Акчанын жыты жок

  • 09.04.2021
  • 3669

Бул учкул сөз байыркы Римден чыккан. Рим императору Веспасиан (09-79-жж.) менен анын уулу Тит араздашкан кезде айтылган сөз. Император Веспасиан казынаны толтуруу максатында коомдук жайлардагы дааратканаларга салык салууну чечет.

Натыйжада, дааратканаларга адамдар акы төлөп кирип калышат. Ал кезде коомдук жайлардагы дааратканадан чыккан сийдикти да топтоп, акчага сатып турушкан. Тундурулган сийдик кир кетирүүчү каражат катары колдонулуп, кир жуучу жайлар, жүн иштеткен жана тери ашаткан майда ишканалар сийдикти такай ушул жайлардан акчага сатып алып колдонушкан.

Гай Светоний Транквиллдин «Он эки цезардын жашоо баяны» [1] эмгегинде бул төмөндөгүдөй жазылган: “Императордун минтип сийдиктен акча жасаганын уккан анын уулу Тит буга аябай намыстанып, атасынан бул ишти токтотууну суранат. Атасы баласынын сунушуна көнбөй, мунун айынан ата-бала кайым айтыша кетишет. Буга каарданган император дал ошол дааратканалардан түшкөн тыйындан бирди алат да, баласынын мурдуна такап, андан:

- Эмне жыттанат бул?  ̶  деп сурайт.

Анда баласы:

- Эчтеке,  ̶  деп жооп берет.

- Мына, көрдүңбү,  ̶  дейт император,  ̶  Бул дал ошол сен жийиркенип жаткан сийдиктен түшкөн тыйын. Акчанын жыты жок дегенге эми түшүндүңбү, келжирек!?

Учкул сөздүн турмуштук жана тарбиялык мааниси

Учкул сөздүн маанисин оң жана терс жагынан алып кароого болот. Тескери жагынан алып караганда: пайдадан түшкөн акча өзүнүн мурунку «тарыхын» толук бойдон унутуп калуу касиетине ээ. Натыйжада, сиз ал акчаны маңдай тер, адал эмгек менен таптыңызбы же арам, уурулук, алдамчылык, коррупциялык жол мененби – акча үчүн ал мааниге ээ эмес. Бул жерде акчанын суммасы негизги мааниге ээ. Буга Карл Маркстын акча тууралуу оюн жүйө келтирсе болот:

«Товар акчага айланар замат өзүнүн мурунку мазмунун жоготот, б.а., товардан түшкөн акчада товардын «тарыхы» сакталбайт. Акчанын жыты жок, ал товардын «тарыхын» пайда болор замат унутат», [2].

Ал эми учкул сөздүн маанисин оң жагынан карасак: сиз иштеп тапкан акча кандай жол менен келди, анын эч кандай мааниси жок. Тапкан киреше акчанын мааниси  ̶  ал акча адал жол менен табылдыбы же арам жол менен келдиби, мына ушунда жатат, б.а., акчанын “жыты” анын адал же арам экендигинде. Бул тууралуу казак туугандар «Есектің көтін жусаң да, жұмыс істеп, ақша тап» деп бекеринен айтпаган, б.а., сиз кир тебелеп, бок мыкчып акча таапсаңыз да, ал акча адал жол менен келсе, демек сиз Жараткан алдында аксыз.

Эгер сиз галстук тагынып, таптаза, жылуу-жумшак жайда чыкыйа кийинип, бирок ар кандай уурулук, зордук, алдамчылык, мамлекет мүлкүнө кол салуу сыяктуу арам жолдор менен акчаны самандай уучтап, күпүлдөтүп таап жатсаңыз, анда сиз Жараткан алдында да, коом алдында да арам оокат менен күн көргөн, өлүмтүк жеп жашоо кечирген кузгун кейпиндеги адамсыз.

Адам баласын Жараткан бакытка бөлөп, ага аң-сезим берген. Адамдын жаныбардан айырмасы – аң-сезимдүү түрдө адал менен тамактанып, аң-сезими аркылуу Кудайды тааныганында жатат. “Акчанын жыты жок” дегенди тескери мааниде туу тутуп жашасаңыз, демек сиз “Кудай жок” деген түшүнүктө жашаган, жаныбардан айырмасы жок адамсыз. Жаныбарда адал деген да, Кудай деген да түшүнүк жок эмеспи. Демек бул учкул сөздү оң мааниде кабылдап, уурулук, зордук, алдамчылык, коррупциялык иштерден оолак жашоо сиздин адамдык сапатыныздын даражасын айгинелеп турат, замандаш.

Даярдаган Кубантай  Эрназаров,  Москва шаары.  

[1]. Гай Светоний Транквилл, «Он эки цезардын жашоо баяны» (Улуу Веспасиан, 23.3);

[2]. К. Маркс, «Капитал», 23-том, 120-бет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз