Башкыр эл дастаны: Урал Баатыр

  • 16.03.2021
  • 3521

Илгери өткөн заманда, киши аягы баспаган, канаттуу учуп өтпөгөн, бир тарабын карасаң, талдырып көз жетпеген, жээгинен толкун кетпеген, чалкыган деңиз суу баскан, бир тарабын карасаң, чокусу көктү тиреген, азуусун айга бүлөгөн аркайган бийик тоо баскан жер болуптур. Ал жерди мекендеп Жанбирге менен Жанбийке деген абышка-кемпир жашаган экен. Алар үй салып, мал жыйбаптыр, жер айдап, эгин экпептир. Арстан кармап ат кылып, ителги багып куш кылып, деңизден барып балык жеп, тоого чыгып кийик жеп аңчылык менен жан багышыптыр.

Кийин-кийин булар эки уулдуу болушту. Улуусунун атын Шулган коюшту, кичүүсүнүн атын Урал коюшту. Бул эки бала кайгы-капасы жок эркин ойноп, ээн өсүштү. Оору-сыркоо дегенди билбей, өлүм-житим дегенди туйбай чоңоюшту. Бул жалганда кайсы бир жандыкка өлүм жетер болсо, ал да биздин колубуздан болот деп билишти.

Жанбирге менен Жанбийке эркек жырткыч кармап калса өздөрү башын гана жеп, калганын эки уулуна, ителгиси менен минген арстандарына берчү экен. Ургаачысын кармап калса жүрөгүн эле жешчү. Чөп жеген жаныбарга сүлүк коюп, аккан канын тосуп ичишчү. Бирок кичинекей балдарына баш менен жүрөк жегенди, кан ичкенди катуу тыйышчу.

Ошентип жылдан жыл өтүп, айдан ай өтүп, Шулган он экиге, Урал онго чыкты. Ошондо алар бири арстан минем деп, бири ийинге шумкар илем деп Жанбиргенин мазасын ала баштады. Атасы: «Айланайын балдарым, кагылайын балдарым! Азуу тишиң чыга элек, каруу күчүң толо элек. Айтканымды уккула, бергенимди жуткула. Арстан минип кийик кууп, ойночу күнүң келе элек. Өрдөккө шумкар агытып, жойлочу күнүң боло элек. Андан көрө жөнгүлө, айтканыма көнгүлө. Жырткычтын башын жебегин, чөйчөктө турган кара кан, андан ичем дебегин» деп тыйды.

Күндөрдүн бир күнүндө Жанбирге менен Жанбийке арстандарын минип, шумкарларын алып аң ууламакка чыгып кетишти. Үйдө Шулган менен Урал эле калды. Экөө ойноп отуруп бир маалда курсактары ачты. Ошондо Шулгандын эсине чөйчөктөгү кан келди.

- Күнү-түнү тындырбас аңчылык кумар болбосо, чөйчөктөгү кара кан купулга эгер толбосо, атам менен апакем, жай алып жыргап жатпастан, балдарын мыктап бакпастан, тоо аралап, суу кечип, аңчылыкта жүрмөкпү, чиедей болгон балдарын алачыкта ээн таштап, айланып бозуп кетмекпи. Андан көрө ушул кан, мындан бир аз ичели, бекерге өмүр өткөрбөй, бар кызыгын билели, - деди Шулган. Бирок иниси анын айтканына көнгөн жок.

- Алдыма келген арстаның, канчалык күлүк болсо да, энем айтса тийбеймин, бут артып ага минбеймин. Чөйчөктөгү кара кан, канчалык таттуу болсо да, атам айтса тийбеймин, кылт этип ууртап ичпеймин. Сырын билип болгуча, эрезеге толгуча, аңчылыкка аттанбайм, ителги алып мактанбайм. Өлүм сырын билгиче, кыдырып дүйнө көргүчө, бир жандыкка катылбайм, бир балыкка асылбайм, - деди Урал.

- Өлүмдү айтып не керек, өлтүрчү бизге жете элек. Ажалың бизди таппайт деп, бул мекенди миң жылдап, айланып буту баспайт деп, атам айткан эмеспи. Өлүм эгер бар болсо, аны жумшаар экөөбүз, каалаган жанды өлтүрүп, канын татаар экөөбүз, - деп Шулган инисинин айтканына көнгөн жок. Ошентип ал чөйчөктөгү кандан чоң ууртады. Бирок атасынан коркуп, инисинен ооз ачпаска убада алды.

Аңгыча болбой кийик менен илбээсин артынып Жанбийке менен Жанбирге келди. Алгач алар бапырап отуруп тамактанышты.

Андан соң Жанбирге чөйчөктөгү кандан ичмек болду. Бирок анын бөксөрүп калганын көрүп, эки уулунан такып сурады. Уралды канча урушуп, канча такыса да айткан жок. А Шулган болсо коркконунан күнөөсүн мойнуна алып жиберди. Атасы ачууланып талдан таяк кыйып алып урмак болду. Ошондо Урал чыдабай кетип атасынын колун ороло кучактады.

- Ай атаке, токточу, агама каарың төкпөчү. Колуңдагы таякка, көз салып көрчү, атаке. Кечээ ал дагы солкулдаган тал болчу, кулпуруп өсүп турганда, айланасы шаң болчу. Көкөлөй учкан куш келип, кубулжуп сайрап отурчу, бал жыйнаган аарылар, ширесин шимип чогултчу. Тамырдан алып азыгын, кубатын күндөн жыйначу, жалбырагын жайнатып, көлөкө кылып сыйлачу. Эми сиз аны кыйдыңыз, өлтүрүп күнүн тыйдыңыз, ура берип агамды, кайгынын баарын жыйдыңыз. Эстесеңиз атаке, өлүм келбейт дегенбиз, адашып калган бизден деп, табалбайт эми дегенсиз. Бирок минтип тал кыйып, аң уулап өмүр жан кыйып, өлүмдү кайра өзүбүз чакырып аткан жокпузбу, мен мындалап кыйкырып, азгырып аткан жокпузбу?

Жанбирге аны угуп Шулганды урганын токтотту.

Өлүмдөн качып кутулгандар

Уралдын сөзү Жанбиргени терең ойго салды. «Балким ажал чын эле жакындап келдиби? Бүгүн өз колум менен уулумду өлтүртөйүн дедиби?» деп санаага батты. Ушул кезден пайдаланып Урал атасына суроо узатты:

- Атаке, сен атып келген бул кийик, ажалдан өлгөн эмеспи. Сен кармап келген бул өрдөк, өлүмдү көргөн эмеспи. Андай болсо бир күнү, бизди да бирөө кубалап, баса калып будалап өлтүрүп кетет эмеспи?

Жанбирге бир саам ойлонуп туруп жооп кайтарды:

- Жок уулум, ажалы келген кийикти, жети жерге кирсе да, желпинип тоого учса да, торойтуп жыгып өлтүрөм. Кезеги келген өрдөктү, айланып жерди учса да, талпынып айга сызса да, куткарбай кармап өлтүрөм.  Бирок адам пенде уулуна, ажалың деген келе элек, биз жашынган өрөөндү өлүмдүн көзү көрө элек.

- Атаке, - деди Шулган кепке кошулуп. – А өлүм деген өзү кандай неме?

Жанбирге терең улутунуп алып узун-сабак кебин баштады.

- Эмесе балдар уккула, көөдөнгө бекем туткула. Оо илгери заманда, жердин үстү эл болгон, өзөн-өзөн суу бойлоп, айыл-айыл эл конгон. Адыр-адыр эл болгон, апай бет жайнап эл толгон. Мына ошондой заманда, аңдыганын койбогон, жан алса жанга тойбогон, ажал деген эр чыккан. Чынында, аны кулак угуп көз көрүп, адамзаты билбеди, канча айла кылса да, ажалга колу тийбеди. Балбан билек эр болсун, баатыр жүрөк шер болсун, өлүмү келди дегенде өзөрүп жерге жыгылчу, топого башы тыгылчу. Былк этип өйдө тура албай, чакырсаң үнүң уга албай, урсаң колду сезбеген, тепсең кайра теппеген макулукка айланчу. Бирок өлүмдү эч ким көрчү эмес, качан келип кетерин, бир да жан туюп сезчү эмес.

Күндөрдүн бир күнүндө, карарган айсыз түнүндө, жердин үстүн ызгытып, алдынан чыккан жандарды чапчып сууга ыргытып, деңизден чыкты бир шумдук. Нечендеген баатырлар алдынан чыгып тап берди, башын жара урам деп аска-зоодон таш терди. Бирок  желмогузуң турган жок, көңүлүн эрге бурган жок. Урсаң дагы сезбеген, башын кылыч кеспеген, анык балээ ал болду. Өлүм болсо сайрандап, калың элди майкандап, өлтүрүп жатты баарысын, жашын дагы карысын.

Бул апаатка чыдабай, түндүгүн түрбөй эл качты, сүйгөнүн таштап эр качты. Бешикте уулун ала албай, бештеги кызын таба албай, энеден өтүп атасы, атадан өтүп баласы, баладан өтүп апасы, жандалбастап бүт качты. Мына ошондо желмогуз, каарын чындап салды бейм, карартып туман учуруп, асманда күндү басты бейм. Чыдай албай каарына, тоолор кетти быркырап, суулар күйдү чыркырап, жер үстүн каптап сел болуп, кан дайра акты шыркырап.

Жанбийке энең экөөбүз, алышып жатып суу менен, боздогон ызы-чуу менен, ар нерсени ырымдап, качып жүрүп куюндап, араң мында жеткенбиз, өлүмдү алдап таптырбай, араңдан зорго жеңгенбиз.

Андан бери көп өттү, далай кыш, далай жаз өттү. Өлүм бизди таба элек, ажалдын отун жага элек. Бирок  ушуга чейин укканым, өлүмдү жеңген болбоду, адамзаада пендеси андай күчкө толбоду. Бир гана менин билгеним, желмогуздун жеринде, каар менен заардын элинде, өлбөстүн суусу бар дешет. Жеңем десең өлүмдү, ошол суудан ал дешет.

Жанбиргенин өлүм тууралуу кеби эки уулду тең ойго салды. Түн кирип, төртөө төрт бурчка тоголонуп жатканы менен, эч кимиси кирпик ирмеген жок.

Жыйналыш

Эртеси Жанбирге айланадагы жандуу-жансыздын баарын чогултуп өлүм тууралуу сурамай болду. «Балким ал бизди таап келип калса, бирөө-жарым көргөндүр» деп ойлоду.

Ошентип ал жан-жаныбардын баарын жыйналышка чакырды. Канаттуу дебей, куш дебей, жырткыч дебей, жоош дебей жандыктын баары чогулду. Бирок  түнү менен ойго батып чыккан Жанбирге өз оюн кандай айтаарын билбей, ой басып отуруп калды. Мына ушул тынчтыктан пайдаланып алдыга Урал чыкты.

- Өрдөк дебей куу дебей, жүргөн жери чуу дебей, баарың келип берипсиң, атама салам берипсиң. Андай болсо уккула, айтылган кепти унутпай, көкүрөккө туткула. Качантан бери жөн жүрбөй, жашоонун ыгын жөн билбей, алсызды алдууң кууратып, кырып эле келесиң. Жаратылыш мыйзамын, арты-артынан талкалап жыгып эле келесиң. Араңарда айыпсыз, зыяны жок эч кимге, жандуулар бар жазыксыз. Эч кимге тишин матырбайт, эч кимге барып асылбайт. Эч кимдин жемин талашпайт, эч кимди төмөн каратпайт.  Бирок  баягы эле алдуулар, ары басып жеп койот, бери басып жеп койот. Мына ушул теңсиздик! А көрөкчө келгиле, бирибизди бирибиз өлтүргөндү койолу, жөн эле чөпкө тойолу. Мөмө менен жемишти, бышканда камдап койолу. Ошондо өлүм алдастап, айласы кетип алсырайт, каруусу кетип калтырайт. Эч кимге зыян бере албайт, эч кимди жыгып жеңе албайт. Өлүмдөн каруу кеткен соң, чогулуп жеңип алалы, кайгыга башын салалы, - деди ал.

Кандын даамын эми эле таткан Шулган менен жырткыч жаныбарларга бул кеп жаккан жок. Бирок бирөө да жүйөөлүү кепке жооп таба албай тунжурап турду. Так ошол маалда далайды көргөн кексе карга чыкты каркылдап.

- Карк-карк! Адам адам деп койсо, ар нерсени үйрөтүп, акыл айтат экенсиң. Унчукпай койсо каргага чөп жедирет бекенсиң? Уядан учуп чыкканы, канча өмүр жашадым, канча этти ашадым. Бирок өлүмүңөн коркпоймун, ажалым келсе созбоймун. Карга болуп каркылдап, капталга канат чыкканы, өлүмдү жеңген эренди эзели көргөн эмесмин. Өлтүрүп жатса бирөөнү, болушуп көнгөн эмесмин. Андан көрө ушу сен, ойлонуп көрчү отуруп, алдагы башты калдайтпай, акылдуу кепке толтуруп. Алсызын алдуу жебесе, жандууга ажал келбесе, жердин бетин жайнаган жандык басып кетпейби. Жыбыратып көп тууган, жырык мурун койонуң, эртең эле тукумдап, жайнап чыга келбейби.  

Ошондуктан уккула, айтканым кабыл туткула. Өлүмдөн корккон өз жанын, ала качып кутулсун, кача албаган тутулсун. Бириң сууга чумкуп кач, бириң көккө учуп кач. Бириң токой аралап, күчкө салып сызып кач. Тукумум улайм деп жүрсөң, кечээриңе сай тапкын, жашынаарга жай тапкын.

Карганын кеби карышкыр, түлкү, чөө, арстан, жолборс дебей бардык жырткычка жакты. Кубанганынан кудуңдап, карсылдашып кабышып, өйдө-ылдый жарышып жыргап калышты.

Алсыз жаныбарлар болсо, акыл таап ынтымакташкандын ордуна, ар кимиси өз жанын куткарганча шашты. Өрдөк, каз, турна дегендер сууга жырткыч келбейт деп, азуулуу сууну кечпейт деп сууну карай качышты.

Эчки менен текелер, элик менен бугулар, койон менен аркарлар, марал, багыш, куландар төрт аягын тепкилеп, күлүктүгүн ойлоду. Бири токой аралап, бири тоону жакалап, бири качып бадалга, бири кетти талаага.

Чыйырчык менен таранчы, булбул, торгой, таркылдак, дагы ушундай чымчыктар, бири бутак чокулап, бири сайрап божурап, бири обонун мактанып, бири өзүнчө шаттанып, кепке көңүл бурган жок, ойлонуп акыл кылган жок. «Этибиз бар тырмактай, башыбыз бар бармактай, бизге эч ким кызыкпайт, этибиз канды кызытпайт» деп адатынча туш келди чурулдап-чуркурап алып тарап кетишти.

Ошентип жандуу-жансыз эч бир кепке келбей, ар кимиси өз тирилигин кылганы тарап-тарап жок болду. Ыйлагандын көзү жаман, сүйлөгөндүн оозу жаман демекчи, баарынын маселесин чечип берген карга гана жаман көрүндү болуп калды.

Жан болгон соң өлбөй коймокпу, «Баягыда сен болбосоң өлүмдү жеңмекпиз» деп жакынынан айрылган жырткычтар кууду. «Сен болбосоң алдуулар менен тең ата болмокпуз» деп алсыздар кууду. «Баарынын ынтымагын бузган ушул» деп адам уулу жекирди.

Жанбирге менен Жанбийке болсо ошондон тартып эки уулун жалгыз таштабай, кайда барса кошо ала жүрчү болду.

Өлбөстүн суусу тууралуу кабар

Арадан күндөр өттү, айлар өттү. Кыш жылымдап жаз болду, жай айланып күз болду. Кең мейкинди ээлеген төрт жан биринен-бири калышпай, биринен-бири талыкпай, тоого чыкса бир чыгып, тоонун аңын уулашты, ойго түшсө бир түшүп, ойдун аңын уулашты.

Бирок  күндөрдүн бир күнүндө, жайкалган жайдын түнүндө төрт аңчынын эч жолу болгон жок. Тоого чыгып куш салса, тоодон жолу болгон жок, ойго түшүп куш салса, ойдон жолу болгон жок. Акыры төртөө үмүтү үзүлүп үй-жайына кайтышты. Бая кетерде көл бойлоп тор жайып кетишти эле, ошого гана бир ак куу түшүп калыптыр. Шайлары ооп шалдырап, мууну бошоп алсырап турган немелер буга да шүгүр деп ак кууну союп жемей болду.

Ошондо бечара ак куу көзүнүн жашын он талаа кылып жалынып-жалбарып жиберди.

- Кагылайын адамзат, айланайын адамзат, жөнөкөй ак куу дебегин, жанымды сууруйм дебегин. Кадимки ак куу дебегин, канатым кайрып жебегин. Мен жан-жаныбар төрөсү, кең өрөөндүн эгеси, эр Самралдын кызымын. Атам жигит болгондо, каруу-күчкө толгондо, баш кошоорго жар издеп, өзүнө теңдүү жан издеп, бүт ааламды кыдырды, жердин бетин сыдырды. Акыры издегенин таба албай, шериксиз жалгыз кала албай, көктү карап отуруп, көзү Күнгө илинди, бул ааламда эң жаркын, Күн экени билинди. Арзыганын таба албай, асылкеч жарсыз кала албай, асманды карап отуруп, акылы Айга илинди, бул ааламда эң нурлуу Ай экени билинди. Ошондо арзуусун айтып Күндү алган, ашыга сүйүп Айды алган. Арадан өтүп тогуз жыл, тогуз апта толгондо, Эр Самралдай атадан, жаркыган Күндөй энеден мен төрөлгөн экемин. Жаш кезимде атакем, өлбөстүн суусун алдырган, тула боюм калтырбай, ошол сууга чайдырган. Атымды Кумай койдурган, карып менен мискинди жети жылы тойдурган. Ошондон бери кулпуруп, өлүмдүн даамын билбеймин, карылык кебин кийбемин. Эми мени өлтүрсөң, этим эттей аш болбойт, каным канга эш болбойт. А көрөкчө кетейин, атакем издеп калгандыр, санаага салбай жетейин, - дейт.

Муну уккан Уралдын ага боору ооруйт. Эч кимден сурабай туруп тордон бутун чыгарып учуруп жиберет. Араакта уулдарын карап отурган Жанбирге шуу үшкүрүп кейий сүйлөдү:

- Алда курган балдарым, пейили кенен жандарым. Ушул ак куу сыр айтты, жаап-жашырбай шыр айтты. Анын кебин уккан соң, ой-санаама шек кетти, жүрөктүн тынчын жеп кетти. Атакем Самрал илгери, өлбөстүн суусун алдырып, денемди жууган деп кетти. Мындан келди булардын, өрөөнү жанга мол тура, кылымдан кылым уланган, өлбөгөн жандар толтура. Аларга өлбөс күч берген, тирүүлүк суусу шол тура. Эми менин балдарым, каруу күчүң толгондур, аттанчу кезиң болгондур. Акыл-эсиң толгондур, ажыдаар аңдып чыкса да, айласын таап алдырбай, кутулчу кезиң болгондур. Арстандан тандап мингиле, алыска сапар жүргүлө. Азыкты жонго илгиле, ааламды кезип жүргүлө. Канаттуунун төрөсү, кең өлкөнүн эгеси, Самралдын жерин чалгыла, өлбөстүн суусун алгыла. Ак куу болуп жер чалган, Кумайдын жерин чалгыла, ажалдын даамын таттырбас, тирүүлүк суусун алгыла. Кокус жаңкы шум ажал, айланып жүрүп алдыңан, кезигип калса карпа-күрп, башын жулуп алгыла, жан баштыкка салгыла. Денесин бөлүп алгыла, бүтүн жерин калтырбай, бырчалап туурап салгыла.

Жанбиргенин айткан кебине эч кимиси каршы болгон жок. Ошону менен эки уул ары-бери шайланып, азыктарын камданып, арстан минип алкынтып, ителги алып талпынтып, жолго чыгып кетишти. Жанбирге менен Жанбийке, узата карап уулдарын, көзүнөн жашы кылгырып, күрсүнүп терең үшкүрүп, кайрылып качан келет деп, кандай күндү көрөт деп, санаага батып муңканып, узата карап калышты.

Эки айрылыш…

Айланып учуп көк бетин, үстүртөн карап жер бетин, адашып кетпей жолунан, жаңылып калбай огунан, миң жолу кайра туулуп, миң жолу батып буулуп, калкылдап учту Күн кургур. Жылдызга тийип кагышпай, тоолорго тийип жабышпай, жайкалып учуп көк менен, өзүнө таандык чек менен, жүз жолу балкып албырып, жүз жолу кайра жаңырып, кубулуп учту Ай кургур. Жолоочу болуп жол басып, этегин буурул чаң басып, балалык кетип бетинен, болпоң май кетип этинен, булчуңдары буралып, каруу-күчү чыңалып, билектер катып бек болуп, кабактар калың чеп болуп, ээктин алды карарып, муруттар чыгып буралып, Шулган менен Урал эр, сапарда жүрүп эр болду, сыноого бышып шер болду.

Далай-далай эл көрдү, миң түрлөнгөн жер көрдү. Жонунан кары кетпеген, айланып бүркүт өтпөгөн, калдайган ашуу бел басты, аркайган аска-зоо ашты. Тоодон түшүп куралган, аягы жок башы жок, алда кайда чубалган, алкынып агып бергенде, үйдөй ташты омкоргон, пилдей ташты томкоргон, жайыкка келсе мемиреп, күзгүдөй тунуп мелтиреп, созулуп агып бергенде, дүйнөнү тынчтык баскандай, бүткүл сырды боюна, жашырып жаап жаткандай дайраларды кечишти.

Күндөрдүн бир күнүндө эки жигит сакалы куудай агарган, көзү кумдай тунарган, ийрейип бели эңкейген, тиши жок ээги кемшейген, таяктай буту тартайган, таягы буттай каркайган абышкага жолукту.

Тарбия көргөн атадан, мээримин көргөн энеден, эки жигит турмакпы, же айкырып кылыч сунмакпы. Абышканы ата деп, берер бизге бата деп, ийилип салам беришти, ийменип кепке келишти. Жанаша басып жайланып, тасмалын жайып шайланып, абышканын алдына гүл азыгын жайнатты, жан казанын кайнатты.

Андан-мындан кеп сурап, өйдө-төмөн кеп курап, кобурашып турган соң, далай кепти курган соң, абышка жайды сурады, жигиттер кайда барат деп, сөз учугун чубады. Эки баатыр шашкан жок, жашырып кебин качкан жок, «Алты кылым өтсө да, ажалга бербес пендени, азага салбас жергени, өлүмгө бербес пендени, өкүнтпөс гүлгүн жергени, булагы бар дейт өлбөстүн. Ошону издеп барабыз, буюрса издеп табабыз. Кокус, жаза-тайып алдыдан, өлүм өзү бет келсе, өпкө-боорун үзөбүз, кан-жинин сууга сүзөбүз» дешти. 

Абышка аларды угуп болгон соң, күңгүрөнүп кеп айтты, жолдун жайын бек айтты.

- Алдыңарда эгиз жол, телегейи тегиз жол. Бир кыйла жүрүп айрылат, эки жакка кайрылат. Оңго кеткен кор болбойт, эгерим жаны кордолбойт. Кабагын ачып кубанат, күлкүсү күнгө узарат. Карышкыр менен койлору, жайытта бирге жайылат, түлкүсү менен кыргоолу, булакка бирге чайынат. Тиштүүсү тишин кайрабайт, алсызды алдуу жайлабайт. Кан агылып, эт желбейт, өлүмгө эч ким жол бербейт. Канаттуунун төрөсү, ал өлкөнүн эгеси, Самрай деген падыша, келген жанды кет дебейт, кеткен жанды жектебейт.

Эгерим солго кеткениң, жыргаган күндү көрбөйсүң, жадырап жайнап өнбөйсүң. Көзүнөн жашы куюлуп ыйлаганы мындан көп, алсызды көрсө айкыртып, кыйнаганы андан көп. Кабыргасы саналып, ачыкканы андан көп, көзү-башы көгөрүп, басынганы мындан көп. Каарынын чеги жок, ачууланган эби жок, канкорлордун канкору Катил деген ханы бар, барса келбес жайы бар.

Абышканын бул кебин угуп, эки бир тууган ойлонуп калды. Акыры экөө чыбык кармап, ким кайда барарын аныктамай болушту. Натыйжада Катилдин өлкөсүнө барчу жол Шулганга тийди. Буга жаны ачый түшкөн Шулган опурулуп бир тийип, аңтарып көзү тирмийип, адыраңдап бир тийип, айланып көзү тирмийип: «Экөөбүздөн бирөөбүз улуу болуп турган соң, тагдыр деп таяк карманбай, табышмакка байланбай, улууга жолду берели, кимиси кайда барарын, улуубуз эле чечели. Кичүү болсом өзүңдөн, жазганат элем сөзүңдөн, өзүң танда агам деп, айланат элем көзүңдөн. Ошондуктан кебим ук, агаңдан жолду талашпай, оңго кетчү жолдон чык!» дейт. Агасы минтип турган соң, улуулугун көргөзүп, опурулуп калган соң, оң жолду берип Шулганга, Урал баатыр жым болду, тилин тартып тим болду. Өзү түштү солуна, абышка айткан Катилдин, азабы бүтпөс жолуна…

Канкор Катилдин жеринде

Арадан өтүп нечен күн, кубалашты нечен түн. Ашуу-ашуу аска зоо, ашып өттү эр Урал, шаркырап аккан нечен суу, кечип өттү эр Урал. Алдынан чыккан коркунуч, коркутпады эренди, жолдон чыккан ашуу-бел чочутпады беренди. Тажабай эчен жол басты, талыкпай эчен бел ашты.

Күндөрдүн бир күнүндө, каржайган терек түбүндө, бир сулуу кыз, бир кемпир, капилеттен Уралдын, алдынан чыгып жолукту, алардан укту эр Урал, адам билбес жорукту. 

Бечара кемпир алы жок, самтыраган көйнөктүн үстүн жабаар шайы жок. Ылдый тартса өйдөсү, ачылып калат сүрүлүп, өйдө тартса этеги, көрүнүп калат түрүлүп. Ачыла калган этинен, олбуй-солбуй согулган камчынын изи көрүнөт. Өйдө болсо бетинен, кырк карышкыр тыткандай, караан калган канкорлор, бетин тордоп сызгандай, какшатып кайран кемпирди, тикенектүү сай менен, өйдө-төмөн сүйрөтүп, айдай жүзүн жырткандай. Карап туруп манжасын, жер тытып жүргөн тоок дейсиң, пендеде мындай жок дейсиң. Кабырга сөөгү каркайып терисин тешип чыкчудай, тыртайган ичке буттары ийрейип барып сынчудай. Жанындагы сулуу кыз, сулуулугу болбосо, кемпирден өтүп азгандай, жаш туруп кайран жанына, жашоонун тагы баткандай. Көрүнгөндөн чочулап, коркок болгон өңдөнөт, турпатынан уялып, жалтак болгон өңдөнөт. Сактап калчу берендей, энесине жабышат, дир-дир этип бечара, жерди тиктеп майышат.

Түрүн көрүп булардын, Урал баатыр кеп салды, өлүмдү издеп келатам, тийбеймин жанга деп калды. Чочубагын эне деп, укпайсың менден жеме деп, андан көрө жериңдин, жайын айтып бер деди. Жашырбай сүйлөп баарысын, дайын айтып бер деди.

Уралдын көрүп пейилин, кайран кемпир жибиди, коркунуч кетип өзүнөн, кепке келип ийиди.

- Арстан минип алкынган, азамат жигит экенсиң, эч жериңде кынтык жок, дамамат жигит экенсиң. Анткени менен бул жердин дайынын билбей аттанган, чалараак жигит экенсиң. Анда эмесе угуп тур, кемпир дебей, кыз дебей, айткан кепке кулакты, алаксыбай түрүп тур. Бул жер келсе кетпес жер, кадырман сендей жигиттин, баркына такыр жетпес жер. Катил канкор падыша, жалгыз кызы ханыша, экөө билип эл сурайт, каршы чыккан эр сулайт. Булардын адаты бар башкача, адат болбой курусун, болбойт го сага айтпаса. Жылыга элди чогултуп, жигит тандайт хан кызы. Жактырганын алдырат, сарайында калтырат, калгандарын бүт бойдон кудукка шыкап салдырат, карга-кузгун тойсун деп, өлүгүн сайда калтырат. Каршы чыккан жан болсо, эч айоосуз өлтүрөт, каздырып көрүн өзүнө, тирүүлөй жерге көмдүрөт. Кыздарды жыят чогултуп, көздөн жашты төгүлтүп, сулууларын тандатып, сарайына калтырат, калганын ылгап сен дебей, ким элең каражан дебей, сууга салып өлтүрөт, баарын тегиз чөктүрөт. Мына ушундай адаты, курман чалып элинен, айкелине сыйынмай, хан Катилдин санаты.

Буга чейин мен дагы, ондой уулду төрөдүм, алдей айтып бөпөлөп, ак бешикке бөлөдүм. Эр жеткенде тогузун, Катил алып жок кылды, согуп турган жүрөктү, түтөгөн жалын чок кылды. Күйүтүнөн балдардын, күйөөм чыдап тура албай, каршы чыгып Катилге, кабылды канкор залимге. Баласы өлгөн экен деп, аямак беле канкоруң, жалгыз калды кызы деп, карамак беле канкоруң. Каратып туруп шордууну, тирүүлөй жерге көмдүрдү, калың журтту ошентип, сесин алып көндүрдү.

Ошентип жалгыз кызымды, караан тутуп, эш тутуп, жашап жүргөн чагымда, канкор Катил көз артты, кызыңды мага бересиң, алып кетем деп айтты. Ошондон качып күнү-түн, тоо-ташты кезип келебиз, түнкүсүн гана жол жүрүп, күндүзү жата беребиз. Анткен менен чөйрөдө, бизге окшогон качкындар, азгандар менен тозгондор, бактысынан айрылып, күйүттүн күүсүн созгондор, жайылып токой кезгендер, түңүлүп жандан безгендер, ач арбак болуп талаада, темселеп тентип кеткендер, толуп жүрөт байкасаң, жан адамга көрүнбөй жашынып жатат ар качан.  

Эми карап турсам өзүңдү, чолпондой жанган көзүңдү, карып-мискин дебеген, алсыздын акын жебеген, кең пейил жигит экенсиң. Ата-энең бар, элиң бар, ардактап күткөн теңиң бар. Аман-сооңдо кайтып кет, эл-журтуңа эптеп жет. Мекенинде Катилдин, сен алгыдай алтын жок, сен тапкыдай бакыт жок. Шордуулардын өлкөсү, шор агат суусу көлмөсү, шоркелдей бизге окшобой, кетип кал, чоочун пендеси.

Анткени менен кемпирдин, айтканы таасир эткен жок, кайран Урал кайрылып, артына карап кеткен жок.

- Ата-энемден бөлүнүп, жолго чыккан кезимде, балтыр этим толо элек, боконо сөөгүм ката элек, боз баш бала болчумун. Андан бери ай өттү, арадан нечен жыл өттү, ашуу-ашуу бел аштым, нечен-нечен жол бастым. Ажалдын даана так өзүн, кармап келем деп чыккам, кара башын какшатып, жалмап келем деп чыккам. Же болбосо өлбөстүн, суусун табам деп чыккам, өлбөс кылып пендени тегиз чачам деп чыккам. Эми куру кайталбайм, өлүм мени жеңди деп, эч бир жанга айта албайм.

Ушунтип айтып эр Урал, тайманбаган шер Урал, кемпир-кыз менен коштошуп, ак тилек айтып достошуп, алдыга карай кетти ошол, айтылуу канкор Катилдин, мекенине жетти ошол…

Катилдин кызы менен жолугуу

Апта өтпөдү арадан, жол баспады кыйраган. Жанбиргенин Уралы, тартканы азап бу дагы, саргарган сары чөл менен, чаң баскан топо дөң менен, бир канча күн басканда, бир белести ашканда алдынан чыкты бир талаа, алыстан күңүрт көрүнгөн, талаада турат шум калаа. Калаа сырты калаба, кай тарабың караба, бут койорго орун жок, котолойт киши карала.

Жакын келип таң болду, көргөнү шумдук шаң болду. Жалаң жигит бир жакта, додолонуп үйүлүп, бирине-бири үйрүлүп, кактаган күндөн жашынып, капталын тырмап кашынып, телмирген күндөн жашынып, денесин тытып кашынып, мүңкүрөп башы салбырайт, кайгылуу тиктеп жалдырайт. Бир жагында жалаң кыз, тиктеген жанда кабак суз. Солкулдап ыйлап тура албай, соолуган жанды кыя албай. Буркурап ыйлап тура албай, буулуккан жанды тыя албай, жасоолду көрсө чур этет, албырган жүздөн нур кетет, желдетти көрсө дуу этет, жүрөктөн сары суу кетет.

Бери жакта желдеттер, күрсүйгөн катаал келбеттер, кайыш менен кара зым, аралаш өргөн куу камчы, жүргөн жери чуу камчы. Четтей берген кишини төбөдөн нары шып тартып, какшатып жанын кыйнатып. Кыз-эркегин карабайт, өлөбү деп санабайт. Каяша айткан жан болсо, чекеге сүйрөп чыгышып, чаначка башын тыгышып, тикенге бөлөп тепкилейт, тирүүлөй ийлеп эзгилейт. Анан казып кең ороо, ал ороонун кеңдиги, кой батчудай бир короо. Ошого сүйрөп ыргытат, топого башын мылгытат.

 Карап туруп болгонду, Уралдын боору толгонду, түшүнө албай биле албай, он санаа ойду ойлонду. Бери басып жакындап, арстанын чаап такымдап, жыла басып жакындап, жырткычын демеп такымдап. Жыйылган жаңкы шордуулар, ал шордуудан бериреек, дагы бир топ шордуу бар. Айрымасы тигинден, мында жалаң кемпир-чал, майып-сокур, оорукчал, ыңаалаган жаш бала, жетим-жесир, таз, жара. Ошону беттей бастырып, аралай көздү чаптырып, сүйлөшөөргө жан издеп, билгенин айтып берсин деп, эл ичине келди ошол, жаркылдап салам берди ошол.

Ансыз да араң турган эл, муңканып шорго тунган эл, баатырды көрүп чочулап, алактап көзүн корчулап, жыйрыла басып качышып, жарылып жолун ачышып, саламын айтса ала албай, сураса жообун таба албай, алдастап туруп бергени, көп туруп аздан чочуркап, жалтана тиктеп көргөнү.

Түрүн көрүп түтө албай, таң калып элге бүтө албай, жайдары жылып алдыга, шаңкылдай сүйлөп жалпыга, алыстан келип турганын, топ жыйын ниетин бурганын, эч кимге кеги жоктугун, көңүлү бүгүн токтугун, чымынга зыян бербесин, жамандык элге келбесин, дайындай сүйлөп билдирди, коркунуч шегин житирди.

Чоочундун көрүп кабагын, кебинен алып сабагын, кайраттанып бир кары, суурулуп чыгып кеп салды, кетип кал жигит деп калды.

– Оо жигит, сенин кабагыңдан сүрүңдөн, арстан минген түрүңдөн, бул жерге келбей кетип кал, бизде жашоо бүлүнгөн. Канкор Катил падыша, жалгыз кызы каныша, кай бир кезде ушунтип, кыргын салат жарыша. Бул жерде жигит оңолбойт, уул-кызың өсүп торолбойт, тыңыраагын өлтүрөт, жер каратып өстүрөт. Мына бүгүн булардын курмандык чалар күнү ушул, калың элди какшатып, сыздатып салар түрү ушул. Мобул турган жигиттер, өлбөй турган тириктер, падышанын кызына, тартуу болуп баратат, чекесинен тандалып, малча аркан байланып, жактырганын кул кылат, кызматын кыйын кылдырат. Жакпай калган шордуулар, тагдыры туташ тордуулар, падышанын алдына чогуусу менен барышат, ал жерде кыраан желдеттер, кызыл ала кан кылып, буларды курман чалышат.

А тетиги желекте, карганын түрүн көрдүңбү, көктө айланган каргалар, аларга көңүл бөлдүңбү?

Чын эле Урал караса, көк бетин бербей топ карга, бул ааламда жок карга, карк-карк этип каркылдап, канаттары салпылдап, үйүлүп учуп жүрүшөт, алда неме болчудай, тарабай-этпей күтүшөт. Ал аңгыча сөз кылып, кары кебин улады, төбө чачты тургузган, укмуштуу кепти чубады.

– Мына ошол желекте, карганын түрү тартылган, падышабыз ишенип, карганы сыйлайт башынан. Тигинде турган кыздардан, бүгүн азын тандатат, жакшыраагын болжолдоп, кызматына карматат. Калгандарын тирүүлөй, ороого таштап өлтүрөт, каргаларга сый кылып, көргөндүн көөнүн бөлдүрөт.

Ал аңгыча чуу чыкты, жер дүңгүрөп дуу чыкты. Керней-сурнай тартылып, дүңкүлдөп доолбас кагылып, чогулуп турган кайран эл, кара башын өлүмгө, мына бүгүн сайган эл, сурнайга кошуп дуулдап, кернейге кошуп шуулдап тосуп алды кан кызын. Ошончо ызы-чуу менен, кошолонгон дуу менен, калың элди как жарып, топтошкон топту так жарып, Катилдин кызын кастарлап, көтөрүп чыкты төрт балбан. Таманын коюп жер баспай, кабагын жайып көз ачпай, Катилдин кызы келберсип, көктөн түшүп келгенсип, төрт балбандын үстүндө, кең жабуунун астында, көлөкөлөп отуруп, топтошуп турган жигиттен, тандап жүрдү бийиктен.

Бирин карап жактырбай, бирине көзүн чаптырбай, бирөөнүн көрүп булчуңун, бирөөнүн көрүп тумшугун. Бирин карап жийиркенип, мурдун чүйрүп чүмкөнүп, бирин түртүп жолотпой, киши экен деп тоготпой, акырын жылып кыдырып, топ жигитти сыдырып, тандап-тактап келатып, капилеттен Уралга, көзү илинди кызыгып.

Арстан минген эр жигит, буга чейин көрбөгөн, арстан сындуу шер жигит купулуна толду ошол, жактырганы болду ошол.

Төрт балбанын теминип, сөз сүйлөбөй эригип, кабак-кашын кагынып, жибектен көйнөк жамынып, жакындап келип Уралга, алтындан алма сунганы, келбетине жигиттин, суктанып сулуу турганы.

Сулуунун көөнүн кыя албай, алайган көзүн бура албай, сунганын алып кош колдоп, алкышын айтып бек жолдоп, өз жайын дурус айта албай, кыз жайы калып такталбай. Алмасын кармап колуна, мылжыйып оңу-солуна, аңкайып туруп берди ошол, даңкайып күлүп келди ошол.

Бергенин жигит алган соң, өз билгенин кылган соң, балбандарын камчылап, шашкан иши барчылап, сарайды көздөй бурулуп, кетип калды кайран кыз, жашоосу бүтүн сайран кыз.

Кыз кеткен соң дуулдап, жарчылар чыгып чуулдап, «Каныша күйөө тапты» деп, «Эр жигит ага жакты» деп, жар чакырып кыйкырып, көңүлүн элдин жыйдырып, Уралга келип баскын деп, канышага шашкын деп, демитип келип калышты, шумдуктуу ойду салышты.

Ошондо болуп иш дайын, түшүнүп жаңкы кыз жайын, жүзүнөн чыгып каары, көзүнөн чыгып заары, «Тандаса эле кызыңар, бара берет бекемин? Жүр деген жакка делпилдеп, баса берет бекемин? Ал тандаса тандасын, мен тандаган жокмун» деп. «Соңуна чыгып билмейин, сарайыңа кирбейм» деп, «Кааласам кокус ал кызды, өзүм барып издейм» деп, келжейип туруп алды ошол, чоң чатакты салды ошол.

Мурда кийин мындайды, укпагандар таң болду, эрдигин байкап баатырдын, эл ичи дуулдап шаң болду. Же муну кыйнап ура албай, же тигиниси тил албай, желдеттер турат аңкайып, эр Урал турат даңкайып.

Акыры кызга жетмекке, кабарын айтып бермекке, бир желдет кетти сарайга, калганы турду далайга.

Канкор Катил

Арадан анча өткөн жок, калың журт көпкө күткөн жок. Керней-сурнай бапылдап, добулбас уруп дакылдап, кызынан өткөн дуу менен, коштогон калың чуу менен, калың элдин алдына, чыкты канкор падыша.

Опол тоодой немени, он алты балбан көтөрүп, көтөргөнү курусун, онтолоп улам жөтөлүп, чыдабай кулап кетерде, топого башы жетерде, айланып жүргөн балбандар, шып этип илип алышат, дембе-дем минтип алмашып, эс алдырып турушат. Тактыдагы Катилдин, булар менен иши жок, кыйналат дебейт көңүл ток. Чиренип элди карабайт, эл экен деп санабайт. Асмандан келип түшкөндөй, калдайып турган калың эл, мунун ырысына бүткөндөй. Каалаганым деймин дейт, каалап калсам кокустан, көзүңдү чукуп жеймин дейт.

Катилдин коркуп түрүнөн, ыргыштаган сүрүнөн, кайран эл турду мөгдүрөп, көтөрбөй башын шөмтүрөп. Жанына келип калганда, карандай жандан түңүлүп, дем чыгарбай бүгүлүп, сабылып жерге ийилет, түйүнчөктөй түйүлөт.

Бир гана Урал таң болду, түшүнбөй башы маң болду. «Бул камандан мынчалык, эли эмне коркот» дейт. «Карап турсаң Катилди, балжайган сары торпок» дейт. «Болсо бою болгондур, карыны бокко толгондур. Дардыйган кара курсагын, сабадай кылып чойгондур. Күржүйгөн менен келбети, булчуңу бардыр бир эли, казысы бардыр беш эли. Кокус барып бир койсоң, кумгандай карды жарылар, ичи толгон арам-зил, туш тарапка чачылар. А тетиги буржуйган, бут эмей чирик устунбу, чатырап турган кара сан, тойгузар толгон кузгунду. Богогун көрсөң салаңдайт, катмар-катмар майынан, кайрылып башын буралбайт» деп жактырбай Катилди, тайманбай карап жекирди.

Анткени менен падыша, абайлап муну көргөн жок, калың элдин ичинен, Уралга көңүл бөлгөн жок. Балбандарын башкарып, былкылдап өзү жайкалып, элди аралап бастырат, желдеттерин шаштырат. Сынай карап сыдырат, эл ичинен аралап, улам бирин жактырат. Артында жүргөн жигиттер, шыйпаңдаган шум иттер, көргөзгөнүн желкелеп, сүйрөп алып чыгышат, көгөнгө башын тыгышат. Калганын түртүп жектешет, «Каргабыз сени жейт» дешет.

Ал аңгыча болбоду, калың эл дагы толгонду, дагы эмнеси чыкты деп, калайык таппайт болжолду. Заңкайып турган чоң рабат, заңгырап барып ачылат, андан чыккан бир атчан, аралап элди качырат. Алдынан чыккан кишини, өлөт го деп ойлобойт, ат туягы көз жашын төгөт го деп болжобойт. Көрсө курган ханыша, чыдабай куру намыска, тулпарын минип туралбай, келиптир өзү уялбай.

«Алмамды берсем алгансың, жүрөккө дүмөк салгансың. Анан эми топ кулга, уят кылып өзүмдү, жер каратып көзүмдү, күйөө болбойм дептирсиң. Тааныбайм хандын кызын деп, кааласам барам өзүм деп, келжиреп бокту жептирсиң. Деги мени тааныбас, кайдан чыккан кыргыйсың, кай жерде өскөн шыргыйсың?» деп Уралга жеткени, жеткен жерде баатырга, тилин кайрап өткөнү.

Ушул кезде буларды, Катил байкап кубарды. «Кызым мынча буулугуп, калың элди чуу кылып, келгени кандай болду?» деп, «Дагы кимдин көк шиши, бүгүн мынча толду» деп, желдеттерин шаштырып, балбандарын бастырып, жакын келди буларга, иш тапты кызык кыларга.

Анан болду иш дайын, байкады чырдын тек жайын, жалаңдаган жагымпоз, айланып жүргөн баканооз, кулагына жеткени, бирге бешти коштотуп, ашкере айтып өткөнү. Эзели мындай укпаган, каяша айтып алдынан, бирөө жарым чыкпаган, канкор Катил падыша, ачуусун басып тура албай, көңүлүн элге бура албай, секирип түшүп тактынан, тосо чыгып Уралдын, теке маңдай астынан, күркүрөп сүйлөп берди ошол, чыдабай тепти жерди ошол.

– Кызымдын кебин укпаган, маанайын бузуп кыстаган, кайдан чыккан жетимсиң, кайсыл кызыл четинсиң?! – деп ошондо падыша, жалгыз кызы ханыша, ачууланып бакырды, кайратын бүтүн чакырды.

Мунун айкырганы ушунча, жер силкинип, таш кулап, дайра толкуп, жээк урап, каптап тургаң калың эл, чыдабай ыйлап чуркурап, башын катып буркурап, жансоога айтып ийди дейт, төбөсү жерге тийди дейт.  

Анткени менен болгон жок, Урал баатыр жалтанып, көзүн ирмеп койгон жок. Теше тиктеп көзүнө, айбат кылып өзүнө, элдей болуп ийилбей, тизелей калып жүгүнбөй, зыңгырап туруп берди ошол, тигилип жакын келди ошол.

Түрүн байкап баатырдын, жалтанбаган каапырдын, падыша кебин улады, өтмүшүн бери чубады:

– Тентип жүрүп эч кимге, тийбей келген окшойсуң, эл билген менин даңкымды, билбей келген окшойсуң. Билбесең чычым, билип ал, бир жериңе чийип ал. Менин даңкым тууралуу, калың элге кеп кеткен, жамы журтка сөз жеткен. Катаалдыгым ушунча, адам эмес айбандар, көккө канат жайгандар, сууда сүзгөн балыктар, көрдө жаткан өлүктөр, жапырып кулак түрүшөт, Катил десең жер бети, титиреп жерге бүрүшөт. Ал эми бул кыз ханыша, болочокто ордумду, баса турган падыша. Укпагандай сен аны, көктөн түшкөн күнсүңбү, эч кимди укпас түнсүңбү? Менин сөзүм бир болот, айтканымды укпаган, тескери жолго ыктаган, кулагы кесик кул болот, тирүүлөй күйүп күл болот.

Деп ушунтип падыша, жанында кызы ханыша, көп сөз айтып коркутту, көбүртүп элди толкутту. Бирок Урал кебелбейт, керсеңдеген неменин бир сөзүнө теңелбейт. Заар чачкан көзүнө, заарканткан сөзүнө, жалтанбай карап тигилет, жалтаңдабас мүнөзү, турпатынан билинет.

– Аралап жерди көп жүрдүм, жигиттик доорун көп сүрдүм, анткени менен сендейди, бир көрүп көңүл чөктүрдүм. Адамды малча сабаган, өз элин итче талаган, адатыңан түңүлдүм, кыз-жигитти боздоткон, кейитип элди козготкон, санатыңан түңүлдүм. Өзүмдүн жайым сурасаң, аттанганы үйүмөн, өлүмдү табам деп чыккам, жандууга жетер түбөлүк, өмүрдү табам деп чыккам. Ошондуктан сен мага, өлүмдү айтып коркутпа, шерик болуп ажалга, бет алдыман жолукпа. Көзүм тирүү турганда, бир да жанды ажалга, бет алдыман жедирбейм, Урал баатыр өлүмдөн, коркуп калды дедирбейм. Ал эми кызың тууралуу, азырынча кебим жок, жүр десе баса бергидей, жүрөнөк болчу эбим жок.

Кебин угуп баатырдын, Катилдин ою бөлүндү, баш ийбес жигит экени, турпатынан көрүндү. Алда кандай болот деп, мурда-кийин көрбөгөн, бул жигит кандай конок деп, чочулап артка бурулду, укпамыш болуп кубулду. Кыйылып жетип кызына, башка жигит тап деди, башкага сөзүң айт деди. Бул кепти угуп тургандар, бийликти самап куугандар, хан кызы мени көрсө деп, баарына көзүн жумгандар, дуу-дуу этип дуулдап, үмүтү кайнап шуулдап, тегеректей калышты, ханышага жагынып, этегине жабышты.

Аларды көрүп Катилдин ачуусу келип айкырды, калайыкты кууруп, желдеттерин чакырды.

– Топтошуп турган арамдар, пайдасы жок жамандар, чурулдатпай кыздарды, сулууларын тандап кал, калганын барып кудукка, курман чалып жайлап сал. Жигиттерден тандап кал, жакпаганын кубалап, сууга алпарып жайлап сал.

Мындайды угуп көрбөгөн, эзели көңүл бөлбөгөн, Уралдын келип каары, чачырап көздөн заары, «Катил эмес ажалдын накта өзү болсоң да, өлүмдүн өзүн алдыма, айдап келип койсоң да. Бир да жанга тийгизбейм, жер жайнаган макулук, бирөөсүн да жегизбейм. Жан чыккыча кармашам, көз чыккыча арбашам. Ансыз да ошол өлүмдү, жер кезип издеп келемин, кана алдыман чыгарчы, буйдалбай өзүн жеңемин. А болбосо өлтүрбөс, мүрөктүн суусун табайын, эч бир жандык өлбөсүн, жалпыга тегиз чачайын» деп күүлөнүп кобурап, максатын айтып жобурап, арстанын минип теминип, ачуусуна демигип, алдыны карай бастырды, хандын өзүн шаштырып, жигиттерин качырды.

Катил да карап турабы, бийлигине киришкен, жигитке айоо кылабы, оңду-солду бир карап, тактысына чыкты ошол, уй жүнүндөй түк баскан, билегин калың түрдү ошол, тактысынын капталда, илинип турган добулбас, тарс эткизе муштумдап, каңгырата урду ошол.

Андай-мындай болгончо, ачып көздү жумганча, кең дарбаза ачылды, дарбаза ачкан желдеттер, туш тарапка чачылды. Киши десең киши эмес, пери десең пери эмес, кулаган тоодой даңкайган, көгүлтүр көлдөй чалкайган, мурундары чаначтай, көздөрү ордо табактай. Таштай каткан булчуңдар, өркөчүндөй төөнүн, баскан турган келбети, дал өзүндөй дөөнүн. Биринен бири кем эмес, анча мынча кишини, киши экен деп теңебес, эңгезердей төрт баатыр, чыгып келди турду ошол, буйрук күтүп Катилден, көңүлүн бекем бурду ошол.

– Кебелбей койсом өзүнө, теңелбей койсом сөзүнө, кутурган экен арам кул, алын билбес жаман кул! Кармап келип чойгула, терисин тетир сойгула, өлүмдү издеп жүрөм дейт, издегени чын болсо, кезиктирип койгула! – деп кыйкырып падыша, муштумун түйүп карыша, буйрукту бекем берди дейт, ачуусу чындап келди дейт.

Катилди угуп төрт баатыр, төгөрөгү төп баатыр, Уралды карай тап койду, топтошуп турган калың эл, үрөйү учуп чочулап, качууну көздөп баш койду.

Төрт баатырдын сүрүнөн, желмогуздай түрүнөн, Урал баатыр шашкан жок, айлантып сөзүн качкан жок.

– Токтогула жигиттер, опол тоодой тириктер. Өлтүргүм жок силерди, өлүмдү эңсеп ханыңар, силерди мага жиберди. Андан көрө алымды, ченеп бычып көргүлө, көңүлдү күчкө бөлгүлө. Өз алыңар жетпеген, силерди бурчка кептеген, кандайдыр бир макулук, адамдын андан заты улук, болсо алып чыккыла, айтылган кепти уккула.

Аны угуп баатырлар, опол тоодой каапырлар, карс карс этип каткырып, жашын сүртүп шыпырып, курган кокуй коркту деп, өчүрдүк жанган чокту деп, жыргап күлүп турушту, ханына көңүл бурушту. Жага бербей бул жорук, Катилди да шат кылды, канетсе да ал канкор, Уралдын кебин жактырды. «Өзү келип катылып, ажалын турса чакырып, муну аяп нетейин, караламан калк көрсүн, караң калган букама, кармаштыра кетейин» деп ошентип ой кылып, кытылдап көөнүн шай кылып, добулбасын койгулап, союлгурдун букасын, канчадан бери баккам деп, чынжыр салбай мойнуна, алтындан нокто каткам деп, бүгүн мында келсин деп, кыжылдаган көп элге, оюн кылып берсин деп, туш тарапка бакырып, букасын турду чакырып.

Букам, букам дегенде, букага буйрук бергенде, караламан калың журт, азага бүткөн дайын журт, эми ажалы келгенсип, эми өлүмдү көргөнсүп, жүрөктөрү шуу этип, бир чыңырып чуу этип, бул куруган жаш жигит, мында келбес болсо эмне, мында келип турган соң, анча мынча эс болсо, теңелбей ханга койсо эмне. Эми мунун букасы, чым этпей муну сойот деп, кержеңдеген неменин бучкагын мыктап чойот деп, улуп уңшуп ый кылды, көргөндүн көөнүн буй кылды. Эли тургай ханыша, атасы канкор падыша, сабылып жетип чөгөлөп, алдынан чыгып төтөлөп, арачага түштү дейт, атасынан ырайым, өмүрүндө бир жолу, жалгыз кызы күттү дейт. «Ушул элдин ичинен, танда дедиң бир күйөө, болсун дедиң бир бүлө. Танда дедиң, тандадым, эр жигитти жандадым. Купулума толду эле, кубанычым болду эле. Эми минтип чуу кылып, букаңды айтып дуу кылып, жалгызыңдын жалгызын, өлтүрөйүн дейсиңби, көз алдында кууратып чөктүрөйүн дейсиңби? Айланайын атаке, жалбарайын атаке! Бир ачууңду мага бер, бир эле жигит сурайын, калганын өзүң ала бер» деп чырылдап турду дейт, этегин өөп атанын, башын ылдый сунду дейт.

А Бирок  Катил падыша, канкорлук кылган жарыша, кызына көңүл бурган жок, көңүл тургай каш кагып, кабагын ылдый кылган жок. Мелтейип тиктеп Уралды, букам качан келет деп, сарайын тиктеп буралды.

Мына ушуну күткөндөй, чоңдугуна кара жер, араң чыдап түткөндөй, опол тоодой зор бука, ала тоодой чоң бука, даңка дүңкө жүгүрүп, алдынан чыккан кишини, аңтара коюп кутуруп, атырылып чыкты ошол, туягы менен жер челип, мүйүзү менен көк чийип, даяр болуп турду ошол. Буттары чынар теректей, каңтарылган таноосу, кере кулач челектей. Мурунунан чыккан дем, кактасаң кабат нан бышат, карап турсаң көзүнө, чыдай албай жан бышат. Бука десең бука эмес, союлгурдун оозунан, аркайган азуу бөлүнөт, маңдайдагы кош мүйүз, найзадай типтик көрүнөт. Басып өткөн жеринен, аңгек аңгек из калат, оонап өткөн жеринен, дөбөсү учуп түз калат.

Мына ушундай зор бука, Ала-Тоодой чоң бука, алдына келип Уралдын башын чайкап турду дейт, мүйүзүн мыктап сунду дейт. «Көп кунаажын кубалап, көк шиберди аралап, чардап жаткан жеримен, алаксыткан сенсиңби? Ушул турган куурагыр, жалгыз мага теңсиңби? Азыр сени челбесем, найзадай тике мүйүзүм, мүйүзүмө илбесем. Туягыма баспасам, кабыргаңды талкалап, талпак кылып жатпасам. Тирсегиңден илбесем, жонуңан кайыш тилбесем. Сөөгүң сөпөт болгуча, шамал айдап денеңди, жок кылып такыр койгуча, мүйүзүмө салпайтып, жалаяктай талпайтып, айлантып илип жүрбөсөм» деп ошентип күүлөнүп, жерди челип сүйлөнүп, маңдайында турду дейт.

Элдин үшү качса да, Уралдын үшү качан жок. Зордугунан буканын, дегеле коркуп шашкан жок. «Кайран көпкөн жаныбар, кантсе да тирүү саны бар. Мен өлүмгө каршымын, өлбөстүккө жарчымын, ким болбосун ажалдан, арачалап калчумун. Азыр сени өлтүрбөйм, ажалдын оюн болтурбайм. Андан көрө өзүңө, кишинин күчүн көргөзөм, бул тирүүлүк өмүрдө орунуңду билгизем. Экинчи көпкүс кыламын, болгон бүткөн тукумуң, кызмат кылып турсун деп, адамзаттын алдына, чөгөлөтүп жыгамын».

Мындай кепти күтпөгөн заардуу бука чамынды, тирсегинен илмекке эми чындап камынды. Ороодой кылып жер чапчып, чаңын көккө ыргытты, оозунан чыккан шилекей, салбыратып кулгутту. Башын чайкайт күшүлдөп, таноо кагат бышылдап. Мүйүзүн сунуп мелжетип, көзүн кадап чекчейтип, атырылып кеткени, качырып сүзүп өткөнү.

Карап турган кайран эл, жалтактап жүрүп жеринен, жалтак болуп калган эл, кара таандай чуулдап, коркконунан жан чыгып, үркүп турду дуулдап. Эми жигит өлөт деп, өлбөсө бирди көрөт деп. Мүйүзүнө илет деп, мүйүзүнө илбесе, азуусу кардын тилет деп, чур-чур этип чуулдап, эт жүрөгү шуулдап элейип карап турушту, карай албай кээси, чылк эле көзүн жумушту.

Урал болсо кенебейт, аркырап келген буканы бучкагына теңебейт. Артка качып буйтабайт, амал издеп туйлабайт. Бука эмес алдында чымын учуп жүргөнсүйт, кармаш эмес алдында, кыздар ойноп күлгөнсүйт, билектерин түрүнбөйт, этек жеңин күбүнбөйт. Ал аңгыча болгон жок, күүлөнгөн бука оңгон жок. Атырылып келгенде, түбүнө жете бергенде, барскандай болгон зор муштум, кармашка бүткөн чоң муштум, как маңдайга айбандын, күрс дегизе койду ошол, опол тоодой буканы, тирүүлөй минтип сойду ошол. Кош мүйүздөн алды ошол, жерден таптак көтөрүп, кайра жерге урду ошол. Шайы кеткен неменин азуусун бурап сууруду, кош мүйүзүн кайрыды, сом темирдей туягын, тең ортодон айрыды.

«Канкор бука билип кой, эсиңе бекем түйүп кой. Аттанып үйдөн чыкканы, туурумдан туйлап учканы, өлүмдү издеп келемин, таап калсам мен анын, катыгын берем дегемин. Тапканга чейин ажалды, бир да жанды кыйбаймын, тирүүлүктү жактырып, айбан да болсо сыйлаймын. Ошондон сенин багың бар, өлбөйсүң дагы жаның бар. А бирок шоруң өзүңө, кабылдың бекер өзүмө. Адамдын күчүн билдиңби, унутпай бекем түйдүңбү? Тукумуңдун туягы, мындан ары бирикпейт, өзүңдү тартып тап коюп, кишини карап жиникпейт. Кош мүйүзү түзөлбөйт, шоо-шоо кеткен боору, эми кайтып бүтөлбөйт. Азуу өспөйт оозуна, кайрат бүтпөйт доошуна. Айдаган жакка басышат, байлаган жерге жатышат. Минем десе ат болот, жумшайм десе күч болот. Жээрине эт болот, ичерине сүт болот».

Муну көрүп Катилдин, жүрөгү түшүп солк этти, кара боору болк этти. Төрт баатырын чакырды, кайра-кайра демитип, жайлап кел деп бакырды.

Анткен менен баатырлар, аянбаган каапырлар, сестене түшкөн немедей, баягыдай күүлдөбөйт, баягыдай сүйлөбөйт. Теңине албай каткырган, баягы бышкан дымак жок, айткан кеби кайратсыз, баягы куйкум кубат жок.

- Кокус бизден мерт кетсең, сөөгүңдү кимге берели? Ага-тууган, дос-жарың издеп келчү немеби? – деп бөөшсүнүп сурашып, катарлашып чубашып, кайра качып кетүүгө, ар намысы жол бербей, элдешип кайтып кетүүгө, курчуган абал оң келбей, төртөө келет жакындап, бири-бирин такымдап.

Урал болсо кебелбейт, шашпай сүйлөп кобурап, айтар жообун белендейт.

- Ажалым жетсе силерден, издеп келер тууган жок, мингеним жалгыз арстан, андан өткөн буудан жок. Жаза тайып мерт кетсем, арстаным жесин этимди, ителгим ойсун көзүмдү. А кокус мында өлбөсөм, ажалдын жүзүн көрбөсөм, анда кантем силерди? Сөөгүңөрдү кимдер жууйт, кунуңарды кимдер кууйт? Кайда ыргытам денеңди, көмүлчү жайың беленби?

Айласы кеткен төрт баатыр, мунун багынбасын билген соң, айныбасын көргөн соң, капталдай басып курчады, туш-тушунан каптасак, аларбыз деп туштады.

- Бизде да сурар тууган жок, артып кетер буудан жок. Катил биздин төрөбүз, өл десе Катил өлөбүз. Кокус бизди өлтүрсөң, Катилге жетет денебиз.

Ошону менен төрт баатыр, төрт жагынан качырды, көптөсөк шайы кетер деп, туш-тушунан асылды. А бирок Урал кебелбес, анча мынча баатырың, бучкагына теңелбес. Оңун алып солго уруп, солун алып оңго уруп, бирин уруп тындырып, биринин мурдун сындырып, бирин алып жерге уруп, бирин алып ташка уруп, канабайрам кылды ошол, өлтүрүп жанын тынды ошол.

Эрдигин көрүп Уралдын, карайлап турган кайран эл, азапка башын сайган эл, кайрат бүтүп демине, оту жанып көзүнө, топтолуша калышты, ханга каршы кол баштаар, баатырды жазбай табышты.

Ошол замат жагымпоз, сөз ташыган бакан ооз, хандын кебин сүйлөгөн, ханга каршы жүрбөгөн жан-жөкөрдүн баарысы, андаалап качып кетти дейт, кара жанын калкалап, бир заматта житти дейт. Жөкөр тургай Катилдин, дал өзүнөн дайын жок, кайда качып кеткени, кайсы көргө жеткени, эч ким билбей дайынсыз, ит издесе табылгыс, ың-жыңы жок жоголду. Жоголгону жоголсун, кубанып калкы оңолду.

Мындай күн качан келет деп, Катилден качан кутулуп, кимдер аны жеңет деп, күтүп жүргөн кайран эл, канкордун кылган ишине, айла таппай араңдан, түтүп жүргөн кайран эл. Эл-эл десе элдей бар, элдин түрү көлдөй бар...

Сүйүнгөндөн чыдабай, көзүнүн жашын арта албай, мурдунун суусун тарта албай, ыйлап жүргөн дагы бар. Чын эле тирүү калдым деп, өлбөй тирүү бармын деп, эстен танып жыгылып, этек жеңин күбүнүп, эси кетип турган бар. Катил кайра келет деп, баары бир бизди жеңет деп, андай күн келсе кокустан, айлабыз кандай болот деп, ишене албай жеңишке, шарт бар кезде токтобой, бул жерден качып кетишке, кам уруп жүргөн дагы бар. Тегеректе качкандар, азган менен тозгондор, ошолорду табам деп, чоң сүйүнчү алам деп, алаңдап чуркап тоо-ташка, шашып жүргөн дагы бар.

Бир гана Урал шашкан жок, эч кимди карап баскан жок. Качкандарын кууган жок, куугандардан качкан жок. Арстанын минип камынды, жөнөөрүндө кайрылып, элге сүйлөп жар кылды:

− Жеңилди бүгүн канкорлор, жоголду бүгүн анткорлор. Мындан нары бул элди, эч ким кыйнап эзбесин, өзүн канкор сезбесин. Мен болсо жолго чыгайын, ажалды издеп жүрөмүн, сапарым эми улайын.

Эл чурулдап дуу этти, туш тарапка чуу кетти. «Кетпе, баатыр кетпе!» деп суранганы мындан көп, «Хан болосуң өзүң» деп, кубанганы андан көп. «Катилдин кызы ханыша, өзүңдү аяп сабылды, атасына баш ийбей, кайта-кайта жалынды. Ошону алып хан бол» деп, карыялар суранды, муну угуп калың журт, чындап колдоп кубанды. Көпчүлүк минтип турган соң, Урал аргасы жок калды дейт, тактысына отуруп, ханышага баш кошуп, күйөө болуп алды дейт.

Ошону менен жети күн, тынымы жок жети түн, майрамдады калың журт, кубанычын жашырбай сайрандады калың журт...

(1-бөлүмдүн аягы)

Которгон Насыпбек АСАНБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз