Жэром Дэвид Сэлинжер: Албырган илебиңден, сүйкүмдүү көздөрүңдөн жоодураган

  • 07.03.2021
  • 3613

АҢГЕМЕ

Телефон шыңгырап баштаганда, буурул чач эркек трубканы алып, сүйлөшүүгө болобу, же ач кулактан тынч кулак жооп бербей эле койсомбу деп бийкечке собол таштап, аны карап туруп калды. Бийкечке бул тээ ыраактан кыйкырып жаткандай угулду да, жалт бурулуп, аны тике карады. Бир көзүн жарыктан жүлжүйтүп, экинчи бакырайган көгүш көзү эмнегедир көпкөк тарта жаркырай түшкөнсүдү. Буурул чач эркек батырак кыймылдашын суранганда, ал ордунан ыргылжың козголуп оң колу менен жаагын таянып, сол колу менен маңдайынга самсаалаган чачтарын артка тарап:

- О, Кудай, эми канттик. Сен эмне дейсиң? – деп буурул чач эркекке суроолуу тиктеди.

Буурул чач эркек болсо беш, болбосо он беш деди да, сол колун акырын жаагын таяна олтурган бийкечтин колтугуна соймолотуп, андан ары анын көкүрөгүн сыйпалап, оң колун трубкага сунду. Трубкага жетиш үчүн обдула берерде анын желкеси үстөлдө турган лампаны жаап калды. Ушул көз ирмемде анын буурул чачтары лампа жарыгына аппак болуп жарый түшкөндө, жарашыктуу тегизделип, дыкат таралган чачтары сеңселе түштү. Желке жана моюн чачтары кыска тегизделип, төбөсүндө узун чачтар өзүнө чыкыйып жарашкан.

- Алло, - деди буурул чач эркек трубканы алаар замат.

Жаагын таянып олтурган бийкеч ага элейип карады. Кыжаалат болгону же бир нерседен кабатыр экени билинбеген көгүш көздөр бакырайып карап турду.

Трубкадан шайы оогон, ошол эле маалда кыжаалаттан улам кекене сүйлөгөн эркек кишинин үнү угулду:

- Ли? Уйкуңду бузган жокмунбу?

Буурул чач эркек сол жагында олтурган кызга жалт карап алды.

- Ким бул? – деп сурады, - Артур, сенби?

- Ии. Уйкуңду бузбадымбы?

- Жок, жок. Керебетте окуп олтургам. Тынччылыкпы?

- Чыныңды айтчы бай болгур. Уйкуңду бузбадымбы?

- Ой, жок, эч кабатыр болбо, - деди буурул чач эркек, ̶  Чынын айтсам, эптеп-септеп төрт саат гана уктачу болгом.

- Сага чалган себебим, сен Жоана кетип баратканда көргөн жок белең? Ал кокусунан Элленбогендер менен кетпедиби?

Буурул чач эркек дагы бир ирет сол жагын жалт карады. Бул сапар көгүш көздөрүн бакырайта ачып, ирландиялык полиция сыңар андан көзүн албай караган бийкечке эмес, анын башынан ашыра тиктеди.

- Жок, көрбөдүм, Артур, - деди эркек. Анан бөлмөнүн тээ төрүндөгү дубалдын шыпка тийишкен жерине карады. – Ал сени менен кетпеди беле?

- Жок, кудай урсун. Демек сен анын кайда кеткенин көрбөдүм дечи?

- Жок. Чынын айтсам көрбөдүм, Артур, - деди буурул чач эркек, - Бүгүн кечке бирөөнү көрсөм өлөйүн. Эшиктен кирер замат шайтан алгыр французбу, же австриялыкпы, айтор балакет бирөө мага илээшти да калды. Ушул шайтан алгыр чет өлкөлүк жаштар акысыз юридикалык жардам дегенде адамга чапкенедей жабышат. Эмнеге? Бир нерсе болдубу? Жоана жокпу?

- Ой, ким билет, энеңдурайын. Ит билсинби. Билесиң да аны, кичине тойгондо көчүгү жер жыттабай калат. Билбейм, кайда кеткенин. Же мүмкүн ал…

- Элленбогендерге чалган жоксуңбу? – буурул чач эркек суроо узатты.

- Албетте, чалдым. Алар үйүнө келе элек экен. Билбесем. Бул энеңдурайын алар менен кеткенине эч көзүм жетпей туру. Мен бир гана нерсени билем, бир гана нерсени. Мен эми буга эч башымды ооруткум жок. Мен эми чындап башкача чечтим. Буга беш жыл чыдадым жетишет энең…

- Жарайт, бир аз өзүңдү кармачы, Артур,  ̶  деди буурул чач эркек,  ̶  Биринчиден, Элленбогендер менин билишимче таксиге олтура калып, бир-эки саатка Кыштакчага кетип калышкан. Менимче азыр үчөө тең…

- Мен баарын туюп-сезип турам. Ал канчык азыр ашканага кирип, бирөө менен эзилишип жатат да. Ал тойгондо ошентип көзү бозоруп, эркек жини кармап калат. Буга беш жыл чыдадым. Эми жетишет болду…

- Сен кайдан чалып жатасың? – деп сурады буурул чач эркек. – Үйдөнбү?

- Ооба, үйдөн. Үйдөн чалбасам, анда кайдан чалышым керек эле сага?

- Макул, бир аз өзүңдү кармачы, эй… Эмне эле болуп жатасың, ичип алган немедей?

- Билбейм. Башыма бир нерсе кирсе өлөйүн.

- Жарайт, бир аз өзүңдү бош кармап, мени ук. Өзүңдү кармачы, айланайын, - деди буурул чач эркек. – Элленбогендерди жакшы билесиң да, кудай аткырдыкы. Эмне болмок эле, алар демек акыркы поездге үлгүрбөй калышкан. Түнкү клубдан арып-чарчаган үчөө азыр буттарын тарта албай сага кирип келишет. Анан…

- Алар келе жатышат азыр.

- Сен кайдан билдиң?

- Алардын балдарын караган кыздан. Ал экөөбүз өлгүдөй сырдашып сүйлөшөбүз. Экөөбүз иттей ынакпыз, ажырагыс достордон.

- Жакшы, жакшы. Анан? Эми бир аз өзүңө келдиңби? – деди буурул чач. – Бир аз мүнөттөн соң үчөө тең сага кирип барышат. Мага ишенип кой. Леонаны билесиң да. Мен билем аларды, үчөө тең Нью-Йоркту көргөндө, тим эле коннектикутта жүргөндөй чалчакташат, шайтан алгырлар. Муну менден жакшы билесиң.

- Ии, ооба. Билем, билем. Бир нерсе билсем өлөйүн.

- Албетте билесиң. Элестет, азыр Жоананы экөө эки жагынан колтуктап, күчкө салып сүйрөп келатышат.

- Токто, Жоананы эч ким антип күчкө салып сүйрөгөн эмес. Антип сен мага көө сүйкөп, кычыбай эле кой.

- Сага эч ким көө сүйкөп, кычып жаткан жок, Артур,  ̶  деди буурул чач эркек жай гана.

- Билем, билем. Ий, эсиме жара чыккыр. Сурайм деп унутуп калганымды. Чынын айтчы, бай болгур. Мен сенин уйкуңду бузган жокмунбу?

- Эгер бузсаң, уйкумду буздуң деп эле айтмакмын, Артур, - деди буурул чач эркек. Андан соң бийкечти кучактаган сол колун бир аз ачуулануу менен тартып алды. – Мынаны кара, Артур. Сага менден кеп-кеңеш керекпи? – деди да бир колунун манжалары менен телефондун шнурун кармады. – Сага азыр менин кеп-кеңешим керекпи дейм?

- Ии, билбейм, эй. Сенин да башыңды ооруттум окшойт. Өзүмдү өзүм мууздап салып…

- Мени угуп тур дейм,  ̶  деди буурул чач эркек. – Биринчиден, азыр төшөккө жат да, жакшы эс ал. Жатардын алды бир ыстакан тартып жибер да, анан төшөктү…

- Бир ыстакан! Койчу ай, тамашаңды. Эки сааттан бери өзүм бир бөтөлкө бошоттум. Тигине бош бөтөлкө жерде тоголонуп жатат. Бир ыстакан эмне болуп калыптыр! Дагы алып жибергенге акыбалым жок…

- Жакшы, жакшы. Эми жат да, эс ал анда,  ̶  деди буурул чач эркек. – Жат да, эс ал, уктуңбу? Чыныңды айт. Өлсөң эмне өзүңдүн эле шоруң.

- Ии, ырас айтасың. Билем. Кыжаалат деле болбойун дейм, бирок тиги энеңдурайынга ишенич жок да. Ага кыпындай ишеничтин кереги жок. Эх, кайран сөз. Билбейм, башым деле катып бүттү.

- Жарайт. Башыңдан чыгарып ташта муну, азыр чыгарып ташта. Муну такыр оюмдан чыгарып салам деп мага сөз бере аласыңбы? – деди буурул чач эркек. – Сар-санаа менен байып, чымындан пил жасай бергенден не пайда.

- Мен эмне кылам билесиңби, ыя? Сага айтыштан уялам, бирок билесиңби, мен энеңдурайын түндөсү эмне кылам? Үйдө болгонумда эмне кылам айтайынбы? Билгиң келеби ушуну?

- Артур, мени укчу, андай эмес…

- Туруп турбайсыңбы, энең… Үйгө келгенде даараткананын эшигин, эмеректердин эшигин, айтор эшик аттуунун баарын ачып жибергенден заарканам. Ар күнү кечинде үйгө келем да, үйдүн ар кайсы бурчунан ар кандай катынпоз эркектерди таап чыгам. Лифт оңдогон балдар, жеткирүү кызматында иштеген балдар, полицияда иштегендер…

- Болду, болду. Бир аз өзүңдү карма, Артур,  ̶  деди буурул чач эркек. Телефондо сүйлөшөрдүн алдын күйгүзүлгөн бойдон күл салгычта турган тамекиге жалт карады. Күл салгычтагы тамеки эчак өчүптүр. – Биринчиден, сен кетирген олчойгон кемчиликтерди сага айтып жүрүп тилим тешилер болду. Эмне кылганыңды билесиңби? Же мен айтып берейинби? Сен жөн жерден эле өрттөнүп жатасың, сен азыр өзүңдү-өзүң азапка салып, кыйнап жатасың дегеним. Ортодо жөн эле Жоананы кыйнап жатасың,  ̶  ал бир саамга токтоло калды. – Кандай сулуу, түшүнүктүү жубайың бар. Муну чындап айтып жатам. Колдо бар нерсенин баркына жетпей, аны бир келесоого, анан калса мээси жок бир кеңкелеске да чыгара саласың...  

- Мээ?! Койчу, ай, кайдагыны айтпай. Анын мээси бар деп ойлойсуңбу?! Ал деген бир жаныбар да!

Буурул чач эркек демин ичине катып, терең дем алып алгандай болду.

- Баарыбыз жаныбар бойдонбуз, - деди ал. – Негизи баарыбыз жаныбарга таандыкпыз.

- Энеңдурайын, эмне деп келжирейт. Силер жаныбар боло бергиле, мен жаныбар эмесмин. Мен жыйырманчы кылымда төрөлгөн бир келесоо, келжирек болушум мүмкүн, бирок жаныбар эмесмин. Кайдагыны айтпа мага. Тапкан экенсиң жаныбарды.

- Бери кара, Артур. Бул бизге азыр…

- Кайдагы мээни айтасың. Эгер муну билсең, ичиң эзилип калмак да. Ал келесоо өзүн өтө интеллектуалдуу айым деп санайт. Айласыздан күлөсүң да буга. Газетадан адабий беттерди окуп, көз талып калганча сыналгы көргөнү үчүн интеллектуалдуу аял имиш. Кандай кыйын аялым бар, түшүндүң да. Көрдүңбү менин кандай өзүнчө кыйын аялым бар. Менин аялым Нью-Йоркто адамдар али таанып-билбеген, баалабаган улуу актриса, жазуучу, психоаналитик. Мынаке сага! Сен билбейт белең муну? Өлтүрөт да кишини, өлтүрөт. Өзүнчө эле Колумбия Жогорку Мектебинде иштеген Бовари айым. Тим эле…

- Ким? – деп сурады буурул чач эркек үнү бир аз титиреп.

- Бовари айым дейм, ким болмок эле. Жанагы какылдап-шакылдаган аялчы, теле баалуулуктары тууралуу курс өтүп жаткан. Анан анын дагы бир жоругун айтсам…

- Жакшы, жакшы. Кайдагы бир сандырактарды сүйлөп сен да,  ̶ деди буурул чач эркек. Бийкечке бурулуп карады да, тамеки тартам дегендей оозуна эки манжасын такап ишарат кылды. – Баарыдан мурда,  ̶  деди ал трубканы оозуна такап,  ̶  өзүңдү иттей акылдуу санайсың, айтып жатканын бул. – Ал бийкеч артындагы тамекиге жетиш үчүн алдыга эңкейди. – Муну чын айтам. Бул сенин жеке жашооңдогу болуп жаткан нерселерди айгинелейт. Бул сендеги болуп жаткан…

- Анда кайдагы акыл. Кудай, ай, өлтүрөсүң да кишини! Сен анын эркек аттууну көргөндө, көздөрү ойноктоп кетерин уккан эмессиңби? Бир күн кыларга иш жок олтурганыңда андан тиги эркек кандай деп, бирөөнү көрсөткөнчө сурап көрсөң анан билесиң. Эркек аттууну көргөндө «кандай келишимдүү мырза» деп көзү бозоруп жатып калат жалап. Ал эркек карыган бирөөбү, шакмары чыккан бирөөбү же ичи салаңдаган чаначпы, айырмасы жок. Эптеп эле…

- Жакшы. Болду, болду, эй, - буурул чач эркек сөздү жулуп кетти. – Кайдагы бир керексиз нерселерди айтасың. – ал бийкеч сунган тамекини колуна алды. Бийкеч да тамеки тартып кирди. – Айтмакчы, - деди ал тамекинин түтүнүн мурдунан чыгара үйлөп, - Бүгүн иштериңди бүтүрүп алдыңбы?

- Эмне?

- Бүгүн иштериңди бүтүрүп алдыңбы дейм? – дагы кайталады буурул чач эркек. – Иштер эмне болду?

- Ит билеби, энеңдурайын. Эптеп-септеп. Ишти бүтүшүмө эки мүнөттөй калганда тиги доогердин жактоочусу Лисберг деген бирөөсү тиги келесоо кызматчы аялды жууркан-шейшептери менен жетелеп келип алыптыр, мына силерге далил деп. Шейшептин баары бүргөнүн тагы. Тфу! Энең…

- Анан эмне болду? Сен соттон утулуп калдыңбы? – деп сурады буурул чач эркек. Дагы тамеки алып, түтөтө баштады.

- Билесиңби, бүгүн сотту ким алып барды? Жанагы Витторио деген кемпир чалыш эркек. Мага эмнеге анчалык өчөшүп калган, энеңдурайын. Сүйлөйүн десең эле, ыркырап беттен алат. Дегеле кепке келер түрү жок. Эч ылаажы болбоду.

Буурул чач эркек бурулуп, бийкечке карады. Бийкеч күл салгычты алып, ортого койду.

- Ошентип соттон утулуп калдым дечи?

- Эмне?

- Соттон утулуп калдыңбы дейм?

- Ии. Сага айтайын дегем. Бул жерде иш болбой калды. Кандай дейсиң, Жуниор эми мени асат болуш керек? Эмне болсо ошол болсун, бирок сен кандай деп ойлойсуң? Ал мени асат ко, ээ?

Сол колу менен буурул чач эркек тамекинин күлүн күл салгычка түшүрдү.

- Сени эчтеке кылбайт болуш керек, Артур,  ̶  деди ал акырын.  ̶ Бирок ал муну укса, кабагына кар жаашы турган иш. Бул жерге киргир үч отель боюнча биз качандан бери баш оорутуп келебиз. Мунун баарын Шенли аксакал өзү баштаган…

- Билем, билем. Жуниор мага муну жүз жолу айтты окшойт. Мындай кызыктуу аңгемени өмүрүмдө укпагам. Ошентип бул каргыш тийгир иште мен утулуп калдым. Биринчиден, бул жерде күнөөлүү эмесмин. Экинчиден, тиги Витторио деген шүмшүк мени кылтакка илиш үчүн болгон аракетин жумшоодо. Анысы аз келгенсип тиги келесоо кызматчы аял бүргөгө толгон шейшептерди алып чыгыптыр…

- Бул жерде сени эч ким күнөөлөп жаткан жок, Артур,  ̶  деди буурул чач эркек. – Сен Жуниор мени асат деп ойлойсуңбу деп менден сурадың. Мен болгону сага ачыгын…

- Билем, билем муну… Башым деле катты, энеңдурайын. Мен аскердик жумушума кайра кетишим мүмкүн. Бул жөнүндө сага айттым беле?

Буурул чач эркек Артурдун жан кашайтчу сөздөрүн кандайча сабыр менен угуп жатканын билдирүү ниетинде бийкечке башын буруп карады. Бирок бийкеч муну аңдабай калды. Ал кезде бийкеч тизеси тийип аңтарылып түшкөн күл салгычтан чачылган күлдү колу менен шыпырып, бир жерге топтоп жаткан.

- Жок, муну мага айткан жоксуң, Артур,  ̶  деди буурул чач эркек трубкадан.

- Ошондой де. Мүмкүн. Азыр өзүмдүн да башым катып турат. Муну көрмөксөн болгон жерим жок, эгер бул абалдан чыгып кетсем бармак эмесмин. Билбейм, муну кылышым да мүмкүн. Эч болбосо мунун баарын унутуп салайынчы. Ал жерде мага башыма шлем, кенен үстөл анан чиркейден калкалаган тор парда беришсе, жүрө бермекмин...

- Мен сени жанатан бери башын кичине иштетип калабы деп далалат кылганым да, балакай, - деди буурул чач эркек. – Өзүң түшүнүктүү адамсың, кайдагы жаш баланын кебин сүйлөйсүң. Мен муну чын жүрөгүмдөн айтам. Болбогон нерсени тоодой ызы-чууга айлантасың да, кайра эле өз башың тегеренип, карайлап олтуруп каласың. Анан дагы…

- Эң жакшысы, аны менен ажырашам. Билесиңби ушуну? Билесиңби, мен ага өткөн жайда эле жообун берип, жолуна салсам болмок. Эмнеге кармандым, билесиңби?

- Артур, кудай жалгагыр. Дагы кайдагы бир сандыракты айтып баштадың.

- Бир мүнөт. Эмнеге кармандым айтып берейин, макулбу? Мен сага ымандай чындыгын айтам. Себеби аны аядым. Чынын айтсам аны аядым.

- Билбейм. Бул жерде бирдеме дей албайм,  ̶  деди буурул чач эркек. – Бул жерде сен Жоана чоң эле аял экенин унутуп калгандайсың. Жоана сага он алты жашар кыз эмес, туурабы? Билбейм, бул жерде мен ойлойм…

- Чоң эле аял?! Тууй ата, ушинтип күйдүрөсүң. Ал чоң аял болгону менен акылы жаш баладай! Сага бир кызык айтып берейин: бир жолу бетимди көбүртө самындап, жүдөп-какап сакалымды кырып жатсам, тээ төркү бөлмөдөн бирөө эле кыйкырат, улам эле кыйкырат. Дагы эмне балакет болуп кетти деп, самындалган бетим менен жетип барсам, неме дейт. Эмне дейт, билесиңби? Жаным, мен акылдуу аялзаты деп ойлойсуңбу же андай эмеспи десе болобу оозу-мурду кыйшайбай. Сага жалган, мага чын! Ох, энең… бу аялзаты сулуу, бирок акылы кыска болсо, баары бекер экен деп, ошол турган жеримде башымды мыкчып, жерге олтура калыпмын. Ал деген бир кем акыл байкуш да. Анын уктап жатканын карап туруп, ал жөнүндө эмнелерди айтканымды толук билем, ишенесиңби?

- Муну эми өзүң менден жакшы билесиң, - деди буурул чач эркек. – Энеңдурайын, сен да бир өзүңдүкүн бербеген кежирсиң да. Карабаса катын куруйт, бакпаса ит өлөт. Аял дегенди кастарлай билишиң керек да.

- Ой, жок, чынын айтсам биз бири-бирибизге түгөй эмеспиз. Бул ачык эле нерсе. Биз бардык жагынан түгөй эмеспиз. Ага эмне керек, билесиңби? Ага төшөктө таң атканча чарчабай иштеп, төшөктө энесин тааныткан букадай эркек керек. Мына ушундай бирөө керек ага. Мага эч эле ыраазы болбоду. Мен муну биз жаңыдан баш кошкондо эле билгем. Сен өтө кыйтыр адамсың, алиге чейин үйлөнө элексиң, ошого үйлөнгөн соң баары бара-бара түзөлүп, баш кошкондун баары эле жыргап кетет деп ойлойт окшойсуң. Мен такыр кошулбайм буга. Үйлөнгөнү жерге кирсин экен. Мынтип эркектик ал-күчүм деле калбай барат, ток этерин айтканда.

- Сенин жарабай калышыңа ишенбейм. Сен деле кыйла барсың, болгону башыңды иштетпейсиң,  ̶  деди буурул чач эркек бийкечтин колунан күйгүзүлгөн тамекини алып жатып.

- Менде азыр кайдагы күч-кубат дейсиң! Мен кайтып калдым. Ал-күчүм болгондо ушинтип олтурмак белем. Эх, кайран сөз. Мурункудай кубатым жок. Сенин мазаңды түнү бою алдым окшойт. Же муну уккандан сен тажабадың, чынын айтсам.

- Мен сенден тажадым деген ниетим жок, Артур. Эптеп бир айласын кылып сага жардам берейин дейм, - деди буурул чач эркек. – Мындайча айтканда, сен өзүңдөн өзүң бирдеме болуп жатасың…

- Ал да менин кадырыма жетпеди. Башынан эле мага кыпындай сүйүү сезими жок окшойт. Бара-бара андан көңүлүм сууп баштады. Аны сүйөр-сүйбөшүмдү деле билбейм. Башымдагы ойлор баары кирди-чыкты. Тойдум байдын кызына деп андан кол үзүп таштайын деген ой кылт этер замат, ал экөөбүз бир сонун, керемет жерде олтургандай элес көз алдыма тартылат да калат. Ал колуна аппак, тор колгап тагынып, үстүнө жибектен кымкап жамынып, өзүнчө эле укмуш. Билбейм. Же экөөбүз алгач таанышканда Нью-Хейвенге принстон матчына[1] барганыбыз эске түшөт. Аба-ырайы иттей суук маал. Андан чыгып, жолдо келатканда авто-унаа бузулуп, мен аны оңдоп жатканымда, ал чыракты мага тосуп, жанымда турган учур күнү-күнүнкүдөй эсимде. Билесиңби, дагы эмнелер эске түшөт. Биз алгач ирет таанышканда, менин ага арнап чыгарган арзуу ырларым эске түшөт:

Албырган илебиңе шүүдүрүм чачыраса,
Күн чыгып жоодураган көздөрүңдөн,
Сүйкүмдүү көздөрүңдөн Күндү каткан,
Көйкөлгөн көкүрөгүң сүйүү жаткан…

Ушул ыр саптарын эстегенде, ушул саптардын ичинде жаткан анын суйкайган элеси көз алдыма тартылат… Билбейм. Муну айткандан не пайда? Өзүмдөн күл калтырбай күйүп бараткансыйм. Албырган илебиңден, сүйкүмдүү көздөрүңдөн жоодураган… Эх… Коюп салчы трубканы. Чын айтам.  

- Мен трубканы коё салайын дебей эле, Артур,  ̶  деди буурул чач эркек тамагын түздөп,  ̶  Ал жерде болгону…

- Ал мага бир жолу өз жанынан костюм-шым сатып берген. Сага айттым беле?

- Жок, мен…

- «Триплер» кийим-кечек дүкөнүнө барып, костюм-шым сатып алыптыр. Мен аны менен бир да жолу чогуу барбадым. Ал ойсекенин жакшы мүнөздөрү да жок эмес. Кийип көрсөм, мага тим эле чак келгенин айт. Бели гана бир аз чоң келбесе, шымды этегинен кыскартып койсо баары сонун. Жалаптын жакшы мүнөзү да бар эле.

Буурул чач эркек дагы бир азга угуп турду. Андан соң жанындагы бийкечке жалт карады. Анын көз карашынан бийкеч телефондо эмне тууралуу сөздөр болуп жатканын толук түшүндү.

- Эми сен мени угуп тур, Артур. Мындан эч кандай пайда жок,  ̶  деди буурул чач эркек трубкадан. – Мындан эч кандай пайда жок дедим. Угуп тур мени, мунун баарын чын жүрөктөн айтып жатам. Чечин да, түз жаздыкка баш кой. Акылды иштет да толгонуп, толкундана бергенди токтот. Жоана эки-үч мүнөттө сага кирип барышы ыктымал. Бул кейпиңди көрсө өтө эле уят. Тиги Элленбогендер азыр сенин үстүңө кирип барышат. Алардын астында ушул кебетең менен турсаң сага деле уят, туурабы? – Ал трубкадан тигини тыңшады. – Артур, угуп жатасыңбы мени?

- О, кудай, сенин да мээңди чактым окшойт. Сага ар кайсыны…

- Эчтеке эмес, баары жайында,  ̶  деди буурул чач эркек,  ̶  Такыр андай деп ойлобо. Мен сага айттым го, мен ар дайым түнкү төрттө жатам. Болгону сенин азыркы абалыңды түшүнүп, сени колдоп-көтөрмөлөп коёюн деген эле кеп. – Ал унчукпай калды. – Алло, Артур?

- Ии, угуп жатам. Айта бер. Сенин да жок жерден тынчыңды алдым окшойт. Мен азыр бирди алып, коюнга салайын да, сен жакка өтүп барайын. Шашпай майдалап ичип, кобурашып олтурсак кантет? Кандай дейсиң?

- Азырбы?  ̶  Буурул чач эркек боюн түзөп, айласы кеткен адамдай бир колун төбөсүнө койду.

- Ии, эгер буга макул десең. Көпкө деле олтурбайбыз. Болгону бир жерге барып, кобурашып олтургум келди, билбейм. Жарайт?

- Ооба, бирок азыр коё турганың деле дурус, Артур,   ̶  деди буурул чач эркек,  ̶  Сен үчүн эшигим дайыма ачык, бирок сен азыр Жоана келгенге чейин жатып эс алып, өзүңө келгениң дурус деп ойлойм. Азыр эң жакшысы ушул. Ал келген маалда өзүңө келип, жакшынакай болуп каласың. Бул айтканым туурабы же катабы?

- Эх, билбейм. Чынын айтсам башыма эчтеке кирбей турат.

- Сен билбесең, мен мунун баарын эң сонун билем, Артур,  ̶ деди буурул чач эркек,  ̶  Бери кара. Азыр андан көрө төшөккө жат да, эс албайсыңбы. Анан өзүңө келип, өзүңдү жакшы сезип калганыңда мага телефон чал. Мен бир жакка качат белем. Эгер ошондой эле мени менен сүйлөшкүң келсе. Кыжаалат болбо, баары жакшы болот. Уктуңбу? Кандай дейсиң?

- Жарайт.

Буурул чач эркек трубканы дагы бири азга тыңшады да, анан трубканы ордуна койду.

- Эмне деди ал? – бийкеч андан безилдеп сурап жиберди.

Буурул чач эркек күл салгычты колуна кармады, андан жарым-жартылай тартылган тамекиден бирөөсүн алды.

- Сен жакка өтүп барайын, экөөбүз ичели дейт,  ̶  деди буурул чач эркек боюн түзөп.

- О, кокуй! Анан сен эмне дедиң? – деп бийкечтин чый-пыйы чыкты.

- Уктуң го эмне дегенимди,   ̶  деди буурул чач эркек бийкечке карап,  ̶- баарын угуп турдуң го, же укпандыңбы? – ал колундагы тамекини мыжыгып жатты.

- Кандай ажайып, акылдуу жансың,  ̶  деди бийкеч аны карап,  ̶  О, кудай, өзүмдү иттей шерменде сезип жатам.

- Жакшы,  ̶  деди буурул чач эркек,  ̶  Бул жерде бирдеме деш өтө кыйын. Өзүмдү акылдуу жанмын деп деле айта албайм.

- Жок. Сен деген эң акылдуу, түшүнүктүү жансың,  ̶  деди бийкеч,  ̶ Мен эми өлдүм. Өлбөгөн төрт шыйрагым калды. Карачы мени!

Буурул чач эркек ага карады.

- Ии, бул өтө ыргылжың абал,  ̶  деди буурул чач эркек,  ̶  Же ары эмес, же бери эмес. Айтайын дегеним…

- Ий, токтой тур, жаным,   ̶  бийкеч чый-пыйы чыгып, алдыга обдулду,  ̶  Күйүп баратат деп ойлоптурмун. – Ал колу менен анын жонун сыйпалады. – Жок, баары жайында. Күл экен болгону. – колу менен аны жонунан ылдый сылады. – Жок, жаным. Сен жанда жок керемет адамсың. А менчи? Мен деген иттей бетпак жанмын!

- Жок, бул жерде бирдеме деп айтыш өтө кыйын. Балакайдын жини ашынып…

Телефон кокусунан дагы шыңгырап баштады.

- Энеңдурайын, кокодон кылат экен адамды,  ̶  буурул чач эркек сүйлөнүп, трубканы алды,  ̶  Алло?

- Ли, Уктадыңбы?

- Жок, жок.

- Сага сүйүнчү айтайын. Жоана келди жанаракта.

- Эмне? – буурул чач эркек таң кала сурады да, уялгандай сол колу менен бетин басты.

- Ии, Сени менен сүйлөшкөндөн эки мүнөт өтпөй, үйгө кирип келсе болобу. Ал аркы бөлмөдө кийимин которгуча, мен сага сүйүнчүлөй калайын дедим. Сага миң мертебе ыракмат, Ли. Муну сага чын жүрөктөн айтам, билдиңби. Уктай элек белең?

- Жок, жок. Мен эми… Жок, жок,  ̶  деди буурул чач эркек мындан уялгандай сол колу менен бетин басып. Ал тамагын түзөдү.

- Иштер ушундай. Бул мындай кыскасы: Леона өлөрчө ичип, мас болуп калганда тополоң салып баштайт. Анан Боб абалды жөнгө салмакка Жоана менен сыртка чыгып кетет да, ал жерде биртике ичип олтуруп калышыптыр. Билбейм, сен кандай дейсиң. Кандай болгон күндө да, ал үйгө келди. Эх, бок-жини, жаман-жакшысы, уурусу да, туурасы да аралашып жашаган Нью-Йорк, куруп кеткир. Иштерди оң жолго салып алган соң, Коннектикуттан жакшы жай таап, көчүп кетет окшойм. Өтө алыс болбосо да, алысыраак жерден жай таап, адамча, тынч жашоо кечирбесе болбой калды. Жоана гүлдөрдү, бак-дарактуу бакчаны жанындай көрөт. Эгерде өзүм ошондой гүлбакча курсам, ал кубанычтан жинди болуп калса керек. Билесиңби, Нью-Йоркто сенден башка тааныш аттуунун баары – кудайдан жөө качкан түгөттөр. Бир сенден башкасы. Тажадым ушундан. Акыл-эси жайында адам Нью-Йоркто жүрө берсе бат эле жинди болуп калчудай, түшүндүңбү?

Буурул чач эркек эчтеке деп жооп берген жок. Сол колу менен маңдайын басып, көзүн жумуп олтура берди.

- Эмне болгон күндө да, мен аны менен азыр бул тууралуу сүйлөшөм. Же эртеге. Ал азыр бир аз башкача болуп турат. Негизи алдыдагы кырдаалды эле жөндөп кетсем болду. Ал канчык деле бир жагынан алганда жакшы адам. Мунун бир айласын издеп көрөм. Жанагы бүргөгө байланышкан чырды да бирдеме кылам. Муну ойлонуп жатам. Бул мага аябай кызык болуп турат, Ли. Сенин оюңда мен Жуниорго барып, өзү менен сүйлөшсөм дегени турасың. Мен муну…

- Артур, эгерде каршы болбосоң, мен өтө…

- Мен сага жумушум боюнча же башка нерсе боюнча кыжаалат болуп чалган жерим жок. Эч ким антип жаткан жок. Чынын айтсам, мага да баары бир, энеңдурайын. Жуниор менен бул ишти башты оорутпай бүткөрө албасам  майнаке болоюн. Кийин бир аз...

- Бери кара, Артур,  ̶  буурул чач эркек сөздү жыра тартты. Андан соң сол колун бетинен алды. – Менин башым ооруп баштады. Эмне балакет болуп кетти билбейм. Каршы болбосоң кепти ушул жерден бүтүрөлү. Калган кепти эртең сүйлөшөлү, жарайт?

Буурул чач эркек бир саамга тыңшап турду да, анан трубканы ордуна койду.     

Бийкеч ошол замат бир нерселерди быдылдап сүйлөп баштады эле, буурул чач эркек ага жооп берген жок. Күл салгычта бийкеч чегип жаткан тамекини алды да, оозуна жакындатып баратып түшүрүп жиберди. Бийкеч дагы өрттөнгөнү калдың деп сүйлөнүп, тамекини издеп баштаганда, бийкечти шүк олтурчу дегендей колу менен акырын кагып койду. Бийкеч дароо колун тартып алып, аны бакырайган көздөрү менен жал-жал тиктеп туруп калды.

1951-жыл.

Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

Аңгеме тууралуу котормочудан кыскача нускоо

Аңгеме 1951-жылы жарыкка чыгып, чыгар замат окурмандардын кызуу талкуусуна түшүп, андан соң “Америкалык белгилүү аңгемелер антологиясы” жыйнагына кирген. АКШдагы адабий сынчылар А.Кэйэин жана Ж.Хейгопиен аңгемени окуп, адамдын иренжиткен сезимин козгой турган чыгарма деген тыянакка келишкен. Ал эми Сэлинжер аңгемени окуган адамга дал ушундай сезимди козгоп жиберерин алдын-ала билген. Сэлинжер религиялык философияга кызыгып, христианизм, иудаизм, дзен-буддизм жана индуизм окууларын дыкат өздөштүрүп чыккан. Кийин индуизм окуусуна берилип, биротоло аны менен алектенип баштаган. Чыгармаларынын өзөгүн бүтүндөй индуизм окуусундагы поэзиялык өңүттө берген. Бул аңгеменин маңызында индуизм окуусундагы “дхвани-раса” канону жатат. “Дхвани-раса” теориясы боюнча адистердин айтымында бул канонду адабиятта колдонуу өтө татаалдыкты, назиктикти пайда кылат.

Бул жерде автор окурманда иренжиткен эмоциялык эффекти пайда кылуу менен бейбаштын образын кылдат жол менен ачып берип, бара-бара окурмандын поэзиялык табитин ачып, эстетикалык эргүүлөргө жетелейт. Бул жердеги дагы бир татаалдык – “дхвани-раса” теориясындагы иренжиткен поэтикалык абал менен сүйүүнүн поэтикалык абалы бири-бири менен анча жалгаша бербегендиги. Бирок бул бири-бири менен жалгаша бербеген поэтикалык абалды бириктире турган болсок (аңгемеде Сэлинжер ушуну жүзөгө  ашырган), анда бирөөсү экинчисин “ташкындап” кетүүдөн сактап калат да (кайнап жаткан сууга муздак суу куюп жибергендей), бул жерде Анандавардхана[2] формулировкасындагы эрежелер да толук сакталат, б.а., эч качан бир нерсенин “ташкындап” кетүүсүнө жол берилбеши керек. Эгерде чыгармада каармандардын кыжырдануу, азап тартуу, жамандыкты сезүү, алдыдагы болор коркунучту туюу сыяктуу психикалык сезимдери берилбесе, анда “дхвани-раса” теориясы бул жерде иштебей калмак.

Аңгеменин өзүнө келели. Түн бир оокумда адвокат кызматын аркалаган буурул чач эркек Ли өз көңүлдөшү  ̶  бакыраң көз сулуу бийкеч Жоана менен олтурса, телефон шыңгырап калат. Трубканы алса, ал анын жакын таанышы, Жоананын күйөөсү  ̶  Артур экен. Артур андан аялы Жоананы көргөн жок белең деп сурайт. Окуя ушул жерден уланат. Андан ары Артур ага аялын жамандап кирет. Жоананы көңүлү бош аялга чыгарып, ар ким менен жатып-туруп жүргөнүнөн бери айтып салат. Ли ага көп кыжаалат боло бербей, жатып эс алып, кескин чечим чыгарбай, акыл калчап иш алып баруусун түшүндүрөт. Артур аялын жамандап баратып эле, аны ушунчалык сүйөрүн айтып, алар алгач таанышкан күндөрүн эске салып кирет. Телефондо сүйлөшүү ошону менен токтойт. Бир аз туруп Артур дагы телефон чалып, аялы Жоана үйгө келгендигин айтат (ал кезде Жоана Ли менен олтурган). Муну укканда Ли же күлөрүн билбей, же ыйларын билбей, бир колу менен бетин жаап, башын чайкап олтуруп калат. Бул жерде сүйүү бир жактуу кооз, бактылуу көз ирмемдерде берилбей, сүйүүүн арты менен келген кызганыч, азап тартуу, өзүн кыйноо, таарыныч жана ушул сезимдерден кийин келчү көңүл калуу, жек көрүү, кайдыгерлик сыяктуу сезимдерден соң кайрадан сүйүп калуу сыяктуу сезимдер ырааты менен берилип, сүйүүнүн чыныгы турмуштагы жашоосу, сүйүүнүн жашоодогу сыналышы сыяктуу ойлорду автор чебер жол менен индуизм окуусундагы “дхвани-раса” теориясы аркылуу берген, б.а., сүйүү бир жактуу даңкталбай, ошону менен катар четке да сүрүлбөй, индуизмдеги ар кандай нерсени “ташкындап кетүүдөн сактоо” эрежеси аркылуу ишке ашырылган. Кыргыздын “өтө кызыл бат оңот” деген сөзү индуизмдин дал ушул канонуна шайкеш келет. Индуизмдеги “ташкындап кетүүдөн сактоо” формулировкасына ылайык ар кандай нерсе өтө “муздак” да эмес, өтө “кайнак” да эмес, “жылымык” болгону дурус. Анын ичинде сүйүүнү сүрөттөп жазууда да. Кээ бир авторлор чыгармаларында сүйүүнү сүрөттөп берүүдө сүйүүнү бир беткей даңазалап, же бир беткей жектеп жиберип, өтө “кайнатып” жиберип, же тескерисинче өтө “суутуп” алышат.

Аңгеменин жаралуу тарыхына токтолсок, чыгарма автордун башынан өткөн окуянын негизинде жазылган деген пикирлер айтылып жүрөт. 21 жаштагы Сэлинжер 15 жаштагы сулуу Уна О’Нил менен таанышып, алардын ортосунда сүйүү оту тутанат. Бирок бул сүйүүнүн өмүрү кыска болгон, Уна О’Нил 18 жашка толгондо 24 жаштагы Сэлинжер сүйүктүүсүн 54 жаштагы атактуу актёр Чарли Чаплинге тарттырып жиберет. 18 жаштагы Уна О’Нил Чарли Чаплинге алтынчы аялы болуп тийип, андан 8 бала төрөгөн.  Бирок Уна О’Нил Чарли Чаплинге турмушка чыккандан кийин да Сэлинжер менен сүйүү мамилесин токтоткон эмес. Алар мезгил-мезгили менен жолугушуп турушкан.

[1] Бул жерде сөз АКШдагы университеттер аралык америкалык футбол боюнча жылына өтчү чемпионат тууралуу болуп жатат. Оюндун бул түрүн америкалыктар «соккер» (soccer) деп да аташат.

[2] Анандавардхана (820-890-жылдар)  ̶   адабият теориясы боюнча алектенген индиялык акын. Көркөм чыгарма боюнча Анандавардхана окууларынын негизинде “дхвани” (жаңырык) түшүнүгү жатат. Анын ою боюнча дхвани поэзиянын “атманы” (жаны) болуп саналат. Поэзиялык чыгармалардын көркөмү образдык ой (дхвани) аркылуу гана ачылат. Ал негизги үч түргө ээ: поэзиялык фигура (дхвани-аламкара), маани (дхвани-васту) жана маанай (дхвани-раса).

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз