Тынчтыкбек Алтымышев: Көз

  • 16.04.2021
  • 3212

АҢГЕМЕ

“Үйдөн кырк кадам узаган адам мусаапыр” - деп кыргыз бекер жерден айтпайт. Анын үстүнө субай-салтаң жүрсөң да бир жөн эле, колумда жетелеген үч жашар балам Айхан менен кыжылдаган көп кытайдын арасында, аягы асман челген бийик кабаттуу, жолдору баш айлантып, бери дегенде эле 5-6 кабат болгон Үрүмчүдө жүрүш – тирүүнүн тозогундай сезилди. Бир башкача кайнаган турмуш, демди кыскан аба, кулакка жат тил, көзгө чоочун эл.

“Бу кытайың кишинин жырткычы, кытай кылымды басаар калк, эртеби-кечпи булар жер шарын басып алуудан кайра тартпайт. Кыбырап жүргөн курт-кумурскадан тарта кишиге чейин жей турган ушулар” деген кептер кенедейибизден эле кулагыбызга сиңип калгангабы, балам колуман чыгып кетсе эле бирөө жетелеп каччудай саксынып, алды-артымды тик багып кароодон айбыгып, дене-боюм тарамыштай тырышкан күндөр башыман өтүп жаткан кез. 

“Конок биринчи күнү – кут, экинчи күнү – кут, үчүнчү күнү – жут” дейт эмеспи. Ошол сыңар Үрүмчүгө ой-боюбузга койбой чакырып, уулубуздун дартына шыпаа болчу доктуркана бар экенин кайра-кайра айтып, “Үрүмчүнүн так өзүн байырлап турабыз, үй-жай кенен. Эч камтама болбой, убайым жебей, уулуңарды тез алып келгиле. Биз бир үйдүн бир капшытын, силерче айтканда бир кабатын ээлеп турабыз. Үйдө кызым менен жеңеңерден башка киши кара жок. Азыр кытай медицинасы укмуштай өнүгүп, адамдардын он эки мүчөсүн алмаштырып койгон ахыбалга жетпедиби. Бир гана кишинин башын башка кишинин башына алмаштыра электиги болбосо, булар заман кууп, илгерки тамырчылык-табыпчылыгын азыркы техникага туташтырып алышкан. Жаман уулуңардын дартын опоңой эле ордуна келтирип койоруна ишенип турам”,- деп эчен ирет телефон чалып, интернеттен жазып туруп алган Мамбет тууганыбыз.

Ал бизге түбү бир тууган болот. Жолдошумдун айтымына, алардын Кытайда алтымыш түтүндөн ашык бир уруудан тараган жакын туугандары бар экен. Качан, кантип барып калганын өзү деле билчү эмес. Тек, тээ Үркүн учурундабы, андан мурунбу, тагдырдын тайгүлүк ташы айлантып отуруп, аларды ошол Кытайдын Акчий ооданына алпарып салган имиш. Бирок катташ үзүлбөй, айрыкча эгемен жылдарда карым-катнаш түзүлүптүр.

Баса, Союз учурунда Кытай менен СССР ортосунда абал курчуп, эки үлкөн мамлекет бир канча жыл тирешип, муздак мамиле кыйла жыл катташпай, аскер күчүн күчтөп, кол салышчудай болуп турганын тарыхта окуп калбадыкпы. Ошол оор мезгилдердин биринде кытайдын кысмагынан качкан жолдошумдун туугандарынын бири күнү жатып, түнү качып отуруп Көлдүн сырт жайлоосу тараптан Кыргызстандын чегарасына өтө качпайбы. Бирок ал кезде кыбыр эткен жанды кылтакка илген КГБ чекисттери качып келген кыргызды тутуп, камакка салып сурак жүргүзөт. Ал азгын байкуш “Нарында Жумакун, Жапар, Норузбай деген туугандарыбыз бар эле, ошолорго тууганчылап келатам. Аларга Кытайдан тууганыңар паланча деген келди десеңер эле мага жетип келет эле...” - деп көзүн жашылдантып, болгон сырын төгөт. КГБ кишилери жолдошумдун туугандарын бирден чакырып, “Кытайда туугандарыңар бар экени чынбы?” - деп собол койо берет. “Ооба” деш ал заманда кайдан?! Ал кезде “кытай” дегенди укканда далайдын жүрөгү жарылчудай “болк” эткен маал да. “Эч кандай тууганыбыз жок, болсо ата-энебизден угат элек, алар деле айткан эмес. Паланча деген атты дегеле уккан эмеспиз. Ал бизди атаса анда жалганчы неме го”, - деп бир ооздон жооп айтып, КГБ конторасынан чыкканча шашып, өң-алеттен кетишет экен. Бул жоопту укканда КГБ чекисттери баягы кытайлык тууганды көз жашын көлдөтүп, жалынып-жалбарганына карабай кытай сакчыларынын колдоруна салып беришиптир. Кийин кайын аталарым барса, туугандары ошол байкушту кытайлыктар катаал өкүмгө буйруп, ит көрбөгөн азапты көргөзүп, өмүр бою кыйноо камагына алып, көзүн тазалашканын айтат дейт. Мына, “жыргал болчу” деген социализмдин аркы бети!

Ошентип, Үрүмчүдө жарым айдай туруп калдык. Күн сайын уулумду жетелеп эки автобус которуп доктурканага барам, кытай профессору балдырап, көп эле нерселерди айтат, жаңдайт, мен жаңдашып түшүнгөндөй болом. Дагы жакшы, Мамбет аба же анын аялы күн алыс биз менен барып, доктурдун айткан-дегенин түшүндүрүп берет. Алар бар күнү балам экөөбүз да жыргап көңүлдүү кайтабыз.

Ошондой күндөрдүн биринде балам экөөбүздү сүйүндүргөн да, күйүндүргөн бир окуя болуп кетти. Доктурканадан келсек, Мамбет абанын үйүнө Ак-Чийден дагы бир тууганыбыз Амантур ага менен Арзыгүл жеңе Айкундуз деген балама жашташ кызын алып келип калышыптыр. Кадимки карапайым, айылдан келген бизге окшош, оозун ачса жүрөгү көрүнгөн ак пейил, байоо, момун кишилер. Адеп таанышканда эле бизде чоң ата-энелерибиздин абалын сурап, уулубузду эркелетип, кайра-кайра жыттап, мурда-кийин көрүшүп жүргөндөй эле сиңишип кеттик. Түн бир окуумга чейин бажылдашып, болгон билгендерибизди кобурап уктабай жатабыз. Алардын ар бир сөзүнөн Кыргызстанга болгон кусалыкты, эңсөөнү, сагынычты сезип турдум. Ара-чолодо өз турмуштарынан да кобурап, кыргыздардын жашоо-тирлигинен кабар берип, туугандар тууралуу кызыктуу кептен салып беришти. Тилекке каршы, боору бүтүн жан болбойт тура. Алар деле Үрүмчүгө эриккендеринен эрмектешкени келишпептир... 

Жылы, жада калса айы-күнү да баламдыкына жакын Айкундуз тубаса майып болуп, акыл-эси, кыймылы кечигип, чырактай болгон чүрпөнү Акчийде алпарбаган доктуркана, көрсөтпөгөн эмчи-домчу калбай, шал оору шайды алганда арга издеп Үрүмчүгө жүрө беришкен экен. Бир караган көзгө мөлтүрөп сүйкүмдүү, карагаттай каректери бал-бал жанган Айкундузду колума кармап отуруп, менин көзүмө да жаш келди. Кудайым бул чүрпөнү жарыкка алып келерде, кай себептен улам ден-соолукту аяп койгонуна түк башым жетпейт. Эмчек сүтү денесинен буруксуган Айкундузга Кудайдан шыпаа тилеп, ошол түнү таң атканча жараткандан суранып чыктым. Өзүмдүн баламдын оорусу бир саам унутта калгандай...

Мамбет абанын үйүндө жарым айдан ашык жашадык. Баягыдай эле, таң сүрө мен баламды, Арзыгүл жеңе кызын көтөрүп, доктурканага жөнөйбүз. Амантур аба алдыбызда, бир туруп менин баламды, бир туруп кызын алмак-салмак көтөрө калат. Автобуска жеткенде алар башка тарапка, биз башка жолго түшмөй. Кечке маал үйдө чогулуп, тамак-аш даярдап, ынтымактуу турукташып калдык. Алар кантсе да айылдык да, анын үстүнө кытай тилин, уйгур тилин жакшы билишет, базардан мурда биз таппаган жумшак ысык нандарды, кээде уй этин алып келе калышат. Кардыбыз ток, көңүлүбүз ачык.

Ушундай жагымдуу күндөрдүн биринде бир окуя болуп кетти. Эстен кеткис! Бир өмүр унута турган эмесмин... Кечке маал Арзыгүл жеңем менен Амантур аба бизди ээрчитип, Үрүмчүнүн кайсы бир көчөсүндөгү мусулмандар чайханасына мейманга алып келишкен. Жаңы үзүлгөн жер-жемиш, мөмө-чөмө, ысык самсы дасторконго коюлуп, балам экөөбүз Кыргызстандын бир четинде отургандай эле кубанып, чечекейибиз чеч. Сөз арасында күтпөгөн жерден эле Арзыгүл жеңем бышактап, көзүнө жаш ала мага кайрылып калды.

- Айланайын абысыным, келиним. Эми абаң экөөбүздүн сөзүбүздү аягына чейин угуп, биздин сурачыбызды орундата көр. Эки-үч күндөн бери сен-айт, мен айт болуп, батына албай айлабыз алты кетти. Аярлай туралы десек... Олдо арман ай... Убактыбыз тарып баратат... Биздин акыркы үмүт эле сенде калды...

Жеңем сөзүнүн аягына чыкпай бышактап, жоолугунун учу менен оозун басып, солкулдап ыйлап киргенде алапайымды таппай калдым. Ордуман туруп аны боорума кучактап, “Жеңе, эмне болуп кетти, айтыңызчы, мен баарына макулмун, колуман эле келсе аткарайын, жеңе, ыйлабасаңыз, кармансаңыз!”- деп өзүмдүн да көзүмөн жаш сыгылып, соороткон болдум. Ушул арада Айкундузду алдына алып отурган Амантур аба да жаагынан куюлган жашты тамчылатып, жеңем аягына чыкпаган сөздү улантты.

- Садагаң болоюн келин бала, ырас тагдыр бизди жолугууга бекер буюрбаган экен. Эми айтпасак болбойт. Мына сен, мусапырдай болуп, кыргыздын бир кичинекей тукумун жетелеп алып кыжылдаган кытайдын арасында дартка дабаа издеп, тызылдап чуркап жүрөсүң. Ата-эне үчүн бала деген боор эттен да жакын турбайбы! Баланын азабын тарткандан башка бу дүйнөдө тозок болбосун, жеңең экөбүз да шордуу Айкундузубуз көз жарган күндөн жон терибиз менен сезип, жүрөгүбүздөн өткөрүп бүттүк. Кылаар айла, басаар жол, баштанаар багытыбыз калбай калды...

Ушул жерден Амантур абанын сөзү үзүлүп, сөз ордуна ташты жарган терең үшкүрүк чыкты. Жаагы карышкандай титиреп, көзүнөн мөндүрдөй мөлтүлдөгөн жаш колундагы кызынын бетине тамчылап, койнуна кирип баратты. Мен боорумдагы жеңемдин эчкириги күчөп, жоолугу менен оозун бекем басып алып, солкулдагыдай болсо, мен да токтото алсамчы.  “Байкуштар, Айкундузга жолдош кылып, сен уулуңду бизге таштап кет. Сөөк жаңыртып, асырап алалы, сен жашсың, дагы төрөп аласың, түбү бирге түтпөйт эмеспи, туугандык кылып таштап кет дегени жатышат ко? Кантип, баламы таштап кетем, күйөөм, кайын-журтум, өзүмдүн туугандарым эмне дейт?! Кой, бере албайм дейин”, - деген ой мээмде зыпылдай калды. Айткандай эле, кайнагам так менин оюмду окугандай сөз баштаса болобу?!

- Карагым, келин бала. Ата-бабадан “сөөк кайрылат, душман айрылат” деген сөз калган да. Анын сыңарындай, тагдыр буйруп, табышып турган чакта, бири-бирибизге кайрымыбыз болбосо эмнебиз тууган?! Сен эстүү жан экенсиң, биздин суранычыбызды жерге таштап, супсунубузду суута көрбө, айланайын. Кудай бизди жалгабаса да, силерди жалгап калгысы бардыр... Кантип эле баарыбызга катаал сыноо жиберсин?! Мына, уулуңдун аты да, заты да биздин тукумдан экен, бизге тез эле үйүр алып, өз балабыздай болуп калды. Жеңең экөөбүзгө Айкундуз бир да, Айхан бир тең болуп турат. Кудай тилегибизге жеткирсе, Айкундуздан көрбөгөн бакытты Айхандан көрүп калсак дедик...

“Ооба, баардыгы так мен ойлогондой. Булар чындап эле менин тогуз ай толгоо тартып көтөрүп, ажал менен арбашып жатып төрөгөн, азап менен торолтуп алган тун уулумду сураган жатышат. Тагдырдын татаал сыноосуна кабылып тургандары чын, көргөн адамдын көкүрөгүн сыйрый турган абалда турушканы да чын. Бирок, бирок, мен  баламды миң суранса да бере албайм да...” Башым чыңалып, жүрөгүм кабынан сыртка чыкчудай түрсүлдөйт. Боорума кыскан Арзыгүл жеңем гана жүрөктү кысып, чыгарбай жаткандай. Оюмда чечимди кабыл алып, Амантур аба менен жеңемди канчалык аясам дагы, каршы жооп айтканга камданып калгам...

- Атаганат, Жараткан бизге жакшы эле сыноолорду жазган экен. Көтөрбөскө чара жок... Эс-акыл кирип,  эрезеге жеткени бул жактагы ар бир кыргыздын эңсегени Улуу Кыргыз  жери, Ала-Тоо, Ысык-Көл... Биз армандуу элбиз...  Кыргыз жерине, ата-бабабыздан калган Ыйык Мекенге бир бут малып, топурагына тооп кылып, мөлтүр булагынан бир жутуп, Көлүнө жүзүн чайып, анан оо дүйнөгө узасак, арман болбос эле чиркин... Ар бир кытайлык кыргыздын өмүр бою көөдөнүндө жашап, бирок, ишке ашпай, сөөгү менен кошо көмүлгөн тилеги, үмүтү, арманы ушул болот... Мына эми, биз дагы ал тилегибизге жетпечүдөй болуп турабыз. Айкундуз кызыбыз төрөлгөндө да жок дегенде ушул кызыбыз Кыргызстанга жетсе экен, кыргыз жерин көрсө экен, арзуусун, бакытын, келечегин ошол жактан тапса экен дедик эле... Арман күн...

Кайрадан оор үшкүрүк. Арман аралашкан, жаш аралашкан үшкүрүк...

Жаңы эле бала, асылган оорудан айыкпай жаткан Айкундуз тууралуу кеп баштаган Амантур абанын акыркы сөзүнүн нугу ушинтип ааламдашып кеткени менин баягы ойлорумду алыска ыргытып таштады. Балама болгон кызганыч кайда кеткени билинбей, менин көзүмө миңдеп комуз чертип, тобу менен Манасты айткан кытайлык кыргыздар элестеп кетти. Көрсө, алар тасмада шаң-тамаша салып, телегейи тегиздей көрүнгөнү менен ичтери толо муң-кайгы тура... “Кыргызстанда төрөлүп, кыргыз жерин тебелеп жүрүп, бир ирээт анын баркына жетпеген эле бизбиз...” - деген мекенчилдик сезим мээмди бийлеп баштады

- Эми келин бала жакшылап угуп, бизди туура түшүнө көр. Жеңең экөбүзгө болсо доктурлар Айкундузудун аз күндүк өмүрү калганын, эч бир ылаажы жоктугун айтышты... Кудайдын кудурети менен дарт аныктамада кыздын көз органдарында жанагы илээшкек дарттын белгилери жок экен. Анан жеңең айтып, мен ынап отурам... Эгер көз оорудан сабылып турган Айханга ылаажысы тийгидей болсо... Доктурканалар менен кеңешип... Сурасак мүмкүнчүлүк бардыгын айтышты... Айкундуздун бир көзүн Айханга операция кылып салып берели дедик!

Ойлорум быт-чыт. Амантур абанын андан аркы сөздөрү угулбай, кулагым тунуп... Баятан сооротуп отурган Арзыгүл жеңемден ашып, бир бакырып алган жаным, не токтоно албай, не сөз айтууга жарабай ыйлап кирдим. Үчөөбүз, бизге кошулуп Айхан да чочуп мени этектеп ыйлап кирди. Бир гана Айкундуз ыйлабай, төртөөбүздү жал-жал тиктеп, музоонукундай узун кирпиктерин ылдам-ылдап ирмегилей, жүрөгүздү эзип, жүлүнүбүздү сыдырып турду.

- Карааныңан кагылайым Кыргыз жерим!  Кудайым бизге сенин койнуңда төрөлүүнү буюрбаптыр. Сени айтып жүрүп, сени эңсеп жүрүп, сага жетпей ата-энем өттү эле... Сага жетип, карагай чериңдин арасында көмүлбөй өлсөк да арманыбыз жок эле, биздин... Бирок, биз да ата-энебизди куйкалаган Ыйык журттун кусасын тартып, көөдөнүбүз зилдеген боюнча көр жазданат окшойбуз... Эми, жок дегенде биздин бир карек, бир көзүбүз сени көрүп, сенде жашап, сенин ажайып кооздугуңа тойбой жүрүп өткөй эле...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз