Кыргыз эл жомогу: Ысык-Көл

  • 12.03.2021
  • 4036

Илгери, илгери мындан нечен жүз жыл мурда, ушул бууракандап толкундап турган Ысык-Көлдүн орду гүлдөгөн тегиз мейкиндик болуптур. Буралган калың чөптүү жайыттарда короо-короо койлор, үйүр-үйүр жылкылар жайылып, шаардан-шаарга тыным албай чубалжып кербендер каттап турчу экен.

Бул бай өлкө жана анын кыраакы ханы жөнүндөгү кабар узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таралат. Бирок хандын жүзүн көргөн эч ким болбоптур. Эмне үчүн кишиге көрүнбөйт деп, эл арасында өйдө-ылдый, ар кандай каңшаар, имиш-имиш сөз тарайт.

Хандын жүзүн көргөндөр анын чачын алууга барган чачтарачтар гана болушат, бирок алар хандын сарайында болушуп, хандын чачын алышкандан кийин эле, жер жуткансып ың-жыңсыз жок болуп турушат. Чачын алгандан кийин, аларды хандын буйругу боюнча өлтүрүп коюшат деген жаман кабар да болот. Акыры анын хандыгында жалгыз гана чачтарач калат. Ал атасы өлүп калгандан кийин, анын кесибин улантып калган жаш улан эле. Кичирээк боз төбөл үйүндө карыган энеси экөө туруучу.

– Эй, кемпир! – деди дүбүрттөтө катуу келген атчандардын ичинен бирөө өкүм сүйлөп. – Бол, балаңды тезирээк ойгот! Курал-шайманын алып, хандын сарайына келе койсун. Хан өзү буйрук кылды, кечикпесин!

Жаш чачтарач чабаганчылардын сөзүн угуп, төшөгүнөн ыргып турду.

– Жан дилим менен даярмын, таксырлар. Азыр артыңардан барамын. – Жаш жигит апасы менен коштошту да, атына минген бойдон чаңызгытып жүрүп кетти.

Байкуш кемпир көзүнөн жашы мөлтүлдөп, босогонун алдында көпкө чейин телмире карап кала берди. Жүрөгү кайгы черге толуп, уулун кайра көрөмүн го деген үмүт болгон жок. Бул арада кызматкерлер жаш чачтарачты хан жатчу бөлмөгө чейин узатып келишти да, жаңы буйрукту күтүп, өздөрү сыртта калышты, анткени ким босогону аттаса, өлүмгө башы байланмак, жарлык ошондой болчу.

Хан гүлдүү жибек төшөктүн үстүндө оонап жаткан экен. Жаш жигит аны көрөрү менен, чочуган бойдон кыйкырып жибере жаздады: «Кулактары эшектин кулагындай турбайбы!» Ушул себептүү элге көрүнбөй жүргөн турбайбы! Эми менин да башым алынат экен го» деген ой бир заматта кылт эте түштү.

Ошол учурда хандын коңур үнү угулуп калды.

– Кана, чачтарач, бери жакын кел, коркпо. Бактың бар экен, сен мага керексиң, аман каласың. Бирок эсиңде болсун, – хандын көздөрүнөн каардын учкундары чагылыша түшкөндөй болду. – Кокус бул жерде көргөндөрүң жөнүндө тигиндей-мындай деп оозуңдан бир ооз сөз чыкчу болсо, кыйноо тартып жатып өлөсүң, бүткүл калк да жабыр тартып, көрбөгөн көргүлүктү көрөт. Кана, менин буйругумду орундатамын деп ант кылгын да, ишиңе кириш.

Коркконунан калтырак баскан жаш жигит чөк түшүп олтура калып таазим кылды да:

– Жашырын сырды эч кимге айтпаймын! – деп ант берди. Анан өз милдетин аткарып, анысы үчүн хандан белек алып, сүйүнгөн жигит дал болгон немедей сарайдан чыкты.

Күн артынан күндөр өттү. Ал арада нечен ирет хан сарайында болуп, нечен ирет олжолуу кайтып, оокат-тиричилиги бир топ оңолду. Бирок баштагы шайыр жайдары жигит сумсайып суз, дайым кабагы бүркөө, киши менен да сүйлөшпөйт, өңүнөн да азып кетти.

Эмне кыларын билбей, энесинин эси эки болду. Нечен ирет жалынып-жалбарып, уулунун сырын тартууга аракет кылганы менен, эч жооп ала албады, колун шилтеп коюп гана басып кетет.

Күндөрдүн биринде хан сарайынан кайткан соң, жигит энесине кайрылды:

– Оо, айланайын, энекем! Мен мындан ары минтип азапка түшүп жүрө албайм. Кеңешиңди айт, – деди көзүнөн жаш салаалап. – Хан сарайынан көргөн шумдугум жаныма жай бербеди. Эми мындан ары чыдай албайм. Бук болуп өлө турган болдум. Бирок айтайын десем, кыйноо тартып өлөм, ал гана эмес, элим катуу жабыркаган турат, эмне кылам? Кеңешиңди айтып, жардам бер, апа!

Энеси көпкө ойлонду да, мындай деди:

– Сенин башыңа түшкөн кайгы менин башыма түшсө эмне. Сарайда көргөнүңдү адам баласынын кулагына угузбаска ант кылган экенсиң. Мындан ары да унчукпай жүрө берсең, саргайып соолуп бүтө тургансың. Уулум, ага мен да чыдай албайм. Башың али жаш, көрөр күнүң алдыда. Сен эми мындай кылгын, уулум. Кичинекей кезиңде атаң менен көп барчу төмөн жактагы ээн жерди билесиң го, ошо жерде бир эски таш кудук бар. Хан сарайынан көргөндөрүңдү ошол кудукка айтып, ичтеги бугуңду чыгар. Ошондо гана жаның жай алып, жеңилдей түшөсүң, уулум. Бол, тез жөнө!

Энесинин айтуусу боюнча бала алыс жолго чыгат. Күнү бою жүрүп олтуруп, күүгүм кире, күн бата баягы жерге келет. Кудуктун айланасы ээн, түнөргөн сүрдүү аскалардан башка эч нерсе көрүнбөйт.

Жадаганда жалбырактардын шуудураганы да, чымчыктардын сайраганы да, аккан булактын шылдыры да угулбайт. Жаратылыш ың-жыңсыз тынчтыкка бөлөнгөн. Жаш жигит эки жагын элеңдей карап, баягы кудукка келди да, эңкейген бойдон катуу-катуу кыйкырды.

– Оо, шумдук! Аллаяр таксыр ханыбыз эшек кулак неме экен. Уктуңбу, кудугум, менин айтканымды? Биздин ханыбыздын кулагы эшектин кулагындай экен.

Анын кубарган жүзүн нур чалып, жүгү жеңилдегенсип, күлүмсүрөй түштү.

Чачтарачтын айткандары жаңырыктап, кудуктун түпкүрүнө карай тереңдегенсиди. Баланын үнү басылар менен, кудуктун түбү кулдурттап, кайнап ташыгандай шуулдады. Күчөгөндөн күчөп, бир аздан соң кудуктан атырылып оргуштаган суу чыга баштады.

Коркуп кеткен бала качып жөнөдү, бирок селдей атырылган суу качкандын артынан калбай согончоктоп жайнап баратты. Акыры бала да бууракандаган суунун катуу шарына кабылып, күм-жам болду. Эгиндүү талаа, көгөргөн жайыт, толгон айыл менен шаарлар суу астында калды.

Суу канчалык ташкындаганын ким билсин, бирок эч ким, эч бир кыбыраган тирүү жан ал ташкындан аман калбаптыр дешет. Ошол суу каптап, көк ирим көл пайда болгон жер ушул Ысык-Көл экен.

P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз