Итальян эл жомогу: Буйвол жана барабан

  • 01.04.2020
  • 3588

Эки теңтуш жолугуп калат. Бир чөйчөктөн кагыштырмай болушат. Бир жерге киришет. Үстөлгө отуруп, бир чөйчөктөн заказ кылышат. 

– Э, – дейт бири, – көптөн бери көрүшпөдүк ко. Биз көрүшпөгөндөн бери Неаполдо болдум, несин айтасың, атасынын гөрү. Жолдо катар эмнелерди гана көрбөдүм, акыры таңгалбай да калдым. Шумдук эми. Бирок бир курдай оозум ачылды, эй. Баратам жолдо, баратып – барабан көрдүм. Эми чоңдугун кандай десем... Эми укмуш! Мен аны үч күндө араң айланып чыктым. А барабандын үстүндө кыштак курулуптур. Ал жерде жашагандар малын жайытка айдаганда, уйлардын туягы такылдаткан барабандын үнү тогуз жүз чакырымдай жерге дейре угулат экен. Ишенесиңби?

– Ишенбегендечи, – дейт тиги да камаарабай. – Мен көрбөгөн да шумдуктар калган жок. Менин кандай көзгө атар мерген экенимди билесиң го. Канча жаныбарды кырганымдын эсеби да жок. Бир мерте буйволду жайладым. Охо, буйвол деп шону айт. Алдыңкы колунун туягы тиги тоонун кыр чокусуна жетсе, арткы бутунун туягы бияк тоонун туу чокусуна жетпедиби. Ал буйвол чөп ордуна бак-дарак, арча-карагайлардын бутагы, тамырынан өйдө жалмачу экен.

– Йе, кудайды карап калп айтсаң! Ушу кантип болсун эми?! – дейт эң мурда мактанып отурганы. 

– Кантип болбойт, болот экен! Болгон үчүн алиги сен көрдүм деп отурган барабан так ошол мен аткан буйволдун териси менен капталыптыр.

Муну уккан тигинин жаагы жап болуп отуруп калыптыр.

Которгон О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз