Сүйүн Курманова: Бит кайдан келет?

  • 01.04.2020
  • 5472

Балалыктан бир элес

Биздин мектептеги эң дүрбөлөңдүү окуя – санитардык текшерүү. Эчтемеден кабары жок мыдырап отурган класска күтпөгөн жерден кирип келген мугалим, “кана, кимиңерде партизан бар” деп кыздардын чачтарын, балдардын майкесин текшерип кирет.

Сабак токтоп, алиги эжей катарларды аралап, “кылмышкерди” издеп бүткөнчө класс дем тартпай дымырай түшөт, баары мышык көргөн чычкандан бетер моюндарын жикирейтип, “кокус менден чыксачы” деп коркуп турушат. Кээде мындай текшерүүнү чыканактан өйдөрөк жеринде кыпкызыл кошуу белгиси бар байлооч тагынган кыздар аткарышат. Мугалимдер текшерип болуп, “шектүү” баланы байкатпай нукуп, сырдуу тиктеп чыгып кетишсе бу чеңкилдеген санитарлар “Эже, мынабунун башында сирке жүрөт!” деп салтанаттуу жар салышат.

Дайыма артта отурган, сабактан лам деп оозун ачпаган Мунар бир күнү ушундай “капканга” илинди. Баарыбыз ууру кармалгандан бетер аны жабыла карап калдык. Мунар кыпкызыл болуп, партанын астына кирип кетип, ошо боюнча чыкпай калды. Эжей “эч нерсе эмес, кел эми чык” десе да болбойт, биз болсок кокусунан класска маймыл кирип кетип камалып жаткандан бетер жарданып карап турабыз. Үйгө келип, кийим которуштуруп жатып бул “жаңылыкты” апама айттым.

- Апа, эмнеге минтип текшеришет, бити болсо өзүнө да?

- Ой, бит деген бир жерде эле туруп калбайт, аябай көбөйөт, башкаларга жугат да.

- Жукса эмне болот?

- Жаман болбойбу, согуштан кийин элди бүт бит баскан, анда киймиң деле, буюмуң деле тери, жүн болчу да. Ачкаданбы, ооруданбы – далай эл кырылган экен, эл “бит басканды балээ басат” деп коюшчу, ошондон кийин балдар үйүндөгү, мектептеги балдарды ушинтип текшерип калышкан. Бит жүндүү териге кирип кетсе азап экен, Асаке деген бирөө биттеп, такыр чыдабай кеткенде отту чоң жагып, үстүндөгү тонун силксе тим эле бытырайт дейт. Анча-мынча күбүп туруп, “кой, тукум курут болуп кетпесин, булар да жашасын да” деп кайра кийип алыптыр дешчү. Анын жаман оору алып келерин билбесе деле керек.

- Бит кайдан келет?

- Ой адамдын өзүнөн эле чыгат, жуунбаса, кир колу менен тамак жесе чыгат. Илгери го самын жок болчу, азыр суу бар, самын кудайга шүгүр, чоңоюп калган кыз өзү эле жуунбайбы. Энеси бечара сонун аял болчу. Атасы экөө бир күндө, кырсыктан каза болушкан. Чоң энесинин буларды караганга чамасы келбей калган го...Мунарды акырын  ээрчитип келчи...

Кечинде керосин сыйпалган башын эски жоолук менен таңган Мунар биз менен кара күүгүмгө чейин жашынмак ойноду. Апам анан чоң казанга суу жылытып, баарыбыздын башыбызды жууп, чачыбызды тарап, “таза жүрбөсөңөр бит көлгө сүйрөп барып салып иет” деп койду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз