Боз Торгой (Гүлзира Аматжанова): Көзүмө асман толбой, деңиз толот...

  • 27.04.2021
  • 3839

*     *     *

... Жан ооруткан сөздөр менен бүтүрүп,
Неге тактап билгим келди чындыкты?
Таарынычтан турсам дагы бүгүлүп,
Калсам болмок өчтүү, кектүү тымызын...

Калсам болмок, каарыма алып кекенип,
Өчөшкөндөй - жашап жашоо бактылуу,
Жеңбей дагы, бербей дагы жеңилип,
Жоо аяган жандай калдым жаралуу...

...Бизден кийин калат анан бир боштук,
(Моюнуңа алгың келбейт сен аны...)
Эрким чектеп, эркиндигиң коргогон -
Жоготкондо мендей күчтүү "душманды".

Бизден кийин сүрөт анан өкүмүн,
Катаал чындык кооздой албай жашоону,
Сөздөргө не? Кетсе кетет түңүлүп,
Чыккынчылык кылса кылат, ойлоруң!

Төгүп өзүн бошоп алган бир дүйнө,
Аңгыраган ай талаадай күздөгү,
Бүтүнүңдүн бир бөлүгүн көтөрүп,
Кеткен болсо, кечирерсиң күнөөсүн?

Кимге оңой? Кимге аалам тептегиз?
Кимдер кантип баш тарта алды сүйүүдөн?
...Жан дүйнөмдү чачпаш үчүн мен эми,
Жан дүйнөмдү ачпашты да үйрөнөм...

*     *     *

...Көңүлүм күнгө умтулуп жаркыды эле,
Бийикке серпилгенде сүйсөң болмок.
Сөзүңдү бак тактысы кылдым неге?
...Көзүмө асман толбой, деңиз толот...

Дилимдин же дүйнөмдүн күзгүсү эле,
Айыпсыз күлгөнүмдө сүйсөң болмок.
Шурудай кыялымды тиздим неге?
Үзүлүп кетишсе алар - чачылган ой.

Аязда кештеленген терезелер -
Жылуулук менен сууктун сүйүүсүдүр?
Сен менин муздактыгым жеңдиң бекен,
Сөзүңдүн салкынынан үшүш үчүн?

Качандыр үргүлөгөн оор бир күндө,
Агы да, карасы да кара бойдон -
Көрүнбөш үчүн мага ушул дүйнө,
Сен мени өзгөртпөстөн сүйсөң болмок...

*     *     *

Жашыл, кызыл жарыктарга тескелген,
Баягы шаар, сен билбеген көчөлөр...
Кечиксе жаз, адашса кыш - көнүмүш,
Шаңдуу, шаттуу бизсиз өткөн кечелер...

Ушул шаардан түмөн-түмөн эл баткан,
Кээде-кээде жоготкондо ордумду
Чатырынан бийик-бийик үйлөрдүн
Учкум келсе - коё бербе колумду?..

Коё бербе, кармаба да...
Керексиң - жолдо чукул, кадамдарда - бурулуш,
Капастагы канат мага керексиз,
Сага керек - коштоп учкан эркин куш...

*     *     *

Жамгыр, жамгыр, дагы жамгыр - анан жаз,
Тамчы, тамчы, дагы тамчы (же көз жаш?...)
Дүйнөмдү ээлеп тилсиз, үнсүз жалгыздык,
Жакындарга өзмүн өзүм... Дүйнөм - жат...

Шам болдумбу, жарык берген - түгөнгөн,
От болдумбу, өрттөгөн же өрттөлгөн,
Кыйылдымбы кышта, мүмкүн күзүндө,
Тамырымбы - жазда кайра көктөгөн?...

Көлөкөмдө корголгондор аптапта,
Күндүн буга кереги жок дешиптир,
Түшүндүрбөйм, айтпайм мен да дүйнөмдү!
...Унчукпоомду - макулдук деп чечишсин...

*     *     *

...Демейде түтүн каптап турчу шаардын,
Асманы көкмөк тартып бүгүн бийик,
Эрке жел ойногусу келет жаздын,
Учуруп чачтарымды, кийимимди.

Көңүлүм ачык болуш үчүн бүгүн,
Көпөлөк кууган кыздын көңүлүндөй,
себеби болушуңду неге күттүм,
Бир сырдуу, катаал, эрктүү мүнөзүңөн?

Жылуулук неге күттүм бул күндөрдө,
Кышында жаз сагынып күткөнүмдөй?
"Эч кимге көнбөгөндү үйрөнгүлө..." -
деше албайт, сүйүп-күйүп көрбөгөндөр.

Таарыныч айтуу үчүн жеткиликтүү,
Ашыксыз, кемсиз сөздөр кандай болот?
Куурчактай болушумду күттүңбү же,
Ордуна койгон жерден козголбогон?

Мага эч ким тыюу сала алган эмес,
Кимди ойлоп, кимге тилейм жакшы күндү.
Сен неге мен үчүн да чечтиң экен,
Бар туруп, жоктой болуп жүрүшүмдү?

*     *     *

...Тизмелеп көрдүм нени үйрөнгөнүм -
катаалдык, боорукердик? Жаңыласыз.
Муздаган, күйгөн кези көңүлүмдүн -
Сыртымдан өзгөртпөшүн калыбымды.

Эрктүүбү же эркинби болгум келип,
Эч кимге байланбаган мүнөз күтсөм,
Өзүмдү жеңе алган ар бир жеңиш -
Күн сайын күчүмдү үрөп үйрөнгөнүм.

Үн-сөзсүз туюмума сиңире алган,
Баш ийип бир өзгөчө касиетке,
Көңүлүм туура көрсө четке какпай,
Үйрөндүм жалтанбастан беттегенге.

Турганда бороон ээлеп жан дүйнөмдү,
Эпкинин эч бир жанга тийгизбешти,
Сынбашты, чегинбешти дагы үйрөндүм,
Чарчаган күндө өзүмө жеңилбешти!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз