АҢГЕМЕ
Шалпаң кулактын ээси былтыр жазда өтүп кетти... Үйү ээн калып, эч ким жок. Төрт дубалы жып жылаңач. Кээде эле сууктан калкалап, ошо тушта жүргөн селсаяктар башпаана кылып калбаса, бу үйгө басып келген киши деле жок. Ным. Дубалдын эски кагаздары жыртылган үйдө дамамат каңырсык жыт турат. Эшиги да, терезеси да ачык.
Шалпаң кулак бу ээн калган үйдү карабай ар жакта тентип, кээ-кээде эле куйругун чатына кысып келип калат. Бу эски тамда кожоюну экөө турчу. Кожоюну да жалгыз баш киши. Эч ким менен мамилеси да жок. Бу үйгө аяк басып келген бир адамды көрө элек шалпаң кулак. Непаада бирөө-жарым келип калса, ал бөтөн адамдын сазайын берип ырылдап туруп алат. Ээсинин эрмеги шалпаң кулак. Экөө бу тамда жалгыз күн өткөрүп келет. Үй саздак жерде тургангабы, үйдөн жагымсыз сыздын жыты келет. Бурчтагы газ плитада кожоюну эмне тамак жасаса, бу итке да муздатып туруп ооз тийгизет. Экөөнүн тагдыры гана эмес, тамагы да бир.
Кожоюн бу шалпаң кулакты жакшы көрө турган. Эртели-кеч эрмеги ушу ит... Шалпаң кулак ээсин эстесе, айбан болсо да көзүнө жаш үйүлөт. Иттер да ыйлайт, иттер да эскерет. Кожоюну киши колдуу болуп өлдү. Шалпаң кулактын көз алдында, түндөсү үч лөкүйгөн немелер келип, бозала койдой тепкилеп, өлтүрүп кетишкен. Арадан бир кыйла убакыт өттү... Шалпаң кулактын ээси согушка катышкан, далылуу, колдору барбайган, шадылуу киши эле. Акыркы кезде ал таяк таянып басып калган. Иттин мээсинен акыркы кездеги жадында калгандар көзүнөн чууруп өтөт...
...Бу күнү ал кожоюну экөө паркка майрамга барган. Чал көптөн бери киелек кителин кийип, орден-медалдарын төшүнө бадырайта тагып парктагы шаң-шөкөткө чыккан. Саарлап кожоюну экөө ээрчишип, эски тамдын жанындагы көчүп түшкөн дубалдан эмес, тээ парк башындагы чоң темир дарбазадан кирген. Аердегилер кожоюнуна гүл берип, жылуу жумшак мамиле жасаган. Ит ит болсо да, муну байкап турду. Бу макулук баарын түшүнөт, сүйлөйүн десе эле тили кыска. Анын үстүнө кожоюну да бүгүн бир башкача, көңүлү көтөрүңкү. Паркты түп көтөрүп, майрамдын шаңы ээледи. Эски парк кулпуруп, ортодогу аянтчада үйлөмө оркестрдин үнү аба жарып турду. Кожоюну да, ит да экөө бири-биринен көз албайт. Улам-улам бири-бирин жоктоп турат.
Ит ээси узун, тамак-аш жайнаган столго көп адам менен катар отурду. Кожоюндан беш-алты кадам ары шалпаң кулак жерге жатты. Анда-санда артка кылчая, кожоюну сөөк ыргытып, итти кайдасың дегендей карап коёт. Буердегилердин баары кызып калды, ырдай баштады. Ага узун столдо отурган картаң адамдар да кошулду... Майрам кеч иңирге дейре узарды. Чал артына сылтый басып, күчүнүн баарын таягына чыгарды... Бу күнү экөө үйгө кеч кайтты. Кожоюн алагүү. Оозунан арак буркурап турду... Ал итине чөгөлөй отуруп, анын маңдайынан өптү.
– Сен гана менин эрмегимсиң!.. – Чал шалпаң кулактын алдында чөгөлөп туруп, маңдайынан сылап айтты. – Эртең 9-Май – Жеңиш күнү! Мобу «фронтовой жүз граммды ичебиз!..» – Колундагы арактын бөтөлкөсүн итке көрсөттү. – Кудай жазган бешене экен, согуштан аман келип ушу мага буйруп отурат... А мендейлердин канчасы бу күнгө жетпей калды?! Аны сен ит билбейсиң! – деп чал жашып кетти.
Чал бир кыйла кызып калган. Ит адатынча чалдын колун жалап жиберди.
– Эртең алардын баарын эскерем...
Каш карайып, түн кирди... Ошо күнкүнү эстесе ит жүрөгү зиркирейт... Караңгы кирип, бу эски тамдын үлпүлдөгөн жарыгы өчөрү менен үч киши карпа-курпа кирип келди. Шалпаң кулак алардын алдынан үрүп чыкты. Абышка аны да укканы жок. Шалпаң кулакты алдыдагы олбурлуу киши жон талаштыра колундагы таягы менен койгондо, бу ит тырпырап барып үйдүн бурчуна сулады. Көзүнөн от чыгып, төрт буту тыбыраганга жарабай жатып калды. Көзү карайлап, тумшугу кан... Иттин көз алдында эски там ызы-чуу түшүп жатып калды. Баягы таяк керебеттен эми эле башын көтөргөн чалдын каракуш мээсине тийди. Ал керебеттен жерге кулап түштү. Үчөө жерде жаткан абышканы туш-тарабына тепкилеп кирди. Чалдан таптакыр үн да, кыймыл да чыкпады...
Бу үчөө үйдү тинтий баштады. Чалдын бүгүнкү майрамга кийип барган кителин таап алышты. Кителге тагылган орден-медалдардын бирөөсүн калтырбай жулуп жатты...
– Ом-эй! Бу чал герой го эки «Красный звезда», бир «Даңк! Вот это да! – деп, кителден ордендерди жула тартып жаткан бою пекене, колундагы мобилдүү телефонунун чырагын жандырып, таң кала акшыйды.
– Братан, буларың «черный рынокто» канча турат? – деп суроолуу жанындагы чоюн кулак, дүңдүйгөнгө кайрылды. – Үч «штукка» болобу?..
– Булардын ар бири эки «штуктан»... – деди корс эте чоюн кулак.
– А мобучу?.. Орден «Почетного знака» дейби? Бучу?.. – Кызыгы арткан пекене бойлуу неме алаканга салып. – Оор экен...
– А да нормальный «бабла» турат... – Ортого үчүнчүсү аралашты.
– Бирок бу «трудовой», «военный» эмес... – деди ал.
Бу үчөө кителдеги тагылгандардын баарын сыйрып алды. Абышка кулаган жеринде көпкө дейре бут серппей бүк түшүп жатып калды...
– Муну үстүнө бензин чачып өрттөп салалыбы?– деди пекене бойлуу, темир тиш, кыл мурут. – Изибиз да калбайт...
– Согушта фашистти жеңген, бу чалга андай өлүм арзыбайт! – деди кең далылуу, башына жүн топу кийген, былтыгый чоюн кулак. – Бу деген фронтовик!.. Эртең Жеңиш күнү экенин эстен чыгардыңбы, братуха!..
– Баары нищтяк, братан! Суу барбы?.. Бетине чачып көрөлү... Бу чын эле мүрт кеттиби же... дале? – Денесине кыска булгаары куртканы жабыштыра кийген неме колундагы кол кабын чечип, мобилдүү телефондун жарыгын чалдын жүзүнө такады. – Вроде, дем алганы да билинбейт, капут болгон го бу чал, – деди да, шымынын алаасын чечип, абышканын жүзүнө каратып, сиймекке аракет кылды. – Тирүү болсо, эми кыймылдап көрсүн!
– Жинди болдуңбу! – деп кең далылуу чоюн кулак, абышканы карай заара ушатып жибергенге даяр турган немени колу менен бир тартып, столдун үстүндөгү кырлуу стакандагы аракты чалдын бетине жаба чачты. – Көз ирмеп да койгон жок, өлдү... Кеттик!.. – деди ал.
– Кеттик! – деди беркилер.
Үчөө эшикти «тарс» жаап, караңгыга житип жоголду. Караңгы бөлмөдө экөө калды. Жаны үзүлгөн чал, жарты жан ит. Иттин мурдуна адам канынын жыты, каңырсык сийдиктин жыты келди... Абышканын каны полдо жайылып жатты... Абышка тырп эткен бойдон үн да, кыймыл да жок, эчтеке сезбей жатты... Чалдын жаны үзүлгөнүн бу макулук билген да жок... Ит да ордуна турайын дейт. Төрт аягы жансыз... Ал күч-алдан кетип, көзү караңгылады... Тумшугуна тили келип такалды. Иттин жаны ушул тилде тургансып, ал оозуна толо түшөт да, аба жетпей кыйналат...
Ит баар күчүн жумшап, түпкүрүнөн жарылып чыкчудай болгон тилин кан аралаш ичкери тартат... бир маалда өлүм менен өмүрдүн ортосунда турган иттин өнө боюн түпсүз караңгылык ээлеп алды. Анын денесин бу караңгылык өзүнө имергендей болду. Бир гана төшүндөгү дүк-дүк соккон жүрөгү аны бу караңгылыкта кармап турган өңдөнөт... Иттин көзү түпсүз караңгылыкка арбалды... Ал чылк кара түндө калкып жүрдү... Иттин өлүүсү да, соосу да билинбей турду...
Таң сөгүлүп, эски тамга күн нуру түштү. Иттин жансыз көзү ачылды. Кулагына таңзаарлап күндө кыйкырган короздун үнү келет... Ит тирүүлүк менен ажыраша электигин ушу үндөн сезди. Бүт дене бою зиркиреп турду... Бу макулуктун жаны бышык... ал кыймылга келди... андан арыраак төрт метрдей жерде кожоюну жатат. Көзү чылк жумулган... оозу ороодой ачык. Кечеги арактын жыты да жок. Кандын жыты келет... Анын каны да уюп, катып бараткан эле... Ит бар дарманын топтоп, ээсин карай жылды... Ээсинин денесинде тирүүлүктүн белгиси жок экенин, ушу саам ал ит болсо да сезип турду...
Ит чалдын колун тили менен жалады. Колдору муздак. Жансыз. Денеси көкала... Ит көрүп турган көзүнө ишенбеди... кожоюну эбак аркы дүйнөгө жүрүп берген эле... Ушу саам чочугандай эски парк тараптагы радио «рупкадан» Лев Лещенконун ыры угулду. Ал ыр «Жеңиш күнү» деген ыр эле. Бу күнгө 9-Май. Бу ит макулук аны кайдан билмек?.. Эбак жаны үзүлгөн кожоюнуна чукул жерде боору менен өмгөктөп жакындады. Радио рупкадан таңзаар менен ыр жаңырып жатты... Абышканын жанында тытылган китель жатат... ал бу кителди беш жыл бою от кечкен согушта кийип, аман келгенин бу ит макулук кайдан билсин?.. Момунтип, көк-ала койдой токмоктоп, көпкөн немелер ит өлүм менен өлтүрүп кетерин кайдан билсин?..
Эки күн бою ит ордунан туралбай, денеси сасып бараткан кожоюнунун жанында жатты... Үчүнчү күнү гана демине дем кошулду... Күн өткөн сайын өлүктүн жыты ансайын сасып, бу эски тамды ээлеп алды. Сыз менен өлүк жыты кошул-ташыл болуп кетти... Арадан төрт күн өткөндө... ит бутка турду... Ошо күнү почточу бу абышкага пенсиясын алып келди... Ал көпкө эски жыгач дарбазаны такылдатып, эч бир үн чыкпагандан кийин кайра жолуна түшкөн... Ит да батынып сыртка чыга албады...
Бу түнү бу эски тамга эки адам келди. Бирөө эркек, экинчиси ургаачы. Шалпаң кулак бу экөөнү бат эле сезди... Бирок «а» эткен үн чыгарбады... Үн чыгарбаганы алар төрт күндөн бери жерде жаткан кожоюнун көрүп, анын тирүү же өлүгүн билсе дегени эле... Бу экөө эски тамдын ичине берирээк, чал жаткан бөлмөгө кирбей, далиске чукул бөлмөгө баш бакты. Ит алардын жанына боору менен жылып барайын деди. Буту так туралбады... кулагына алардын үнү, мурдуна жыты келет.
– Аябай караңгы экен?.. – деди аял.
– Тапкан жериңи кара... Эң башкысы буерде тирүү жан жок. Ээн... эч ким көрбөйт, – деди эркек.
Экөө өбүшүп, бирин бири жыттагылап жатты. Көп өтпөй эле аялдын кыңкыстаган үнү итке угулду. Аялдын үнү катуу чыкты. Ага удаа эркек да кумарлуу үндөрдү чыгарды. Экөө бир маалда суй жыгылгандай үн жок туруп калды.
– Буерден сийдиктин жыты келеби? Сасыгы тим эле мурун жарат, – деди аял жактырбай.
– Сасыгын эмне кыласың? Эч ким бизди көргөн жок... – деди эркек шашкалактаган үн менен. – Жүрү, кеттик, – деди.
– Эмне? Ишиң бүттүбү?.. – деди аял тырчыйып. – Бүтөрү менен эле шаштырып турасың... – деди аял жактырбаган үн менен.
– Сийдик жыттанып жатат деп атпайсыңбы? Чын эле бир минут тура турган жер эмес экен, сасыгын! – деди итиркейи келген эркек.
Экөө эшикти «тарс» жаап чыгып кетти. Алар береги чал жаткан бөлмөгө баш баккан да жок. Иттин ою таш капты. Анын үрбөй тым жатканы да ошо эле, экөө бу бөлмөгө кирсе абышканы көрүп калабы деген. Эртеси баягы почточу аял дагы келди. Бирок ал таңзаарлап келди. Бу сапар ордунан араң турган шалпаң кулак утурлай абалап, жансыз үрүп чыкты.
– Хозяин! Ал мынабу итиңди! Хозяин! – деп жыгач эшиктин артында туруп алып кыйкырып жатты аял. – Кет!.. Кет ары!.. – деп итке үнү менен тап берет.
Ит бу аялды дагы кетип калбасын дегенсип, жыгач эшиктин тешигинен чыкты да, паркты карай жөнөдү. Аял жыгач эшикти ачып эски тамга кирди. Шалпаң кулак өскөлөң чөптөрдүн арасына далдоолонуп, ичкери кирип кеткен аялды алыстан байкап турду. Баягы аял үйгө кирери менен эле бакырып атып чыкты. Көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй бакырды. Ит ичинен дагы жинденди. Бу аял кожоюнунун өлүү-тирүүсүн билдирбей атып чыкты. Ит ушинтип ойлоду.
Арадан көп өтпөй бу үйгө киши толуп кетти. «Тез жардам» машинеси, милиция, котологон эл, айрымдары улам-улам фотоаппараттын «вспышкасын» чарк-чарк жандырып, тартып да жатты... Шалпаң кулак ошо күнү кожоюнун каякка алып кеткенин билбей да калды. Кожоюну кайра кайрылып келбеди... Эски там ээн калды. Эч кимдин аягы бу үйгө түшпөдү...
Ошондон бери шалпаң кулак бу үйдө өзү жалгыз... Кайда жүрсө да... акыры ушу үйгө келет... Бир жолу ургаачы, жепирейген кодо машкени ушу эски тамга ээрчитип келген. Экөө ушерди башпаанек кылып, үйүр алып калалы дегенине көңүлү чаппады сары машкенин. А деле жарытарлык буерге кармала албагыдай. Бир күнү болбосо, бир күнү кетип калары турган кеп. Андан-мындан тентиген иттер келип, бу шалпаң кулактын сары машкесин талашып кыр көрсөтпөсө, а деле кетип да калмак экен.
Бу аймакты шимшилеген жолбун иттер башка ит аттууга түзүк күн көрсөтпөйт. Сары машке да анын четин көрүп калды. Аны калкалап калам деп бу шалпаң кулак эче курдай кызыл жаян түшүп мушташканы да бар. Бу сары машкенин ээси, колунда бар, ак сөөк адамдар турган «Ала-Арча» аттуу кичинекей шаарчада турар эле. Аердеги ит аттуунун баары өзгөчө «породадагы таза кандуу иттер». Бу сары машке да оңой ит тукуму эмес, шотландиялык таза кандуу иттерден. Кожоюну кызыл эт кезден Шотландиядан алып келген. Анын ээси да бу итке үзүлө түшүп, күн алыс ваннада жууп, түксүйгөн жүндөрү күнгө жылтырап, денесинен шампундун жыты кетчү эмес.
Сары машке ээси экөө шаардын капортосунда, эл котологон чоң аянтта жүргөндө а кишинин жүрөгү кармап, «тез жардамга» салып алып кеткен. Таламандын чак түшүндө сары машке көчөдө калды. Кайда барарын билбей, темселеп жалгыз калды... Эми таптакыр эле... жалгыз көчөдө каңгып калды. Мындай иттин артынан сая түшүп, кармап алабыз дегендер да чыкпаспы?.. Эч кимдин колуна түшүп бере элек сары машке... Эки күндөн бери жүрбөгөн жери калбады, мурда жашаган үйдү да таптакыр эстей албай койду... курсагы ач, кабыргасы кайышты. Бу ит көчөдөгү сасык таштандыларды жыттап да койбой ары окчунураак тегеренип өтөт. Алдынан анча-мынча ыргытылган сөөк чыкса да, ага эгерим көңүл чаппайт. Эси-дарты кожоюну. Ал азыр кайда?..
Ит кожоюнунун эмне болгонун билбейт. А киши бу машкенин көзүнүн кареги менен айланып, кучагынан түшүрчү эмес. Эми минтип көчөдө калды. Бирде абалап жолбун иттер изине түшсө, бирде көчөдөгү кымгуут машинелер пипилдетип тынчын алды. Кечээ машина алдында кала жаздады. Эки күн баягы шаарчаны, үйдү табалбай кыйналды. Көзү илинип кетсе эле, маңдайында кожоюну тургандай көрүнөт. Кайнаган, аркы-терки баскан адамдар арасынан ээсин издейт. Кимдир-бирөөлөрдү ага окшоштурат. Кыйлага дейре ээрчип барып өзүн да, жытын да окшоштура албай, кайра артка тартат.
Иттин турмушу жыргал деп жүргөн экен көрсө, мына эми ал чыныгы ит турмушту башынан өткөрө баштады... Анын үстүнө эки күндөн бери асман жыртылып, түнкүсүн жамгыр жаап, чагылган чартылдап, иттин да үшүн алды. Кооз, татынакай итке көчө толо шимшилеп, үйүр-үйүрү менен жүргөн балит көчө иттери да артынан түшүп, тынчтык бербеди. Бир сапар алардын арасынан кулагы кертилген дөбөт атырылып чыгып, сары машкени басып калган... Дөбөттүн калдайган денеси, тарамыш буттары сары машкени тырп этпей басып, куурчактай болгон бу итти эки бутунун алаасына кыпчуурдай кысып, аз жерден табасын кандырып алайын дегенде, бут алдында калган бу байкуш андан араң кутулуп чыккан. Сасык дөбөттүн жыты мурдун жарып, аз жерден тумчугуп да кала жаздаган. Ким билет?.. Кайдан жайдан келе калган шалпаң кулак, ошо дөбөттүн арткы санын жула тиштеп, кыргыйдай тийбегенде не болмок? Не болор эле?.. «Эмне мага тоскоол болуп жатасың?» – деп көзү күйгөн дөбөт ырылдап, кашка тишинен шилекей чачырап, артка караганда сары машке, бу сасык иттин кучагынан самындай жылжып качып чыккан. Сары машке менен шалпаң кулак дөбөткө жеткирбей бир кыйла качкан...
Ошо күнү шалпаң кулак сары машкени ушу эски тамга биринчи жолу ээрчитип келди.... Күн өткөн сайын сары машкенин баягы жыты кете баштады. Кыйла жүдөй түштү. Ал шалпаң кулак жеген тамакты карап да койбойт. Шалпаң кулак жашаган эски тамдын артында бийик дубал. А дубалдан ары шаардык эс алуу паркы. Буер да кароодон калып, ар кайсы таштандыга толуп кеткен. Парктын ортосунда чоң «Шайтан дөңгөлөк» бар. Ал да кыйчылдап араң айланат. Буерден адам үзүлбөйт. Айтмакчы, бу шалпаң кулак ээси экөө ушул «Шайтан дөңгөлөккө» олтуруп бир жолу шаарды үстүнөн көргөн. Ал эми бир укмуш күн эле! Шалпаң кулак шаарды так төбөдөн көрүп, тээ ылдыйда жердин битиндей көрүнгөн иттерди таба кылып, аларды шылдыңдаган тейде адатынча «борс-борс» үрүп алган. Непаадам эстесе, иттин эсине ушул окуя кыттай куюлат.
Түнкүсүн парктын чырактары жанып, түн бир оокумга дейре музыка басылбайт. Бий аянтындагы шапар тепкен адамдардын аягы түн жарым барып үзүлөт. Шалпаң кулактын ээси паркта кароолчу болуп иштей турган. Бир жолу ал капыстан, ар кандай аттракциондор бар бөлмөлөргө баш багып, ээсин издеп жүрүп, эшиги бир аз ачылып калган «Күзгүлөр» бөлмөсүнө кирип калат да, андан миңдеген өзү түспөл иттерди көрүп, аерден атып чыккан. Ал мынчалык иттерди, болгондо да өзүнө окшош иттерди көргөн эмес... Коркуп кетип октой атып чыккан... ...Бу күнү шалпаң кулак эски тамда сары машке менен баш тийиштире уктады. Сары машке мурдунун итиркейин келтирген шалпаң кулактын жытын жактырбай жүрүп, айла жок акыры ага да көнүп калды. Ал да аз-аздан имерилип, жакын тартып баратты. Шалпаң кулактын эки оюнан бир ою, бу машке аны таштап башка жакка кетип калбаса. Ал аны жанынан карыш чыгаргысы келбейт. Бу машкени өзүнө имерүүгө аракеттерди көрүп, көргөн-билген кызык жерлердин баарына ээрчитип барды.
Сары машкеге ал көрсөткөн жерлер жактыбы же жакпадыбы?.. Аны да билбейт. Сары машкенин оюнан жоготуп ийген ээси гана кетпей турат... Бу эки ит жыт алышып, барган сайын ымала тартып барат. Шалпаң кулакка ыктабаса, бу машкенин да күнү бүткөндөй. Бу жерди тинтиген иттердин үйүрү муну тек коёбу?.. Кечеги жарты кулак дөбөттүн эле бу машкеге көрсөткөн забыны канча болду, аз жерден машкени бут алдына кыпчып, сулуу канчыктын кызыгын алам деп шилекейи чууруп, көзү оттой жанып турду эле. Кариэт, бу шалпаң кулак ишке жарады. Дөбөттү качырып кирип, сары машкени анын олбурлуу кучагынан сууруп алган. Андай иттер сыртта канчалап жүрөт.
Кай жакка барба, сары машке коркунучтан башы арылбай турган абалда. Ошондонбу, же аны бу макулук сездиби, шалпаң кулактан карыш чыккысы келбейт. Бирок экөөнүн ортосунда ургаачы, эркектик сезимди айтууга али эрте. Сары машке дале шалпаң кулакка текебер мамиледе. Шалпаң кулактын деле бу итке жапайы сезимин билдирейин деген азырынча аракети жок. Эптеп бу итти жанынан кетирбесе. Айбандык жалгыздыкты бу шалпаң кулактын туйганы качан?.. Кожоюну о дүйнө кеткенден бери каңгыган үйдө коколой жалгыз. Бу үйдү ал таштап кете албады. Эски тамга сиңип калган кожоюнунун жытын сезип турбаса, ал өзүн бир дүйнөсү кемдей туя берет... Ага бу там өзгөчө. Түнкүсүн түшүнө кожоюну кирет. Ит муну ойлосо көзү жашылданып кеткен абалда калат...
Кызык, бүгүн гана анын түшүнө биринчи жолу жанында жаткан сары машке кириптир... Сары машке бу эски тамдагы жалгыз айбандык кубанычы... Анын буерден түк кеткиси жок... Бирок ушуга дейре эски тамды коруп келет. Андан-мындан тентип келген бомждорду да буерге жакын келтирбейт. Ачуусун жанып, бир кадам киргизбейт. Абылдап туруп алса үнү ачуу. Түрү суук. Кулактары далдайып, куйругу тик көтөрүлөт...
...Бир сапар шалпаң кулак топ үйүр иттердин талоонунда калды. Алар аны ортого алып кызыл-чеке кармашты. Шалпаң кулак деле бу дейди иттердей тексиз эмес, анын канында тайгандын аралашмасы бар эле. Ошонусу ойгондубу, бу тентиген иттердин табына дароо эле багынып бербей бир кыйла кармашкан. Бу кызыл жаян кармаш да ушу сары машкенин айынан чыкты. Бу бир үйүр иттин топ башы сары машкени ызылдата кууп отуруп, эски парктын дубалына жеткенде мыкчый жыгылды. Куурчактай болгон сары машке, кара дөбөттүн алдында калып, тыбыр эткенге дарманы келбей кыңшылап жатып калды. Буттары, тиши менен чөмөлөдөй басып калган кара дөбөт бу жолу айбандыгына салып, сары машкенин «даамын татып» көрмөк болгон. Айбандык мыйзам ушундай, кимде күч болсо, өктөм ошонуку. Татынакай сары машкени сасык денеси менен басып, көзүнөн чаары чыгып турганда, кайран шалпаң кулак кара дөбөттү качырып кирди.
Кара дөбөт шалпаң кулакты душман ордуна санабай, текебер тап берди эле, зымдай түйүлгөн шалпаң кулак так эле аны тумшук түптөн мыткый тиштеди. Иттер бири-бири менен ырылдашып, ким менен ким мушташып жатканы да бу чаң чыккан жерде билинбей жатып калды. Шалпаң кулакты ортого алып, туш-тарабынан иттер ырылдап кирди. Иттердин ортосунда калган шалпаң кулак, сыр алдырбай эки алдыңкы бутуна бекем туруп, азуу тишин көрсөтүп, кара күчкө тап берип, кармашсаң кармашам, тиштешсең тиштешем дегенчелик зымдай чыйралды. Бу шалпаң кулактын канында тайгандын күчү кайнап турат. Ушу тушта далдоо жерге кире качкан сары машке, эки көзүн албай ит урушту карап турду... Шалпаң кулакка жардам берейин дейт, колунан эмне келмек?.. Бу кан талашта шалпаң кулак соо чыкса эле болду. Ушул ой бу иттин мээсинде уюп турду. Шалпаң кулак чок ортодо, куйруктан келгенине жалт бурулуп, маңдайдан чыкканына тап берип, жалгыз кармашып жатты. Бу үйүр да онго чамалаш. Арасында ар кандай иттер. Бири-бирине окшобойт. Ар кошкон бу ит үйүрдү бириктирген бир эле нерсе, кара курсак. Шаардык таштандылар, жугунду ыргытылган эски сөөктөр... Канткен менен көпчүлүктүкү көпчүлүк. Иттер туш-тараптан качырып отуруп, шалпаң кулактын соо жерин койгон жок. Ал аягына дейре кармашып жатты. Кан жаян болбогон соо жери жок. Так ушул тушта кайдан-жайдан «чуу» этип, кулак жарган үн чыкты. Бу мылтыктын үнү эле. Ал ышкырып келип, шалпаң кулак менен кыл тилтеше кармашып жаткан иттин так эле мээ ортосуна тийди. Иттин мээси чачырап кетти.
Кайрадан үн чыкты. Куйругу кыска, дулдуйган ит окко учту. Ок туш-тараптан чыга баштады. Иттер ызы-чууга түштү. Кай жакка качарын билбей, баштары дендароо. Бир ит парк жакка качайын деди, аны ошо туштан чыккан адам чилдей ыргыта атты. Жүнү түксүйгөн овчарка ага каршы качайын дегенде, анын маңдайына ок жаңылды. Иттер биринен сала бири жерге учуп жатты... топ ит менен кырчылдаша тиштешкен шалпаң кулактын бу саам алы кетип, шайы сууй түшкөн. Ал да бу чагылгандай тез ылдамдыкта айлананы түп көтөргөн ызы-чууга түшүнбөй калды. Анын жанындагы иттер биринен сала бири «каңк» этип кулап жатты. Ок үнү кулагында тунуп чыкты. Шалпаң кулак эчтекени сезбей да, көрбөй да калды. Кай жакка качарын билбейт. Эки оюнун бир ою – сары машкеси аманбы? Ушул иттин мээсине түйүндөй түйүлдү... Иттер окко учуп жатты... бу туш-тараптан тороп, иттерди бирден кырып жаткан немелер ит атарлар экенин булар билген да жок. Аңкоо иттер кай жазыгы үчүн окко учуп жатканын деле билгени жок. Аны кимден сурайт? Ага ким жооп берет?..
Ышкырган мылтык үнүн укканда эле жер менен жер болуп жабышкан сары машке да бу куюндай чаң сапырган окуяга түшүнбөй калды. Ал буерден бир курдай алыс турган. Ага октун гана үнү угулат. Бу мылтыкчан адамдар ортодогу иттерди шакектей курчоого алып, бирин калбай ыргыта атып жатты... Шалпаң кулактын ушу саам оюна кожоюну менен сары машкеси келип туруп алды. Ал мындан башка эчтекени ойлогон да, сезген да жок. Денесине качан ок келип сайылат, ага да сезгенип койгон жок. Иттин ою он талаа. Мээсинде бу куюн ойноп туруп алды... так ушул тушта арткы бутуна ок тийди... Буту «чыз» дей эле түштү. Буту оттой ысып чыкты, кылчая караса кан шорголоп жатыптыр. Ал жерге кулады. Бутуна тумшугун бурганы жатканда экинчи ок келип, так эле ошоерине тийди.
– Ат!.. Ат!..
– Ат!.. Ат!..
– Ат!.. Ат!.. –деген үндөр туш-тараптан чачкын чыгат.
...Шалпаң кулак эки метрдей ыргып кетти. Бир саамга тырпырап барып, жаны үзүлө албай кыйналды... Ит көзүнө ушу саам көк асман урунду, ошо асмандан аны кожоюну, сары машкеси карап тургандай сезилди. Ит ит өлүм менен үн чыгарбай жан берди... Айбандын көргүлүгү ушу... Кулак тундурган ызы-чуу тып басылды. Дүйнө кайра эле өз ыргагына түшкөндөй. Эчтеке, эч нерсе болбогондой ээн тынчтык уюду...
Сары машкенин жүрөк суусу агып түшкөндөй болду... Ал бу адамдарга түшүнбөй турду... Түшүнбөгөнү не себептен аны кожоюну кучагынан түшүрбөй аздек кармап, эртели-кеч эрмектеп, сууга жууп, не бир керемет жерлерге ээрчитип барчу, эми мобу кожоюнуна окшогон бу адамдар көз ачып жумгуча бир үйүр итти кырып жиберди?! Жазыгы не бу иттердин?.. Ушу сурообу, ушу чындыкпы ага жоопсуз турду...
Ит атарлар өлгөн иттердин баарын машинеге алдыңкы шыйрактан сүйрөп, кузовго ыргытып жатты. Шалпаң кулакты да алдыңкы шыйрактан алып, бирөөсү сүйрөп жөнөдү. Сары машке ичинен кан кетип көзү жумулган, ээгинен бармактай тиши сыртка чыгып турган шалпаң кулакты карап турду... сары машкенин көзүнөн ысык жаш атып кетти... Ал чын эле кыйладан бери жан кыйышпас болуп, көнө түшкөн шалпаң кулагынан ушинтип ажырап калабы?.. Сары машкенин денеси ачуу сыздады...Шалпаң кулак да көп иттердей эле кузовго ыргытылды. Машина ордунан козголуп, ит атарлар да кетти...
Сары машке өскөлөң чөптүн арасында сыздап жатты... Бу иттин ичинде күйүп жаткан иттик арманын жанында көкөлөй учкан көпөлөк да, дарактан даракка учуп сайраган канаттуу да, ал гана эмес төбөсүндөгү көк чайыт асман да, балбылдап нур чачып турган. Күн да сезген жок...
* * *
Сары машке таптакыр жалгыз калды. Жанына караан болор шалпаң кулак да жок. Эки күндөн бери наар тата элек. Баягы эски тамда сыртка чыкпай бугуп жатты... Кантсин, тирүү жан эски тамдын ичинен өзөк жалгар бирдемкени издеп көрдү. Анын мурдуна чалдын керебетине жакын турган столдун үстүнөн жарымына дейре желген колбаса урунду. Сары машке керебетке чыгып, столдун үстүндөгү колбасага тумшугун созду. Ал колбасаны сугунуп-сугунуп ийди. Бу столдун үстүндө абышканын кырлуу стаканында ичилбей калган арак да турат. Андан итиркей келтирген жыт мурдуна урунду... Сары машкенин курсагы өзөк жалгады. Ал бу эски тамда отура бербей сыртка чыкты. Кулаган дубалдан өтүп паркка кирди. Күн алыс шаң-шөкөт басылбаган бу парк негедир тыптынч. Сары машке бу паркта башы оогон жакка карай басып, узун-туура жүрдү. Адамдар да, иттер да анын көзүнө урунбады. Сары машке парктын кап ортосундагы аттракциондорго келди. Буерде да кыбыр эткен жан жок. Ал эшиги бир аз ачылып калган аттракциондун «күзгүлөр» бөлмөсүнө баш бакты да, эки кадам алдыга басары менен артындагы эшик «тарс» жабылып калды. «Тарс» этип жабылган эшик менен кошо, бу бөлмөдө көз уялткан жарык жанды. Ит «күзгүлөр» бөлмөсүнөн өзүнө окшогон миңдеген сары машкелерди көрдү, көрдү да чочуп кетти. Мынча көп бу иттер. Ал артка бурулуп, бу бөлмөдөн чыгайын десе кирген эшиги билинбейт. Тегеректин баары иттер. Өзүнө окшош иттер... Сары машке иттерди карап, сүр көрсөтүп «ав» этип үрдү. Иттер да ага карай үрдү. Сары машкенин жүнү түксүйдү. Ал ушу саам эчтемкеден жалтанбаган шалпаң кулакты эстеди, өзү жалгыз канча ит менен кырды бычак болду. Мушташты. А балким, эми кезек сары машкеге келгендир. Анын денеси чыйралды. Ал дагы бир ирет иттерди карап үрдү. Алар да ага ушундай эле жооп берди. Бирок бу миңдеген иттердин бирөө да батынып сары машкенин жанына келе албады. Иттер сары машкедей бир үрөт да, тынчып калат. Ал ага түшүнбөдү. Сары машке удаа-удаа алдында, артында, өзүн бүт тараптан ороп алган иттерге карап үрүп жиберди...
Иттерге да жан кирип, ага ошондой эле ызырынган түр менен жооп берип жатты. Эми сары машке булардын чеңгелинен оңою менен чыкпастай сезди. Кайрадан атырылып, бу иттерди качырып кирейин дейт, алар да ага сес көрсөтүп, туш-туш жактан атырылып кирди. Абалактаган иттердин үндөрү бу бөлмөнү жарып ийди. Иттердин үнү жаңырып, миңдеген үндөр кулагын тундуруп чыкты. Сары машке бирөөсүн шыйрактан алайын десе, миңи анын шыйрагына асылат. Ал сүр көрсөтүп жакындап барат, булар да тим турбай ага жакындап келет. Сары машкенин денеси зыркырайт, кайсы иттин тиши келип шыйрагын ачуу тиштейт деп. Эми сары машке жаалданып ачуусун, каарын чыгарбаса булардын артка чегинер түрү жок. Булар ушунча көптүгүнө карабай, бирөө да бу итке жакындай албады. Даай албай турганы кызык болду. Кайрадан иттердин үнү жаңырды. Миңдеген үндөр миллионго айланды. Сары машкенин жүрөгү опкоолжуп, миллиондогон иттердин курчоосунда калды. Кулак жарган үндөр ансайын күчөй берди, күчөй берди. Иттер туш-тараптан ороп, туш-тараптан тооруй баштады.
Сары машке артка бурулса, булар да бурулат, секирсе секирет, тишин көрсөтсө тишин көрсөтөт. Сары машке бу иттер менен аман калуу үчүн кармашып жатты. Бу макулук ит, атырылып жаткан иттер өзүнүн күзгүдөгү чагылышы экенин кайдан туймак эле?.. Иттин иттиги ушунда бейм?! Ал дале миллиондогон иттердин курчоосунан чыгалбай, жүрөгү алда немедей опкоолжуп кетти. Сары машке буларга жеңилип бербесе, күн көрбөй каларын сезди. Дүйнөдө мынча көп иттин бар экенин азыр сезип турду. Баягы ит атарлар буерге келсе, бу жер жайнаган иттерди атып түгөтө алмак эмес. Ушу саам сары машкенин көкүрөк тушу сөгүлүп, жүрөгү ыдырай баштагандай туюлду. Ал мынча жер жайнаган иттердин сүрүнөн жүрөгү жарылып баратканын эми сезди... Көзү караңгылашып, буттары тыбырчыктап, жаны чыдабай кетти. Бөлмөнүн так ортосунда сары машкенин жүрөгү үзүлдү...
Көзү чыбырчыктап эчтеке көрбөй калган бу сары машке, бу иттер эмей эле өзүнүн чагылышы, өзүнүн күзгүдөгү турпаты экенин билбей, аларга атырылган. Миңдеген иттер да куду азыр өзүндөй акыбалда турганын сезбей калды... «Күзгү» бөлмөнүн ортосунда сары машке жүрөгү жарылып, көз жумду. Жер менен жер жатып калды. Анын тегерегинде да «миңдеген иттер» куду өзүндөй өлүп жатты...
«Күзгүлөр» бөлмөсүнө кирип келген аял ортодо өлүп жаткан татынакай сары машкени көрүп таң калды. Анын кайдан-жайдан буерге кирип алганына айраң абалда калды. Ал сары машкени кол кабы менен кармап, бөлмөдөн алып чыкты. Эң кызыгы, бу иттин жаткан жеринде кандын да изи жок. Ким бу итти буерге апкелип таштап койгон. Ушуга ал таң калды...
Аял өлгөн итти парктагы мусор ящикке ыргытты да, «күзгүлөр» бөлмөсүнө келген жоон топ адамды ичкери киргизди. Бу «күлкү» бөлмөсүнө кирген адамдын күлбөскө аргасы жок. Күлбөс кызды да күлдүрөт ко. Алар бу бөлмөгө баш багары менен эле өздөрүн өздөрү көрүп күлө баштады... ичи эзилгенче, боору эзилгенче каткырып, колдору менен өздөрүн сая көрсөтүп күлүп жатты... Өздөрүн өздөрү мазактап күлүп жатты...
Кайран сары машке өзүн курчоого алган иттер менен кармашам деп жүрөгү жарылып өлсө, өзүнүн күзгүдөгү чагылышын жеңе албай жан берсе, бу адамдар күзгүдөн көрүп турган кебетелерине каткырып, ооздору айрылгыча күлүп жатты... өздөрү-өздөрүнө күлүп жатты... Адам гана өзүнө өзү күлөт. Өзүн өзү жеңе албаган пенде гана өзүнүн адамдыгын шылдыңдап күлөт... Бу ит дүйнөдө күлкүдөн башка эчтеке жоктой. Алар боо түшүп күлүп жатышты.