андан кийин диндерге бөлдү. Ошентип, майда элдерди, диндерди кайраштырып, кастыкты козутушкан. Биз андан нары улантышыбыз керек. "Бөл да бийле!" Түшүндүңбү? Бул - багынткысы келгендердин байыркы урааны. Бул улуу ураан - "Бөлүп-жар да бийлеп ал!"

Кымбаттуу менин мураскорум, кастыкты сепкенди үйрөн. Мен болгонун болгондой айтып атам. Кандаш бир элди түбөлүккө касташтыруу үчүн зор чеберчилик керек. Өтө чоң этияттык, изгилик керек. Жөргөмүштүн жөтөлгөнүн, кумурсканын кусканын билүүгө тийишсиң. Билинер-билинбес жиптерден баштоо керек. Буга, мисалга эки сокурду алалы. Бирөөнү чаап, экинчисин дагы чаап, анан, экөөнү кошуп кой. Экөө бирин-бири былчылдата берет. Сокурлар да. Маалыматсыз, кабарсыз, билимсиз киши сокур жана маалыматсыз, кабарсыз, билимсиз эл дагы сокур.

Элди кантип ууктуруу керек? Этият. Акырын. Билгизбей. Эгер эл бул жөнүндө билип калса, биз, биздин Империя, башкаруучу Элита, сен экөөбүз жеңилебиз. Бул биздин бийлик, Федералдык коопсуздук кызматы, "алтынчы бөлүмдүн" кызматчылары, анын жер-жерлердеги резиденттери, тыңчылары. Бул - ондогон өрүмдөрү бар зор камчы. Камчынын өрүмдөрү алчуну алып эле тим болбостон, Империяны жаркыратты. Биз тирүү кан ичебиз.

Биз бийлик кылабыз. Хе-хе-хе! Башка жакка кирип кеттим окшойт.

Элди өлтүрүүнү, б.а. элдердин өзара өлүп калуусун кантип уюштуруу керек? Мисалы, осетиндер менен ингуштардын арасы түбөлүккө ажыраган. Муну биз жасадык. Эми алар бирин-бири союп атат. А биз келип туруп, тынч жашай алышпаганы үчүн урушуп коёбуз. Биз агасы катары тентектиктери үчүн чаап да коёбуз, өпкөсүн үзө, боорун эзе чаап салса да болот. Сен эмне жөнүндө айтып атканымды түшүнөсүң да... Грузиндер - осетиндер, армяндар - азербайжандар ушу күндөрдө бирин-бири көрөйүн деген көздөрү жок. Бул чоң ишти биздин кишилер жасады. Азыр Грузия менен Түндүк Кавказдын элдери: ингуштар, чечендер, дагстандыктар, адыгдарды кагылыштыруунун планы иштелип чыкты. Башкы стадиясында параллель: грузиндер - дагстандыктар. Чочулаган, этият кадамдар шилтенди. Жакында бир грузин журналына макала жарыяладык. Анда, – "Автор" кокусунан эстей коюмуш болуп мындай бир "фактыны" Шамилдин буйругу менен тоолуктар Грузияга кол салганын кепке кошту. – Тоолуктар аялдарды зордуктап, эркектерди туткундаганы, балдарды атка тебелеткени жазылат. Анан, сөз соңунда: "Бул небак, башка заманда болгону, а азыр бардыгы Империяда достукта, биртуугандарча жашап атышат," - деп коёт. Анан, элдин ичи кайнайт, Серега, кандай гана кайнайт дейсиң! Убактысы келгенде, дагы бирдеме таштап коёбуз - кандайдыр бир "тарыхый факт" табылса, а жок болсо - эчтеке эмес, бизде андай "фактыларды" иштеп чыгып, түзүп чыга турган сырдуу институттар бар. Андагы балдар фантазия менен иштешет! Прессага чыккан калп чындык болуп калат. Аны чындык катары кабыл алышат. Ошентип, кеп эмнеде?! Түз, ойлоп тап, басмадан чыгар. Ким шектенсе, түрмөгө. Кандай акысы бар экен? Ал - цивилизациянын душманы. Ал - коркунучтуу кылмышкер. Ал коомго зыяндуу. Ага өлүм! Дагы негизги чийинден четтеп кеттик, Сергей. Мен алаксып атам. Биерде, Кавказ фронтунда биздин негизги милдетибиз бири-бирин урматтаган, бири-бирин жактырган эки элди болтурбоо. Бул кавказдыктарды антип иштеп чыгуу өтө кыйын. Катуу, бекем материал. Бирок бул материалдан эптей, чаптай алсаң, анда мыкты. А биздин чаптагычтар өз ишинин усталары. А жерде ушундай баштар отурат.

Ал ичип жиберип ойлонуп калды.

Шамиль көздөрүн алайтып, бүт тулкусу кулак болуп турду. Кайрадан бир калыпта окутуп-үйрөткөн үн уланды:

- Кымбаттуу менин мураскорум, элдин турмушу бир кишиникиндей эле ботаникалык мааниде көп аспектилүү экенин билүүң керек. Элден каалаганыңы жасоо үчүн анын бардык жагын, жашоо формасын да өзгөртүү керек. Ыгы менен, убактысы менен баарына көшөрө таасир этип, бардыгын өзгөртүү керек. Каны, тили, дини, салты, турмуш-тиричилиги, психологиясы, ал түгүл жеринин түзүлүшүнөн өйдө өзгөртүлүүгө тийиш. Бул тукумдун каны күчтүү, өзүнө гана таандык таза кан. Канга каршы күрөштө биз азырынча ийгиликке жетише элекпиз. Сырдуу институттарда изилдөөлөр, тажрыйбалар жүргүзүлүп жатат. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктары элге чыкпайт. Бул - сыр-илим. Бул куралсыз, согуш жарыяланбай туруп бардык элдерди жана тилдерди курутуучу илим. Кадимки курал менен мындай кылууга болбой турганын тарых көрсөттү. Башка жолдорду пайдаланууга туура келет. Эгерде элди өлтүрүү мүмкүн болбосо, анда аны өзүңө тартып алуу керек... Эми-и, жеп, сиңирип. Мында согуш этникалык бирдиктерге эмес, канга каршы жүрөт. Көрдүңбү, кан канчалык туруктуу, стабилдүү болсо, эл ошончолук жашоого жөндөмдүү болот. Таза кан элдин сырткы көрүнүшүнө жана жан дүйнө сапатына, рухуна таасир берет. Сен байкайсыңбы, булар бүт бардыгы сулуу. Сыртынан булардын көп жалпылыгы бар: караторусунан келип, кушмурун, ажары ачык. Кавказдыктардын дээрлик бардыгынын жүзүнөн бирдеме байкалып турат. Канга каршы күрөш боюнча бизде программа иштелип чыккан. Ал эки стадияга бөлүнөт. Биринчи стадия - 50% башка кан киргизүү. Экинчи - толук ассимиляция - 100% өзгөртүү.

Элдин материалдык пайданы көздөп чет жерден үйлөнгөн өкүлү арсыз чыккынчы саналат. Мындай кишилердин чөйрөсүндө коомдук жакшы пикир түзүү керек. Мындайларды баатырдык атакка жеткирип, аларды моралдык, материалдык колдоого алуу керек. Булар - биздин кишилер.

Эми кандын темпераменти жөнүндө. Биз анын кызуу, чарт этме, күчтүүлүгүн эске алабыз. Бул темперамент кавказдыкка күчтүү тукум калтырат. Булардын темпераменти жалын сыяктуу. Бул темпераменттин ачыкка чыгуусуна көмөктөшүү керек. Ошондо очоктун ээси өзү кошо күйүп кете турган өрт чыгат. Байыркы тирандардын ыкмасы - секс. Бул өлкөнү жеңил ойлуу аялдар менен каптатып жибергиле. Аларды жумушка алып баргыла, күч менен айдагыла, тоонун романтикасы менен азгыргыла, акча менен, эмне менен болсо да көбүрөк алып баргыла. Биз Империянын туш тарабынан бир канча миң мамлекеттик сойкуларды жыл сайын алып келип жатканыбызга бир жыл болду. Бул армия Кавказды кучакка кысып, муунтуп түбүнө жетүү үчүн чакырылат. Ермолов жана андан кийинкилер найза менен, пушка менен жасай албаганды оюнкарак кыздар төшөктө жасайт. Бул жерде секс жасаган иштин өлчөмүн элестете да албайсың.

Мораль, каада-салт, дин, мүнөз, психология - бүт тымтыракай болот. Кавказдыктын бир гана кыялы, бир гана эңсөөсү, бир гана умтулуусу, бир гана дини, баары биригип - саны жоон катындар болуп калат. Ошо катын үчүн ал мекендешин, биртууганын, атасын өлтүрөт. Карачы, чинуштар (чиновниктер) бизди кандай тосуп атышат! Өздөрүнүн аялдарын, эже-карындаштарын биз менен бирге сауналарга, ресторандарга, "айдап" келип атышат.

О, сыймыктуу Кавказ! Сага шерменде чарба камдалган. Сойкулардын айдыңында шерменде болуп бүтөсүң. Дагы угуп тур. Биз алардын эне тилин тартып алышыбыз керек. Бирок биз эне тилинде сүйлөөгө тыюу сала албайбыз. Азырынча сүйлөп турушсун. Эсиңде болсун, өнүгүү доору жакын калды. Сабатсыз өнүгүү - ойго келбеген иш. Мына ушул өнүгүү буларды эне тилинен ажыратууга жардам берет. Биз буларга билим беребиз. Башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларды кенен жайылтабыз. Акыл менен иштөө керек. Мен мунун мына мындай планын сунуштайм: биз башталгыч жана орто мектептерди эне тилинде ачабыз. Аны бүткөндөн кийин кавказдык андан нары окугусу келет, бирок ал империялык тилди билбегендиктен жогорку окуу жайдын сынагынан өтө албайт. Мамлекеттик бардык ишканалар биздин тилде сүйлөйт. Тигил анда иштей албайт. Жыйынтык: кавказдык мектепти бүтүп, андан наркы өнүккөн келечегин жоготот. Ошондо кавказдыктар өздөрү биздин тилде, аларды бийлөөчүлөрдүн тилинде мектептерди талап кылышат. "Элдин талабын орундатып", эне тилин кууп салган мектептерди ачабыз. Илим жайында ал курмандыкка орун жок. Ага короо шыпыргычтын ордун беребиз. Биздин тил күнүмдүк турмушка көнүмүш болуп кирип, канга сиңип кетет. Эч нерсеге жараксыз эне тили "Сүткө тийген күчүктөй" куйругун кыпчып кетет да жоголот.

Кавказдык, өз тилиңди өзүң кууп сал, ал жугуштуу! Андан ар кандай оору жугат. А сенин дениң сак жана күчтүү болууң керек. Муну менен катар биз анын психологиясына, эр мүнөзүнө катуу сокку урушубуз керек. Азыр жүздөн бир кавказдык баканооз. А көпчүлүгү, бүт баары баканооз болот. Жалпы ишенбөөчүлүккө жетишебиз. "Бир көзү бир көзүнө жоо," баласы атасына айгак болот. Атасы - баласына. Аялы күйөөсүнөн кабар берет. Биртуугандар бирин-бири аңдыйт. Адегенде, чындыкты айтып келерде аяк-биягын карайт. Анан кийин коркконунан чынды айтпай калышат. Анан, атайылап калп айта башташат, кошомат кылышып, өздөрү кара тизмеге кирип калбоо үчүн калптарды айтып келишет. Анан, чындыкты такыр ойлобой калышат. Жалган алардын жүрөгүнө, канына, жанына кирип жашап алат. Убакыт өтүп, алар чын айтып атам деп ойлоп калп айтып калышат. Мына бул ЖЕҢИШ болот!... Бизде интеллигент төбөлдөр деп аталган негизи саткын, мансапкор элитадан турган баканооз тармак бар. Бул тармакка жогорку кызматка жеткиси келгендердин бардыгы кирет. Папкелүү болгуң келсе, айтып кел, баканооз бол. Баштартсаң - жылбайсың. Мансаптын ар бир тепкичи - айгак сөздөрдүн сериясы. Убактысы менен биз баканооздордон артыкчылыктарга ээ болгон элитаны түзөбүз. Ал биздин таянычыбыз болот. Бул - өзүнүн арсыз маани-маңызы менен сыймыктанган кишилер болот. Бизде андайлар, идеялык жактан бизге берилген кишилер азыр эле бар. Ууру уурунун изин тааныган сыяктуу этникалык жок кылуунун жолдорун алар жакшы билишет. Георгий Мухранский деген (Багратион) "Улуттун өз алдынчалыгынын маңызы жана кээ бир чоңдордун билим алуусунун мааниси" деген бир кызык китепче жазыптыр. Брошюра 1872-ж. чыкты. Ал чыгарманын автору маркум Александр экинчинин убагында Үчүнчү Бөлүмдө иштеген. Мухранский Кавказ расасындагы дүнүйөнүн түбүн билген билги киши болгон. А бизге Кавказ менен кантип күрөшүүнүн жолдорун көрсөтүп берди. Биз анын эмгегин жогору баалайбыз. Сен аны менен таанышып чыгууң керек. Бул өз расасынын чоң саткынын биз эбегейсиз көп акчага сатып алдык. Бирок ал акча өзүн актады.

Шамиль тикесинен тик тура берүүгө чыдабай калды. Бирок ал мына бу Шайтандын айткандарын бут бойдон уккусу келди. Залга барып, суу ичип, кайра ордуна келди...

- Ооба, ооба, сага муну түшүнүү кыйын. Кеп мында, Кавказда негизинен, теги бир уруулар жашайт. Бир кезде булар бир эл болгон. Мен сага аларды санап берем: вайнахтар, адыгдар, грузиндер, аварлар жана аларга тектеш уруулар, түрктөр менен аралашкан агвалдар, басктар бир чөлкөмдө - бул элдер кандаш экени илимде далилденген, тилдери жакын. Мына, осетинди ал, каны Кавказ болгон менен тили башка. Бул элдер баары бир тууган. Тышкы таасирдин күчүнөн ушул күчтүү эл майда урууларга чачырап кеткен. Анын күчү бирдикте, башкалар үчүн коркунутуу болгон. Кылымдар бою мыкаачы тирандар булар менен күрөшүп келген. Кылыч менен багынтууга мүмкүн эмес экенин түшүнүшкөндөн кийин, башка курал, тири шумдуктуу курал - пастыкты киргизишти. Бул уулуу кылычта: "Бөлүп-жарып бийлеп ал!" - деп жазылган. Оройлук, абийирсиздик - күрөштө теңдешсиз сапат.

Солодовников мас болуп калганы сезилди.Үнү менен булдуруктаган тилинен байкалат. Мастыктан аң-сезими тумандап калды. Ал эч качан акыл-эсин коё берчү эмес. Мастык сөзү менен жорук-жосунунан табиятындагы оройлукту билдирип турду. Соо кезинде ал коңур, кургак. Жапайы жаратылышын тизгиндеп, ал тарбиялуу киши болуп көрүнүүгө аракеттенчү. Мастык – адептүү, тарбиялуу, татынакай масканы чечти. Шеф жылаңачтанды.

- Кантсе да мен Сизден сурагым келет. Кантип эле Сиз бизде иштеген кавказдык кызматкерлер жөнүндө ушунчалык жаман ойдосуз? Алардын арасында чоң чиндүү кишилер да бар эмеспи.

Солодовников үстөлдү тарс бир койгондо бокал шыңгырап кулап, тоголонуп барып жерге түшүп, сынып калды.

- Эшек! Эртеден бери мен сага алардын чочко экенин бекемдеп айтып атам! Чочкодон дагы балит. Жок. Алар андан бетер. Пре-зер-ва-тив-дер! Эмне үчүн?! Алар булганат. А ыракатты биз алабыз. Интим акт бүткөн соң аларды эмне кылат? Ыргытат! Ха! Чоң чиндер! Ха! Ха! Ха! Резиналар дагы чоң болушат. Ушуну билбейсиңби? Медициналык сөздүктөн кара.

Которгон Үрүниса МАМАТОВА

15.12.2019.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз