Кубатбек Жусубалиев: Көр казгандар

  • 11.03.2021
  • 3689

АҢГЕМЕ

Бүркүт карап отурат.

Биз көр казып атабыз. Макиш, Карагул, Керимбек, Самидин болуп, жинди Самидин эмес, шоопур Самидин. Качан эле? Кыргыздын айты. Ай башы. Нойобүр айлары. Аман келип калды. Ким өлдү эле? Ждановдон Кененбай деген чал өлгөн. Ошонун көрүн казып атканбыз. Аман келип калды. Биз Кулжанбек жанижокту кеп кылып атканбыз. Ошонун үстүнөн чыкты. Унчуккан жок. Бир күрөк топурак ыргытты. Ыргытпады. Кайра кетти. Биз билбейбиз. Биз покту билебизби, кийин билип жүрөбүз. Аттан түшпөптүр. Түз эле Кулжанбектин үйүнө барыптыр. «Үйүмдө чалкаман түшүп жатам. Шыпты карап жатам. Шыпта мен карай турган бир жер бар. Жөргөмүштүн уясы бар. Макиш дайыма шыпырып салам деп калат. Мен «кой, убал» дейм. «Мен дайыма карап жатам» дейм.

Терезенин түбүнөн бирөө өтүп калды. Көлөкөсү мени басып өтүп кетти. Чалкаман түшүп жатып, ким өткөнүн көрбөй калдым. «Мага келаткан немеби?» деп жатам. Кирип калды. «Аман экен...» деп кийин Кулжанбек жанижок бизге кайра жомок кылып айтып берип атпайбы, ошондо жүзүнө түкүрөлү дедик. Түкүрбөдүк. Уралы дедик. Урбадык. Кайра жомогун угуп отуруп калдык...

Биз көр казып атканда Кулжанбек үйүндө чалкасынан түшүп шыпты карап жаткан экен, Аман кирип барып эле, «ой сен жеткен мытаам турбайсыңбы!» – дептир. «Дагы эмне болду? деп, эмне болду? деп турам» дейт. «Мынаерде мүрзө казган төрт киши сени аябай жамандап атат. Мытайымдыгыңды айтып атат». «А эмне мытаамдык кылыптырмын?». «Сен капиталист экенсиң, чириген бай экенсиң. Каттоодон коркуп, койлоруңду Акташтагы чабанга жашырыпсың. Жашыралбагандарыңды алып келипсиң, түнү өйүзгө жайат экенсиң, күнү бүйүзгө жаят экенсиң, уктабайт экенсиң» дептир...

Биздин Кара-Кужурда эки бай бар. Бири – Кулжаңбек. Бири – Шоңко. Бирөөнүн үч катыны бар. Бирөөнүн Орлик, Чаң Жукпас, Жел Жукпас, Айсарала, Торгой тору, Жинди кашка, Арча тору, Тойчубек, Шиш аяк, Карадолу, Кылжейрен, Кайтпас, Карагер, Карачаар... дагы биз билбеген, биз көрбөгөн аттары бар деп, биз көр казып атып кеп кылганбыз. Ашык малды алабыз деп бир катуу кысым болбодубу, ошол учур болчу... Кулжанбек кичине ойлонуп туруптур. Анан «ким, ким экен ал мүрзөдөгүлөр» деп сураптыр. Аман бизди бирден санап айтыптыр. «Ойлоп көрсөм, оокаттан качпаган немелер, кызыл көрсө, баса калган немелер, бекер оокаттан качпаган немелер... Мытайымдыкты буларга бир көрсөтөйүн дедим. Орликти миндим. Жөнөп калдым» деп кийин бизге айтып берип күйгүзбөдүбү, ошондо бир жакшы шылтоо табылды эле, уруп калбаптырбыз. Арманда калдык... Биз муну билбейбиз. Покту билебизби, кийин билип жүрөбүз. Баарын кийин билебиз. Кийин угабыз. Сталин өлсө да кийин билебиз. Кийин угабыз. Кененбай өлсө да кийин угабыз. Кийин билебиз. Бир көмгөндү билебиз. Бир көр казганды билебиз. Ушул экөөнү гана билебиз, үкө... Бир маалда келип калды. Көр казып атабыз. Кулжанбекти чемичкедей чагып бүтүп, Шоңкого эми өтүп калганыбызда келди. Тоодой даңкайган Орлик деген тору атын минип келди. «Ассалоом алейкум, жигиттер» деди. «Алеки салам» дедик. «Казып атасыңарбы?». «Казып атабыз». «Бүгүн коесуңарбы?». «Бүгүн коебуз» дейбиз. Кичине ичибизден уялып турабыз. Кысынып турабыз. «Дегеле мунун укуругу узун, көзү жокто жамандап койсок, үстүбүздөгү басып калганын кара» деп турабыз. «Жакшы» деп коет.

Жака-белдеги жайылып жүргөн койлорго омсоңдоп карап, карап коет. Биз да карап коебуз. Ждановдун менчик койлору экенин биз билбейбиз. Койлорду осмондоп карап, карап коет. Бизди бир заматта алдаган экен. Унчукпай туруп гана алдап койгон экен. Карап, карап койгондо эле иш бүтүптүр да. Иштин баары ошол карап, карап гана койгондо болуп атпайбы! Бизди ушинтип каратып туруп эле алдай беришет, үкө... Дагы: «эмне карайсың? эмне турасың?» деп коебуз. «Э-ээ, Мөкүшов Кулу деген тажатты. Койлорумду өйүзгө алпарсам, өйүздү милиса менен басат, койлорумду бүйүзгө алпарсам, бүйүздү милиса менен басат. Жашырынарга жай таппай калдым. Тиги эки машинаны көрдүңбү?» деп калды. Баарыбыз көрүбүздү таштап, казбай таштап, Кара-Кужурдун аркы өйүзүндөгү эки машинага карап калдык. Шатысы бар машиналар экен. «Ушул экөөнү мага жибериптир. Койлорун экөөңө жүктө деп милисасын кошо жибериптир. Кантээримди билбей айлам кетти» деди. «А эмне ылаажы кылган атасың?» дедик. Күтүп турган экен. Ушуну гана күтүп турган экен. «Эми ага-тууган эмессиңерби, мага жардам кылгыла» деди. «Эмне жардам кылабыз?» «Кийин мага козусун берсеңер болду. Ак козу бербе, кара козу бер. Өкүмөткө кеткенче силерге кетсин. Силер деле өкүмөтсүңөр да, силер алып келгиле» деп калды. «Макул» дедик... «Макул» эле дейбиз, айланайын! Дайыма эле «макул» деп келатабыз Ошон үчүн бизди «макулуктар» дешет. Ошол үчүн макулук атка конгонбуз.

Баягында мен да «макул» деп эле жата бериптирмин. Үч күн кайтарып жатты. Баягында Кара-Кужурга Батмунк келгендечи? Айта берип, аты да жат болуп калды. Сен болсо магазиндин ичинде камалып турупсуң. Кулжанбек го кыздуу жерде кыякчы, кымыздуу жерде аякчы. Же суу сугарып жүрүп талаада камалып турдуңбу? Сен камалбай кал, дагы бизге окшогон бирөөнү «макул» кылып жүрдүң. А сен болсо тоонун башында дүрбү менен карап отурупсуң. Ушунуку зор болуптур. Баарын көрүн отуруптур. Муну эч ким билбейт. Эч ким көрбөйт. А бул баарын көрүп турат. Билип турат. Батмунктун катынын да көрүптүр. Туалетке баратканын көрүптүр. «Туалетке баратканда көрдүм» дейт. Эми күндө ошерди карап отурат. Дагы эле бузуп кетише элекпи? Экөө деле турушабы? «М», «Ж» болуп экөө турушабы? Эми экөөнү өлгөнүңчө карап отура бер. Эми экөөнү өлгөнүңчө дүрбү менен карап отура бер. А мен болсо «макул» деп отура бердим. Үч күн кайтарып жатты.

Эми угуп тургула, коолайга келип турганда ушуну айтып берейин, Кулжанбек кичине күтүп турсун... Кой союп бердим. Жеди. Арак куюп бердим. Ичти. Төшөк салып бердим. Уктады. Кетпейт. «Койго барам» десем, «мен да барам» дейт. Ээрчип алат. «Ууга барам» дейм. «Мен да барам» дейт. Ээрчип алат. Сууга барсам да ээрчип алат. Ошентип эки күн өттү.. Үчүнчү күнү «кайда барасыз?» дейт. «Сийем» дедим. Дагы ээрчип алды. Анан алай-дүлөй тушүп эле жатып калбадыбы, эсиңерде барбы? Бир заматта чагылган Кара-Кужурду уялап алды. Бала болуп, башыма жүн чыгып андай күн жааган эмес. Андай чагылган чартылдаган эмес. Ошондо мынабу деле баягы ордунан жылбаптыр. Дүрбүсү менен карап отура бериптир. Эми эле келишти. «Ж» менен «М»га киришти дейт. Кийин баары ушундан укпадыкпы.

Байтеректин боюна жети бозүй тигишиптир. Анан эле качып жөнөштү дейт. Чагылган Байтеректин боюндагы жети бозүйдүн үстүн уя кылып эле туруп алды. Кетпей койду дейт. Анан качып жөнөшүптүр. Жамгыр менен чагылгандан качкан бойдон кетишиптир. Чагылганды жылаңач колум тосуп, кой имерип мен жүрөм. Булардын баарын билбейм. Тиги мага айтпаптыр. Үч күн мени ээрчип жүрүп айтпаптыр. Мен кой имерип жүргөндө Батмунктар жөнөй беришкен экен. Шарт жөнөй беришкен экен. Мени кайтарган милиса жигит да жөнөй бериптир. Мурдунда жыты барбы, билиптир. Артыма карасам жок. Үйгө келсем жок. Кетип калыптыр. Аялым «кетип калды» дейт. «Артынан суу чачтыңбы?» «Жок». «Чач анда» дедим. «Бул эмне?» дейт. «Жаткан жеринде түшүп калыптыр» дейт. «Бул эмне, бизди үч күн кайтарып жатты?» дейт. Тапанчанын огу экен. «Ушундан сура» дедим. Эртеси аялым Кара-Кужурга барды. «Билдим» деп келди. Күлдүм. «Сени тигилерге кол салат» дешиптир. «Коркушуптур» дейт. Өлөсүң да. «Бизден азыр итим да коркпойт» деп этегими күүнүп кетип баратсам, «бизден паашалар коркот» дейт. Аялым ушинтип айтат. Дабаасы жок... А бул болсо баарыбызды дүрбү менен карап, чокунун башында отура бериптир. Ийне-жибибизден бери көрүп, билип отуруптур. Бүркүт ушинтет. Көз жетпеген бийиктен биздин былк эткенибизди көрүп, билип, карап отура берет. Көр казганыбыбызды да көрүп, билип, отурат...

«Макул» дедик. «Кана, койлоруң?» десек, «ана, койлорум» деди. Баягы койлорду көрсөттү. Биз көз тааныш болуп алганбыз. Көрүбүздү таштадык. Көрүбүз казылбай калды. «Сен карап отур» деп Бүркүткө тапшырып койдук. Койлорун чогултуп келип, төбөсү ачык коргонго камадык. Кулжаңбек карап турат.

Биз ар кимибиз койлордон тандап атабыз. Белги салабыз. Бирибиз куйругунан белги салабыз. Бирибиз өркөчүнөн салабыз. Бирибиз капталынан белги салабыз. Белги урабыз. Кулжанбек каттап атат. «Сен канча кой алдың?». «Сегиз». «Сенчи?». «Мен тогуз». «Мен жети»... Иши кылып, кырк бир кой бөлүп алдык. Анан бир ат десең аттай, төө десең төөдөй ургачы кара кой бар экен. Бирибиз бутунан, бирибиз кулагынан, бирибиз куйругунан кармап, мойнунан кучактап эле жатып калдык. «Мен алам» дейбиз. Баарыбыз хор менен айтабыз. Ал Шадыбайдын кою экен. Кара кой ортобузда чуркап турат. Бир Макишке барат. Бир мага келет. Бир Темирбекке чуркайт. «Мага бүт ак кой тийип калды. Ушуну мага берегөр садагаң болоюн» деп Макишим Кулжанбекке жалдырайт. «Мага берегөр» деп биз жалдырайбыз. Ошентип жүрүп Макиш да өлдү. Дагы биз көр казып көмдүк. Анан «эй, Темирбек! Сенин эки көзүң бүтүн турбайбы, айтса, эй, Макиш! Сенин эки көзүң бүтүн турбайбы, байкуш сокурду сыйлап коелучу, бер ага!» деп Кулжаңбек айтып калды. Анын айтканы бизге закон. Туруп калдык. «Рахмат, балакетиңди алайын, көзүмдү сыйладың» деп Темирбегим кара койду жетелеп баратат... «Эми эмне кылабыз» дейбиз. «Бөлөрүн бөлдүк» дейбиз. «Эми тезирээк бир жерге катып алгыла, эл билбесин, журт билбесин». Кулжанбек ушинтип калды. Анын айтканы бизге закон. Ит азабыбызды жеп жатып Жанчардын башындагы жаман тамга айдап киргиздик. Караңгы кирип кетти. Койсоң муну, терисин тескери сыйрый турганбыз мунун, бизди Жанчарга жөнөтүп коюп, үйүнө качып келет. Эшигин ичинен илип алып, эмне болорун тыңшап, күлүп отурайын дейт да. Азыр калп эле «кармап алып, эгер билинип калса, сабашпасын» дедим деп атпайбы.

Бизден бул коркпойт. Менин аялым экөө жөн эле бизге көзүбүзчө кошомат кылып атышат. Бизден погум да коркпойт, үкө. Үйүндө жатып алып да жөн отурбаптыр, бул арбак ургур. Муну бир күн арбак урат. Бир четин угуп, билип калышкан го. Буга кайнагабыз менен күйөө балабыз келишет. Осмон кайнагасы. Карагул күйөө баласы. «А жылкыларыңды эмне кылып атасың?» дешсе, «аларды да таратып атам» дептир. «Мага тай-кунан берсеңер болду» дептир. «Сарыкашка айгыр менен Кула бээге тийбегиле, калганын бөлүп алгыла» дептир. «Азыр Болотбек деген койчу Акташтын башынан айдап келем деп кетти» деп кошумчалап коюптур. Минтип кошумчалап койбосо, Кулжанбек болбой калбайбы. Экөө макул» дешиптир. Экөө тең биздин тукумдан. Сактай гөр бизди, өзүң бир ажайып тукум жаратып коюптурсуң! «Кененбай экөөбүз аталашпыз, мени бир кара мал сой деп кыйнап атат, эмне кылайын?» деп Осмон дагы ага масилет салып коет имиш. «Сой» дептир. Кулжанбектин айтаары ушул да. Анан байкуш Осмон улам осмоңдоп кирип келет имиш. «Жылкыларың келдиби?» деп бир келиптир. «Туугандарым качан соесуң, болбойсуңбу деп атышат» деп бир келиптир. «Келдиби жылкыларың? Мени соем деп атышат» деп бир келиптир... «Сен карап отур» деп Бүркүткө тапшырып коюп биз жүрөбүз. Мүрзөбүз казылбай калды. Чүңүр деген абышка бар болчу. Бизден кабар алганы келиптир. Келсе, мүрзөбүз казылбай турат. Бүтпөй калган суурдун ийнине окшоп, мүрзөбүз казылбай турат. Муну карап Кара тоонун чокусунда Бүркүт отурат. Биз келсек, байкуш абышка көргө кирип алыптыр. Казып атыптыр.

Карап турсак, бир ууч топурак бүлк-бүлк этет да, тышка сүрүлүп чыгып калат. Көр чычкан окшойт дедик. Чүңүр абышка экен. «Чүңүр абышка» деди. Бүркүттөн сурасак ушинтип айтты. Кетпептир. Карап отуруптур. Кара Тоого уя салат. Кара Тоодо жашайт. Аяшибизди жазында Кара Тоонун ичинде колтуктап, күүгүм аралаш колтуктап жүргөнүн, кээде баса калганын көрүп калабыз... Анан күүгүм кирди. Күүгүм киргенде эле чуу чыкты. Муну жердин алдында жүрүп угуп атабыз. Көр чычкандар кандай жакшы угушат десе, жердин алдынан үстүндөгүнүн баары угулат экен. «Бирөө өлдүбү, дагы?» деп коебуз. Чын экен. Кулжанбек өлгөн экен. Бизге бөтөн бирөөлөрдүн койлорун тандап туруп бөлүп берген экен... Ошентип Кененбайды түн ичинде койдук. Чырак менен койдук. Элден тил укканыбызды айт. Осмон менен Кененбайдын балдары мушташканын айт. Катыныбыздан тил укканыбызды айт. Балдарыбыздан тил укканыбызды айт... «Макул» дегенибиздин пайдасы ушул, үкө. Шайтанга гана «макул» дебейбиз. Бир жолу деп коюп оозубуз күйүп калган. «Макул» деп эле келатабыз. «Макул» десеңер эле жеңесиңер дептир. Качан жеңебиз, билбейбиз, үкө. Ким айтканын билебиз. «Макул» деп эле келатабыз. Көзуң көрүп, «макулдун» жүгү оор... Бизге сөз айтпаган киши жок. Итине да макулбуз. Питине да макулбуз. Бир гана Бүркүт бизге унчукпайт. Кара Тоодо бизди карап, билип көрүп отурат. Азыр да карап отурат. Көр казганыбызды карайт. Көмгөнүбүздү карайт...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз