Сайра Исаева: «Адамдын турмушу» көз жаздымда калар чыгарма эмес

  • 22.03.2021
  • 4014

Поэтикалык роман тууралуу сөз болгондо, анын талашсыз классикалык үлгүсү саналган А.Пушкиндин “Евгений Онегини” эске келери анык. Бир кездеги орус турмушунун поэзиядагы энциклопедиясы аталган, төгөрөгү төп келип, кынтыксыз гана эмес, акындык чеберчиликтин кайталангыс көрүнүшү катары “мен-мендеген” акындарга түгөнгүс сабак бере келген бул роман тууралуу 200 жылдан бери кимдер гана жазган жок, жазып да жатышат.

Реалистик адабияттын салттарын өздөштүрүп, нукура профессионал көркөм-эстетикалык чыгармачылык катары өнүгүү жолуна түшкөн дээрлик бардык улуттук адабияттарда поэтикалык романдар бар. Салт катары алар сан жагынан аз, прозалык романдарга караандабайт. Ыр түрүндөгү романдардын жанрдык табияты тууралуу Пушкинден бери арбын сөз боло келген, ал азыр да аягына чыга элек. Көркөм адабияттын бардык жанрлары сыяктуу эле ал кайсы бир белгилерин туруктуу сактап калса, заман-доорго, көркөм чыгармачылыкка коюлган талаптарга  жараша кайсы бир жагынан трансформацияга  учурай келгени белгиленип жүрөт. Ошондуктан бул маселенин теориясына тереңдеп кирбей, залкар акын О.Султановдун “Адамдын турмушу” романынын мисалында анын урунттуу учурлары тууралуу кеп кылуу зарыл болуп турат.  “Бул – кыргыз адабиятында гана эмес, жалпы түрк асманындагы, кала берсе дүйнө мейкиндигиндеги эң бир кызык, уникалдуу чыгарма”, - деп адабиятчы жана философ Ч.Өмүралиев (1, 264) оболото баа берген бул роман чын эле эмнеси менен кызык да, эмнеликтен уникалдуу деген суроого жооп берип, аны же төгүндөп, же бекемдөө керек. Кыргыз адабиятында ага дейре А.Токомбаевдин “Таң алдында” (“Кандуу жылдар”), А.Токтомушевдин “Алтын тоо”, С.Жусуевдин “Курманжан датка” аттуу эки-үч  гана ыр-роман болгонун эске алсак, чыгармага кызуугубуз ого бетер артаары бышык.

Кийин ХХI кылымдын баш ченинен тарта ыр-роман, дастан, казал аттуу чыгармалардын катары коюуланып кетти да, алар кандай чыгармалар экенин аңдап-билген адабиятчылар деле болбоду. Андай жанрдык табияты, көркөмдүк деңгээли ар түркүн чыгармалардын арасында О.Султанов бул чыгармасы өзүнчө бөлүнүп, жүк көтөрүп турат. Акын өз чыгармасында коюлган максат-мүдөөсүн:

Бир кабелтең, эмгек берсем деп ойлойм
Кыргыз балдар кыргызчалап окуган.
Уккандарды көз көргөндү көп ойлойм
Окурман да ойлоноор деп окуган, - деген саптарга сыйдырганы менен (“2,26”) анын чындап жазылыш себебин мындайча түшүндүрөт: “Мен “Адамдын турмушуна” чейин жалаң өзүм жөнүндө жазып келиптирмин. Ал эми “Адамдын турмушунда” ХIХ-ХХ кылымдарда жашаган адамдардын ким экендигин, алар кандай турмуш өткөргөнүн, эки кылым учурундагы өзгөрүштөргө дуушар болгонун, коом кандай өзгөрүштөрдү алып келгенин айткым келди” (3,4). Ошентип, “мен жазбасам, ким жазат” деген принципке таянып, акын социалдык абалы жана тагдыры ар түркүн адамдардын мисалында бир кылымдан ашуун, эки доорду кучагына алган кыргыз коомунун кыймылын, анын алгалоо жолундагы карама-каршылыктарын, көйгөйлөрүн ачып берүү максатын коёт, аларды жаш муундар билсе экен дейт, кыргыздар эне тилинде окуп, анын кереметин жүрөгүндө сактаса дейт. Ошентип, бир кылымды эки доорду ичине камтыган чыгарманын өзү эле анын канчалык масштабдуу, мезгилдик чеги канчалык узак экендигин кабарлап, эми ошол кеңири алкакта автор эмнелерди баяндап бергиси келди жана анын өтөөсүнө кандай чыкты деген суроо жаралбай койбойт.

“Адамдын турмушун” үзүл-кесил болуп он жылдан ашык убакытта жазып бүттүм” (2,7) дептир акын . Чындыгында эле роман тээ 1980-жылдардын башында жазыла баштап, андан кийин гана 1996-жылы “Жан берели сүйүүгө” деген жыйнагына киргизилип, жарык көргөн. Адегенде эле белгилей кетчү нерсе – 11-12 муундук ыр түзүлүшү менен жазылып, көбүндө уйкаштык сакталса, көбүндө эркин ыр түзүлүшүнө өтүп кеткен, бирок кандайдыр бир ички ыргактуулук сакталган бул романда О.Султанов сөзгө сараңдыктын үлгүсүн көрсөткөн. С.Жусуевдин  “Курманжан датка” романында да сөзгө үнөмчүл, кылдат мамиленин үлгүсүн көрөбүз. Бирок ал уйкаштыкка, ритм менен рифманын бекем шайкештигине өзгөчө назар салса, О.Султанов антпейт. Акын үчүн шыдыр уйкаштык анчалык мааниге ээ эмес, айтыла турган ой, тартыла турган көркөм картина маанилүү. Бирок мындай эки ача формалык көрүнүш бул акындардын экөөнө тең утуш гана алып келип, ар бири өз алдыларына койгон максаттын өтөөсүнө чыгышкан.

Чакан ырлардан тарта көлөмдүү поэмаларга дейре көп сөздүүлүк, бир нерсени эзмелеп, чоюп, кайталап сүрөттөө деген мүчүлүштүктөр кыргыз поэзиясын илгертен коштоп келе жаткан илдеттердин бири. О.Султанов муну мыкты түшүнүп, өз романын башкача манерада жазат. Балким башка бир акын 5-10 баракка батырчу “нерсени” акын 14 сапка гана сыйдырууга үлгүрөт. Диалогдор бир-эки сап менен кыска берилсе, аларга удаалаш  же кыстырыла келген автордук чегинүүлөр (комментарийлер десек да болот) да кызыгуу менен окулат. Романдын кээ бир бөлүмдөрүндө диалогдор басымдуу, бирок алар кыска жана маанилери түшүнүктүү. Мындай учурларда окуянын жүрүшү окурманга дайын болуп турат да, автордун кийлигишүүсү талап этилбейт.

О.Султановдун сөзгө сараң мамилеси 14 ыр саптан турган маанилик жактан өзүнчө “поэтикалык текст” функциясы жүктөлгөн строфалар аркылуу кырдаал, кыймыл-аракет, персонаждардын ич ара мамилеси, алардын портреттик жана кулк-мүнөздүк, психологиялык өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтарды топтоштуруп берүү аракетинен айрыкча таасын көрүнөт. Мындай сапат ар бир акында эле кездеше бербейт жана мына ушул жагынан ал айрыкча чебер экени ачык көрүнөт.

...Уруш маалы ...Уруш маалы... дей берет
Эки оозунун бир оозунда сөзгө алып.
Эскерүүдө убайымды жей берет
Кээде унчукпай жерди тиктеп көз талып,
Таш өңдөнүп ыргытылган тереңге,
Жалдырама тийип, окшоп кереңге (2,60).

А Балбайдын келиши айтпай, тымызын
Андагынын адеп-салты боюнча,
Анча жакшы жышана эмес, курусун
Айтылбаган мөртү бар да оюнда?! (2,98).

Күүгүм менен күүгүм болуп бир караан
Какшаал жактан таштап оор кадамын
Келе жатты. Аял экен балалуу.
- Айланайын бир туугандар жакшыбы?
Келатамын көз жашымды көлдөтүп.
Көрөр бекем касиеттүү көл барын.

Арып ачкан ал-абалын билгизбей:
Чүрпөмдү эле оозандырып койгула,
Эки күндөн бери наар ала элек (2,184).

Кабагы кууш кара киши да жүрөт
Аялды улам ала берген баласы.
Кантти экен деп ойлоп койдум. Ал жүдөп
Калың бырыш каш кабактын арасы (2,219).

Акындык чеберчиликтин мына ушундай өзгөчөлүктөрүн эске алып. Ч.Өмүралиев: “Сүрөттөлүп жаткан окуялардын кармалап көрсөң болгудай деталдарга ушунчалык жыш ширелгендиги, образдардын жасалмасыз нукуралыгы, турмуштук тактык – мына ушунун баары элдик тилдин ширесинде берилиши, чыгарманы кадимки кара сөзгө жазылган эпос-романды окуп жаткандай таасир калтырат”, - деген тыянагын чыгарат (1,264). Ырасында эле О.Султанов  бир карасаң топурактын арасынан алтын издегендей сөз казып, өзгөчө бир поэтикалуу сөз түрмөктөрүн издеп, иргеп, шөкөттөп отурбай эле  ритмикалуу кара сөз ыргагындагы тексттерди тизмектеп жүрүп отургандай көрүнөт. Бирок бул алдамчы көрүнүш. Абайлап, баамдаган кишиге романдын текстти терең иргеп-ылгоодон өткөрүлгөндүгү, анда артык баш сөздөр жана ыр саптары дээрлик жок экени, акын аң-сезимдүү түрдө сырты карапайым, бирок ичтейи маңыздуу, ширелүү, семантикасы көп катмарлуу, каймана, көмүскө подтексттерге бай стилди тандап алганы көрүнөт.

Кызык жери – стиль же поэтикалык ыкма дейбизби, алар сүрөттөлүп жаткан көрүнүштүн, персонаждын кебете-кешпирине, маанайына ылайык келип, өзгөрүлүп турат. Демек романдын стилинин ички курулушу татаал жана көп катмарлуу. Ыр менен романды «мен акынмын» дегендин баары эле жаза калып, анын өтөөсүнө чыга албайт. Анткени, ыр менен жазылган роман – бул жалпы талаптары эпикалык тектин роман жанрынын принциптерине ылайык келип, ыр формасында жазылган чыгарма. Мына ушул романдык масштабдуу ой жүгүртүү, турмуш чындыгын эпикалык мүнөздө баяндап, каармандардын ички сезимдерин, санаркоолорун лирикалык сүрөттөөлөргө тыгыз айкалыштыра берүү менен аны поэтикалык көркөм табылгалар аркылуу өзүнө ылайыктуу ыр формасында көркөм дүйнөгө айландыруу барып турган машакаттуу иш экени айтпаса да түшүнүктүү.

О.Султановдун «Адамдын турмушу» романы өзүнөн мурда жазылган ыр-романдардан башкача манерада, башкача стилдик өзгөчөлүктө жазылган. Романда белгилүү бир да тарыхый инсан катышпайт, кыргыз элинин башынан өткөргөн күрдөөлдүү бир мезгил, башка чоң-чоң романдагыдай кандайдыр бир үзгүлтүксүз жүрүп отурган сюжеттик өзөк менен окуялар деле өнүкпөйт. Мында лирикалык каармандын айтуусу боюнча Качынын өмүр жолунун урунттуу учурларына байланыштуу гана окуялар сүрөттөлүп жүрүп отурат. Чыгармада бир карапайым адамдын туулгандан өлгөнгө чейинки турмушун сүрөттөө менен бир кылымга чукул мезгилдеги турмушту, тактап айтканда, Октябрь революциясына чейинки турмуш, 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшү, Совет бийлигинин орношу жана 1980-жылдарга чейинки турмуштагы оң-терс көрүнүштөрдү кадимкидей көз алдыңа тартылат.

Чыгармада бир эле адамдын өмүр жолун көрсөтүп тим болбостон, анын чөйрөсүндө алакалашкан адамдардын жасаган иш-аракеттерин, жамаат ичиндеги ролун ачып берүүчү эпизоддорду киргизүү менен башка каармандардын образын да белгилүү деңгээлде ачып берген. Анда кыргыз элинин башынан өткөргөн тарыхый окуялардан бир үзүмдөн, бир эпизод катары киргизүү менен, аз да болсо Октябрь революциясына чейинки жана революциядан кийинки совет мезгилиндеги адамдардын психологиясындагы болгон өзгөрүүлөрдү, турмуштагы ак-караны ажыратып берүү аракети күчтүү. Бул жагынан алып караганда, акын кеңири, романдык масштабда ойлонуп, чыгарма сөздүн толук маанисинде романдык формага жооп берет. Романда окуяларды, ой жүгүртүүлөрдү кеңири масштабда түшүнүүгө көмөк болуучу көптөгөн подтексттер бар. Акын бир-эки сап же бир куплет менен эле бир нече ойду айтууга жетишкен. Муну акындын бирден-бир жетишкендиги катары дагы бир жолу баса көрсөтүүгө  болот.

Романда өзөктүү эки каарман бар. Бири – өспүрүм курактагы лирикалык каарман - автордун өзү болсо, экинчиси – анын авасы (чоң атасы – С.И) Качы. Иш жүзүндө автордун өзү болгон лирикалык каарман ошол Качы авасынан уккандарын, аны менен жолукканда көргөндөрүн баяндап берсе, Качы бир жагынан баяндалган окуялардын тикелей катышуучусу, күбөсү катары өтсө, экинчи жагынан ал да болгон окуя же санжыра, уламыш катары уккандарын ортого салат. Мунун баарын баяндап окурманга астейдил жеткирген лирикалык каарман жансыз сөлөкөт, жөн эле ортомчу эмес. Ал баарын жүрөгүнөн өткөргөн, ар бир нерсеге өз баа-ченемин бере билген сезимтал, баамчыл, ойчул каарман болуп эсептелет. Анын романда баян этилүүчү адам турмушу тууралуу ою романдын башталышында эле (“Киришүү” бөлүмү) төмөнкүдөй берилет:

Байкап көрсөм бир адамдын турмушу -
Бир дүйнө экен айлампада айланган.
Өзүнө чак бар түйшүгү, жумушу –
Тагдыры бар огуна тең байланган.
Ал ошондон артта калбайт, аша албайт,
Бурула албайт, кете да албайт, кача албайт,
Маңдайына жазып койгон жазуусу, -
Узун, кыска жолу алдында басуучу, -
Сапарында көтөргөн жүк ар жандай:
Бири багат жан талашып өз жанын,
Бири көрөт аралашып эл камын,
Көрүү керек экен баарын таң калбай.
Ошон үчүн турмуш турат күчүндө,
Эмне болбойт бул кең дүйнө ичинде (4,173-174).

Мында жана автордун “Адам деген жан аттуунун уулусу – Улуу болуш керек өтөөр турмушу” деген жогорку строфаларга куйрук улаш келген саптарында чыгарманын өзөктүү идеяны, узак мезгил аралыгындагы адам(дар)дын оош-кыйыш, узун-кыска, таза-ыплас, тунук-киргилт, бактылуу-бактысыз, ырыстуу-ырысы жок, сүйкүмдүү-сүйкүмсүз (ж.б.) турмушу, өмүр жолу жана анын өтөлгөсү тууралуу программалык көз карашы, философиясы чөгөрүлүп, адамдагы “улуулук” жана “пастык” деген категориялар көркөм териштирүүдөн өткөрүлөт. Бирок адам турмушу тууралуу философия курулай акыл-насат, дайынсыз ой-жоруулар менен ишке ашпайт эле. Муну мыкты түшүнгөн акын адам турмушун кандай болсо ошондой кылып жасалгалап, кооздобой сүрөттөөнү чечет. Өз түшүнүгүнө, баа-ченемине, чыгарманын башында эле ачыкка чыгарылган концепцияга ылайык болгонун, болуп жатканын, атүгүл болчусун ушул принципке таянуу менен сүрөттөө керек. Бирок жасалголоочу, шөкөттөөчү нерселерден автор качып кутула албайт. Ал – чыгарманын өзү, анын сюжети жана композициясы, анын поэтикасы жана образдар системасы. О.Султанов бул маселеде көп мээнет кылып, зор түйшүк тартканы талаш жаратпайт. Анткени чыгарма турмуштун фото көчүрмөсү эмес. “Кыргын сай” деген бөлүмдө:

Он төрт сапка оолаштырып батырдым
Тогоштуруп кара сөздү ыр менен, - (4,175) деп өзүн өтө эле жупуну көрсөтсө да, акын адам турмушунун көркөм философиясын ырга салууда нечен ашуу ашып, нечен суу кечкени чыгарманы ынтаа менен окуган адамга дайын болуп калат. Чыгармадагы ар бир строфа, айтылгандай, өзүнчө поэтикалык текст функциясын көтөргөн 14 ыр сабынан турат. Окуя, кырдаал болобу, диалог-монолог болобу же автордук чегинүү дейбизби – бардык жерде бир ой аягына чыгарыла айтылып, түйүндөлгөн бир маани берилип, алардын ар бири 14 ыр сабына батырылат. Чыгарманын башынан соңуна чейин ушул принцип сакталат. Бул кызык көрүнүш. Эмне үчүн 14 сап, эмне үчүн 8, 12 же 20 сап эмес. Бул жөн жерден эмес. Акын романды дүйнөгө белгилүү “Евгений Онегиндик” поэтикалык ыкма менен жазып, бул форманы кыргыз поэзиясында биротоло калыпка салды. «Бул романды окуп отуруп, акындын көп изденгенин байкоого болот. Өзгөчө кээ бир каармандарды, окуяларды өтө так конкреттүү сүрөттөөсү, көрө, сезе билүүсү, уйкаштыктын күтүлбөгөн ыкмалары буга далил. Пушкиндин «Евгений Онегин» романында колдонулган строфа куруу ыкмаларынын таасирлеринен үйрөнгөндүгү ачык байкалып турат. Автор, – дейт К.Артыкбаев, – ыр түзүүнүн ыргагында жаңычылдык киргизүүгө умтулуп, поэтикалык ташымалдарды колдонгон” (5,23). Мындай жаңычылдыкты О.Султановдой таланттуу жана чебер акын гана ишке ашыра алмак. Жогоруда белгилегендей автор болушунча, максималдуу кыскалыкка умтулуп, бүкүлү бир ой тутумун, бир окуя-кырдаалды, бир портрет менен жан-дүйнө абалын 14 сапка топтоп, кийинки 14 сапта аны улантат, тереңдетип-кеңейтет, же башка, жаңы көрүнүшкө өтөт.

Бала кези авамдын бир кеп болгон
Кантип аман калганына өзү таң.
Эл үрккөндө алты агасын “жеп” койгон
Бир уядан болгон алар сегиз жан.
“Үч-Турпанда” ата-энесин бир күндө
Жерге көмөт, өзү бала күлгүндөй,
Көлгө бооруна келет эптеп өрмөлөп.
Өлбөсө эле суу ичет да, күн көрөт:
Жетим болуп улагада жүрүптүр
Ашындай жеп көрүнгөндүн жемесин.
Башын байлап улуу жесир жеңесин,
Алып алып өзүнчө эшик түрүптүр...
Түштөй сасык ал бир өткөн кез дечү!
Кабак чытып эстемексен эстечү (4, 191).

Бул 14 сапта “ашындай жеме жеп чоңойгон” каармандын (Качынын – С.И) башынан өткөн өзүнчө эле бир “доору”, өмүр жолундагы өтө маанилүү, ага өчпөс из калтырган окуялардын өзүнчө эле бир тутуму жатат. Мезгил да бир күндүк же бир жылдык эмес экени түшүнүктүү. Балким, башка бир акын муну алда канча узак, алда канча таасирдүү же жугумсуз сүрөттөп берер эле. Бирок акын өз ишениминде эң туура жана натыйжалуу деп эсептелген  жогорудагыдай поэтикалык ыкмасында жүзөгө ашырат. Бул ыкма чыгарманын бүтүндөй мазмундук структурасына таасир берип, 100 жылдык адам жана коом тарыхын кургак сөз, тажатма баян менен эмес, эмоционалдык-экспрессивдик жогорку дем менен баяндап берүүгө алып келген. Муну “семантикалык концентрация” же формалык-мазмундук топтоштуруу, майда-барат, түпкү максат үчүн маанисиз нерселердин баарын сүрүп, ыргытып таштап, көңүлдү, ой-санааны бир жерге топтоо ыкмасы десек да болот. Муну кыргыз поэзиясына алып келген Омор Султанов болуп эсептелет. Чыгарманын мындай өзгөчөлүктөрүнө чөп башылай белгилеп, ал терең жана кенен изилдөөгө муктаж экенин айта кетели да, жогоруда сөз болгон каармандар жана окуялар маселесине кайрылалы.

Жогорудагыдай поэтикалык ыкма, композициялык түзүлүш чыгармада баяндалган мезгилдин кеңдигине гана эмес, окуялардын жана каармандардын көп түстүүлүгүнө жана көп катмарлуулугуна алып келген. Бирок ошол “көп түстүүлүк жана көп катмарлуулук” алардын саны менен өлчөнбөйт, башкача айтканда, акын “сандык” көрсөткүчкө өз чыгармасын бастырып жибербейт. Бул түшүнүк көбүнчө адам турмушунун, адамдын кулк-мүнөзү менен тагдырынын көп катмарлуулугу жана көп түстүүлүгүнө байланыштуу. “Адам жана турмуш”, “адам жана тагдыр” бир калыпта, бир чен-өлчөмгө салынбайт экен. Акын мына ушуну көрсөткүсү келет. Ошол адам турмушун өкчөп, бийлеген, бир калыпка салгысы келген факторлорду, алардын эбеп-себептерин ачып бергиси келет. Чыгарманын түпкүлүктүү маани-маңызы мына ушуга барып такалат.

Мына ушу өңүттө автор “адам жана бийлик” проблемасына кайрылып, анын “кебете-кешпирин”, бардык замандар үчүн өзөктүү, жалпы жактарын ачып берүү максатында өз көз карашын чыгармадагы окуялар жана каармандар аркылуу жүзөгө ашырат. Тарых жана адам темасы да мына ушуга баш ийдирилет. Адамдын улуугу жана көрпенделиги, жакшылыгы жана жамандыгы, кеңпейилдиги жана көркоолугу (ж.б.) деген түбөлүктүү көйгөйлөр аны менен кош бирдикте коюлат. Ушул максатта автор Качынын санжырасы, айрымдарын өзү көргөн, айрымдарын өзүнөн улуулардан уккан аңыз кеби катары тарыхый инсандарды сөзгө алат. Алардын бири – легендарлуу Балбай баатыр. Совет доорунда аты аталбай, бирок кийин көбүнчө чыныгы баатыр, эл тагдыры үчүн канжыгага баш байлаган адам катары сыпатталып жүргөн Балбай чын эле ошондой адамбы? Акын аны бир жактуу мактабайт, бир жактуу жектебей эле уламыш болуп айтылган бир окуяны баяндап берип, кандай бүтүмгө келерин окурмандын өзүнө калтырат.

Окуя мындай: атактуу Жанек баатырдын жашы жыйырмалардагы, кең далылуу, келишкен жээни жер уусун билбей Көлдүн тескейине барып, казактардан ооп келген экен деп жылкы тийип келет. Бирок ал жылкылар Балбайдыкы болуп чыгат. Жанектикине алты айдан кийин күтүүсүз Балбай келип, үч күн сый көрсө да, үндөбөй отурат. Мунун сырын Жанек баатыр билсе да, ал да сыр бербейт. Кыдыр аке да келет. Кетеринде гана Ырыс аке ага “келиптирсиң, Баатыр, сапар карытып?” деген суроо салууга батынат. Ошондо гана түнөргөн Балбай келген себебин, Жанек анын жылкыларын тийип алганын айтат. Жанек баатыр бул иш жаңылыштык болгонун айтса, Балбай “анда ошол жээн өзүнө кызмат өтөп, күнөөсүн жуусун” деген өктөм жообун берет. Салт боюнча жок дешке болбойт эле. Бирок жолго чыгаарда “желге ойногон” ат үстүндөгү жээнди Балбай ойдо жок жерден как жүрөккө канжар сайып өлтүрүп, атын теминип кете берет. 14 саптык он строфада мына ушундай трагедия баян этилет. Улуу, элдик деген адамдар да ушундай иштерди жасашкан экен. Эми Балбай ким? Ушундай билбей кетирген күнөөсү үчүн гүлгүндөй жаш жигитти өлтүрүү керек беле? Бул Балбайдын баатырдыгыбы же жырткычтыгыбы?! Аны окурман өзү чечсин деген ой жатат чыгармада. Бирок автордун позициясы ачык:

Жээн эмес мен жылкыга тийгендей
Жээнди эмес мени Балбай сайгандай,
Жанек, Балбай – эч киминен ийменбей
Айтчу сөздү айтып барам ар кандай.
Ойлоп аттан кулап түшкөн жээнди
Жүрөк сыздап кейитемин зээнди (4, 227-228).

Кыргыз урууларынын жана “эл жакшыларынын” мына ушундай эч бир акылга сыйбаган чатактары, зөөкүрдүктөрү элдин ынтымагын ыдыратып, өнүгүшүнө кедерги болуп келген. Акын Балбайдын жоосунсуз жоругу менен мына ушул ойду да кыйыта кетет.

Качынын дагы бир санжыра-аңгемеси айтылуу Тилекмат элчинин уулу Чыныбайга байланыштуу. Бул жерде адамдын зулумдугу башкача өңүттө баяндалат. Тилекмат кезинде өзүнөн бийлик талашка укугу бар тууганын талап-тонотуп, өзүн кайра айыптуу кылып, башка жакка (Нарын тарапка) качты кылып, бирок жолдон тындым кылат. Арадан кыйла жылдар өтүп, эми ошо тууганынын бойго жеткен уулу Эр Табылды өз жерин бошотуп, “Эмки жазда мен элиме кайтамын.., Ага чейин элиңизге көчүңүз”,- деген талап коёт Чыныбайга. Чыныбай “баатыр” коркуп, сарсанаа болуп ооруп калат да, үч айда араң “мал” болот. Бирок Чыныбай Табылдынын жакын тууганы Койкелдини алдап-соолап көндүрүп (өзүң журт башы болосуң деп), Нарынга жиберет. Ал Табылдыны көчкү алдында калып өлдү кылып, “жайлап” келет. Чыныбай эми Койкелдинин көзүн тазалатып, анын өлүмүн тууганы Абакка оодарууга жетишет. Айласы кетип, амалы жок калган Абак ар кимдин көзү түшкөн “элик моюн, эрди калың, шам кулак” атын жана үлпүлдөтүп өстүргөн “түнүндө ачып, күндүз жапкан чанагын, бейиш гүлүндөй” кызы Айжаркынды алып, кун төлөмөккө жөнөйт. Бул акылды “тогуз айып төлөөгө алы жок” Абакка кызы өзү айтат:

Аман болсом өчүңдү алып берермин,
Оомат оогон кезеги бар келер күн, - дейт ал.

Каракашка аргымагы менен кызын алып Абак Чыныбайдын айлына жөнөйт. Чыныбай билмексен болуп, анткорлонуп тосуп алат. Окуя ушуну менен бүтөт. Чыныбай кунга келген бул эки баасы жок белекти алдыбы, жокпу – айтылбайт. Алса, Айжаркын кантип өч алды, ал тууралуу да сөз болбойт. Мындан акын үчүн окуянын андан аркы өнүгүшү эмес, Чыныбай өңдүү баатыр сөрөйлөрдүн ченемсиз зулумдугун жана ач көздүгүн, мерездигин жана эки жүздүүлүгүн, бийлик үчүн ал ондогон адам тагдырларын кыйганга даяр каарамүртөз киши экенин ачып берүү маанилүү деген жыйынтык келип чыгат.

Чыныбай Т.Касымбековдун “Сынган Кылыч” романындагы Абил бийдин образын аргасыз эске салат. Көрсө, теңсиздик заманда Чыныбай, Абил бий сыяктуулар адам тагдырларын өздөрү каалагандай калчап, бийлик үчүн эч нерседен кайра тарткан эмес. Муну бири кара сөз менен, бири ыр менен эстен кеткис, кайталангыс көркөм образдарды жаратып, алар аркылуу өткөн турмуш элесин эстен кеткис кылып салат. Ошентип, байлык, бийлик талаштын акыры ар дайым ушул өңдүү трагедиялар менен аяктап келген, бирок ошону менен бүтүп, токтоп калбаган. Совет бийлиги гана буга чекит коюп, байлык менен бийликти бөлүштүрүүнү “өз колуна” алды. Бирок ал адамдардын байлыкка жана бийликке болгон кумарын биротоло өчүрө албады. Бул күрөш заманга жараша башкача түр-түспөл алды, заманга ылайыкташты. Акын мына ушул түбөлүктүү маселенин тек-жайына назар салып, анын кайсы бир жактарын чагылдырып берүү максатында жогорку эпизоддорго кайрылат. Окурманды бирге ой калчоого чакырып, ага жүйөлүү себептерди келтирет.

Романдын башынан аягына чейин катышкан өзөктүү каарман Качы. Анын балалыгы Улуу Үркүнгө туш келип, бир күндө эне-атасын жерге берип, андан соң алты агасынан ажырап, өлбөс үчүн ар кимдин улагасында жүрүп, бой жеткенде жокчулуктун айынан өзүнөн улуу жесир жеңесине баш кошот. Көп өтпөй Совет бийлиги орноп Качынын тагдыры аз да болсо өзгөрүп, коомдук иштерге активдүү катышып, ал эмес согуш мезгилинде колхозго башкарма болуп иштеп, бирок убакыттын өтүшү менен билимдүүлөр чыгып, ордун аларга берип, өзү жылкычы болуп тоого кетет да бүт өмүрүн элинин жыргалчылыгы үчүн арнап, чыныгы коммунист катары эл арасында эмгеги сиңет. Бирок Качынын жеке адамдык жашоосунан жолу болгон жок. Гүлгүндөй жаш кезинде өзүнөн улуу жеңесин алды, андан кийин алган жаш аялы акылсыз чыгып, ал эки баласын алып баса берди. Баладан да жолу болуп алардын ырахатын көргөн жок. Акын Качынын бул жаш аялын деле обу жок сюжеттер менен сүрөттөп отурбай Жаңылдын образынын адамдык касиетин ачып берүү үчүн аны романдын эки-үч жеринде гана эскерет. Бирок ошо сүрөттөө менен эле макороок, ажаан, чалпоо, түшүнүгү тайкы аял көз алдыңа келет:

Жаңыл-апам авакемден көп кичүү
Жака дебей, жайлоо дебей билишчү,
Куба түшүп арак ишчү, вино ишчү.
Төрөп берип эркек эки баланы,
Атасы деп койчу тергеп авамы,
Авам кээде эркелетет “жинди” деп,
Эркеликпи, эссиздикпи ким билет?
Мен андайды көрө элекмин бөлөктөн,
Келсе ачуусу бирдемеден авама,
Төгүп ийип эч нерсеге карабай,
Саап аткан бээнин сүтүн көнөктөн,
Айда аябай авамды анан кыйначу,
Авам байкуш кээде отуруп ыйлачу (4,196).

Романдын дагы бир жеринде:

Жаңыл анда эптүү жакта кайкалай
Карамыгат уйкусуна жеңдирип,
Баласынын буламыгын байкабай
Оозу экен деп кулагына жедирип.
Ал карайлап отту сүзүп отурат,
Коломтодо казан кайнайт боркулдап.
Өткөн тарых сөзүң менен ишиң жок,
Жок дегенде көргөн оңдуу түшү жок,
Арбын келип уйку менен жашчылык,
Бир коктунун болуп сулуу чүрөгү,
Көрүп калса өткөн эркек бирөөнү:
- А-ай, келе кет, - деп кымызга чакырып,
Тегиз баарын теңтуш кылып сүйлөчү,
Анткени анын картымак да күйөөсү (4, 195).

Сөз баккан, эл арасында кадыр-баркка ээ башкы каарманыбыз аялынын мындай кылыктарына нааразы болсо да эки баласы үчүн чыдап жашоосун улантат. Бирок баркына жетпеген ажаан, акылы тайкы, аягы суюк аялы Качы эски оорусу күчөп ооруканага жатып калганда эки баласын жетелеп баса берет. Эми Качынын карманаары жалгыз небереси – Белеги. Ал да кудайдан болуп тээ Үркүн учурунда таап, багып алган баласы Жанузактан калган белеги (Жанузак да бой жетип жаңы эле үйлөнгөндө согушка кетип ошо бойдон кайтпай калган). Бойго жетелек, Качыга арка-бел боло элек тестиер баланы авасы ооруканада жатканда өзүнүн кылган ыплас иштери үчүн ал күнөөлүүдөн бетер аны сабап, кордоп, түн ичинде Жаңыл үйдөн кууп чыгат. Ага боору ооруган Акун баланы интернатка өткөрүп, качан гана Качы ооруканадан чыгып жалгыз калганда жанына кааран болсун деп кайра алып келишет. Бул Качынын жеке үй-бүлөлүк жашоосундагы трагедиясы эле.

Анын экинчи трагедиясы - Качы чалдын районго акыйкат издеп барып, ушунча жыл эл үчүн жасаган эмгеги желге учуп, өмүрүндө бүлбүлдөп жанып турган жалгыз үмүтүнүн жерге күбүлүшү болду. Байкуш Качы карыганда акыркы үмүтү райкомдо болуп, ага арызга келсе: «Документтиң барбы колдо канакей?» – деп чакчырылып, бир кездеги көргөн азабы менен азыркы уккан ачуу сөз жанынан өтүп, жашоодогу акыркы жакшылык үмүтү жерге күбүлгөндөй болду. Ал райкомдун төрагасына бара жатканда мурунку акыйкат жетекчилердей ойлоп, акыйкатты ошол жерден гана табам деп барбады беле. Ал бүт өмүрүн элине кызмат өтөө үчүн арнаса да, акыры 12 сом пенсия алып отуруп калат. Качынын мындай аянычтуу абалда калышына ким күнөөлүү, документин бүчүдөйдөн чогултпаган чалдын өзүбү, же жетекчилерби анын арызын укпаган, же өкмөтпү анын эмгегин баалабаган деген көмүскө ойдун башын чубайт да, калган суроону акын окурмандын өз таразасына коёт.

Ошентип, Качынын образын талдай келсек ал идеалдуу каарман эмес. Акын да алдына андай максат койгон эмес. Ал турмуш кандай таатаал болсо дал ошо татаалдыгын көрсөтүп, андагы ар түрдүү адам тагдырларын турмуштун нагыз фонунуда ачып берүүнү көздөгөн. Акын койгон максатына жетти. О.Султанов Качы аркылуу сөз баккан, сабырдуу, токтоо, эмгекчил, байлыкка да, бийликке да жутунбаган, токпейил, достукка бекем, намыскөй, момун, тактап айтканда, кыргыздарга мүнөздүү жакшы сапаттарды өзүнө топтогон АДАМ образын табигий түрдө эч жасалмасыз жаратты. Ал туулгандан өлгөнгө чейин турмуштун канча кыйноосунан өтсө дагы бир күн  адамдыктан кетпей, адамча эмгек кылып, адамча элге мамиле жасап, ак жашап өттү. Ал дал ошол адамдык бийик сапаттары менен элинин эсинде (убактылуу иштеген чоңдордун эмес, карапайым калк ичинде) өлбөс болуп калганын романдын «Акыркы сапар» деген бөлүмдө берилет. Акун  өлүк ээси сыяктанып, колунан келген жакшылыгын, аракетин кылып, ушул айылды түптөгөн, эмгеги элге сиңген Качы карыяны акыркы сапарга узатаарда чоңдордун бир басып келип, алакан жайып бата кылбаганына, арык кара уйду союп, ушул асыл адамды узатып жатканына жаны кейип турду. Ошентип, эмгекти баалабаган эр көкүрөк чоңдорго караганда, Акун өтө кайгырып, ушундай асыл адамдын асылдыгын сезип, айрылганына чындап жүрөгү ооруп, Качыны көргө коёрдо да, күйгөн киши катары митинг ачып, карыянын кылган эмгегин даңктап турду. Автор Катчыбай менен Кул аттуу карапайым адамдарды ушул бир эпизоддо сүрөттөө менен ал каармандардын элесин тартууга жетишкен.

Кара ашына арык уюн сойдуңар
Калкозду алгач уюштурган кишиге.
Арбагынан бир мал аяп койдуңар
Бет чымырап койсо боло кичине.
Өмүрүндө ким деп жанын сабады?
Өлгөндө эмгек унутулуп калабы?
“Урдум мындай өмүр жолду!” – дебейби.
Катчыбай ма колун жаңсап элейди.
“Камуниске калкоз малын сойбойлу”.
Камуниске куру сөздөн башка да
Арзыбаган тартымдык асмайга,
Картайганда жардамдашса болбойбу?
Дүйнө жыйса жыйнап коймок Качы авам!
Кайран киши абийир менен жашаган.

Кул экөөбүз көр акысын албайбыз,
Кирпич куюп эстелигин камдайбыз.
Биз адамбыз. Бизге намыс, ар керек,
А Чоңдорго адам эмес, мал керек.
Мындай киши келбейт эми кайрылып
Сүйлөп берген санжырасы эмне эле?!
Жүрүп берген карааны чоң дем эле.
Кайран киши калдык сенден айрылып.
Кош, Качы ава! Кош бол эми түбөлүк! –
Деп көз жашын сүрттү сөзү түгөнүп (4,310). – деп Катчыбай эң сонун сөз айтат.

Бул сөздө жөн гана Качыга күйүү эмес, ага карапайым элдин акыйкатты издеп табалбай жатышы, чоңдор менен элдин ортосундагы ажырымдын күчөшү сыяктуу көптөгөн проблемалар сиңирилип айтылган. Мына ушул кичинекей эле эпизод менен акын социализм үчүн жан дилин берип иштеген, ошол жыргал жашоону алып келген коммунисттердин эмгегин баалоо солгундап, кийинки жылдардан баштап жетекчилик катмарында деградация көбөйө баштаганын  ачык, даана элестеткен.

Мына ошондой жетекчилердин бири райком төрагасы Болгонбаев. Бул образ аркылуу акын карапайым эл менен чоңдордун ортосундагы ажырымдын боло баштаганын бергиси келген. Мисалы, романдын «Пенсия» деген бөлүмүндө Болгонбаев колхозчулар менен жолугушкан жериндеги сүйлөгөн сөз менен анын эле эмес, жалпы ошол 1980-жылдарда саясаттын да туура эмес жолго түшкөнүн батырат. Бул жерде мындан ашык сөздүн кереги да жок эле. Райкомдун төрагасы Болгонбаев:

“Данды жыйнап алыш керек маалында,
Болуш керек дайым анын камында.
Ар ким азыр саясатты колдосун,
Бир баш эгин калуу аңызда болбосун...
Күнү-түнү ошоо керек күчтү үрөш...
Калып калса тоокторчо чокутам,
Каяша айтсаң намазыңды окутам...”

“Өл-тирилгин эт планын камдагын...
Сүт боюнча карызыңар белчеден,
Саасаң дагы катыныңдын эмчегин,
Толтурасың быйыл сүттүн планын...
Районду бүт артка тартпагын.
Жарытпайсың, жүндөн жагы арттасың.
Жуурканыңдын жүнүн сөгүп жуламын...
Жоготкула, жылкы зыян кызылдай
Пленумдун чечими бар ушундай (4, 299), - деп жогортодон көргөзмө берип, элдин үрөйүн учурганда, ошол жерде отургандын бири да үнүн чыгара албай калышат. Көрсө Совет мезгилиндеги теңдик, жыргал турмушка карабай, мындай терс көрүнүштөр көп эле кездешчү. Өлсөң талсаң да, калп жаздырсаң да, планды аткарыш керек. Баарыбызга белгилүү болгондой мындай жалган пландар канчалаган адам өмүрлөрүн кыйды. Дал ушул чындыкты акын дагы баягы өзүнүн чебер ыкмасына салып ушул эпизод аркылуу эле  берип салды. Автор Болгонбаев деген атты да бекеринен берген эмес, ушул фамилияны коюу менен жалпы жетекчилердин көбүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрдүн жатканын боолголого болот.

Романда жакшы иштелген образдардын катарына Акундун образын айтсак болот. Ал – негизи карама-каршылыктуу каарман. Бирде ал – адамдардагы эң жаман сапат кекчил, мактанчаак, кур намысчыл, ал эми бирде ал – күрөшчүл, чынчыл, эл-жерин сүйгөн, башка иш түшсө жанын аябаган, ак көңүл адам катары сүрөттөлөт. Роман пролог менен башталат. Анда лирикалык каарманыбыз болгон Белек Курмановдун эр жетип, эл кишиси болгондон кийин атасынын кыйышпас досу Кудайберген Муратович Муратов менен болгон маеги берилет. Мына ошол убакта арызын көтөрүп Акун келет. Ал алгач Акунду тааныбай, качан гана:

Көлөшчөндүн окуп бүтүп арызын:
– Акун… Акун… коё тургун, кайсы Акун?
Үнсүз бирөө:
Кайсы Акунду айтасың? –
Бүшүркөтүп сурап турдум ичимен.
Анан бир кез көргөн өңдүү түшүмөн,
Бүтөп келип уранды эстин кемтигин
Аттиң-ээй… деп Акунду эске келтирдим...
Акун байкем!.. Кайран Акун байкеме
Өткөн экен мезгил мизи оо дагы,
Таштабаптыр бирок көнгөн кааданы –
Бул мендеги принцип деп айтчу эле…
…Аны жакшы таанырымды билгиздим,
Өзүм барып эшик ачып киргиздим (4,181-182) - деп арызды окуганда тааныйт.

Көрсө, Акун байкеси баягы арыбаган, чарчабаган арызын дагы эле көтөрүп жүргөн тура. Бир кезде Зырмурунга уюн жедирип ийип, аны кайтарып алуу аракетинде жүрөт. Анын үстүнөн арызданып жүрүп мугалимдигинен да ажырап, сугатчы болуп калды. Романда Зырмурут Акун менен болгон конфликтиси учурларында эле сүрөттөлөт. Ал Акундун уюн кайтарып бермек тургай башкарма менен биригип алып, аны аябай убара кылышат, анын үстүнө Зырмуруттун кудасы облсот. Муну менен акын бийлик ээлеринин карапайым адамдарга жасаган караөзгөй мамилесин ушул эпизод аркылуу эле окурманга түшүндүрөт. Акун өзүнө катылган кишиге кекчил, анын жамандыгын кечире албайт. Ал эми өзүм деген кишиге эч нерсесин аябайт. Ал Белек кичинекей кезинде Жаңылдан токмок жеп түн ичинде үйүнөн куулуп калганда, ага боору ооруп Караколго интернатка алып барып өткөрүп берет. Кийин Качы авасы ооруканадан чыгып келип коколой башы калганда жанына караан болсун деп кайра барып алып келишет. Акундун бийик адамкерчилиги, айланасындагы карапайым адамдарга салыштырмалуу өзгөчөлөнүп турганын Качынын көзү өткөндө да ага өлүк ээси катары (Качыга жакын тууган болбосо да) башында туруп, ал катардагы эле карапайым адам эмес экенин түшүнүп, митинг жасап, эли кандай кеменгер адамынан айырылып жатканын айтып турган эпизоддордо даана ачылат.

Акундун башкаларга караганда өзүнө жетерлик билими да бар. Ал өзүн коргогонго, адамдарды баалаганга, учурдагы болуп жаткан окуяларга ой жүгүртүүгө алы жетет. Антпесе, Качыкенин кийинки жаштарга өрнөк болчу өмүрүн айтып, алар угуп калсын деп аракет кылбайт эле да. Акыйкат (ал өзү ошондой деп эсептейт - И.С.) үчүн ал өмүр бою күрөшпөйт эле. Романдын «Пенсия», «Акыркы сапар» деген бөлүмдөрүндө Акун биринчи планга чыгат. Ал карып бара жатса да эски блокнотун колдон түшүрбөй, бир эле убакта газетага кабар жазып, ошол эле убакта колхоздо болгон терс көрүнүштөргө каршы арыз жазып тургандыгы айтылат. Анда колхоз башкармасынын кылган тетири иштерине эл ичтеринде нааразы болсо да, ага айласыз көнүп, баш ийүүгө аргасыз болушса,  жалгыз гана Акун көнбөстөн, үстү-үстүнө арыз жазып турат:

Жалгыз Акун такыр ыкка көнбөгөн.
- Бул үчүнбү?!.. Бул иш үчүн өлбөгөн
Жерде калып, барчу жерге барамын! –
Моюн бербей жазып жатып карарып,
Кайрып алган мугалимдик кесибин.
Башкармабыз жоготом деп канча аны
Басып, тепсеп айда аябай калчады.
Бирок Акун жедирген жок кешигин.
Болгонбаев келгенде да текшерип
Айтышыптыр тилин тартпай бет келип. (4, 303-304),

Ал чындык үчүн акырына чейин күрөшөт. Романда дагы ийгиликтүү иштелген эпизоддук каармандарга Катчыбай, Кул, Анна, Сергейдин образдарын да кошууга болот. Аларды автор кыска, бирок психологиялык мазмундуу кырдаалдарда сүрөттөп, аз да болсо алардын адамдык адамкерчиликтерин көз алдыга алып келет.

Чыгарманын мазмуну жеке адам тагдырын, тарыхый окуяларды, достук, эл-жерди сүйүү, интернационализм, адамкерчилик сыяктуу көп маселелерди өз ичине камтыйт. Романда жеке адам тагдыры эл тагдыры, Ата Мекен тагдырына өтүшүп, ажырагыс биримдикте сүрөттөлөт. Акын романды он сегиз главага бөлүп, ар бирине темаларды коюп, ар бир бөлүмүндө жаңы турмуш чындыгын, жаңы ойлорду ачып жүрүп отурат. Акын улам эпизод сайын жөнөкөй карапайым адамдар менен жетекчи, кызматчылардын мамилелеринин нугун кеңейтип, курчутуп отуруп, социалисттик мезгилдеги, б.а., ошол замандын ишенимдүү облигин тартууга да үлгүргөн.  Акын 1980-жылдары эле элдин социалисттик түзүлүшкө, коммунизмге баратабыз деген ишеничтен тайып баратканын прогрессивдүү адам катары эчак түшүнгөн.  Ал ишенич өзгөчө Хрущевдин бийликке келиши менен анын Сталинге каршы жүргүзгөн саясаты кошумча болгон. Аны акын романдын “Акырык сапар” деген бөлүмүндөгү: 

- Койсоңорчу ой, анын жөнү алыстан
Келүүчү кеп. Бу силердин Качы эмес,
Сталинди көрдөн сүйрөп салышкан...
Деп сүйлөштү бир тобу ошо арада,
Туз себишип ылжыраган жарага (4, 308).

Мында коммунисттин, ак жүрөк, чынчылдык баркынын кеткенин таасын берет. Мисалы, акын совет мезгилиндеги элибизге жат көрүнүштөрдүн жашообузга сиңип бара жаткан Караколго деп чыккан автобустун ичиндеги окуялардан эле жетишээрлик деңгээлде сүрөттөйт. Бул эпизоддордо жолдо келе жатып автобустун дөңгөлөгү жарылып, оңдолгуча күтүп турушкан мезгилде эле персонаждын кебете-кешпирин, маанайын,  ар кыл адамдын портреттерин чебер художниктей эле картинага айлантат. Анда аны талдап отурбай, бүкүлүсүнөн эле окуп көрөлү:

Бильярддын чачыраган шарындай
Жолдун өйүз-бүйүзүнө жайылды.
Көпүрөнүн алдынан суу шарылдап
Ары барып жаза отуруп аялдар,
А эркектер ызат кармап аялдап,
Жууган болуп колун сууга эңкейип...
Шляпачан семиз неме деңкейип
Көз айнегин коёт улам оңдолоп.
Кара костюм, кара шымчан, өтүкчөн,
Бел кырчоосу бөлүнбөгөн көчүктөн,
Ойлоп койдум ал кишини “Чоң” го деп.
Эки арык кыз каакумга окшош мен курдуу
Сереңдешип сууга барып жуунду.

Авам баштап бир топ киши топ болуп
Суу жээгинде көк майсаңга отурду.
Артын тырмайт колу калса бош болуп
Бир кишини “чүчөк ко”, же “котурбу”? –
Деп ойлодум беритен көз жиберип,
“Дамбалы көп” кызыл келин чидерип,
Те-е обочо жалгыз кетип калыптыр.
“Аны кайсы жеп атты эле карышкыр”...
Арабадан жаңы чыккан аңгидей
Жаңкы студент келин жакка шылкыйып,
Маал-маал артын карап кылтыйып,
Бара жатат санаасында барбы дейм
Бизге айтпаган бир сыр, бир ой тилеги?!
Тинтпеген соң ичин кайдан билейин.

Ары карап бала эмизип отурат,
Сары карын болуп бүткөн бир аял.
Дене бою салыңкыраак, бошураак
Менин тиктеп турганымды билеби ал?!
Эки бутун таштап коюп балбырап
Эмчеги ийип наристени кандырып,
Бир демени өзү чайнап жеп коюп
Турпат тулкун эркин таштап, тек коюп,
Аккан сууң, аваң менен иши жок,
Өзүнчө бир болуп толук дүнүйө,
Жасап жүргөн ишин жасап күнүгө,
Ага же бир көңүл бурган киши жок,
Күн да ошондой тийип турат кайдыгер,
Жүрүп турат жибек саамай жайкы жел (4,241-242).

Романда адабиятчылар, тилчилер үчүн изилдөөгө көп материал болуп берчү нерсе анын тили. Акын өзү жазгандай “кыргыз балдар кыргызчалап” окугудай кылып башка тилдерден келген сөздөрдү да кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүгү менен аларды адабий тилге айландырууга батынган. Бул барып турган мекенчилдик десек болот. Анткени, башка тилден келген сөздөрдү кандай болсо дал ошондой калыбында сүйлөй берсек тилибизди байытмак тургай, аны жардылантып, жок кылууга чейин барышыбыз мүмкүн. Акын ошол маселени да туура түшүнүп, романдын тилин накта кыргызча сүйлөтө алган. Мисалы; газета-гезит, колхоз-калкоз, коммунист-камунис ж.б көптөгөн сөздөрдү эл арасында кандай айтылып жүрсө дал өзүндөй колдонуп жазган. Муну дагы чыгарманын бир жетишкендиги катары карасак болот.

Ошентип “Адамдын турмушу” кыргыз поэзиясындагы ыр-роман жанрындагы жаңычыл көрүнүш, мындан мыктысы жазылганга чейин анын соңку бийиктиктеринин бир дешке болот. Автор коомдук-тарыхый кырдаалдарды жана көбүнчө аны менен да, өздүк “менчил” жагдайлар менен да шартталган адам тагдырларын сүрөттөөнүн жаңыча ыкмасын сунуш кылат. Бирок “жаңыча” дегендин баары эле сапаттын, жаңы бийиктиктин кепилдиги боло албайт. О.Султанов муну мыкты түшүнөт. Түз сызыктуу сюжет, кашкая көрүнгөн конфликт дегенден оолактап, акын турмуш казанындагы бир чети көнүмүш көрүнгөн, бирок ошонусу менен нака турмуштун өзү болгон учурларга басым коюп, ошолордун тегерегинде ой калчаган философ-ойчул сыпатында көрүнөт.

“Евгений Онегин” деле ушундай ыкмада жазылган. Мунун өзү “Адамдын турмушу” кынтыксыз чыгарма дегендик эмес. Ал шексиз мыкты чыгарма. Ага профессор А.Иманов “Сөз менен да картина-сүрөт тартса болот экен” (6,11) деп суктанса, залкар адабиятчы-сынчы К.Артыкбаев жазат: “Ошондой болсо да, акындын поэтикалык изденүүлөрүндө дагы чыйралта иштөөнү, дагы ийине жеткирип коюуну талап кылып турган айрым бир строфалар, саптар, сөздөр да учурабай койбойт. ... окурманды бир аз бушайман кылгын саптар да кездешет” (5,23). Ал эми Ч.Өмүралиев болсо: “Адамдын турмушу” – бул, улуттук колоритке ушунчалык карк канык жана ошол эле учурда маани-маңызы боюнча жалпы адамзаттык мүнөзгө ээ чыгарма”, - деген көкөлөгөн тыянак чыгарат да, анысын алынча далилдөөгө аракет көрөт (1,281).

Бул баа-ченемдердин калетсиз кашкайта далилдеген эмгек “Адамдын турмушу” боюнча али жазыла элек. Буга бир чети көркөм адабиятка болгон коомдук, атүгүл мамлекеттик кызыкчылыктын болуп көрбөгөндөй төмөндөөсү себепкер, экинчиден (ушундан улам) мындай чыгармалардын артынан сая түшүп, оңду-солду талдап берген кашкөй адабиятчы-сынчылар сээлдеп кетти деген ойду дагы бир жолу баса белгилейбиз. Жадакалса ошол сынчылырга майдан болуп берүүчү адабий гезитибиз да жок. Болбосо, “Адамдын турмушу” көз жаздымда кала турган чыгарма эмес. Бирок бардыгына өзүнүн калыс баасын берип, бардыгын орду-ордуна коёр мезгил деген бар. Менимче “Адамдын турмушу” мезгил сынынан буйдалбай өткөн окумдуу чыгармалардын катарын толуктайт. Ошондуктан адистер ага дагы нечен кайрыларына күмөнүм жок. 

Колдонулган адабияттар:

1. Өмүралиев Ч. Тубаса. Пролог. Омор Султанов ким? – Китепте: О.Султанов. Адамдын турмушу: ыр-роман. –Б,2017, -296 б.

2. Султанов О. Адамдын турмушу: ыр-роман. –Б.,2017, -296 б.

3. Султанов О. Адамдын турмушун кандайча баштап калдым. – Китепте: О.Султанов. Адамдын турмушу: ыр-роман. –Б,2017, -296 б.

4. Султанов О. Жан берели сүйүүгө: ырлар жана роман. –Б.,1996, -312 б.

5. Артыкбаев К. Адамдын турмушу романы тууралуу. –Китепте: О.Султанов. Адамдын турмушу: ыр-роман. –Б,2017, -296 б.

6. Иманов А. “Адамдын турмушундагы” Жанек баатыр. – Китепте: О.Султанов. Адамдын турмушу: ыр-роман. –Б,2017, -296 б.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз