Белорус эл жомогу: Өзүн бир жолу алдаган попту Тарас кантип эки ирет алдаганы

  • 19.03.2021
  • 2917

Илгери бул дүйнөдө бир чор таман кедей болгон экен. Эч качан төрөбөгөн аялы экөө гана жашашса да, дайыма каатчылыктан каржалып өмүр сүрүшөт. Дагы бир күнү адаттагыдай эле үйүндө сындырым наны калбаганда, ал акыркы уюн сатып, буудай алып келмей болот. Базарга жөнөйт. Баратса алдынан жан-жөкөрлөрү коштогон поп чыгып, озуна салам айтат:

- Арыба, Тарас!

- Бар бол, атакеси!

- Эчкиңди алып, кайда?

- Атакеси, бул уй болуп турбайбы...

- Жок, Тарасчик, мунуң эчки, ишенбесең дякон айтсын.

- Ооба, бул эчки, каяктагы уйду айтасың! – дейт дякон поп оозун жыйгыча.

Муну укканда мужуктун оозу ачылды, көзүн андан бетер чакчайтып уюн карады, бирок өзүнө ишенбей попко ишенип баш ийкеди. Мындан поп пайдаланды:

- Тарас акеси, убара болуп базарга барып жүрбөй эчкиңди мага сат, ме сага үч сом!

Тарас дың дей албады, уюн попко эчкинин баасында сатып, үйүнө келип аялын жемеледи:

- Эмне деген катынсың деги! Эчкини уй деп ушуга чейин мени алдап жүрүпсүң! – жолдогу поптун жоругун айта кетти.

- Уй эмей эмне! Ишенбесең тигине, жампасын кара!.. - аялы сатканы эчки эмес уй экенинин ар кайсы далилин айтып, эрин ишендирди. Ал алданганын билип поп атакеге тишин кайрады.

Базар күн бат эле келди. Тарас шаарга жөнөдү. Ал поп атакеси жан-жөкөрлөрү менен трактирге кирип тамактанарын жакшы билгендиктен, трактирщикке мындай деди:

- Мен бир сомго тамак жейм, сен менден элге угуза жүз сом сура.

Дал ошондой кылышты. Коңшу үстөлдө отурган чиркөө кызматчыларынын муну укканда ооздору ачылып, Тарасты аңырая карашты. Тарас акеңе ушул гана керек болчу, ал башынан таар калпагын алып, үстөл үстүнө коюп, болгон күчү менен төбөсүн жалпайта чаап трактирщиктен сурады:

- Анда эмесе трактирщигим төлөндүбү?

- Төлөндү! Толугу менен кутулдуң!

Тарас чыга жөнөдү, поп жолдоштору менен буга таң калган бойдон калышты:

- Биздин мужук бир отурганда жүз сомго тамак жеп, калпагын бир уруу менен кутулду го! А биз отурабыз үчөөбүз, он сомдук тамакты кепшеп, ошондо да аны араң төлөп...

Бул көрүнүш кийинки эки базарда тең кайталанды. Жаман калпагын бир уруп жүз сомго тамак жеген Тараска таң калган поп бир күнү жан-жөкөрлөрүнө мындай деди:

- Таксырларым, Тарастын жанагы калпагын сатып алып, шаарга барган сайын трактирге кирип бекер тамакка карын кампайталы. Сен дякон ортого жыйырма беш сом, дячоктор экөө биригип жыйырма бешти чыгарсын, мен өзүм элүүнү чыгарам, бирок калпак дайыма менде болот. Жүз сомго Тарас акебиз калпагын сатар.

Ушуга токтолгон алар үйүнө кайтып бараткан Тарасты токтотушту.

- Тарас акеси, кудайга кызмат кылгандарга калпагыңды сатпасаң күнөө болот.

- Жок, таксыр атакеси, атадан калган мурасты сата албайм. Анын үстүнө шаарга сейрек барсам да, карынды каалаганымча кампайтканга жакшы.

- Тарас ме сага жүз сом, кошумча дагы сенин бейишке түшүшүң үчүн чогулган элди чокундурабыз, ушуга ыраазы бол.

- Аныңыз жөндүү экен. Бирок жүз элүү сом берсеңиз кол алышабыз.

- Мейли анда, келе колду! Болбосо башкалар кымбат берет...

Тарас бир заматта байып жатып калды, чарбачылык күтө баштады. Ал эми поп атакеси кийинки базарды чыдамсыздык менен күтүп, акыры ал күн келгенде жан-жөкөрлөрүн үй-бүлөлөрү менен алып, трактирге кирди. Каалашынча ичип-жешип, беш жүз сомго жеткен акчаны төлөөргө келгенде поп таар калпакты трактирщиктин алдына чаап калды:

- Төлөндүбү, пан трактирщик!

Бирок трактирщик муну угуп да койбоду, акча нак төлөнмөйүн чыгарбасын айтты, ага макул болушпаса жигиттерине сабатарын кошумчалады. Тараска алданганын түшүнгөн поп жан-жөкөрлөрү болуп акыркы акчаларын чыгарып, тааныштарынан карыз алып, жетпегенин үйүнө чаптырып алдырып келишти.

Тарас эки жылдай поп атакенин акчасына жыргап жашады. Анан аны да айдап отко салып, каржала баштаганда аялына мындай деди:

- Катын, сен өлүмүш болуп жат, мен попко барып аны ээрчитип келип, жаман таяк менен үч жолу тийип койгонумда ордуңан козголуп, тирилимиш болуп туруп кет да, калганын мага кой.

Ошондой кылмай болушуп, аялы өлүмүш болуп жатып калды, Тарас попко жөнөдү.

Бир аздан кийин Тарас аялы каза болгонун айтып попту ээрчитип келди. Өлүмүш болуп жаткан аялга маркумду аркы дүйнөгө узатканда окулчу сыйынуусун окумакчы болгон попко Тарас мындай деди:

- Поп атакеси, менде бир таяк бар, ал сыйкырдуу, үч жолу тийсем өлгөн киши тирилип кетет, бирок аны колдонгондо Кудайга күнөөкөр болуп калам, мен аялымды тирилтип алайын, сиз мага Кудайдын атынан уруксат берип коюңуз.

Муну укканда поп абдан таң калып, Тарастан таягын көрсөтүүсүн буюрду. Ал кадимки кой кайтарганда көтөргөн аса-мусасын көргөзүп, бул жети атасынан бери мурас катары колдон-колго өтүп келаткан сыйкырдуу таяк экен түшүндүрдү. Тезирек таяктын сыйкырын көрүүгө ашыккан поп бир заматта сыйынуу кебин чиркөө обонуна салып ырдап, Кудайдан таякты колдонууга уруксат алып бере калды.

Тараска ушул эле керек да, таягы менен үч жолу аялына тийгенде ал акырындан кыймылдап тирилип кетти. Буга айран таң калган поп сыйкырдуу таякты кандай болбосун колго тийгизүүнү ойлоп, үйүнө жөнөдү. Ошол эле кечте жан-жөкөрлөрүн чогултуп сыйкырдуу таяк окуясын айтып, аны сатып алмай болуп акча чогултуп, беш жүз сомду топтоп Тараска келишти. Ата-бабасынан калган таякты саткысы келбеген аны коркутуп да, алдап да жатып, акыры сыйкырдуу аса-мусаны беш жүз сомго сатып алып, колго тийгизишти. Эми айылдан кимдир-бирөөнүн өлүшүн күтүштү. Акыры, болгондо да кыштактагы эң бай соодагердин аялы өлгөндө сүйүнүп кетишти. Аны менен аялын тирилтип берерин айтып миң сомго келишим түзүштү.

Поп сыйкырдуу таяк менен сөөккө үч жолу тийгенде ал кыймылдап да койгон жок. Сыйкырдуу таяктын өз милдетин аткарбай жатканына жини келген поп аны менен өлүктү сабап киргенде, ансыз да кайгырып турган соодагер колунан таягын жулуп алып, өзүн сабап кубалап чыкты, бул аз келгенсип поптун үстүнөн сотко арыз жазды.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз