Муса Мураталиев: Ат-Башы

  • 18.03.2021
  • 3997

ЖОМОК

Качандыр өткөн заманда атагы алыска кеткен саяпкер жашайт. Ал жылкы жаныбардын кайсынысы сай күлүк, кайсынысы сай аргымак, кайсынысы сай буудан, кайсынысы сай кашка жазбай тааныйт. Өзүнүн бир үйүр жылкысы болот. Өлөр алдында маңдайына уулун чакыртып:

– Тору, кебимди ук! Чаар бээни колуңан чыгарба, сай аргымак туучу мал ошол! – дейт.

Саяпкер жерге берилгенге жыл айланат. Тору эл чакырып атасына аш берет. Төлгө кылып Чаар бээни баш байгеге саят. Ат чабышта Чаар бээ марага биринчи болуп келет. Мага буюрган мал экен деп Тору асыл жаныбарды жылкысына кошуп алат. Эл ичинде Чаар бээни уурдайбыз дегендер көп болот. Ошондо бээнин изин жашырыш үчүн Тору эл жайлабаган Үч-Келтебиктин төрүнө бээлерин чыгарып иет.

Аптасына бир жолу барып малы кайда экенин көрүп коюп жүрөт. Бир жолу барып бээсин таппай калат. Үч-Келтебик ичин төлүй кыдырып, ал жактан асканын ташын кулаткан эчки-теке, аркары, тоо жаңырта ышкырык аткан улары менен асманды кайтарган кузгундан башка эч нерсе көрбөй, чаалыгып капа болуп келет. Адал малын таппаса болбой турганын көрүп, алыс жолго аттанат. Ала-Тоо, Эки Алай, Кашкар-Тоо бүт кыдырат. Жогун андан таппаганда Саян, Орол-Тоо, Алтай, Памир коюнунан бир да кокту-колот калтырбай баарын кыдырат. Ал жактан да жолу болбогондо Кан-Теңири тегеренип, Ала-Мышыкты арытып Чеч-Төбөгө түшөт. Бир айылда чүкө ойноп аткан балдар арасынан суурулуп бир боз бала Торунун астын утурлап басат:

– Минген атыңыз Чаар бээнин тукуму экен, – деп Торунун атын улам бир капталына чыгып карайт. – Сай аргымак көзүн көрүп калган бактылуу киши турбайсызбы!

– Капырай! – деп Тору айран-таң калат. – Чаар бээни жоготкон мен болом, аны билемин деген сен болдуң. Чаар бээ азыр кайда?

– Аргымактын куу башы бар өзү жок.

Тору атын моюнга чаап, бастырып канга барат. Уккан-көргөнүн айтат. Тынымга ойлоно калган кан үн катат:

– Болору болуптур эми чыдай тур. Кырман басуу кызыды. Ороо куу бүтөрү менен эгин алуу тою келет. Шондо жамы журт Чеч-Төбөгө жыйылат. Ал балакайдын, шондо эмне деген жообу болот угалы. Эл алдында айткан кептин калпы болбойт, – дейт.

Эгин алуу тоюн майрамдайбыз деп убай-чубай эл келет. Атчандар өрдө, жөөлөр Чеч-Төбө боорун бербей, чар-тарап жайнаган элге жык толот. Кылкылдаган көпчүлүк арасынан өспүрүмдү таап, кандын чатырына алып келишет. Тоо таяна тигилген алтын тактуу түркүгү күмүш кең чатырдын ичинде кырк уруудан кырк манап, канчалаган бай, оозунда кеби бар ак сакал, көк сакал, кара сакал уй мүйүз тарта катарма катар олтурушат. Шаан-шөкөтү уланып аткан жыйындын ортосуна өспүрүмдү кан жигиттери коштоп чыгышат. Чаар бээнин куну улуттун намысына айланган кезде аргымак жайын териштирүү кай-кай жерде өткөн жыйында көч башында турган кеп болуп аткан. Шондуктан кан өзү сурак сурайт.

– Балакай, сенин атың ким болот? – дейт кан.

– Толубай, – деп улан жооп катат.

– Сен, бала борбуюң көтөрүп алсаң эле оозуңа эмне келсе айта берсем болот дейсиң го? Жүгүң өгүз белинде турса да дымагың төө белинде турат дейт окшойсуң, ыя? Жалган айтып турсам жалган деп бетиме кой. Чаар бээнин куу башын көрдүм дейт экенсиң. Ошол баш Чаар бээники деп сага ким айтты?

– Жүрөгүм менен сездим.

– Бу жерде олтурган саяпкерлер Чаар бээ киши колдуу болуптур. Ал азыр аркандалуу турат деп атышпайбы.

– Алдаяр каным, Чаар бээнин куураган башы коктуда күлдө жатат.

– Эмне үчүн саяпкерлер айткан далилге ишенбей сен айткан далилге ишенишим керек?

– Билбейм, – дейт Толубай.

– Бала! Баланын иши чала! – деп саяпкерлер кыйыны кепти алат. – Каным, ырайым этиңиз! Күнөө балада эмес, ууруда…

– Анан?.. – деп кан Толубайды карайт.

– Саяпкерлер жылкы арасынан Чаар бээнин тукумун чыгарып беришсин, – дейт.

Кан балакай койгон талап адилет экенин көрүп сынак өткөрмөк болот. Алдына жигиттерин чакыртып, жамы журтта саяпкерлер көрсөткөн жылкынын баарын айдап келесиңер деп буюрат.

Күн төбөдөн оой күтүрөгөн жылкы добушу ок атымга жаңырып каада өтүп аткан жердеги эл алдынан төлүй чаар жылкы убай-чубай өтө баштайт. Саяпкерлер тапкан жылкы баласы жалаң чаар же ала болот. Ошондуктан эл анын баары Чаар бээнин тукуму тура деп кабылдашат. Сынак эки күнгө созулат. Чубатууга салынган кулун, тай, кунан, байтал, бышты, жаңы асый, бир асый, эки асый, үч асый, бээ же айгыр, ат же чобур ат кан баштаган эл алдынан дайрадай агып турат. Саяпкерлер улам бир жылкыны камчысынын сабы менен көрсөтүп канга баяндама беришет.

Толубайды жыйындан көрүшпөй эл нааразы болот. Саяпкерлерден кыйыны кеп алып элге жарыя айтат:

– Чаар бээни жети күндүк алыста уурдап алган киши аркандап салган. Жаныбардын көзү тирүү! – дейт.

Аңгыча Толубай ала баш атын теминип ортого чыгат.

– И?! И?! – деген кан дуу-дууну тыйып, өспүрүм кебине кулак салдырат.

Толубай үнүн көтөрө сүйлөп, элге кайрылат:

– Мынабу куураган баш сай аргымак Чаар бээнин баш сөөгү! – деп өңөрө келген ак дакиге оролуу сөөктү өйдө көтөрөт. – Эгер жүрөгүм сезгени чын болсо бу турган жылкы арасынан Чаар бээден тараган жаныбарлар азыр бир жышаан берет. Кана, көрүп тургула!

Толубай атына камчы басып озуп чыгат. Көлдөй толкуган көп жаныбардын арасы удургуй түшүп, төлүй аласы Толубай атын ээрчип, аны коштоп жөнөйт. Калган чаар жылкы турганы турган жеринде кала беришет.

Жаш саяпкер түмөн ала жылкыны кумдай чууртуп ээрчитип барып, куураган баш табылган күлү додо кабакка жетип токтойт. Селдей каптап келген ала мал ошол жердеги айылды үч айланта тегеректеп курчай токтошот. Айылды бууп курчап алган жаныбарлар бышкырып, ичин тартып, кошкурук атып тынып турушат. Толубай куу башты жерге кынаптап көөмп өйдө болгуча жер жайнаган ала жаныбарлар ошол жерде тура беришет.

Элде саяпкер туулду деген жакшы аңырт таркайт. Карылар кайрадан: «Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол!» – деп балдарына насаат айтчу болот. Кан өз жардыгы менен Чаар бээ башы көмүлгөн коктуга шаар салдырат. Атын Ат-Башы койдурат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз